Редакцияот 17.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезекcиз XXXIII сессиясы

2024-жылдын 17-апрели №200/33-5

Бишкек шаарынын мэри Джунушалиев Айбек Джанышбековичке жана Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Амангельдиев Данияр Джолдошевичке “Токмок шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө

Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 11-апрелиндеги №1-22/1136 кайрылуусун карап, “Токмок шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгарууга сунуштамаларды кароо боюнча комиссиясынын чечимин талкуулап чыгып жана “Токмок шаарынын Ардактуу жараны” Жобосунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.“Токмок шаарынын Ардактуу жараны” наамы ыйгарылсын:

 -Бишкек шаарынын мэри Джунушалиев Айбек Джанышбековичке;

 -Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Амангельдиев Данияр Джолдошевичке.

2.Токмок шаарынын мэри (Нусувалиев М.О.):

-Токмок шаарынын Ардактуу жарандарына күбөлүк, төш белги жана бир жолу берилүүчү 10 000 (он миң) сом өлчөмүндө акчалай сыйлык даярдалсын;

-Токмок шаарынын Ардактуу жаранынын ысымы Токмок шаарынын Даңк китебине киргизилсин, “Токмок шаарынын Ардактуу жарандары” шаардык тактасына сүрөтү жайгаштырылсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.М. Сансызбаев