Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезекcиз XXXIII сессиясы
2024-жылдын 17-апрели №201/33-5
Токмок шаардык кеңешинин 2024-жылдын 30-январындагы №176/31-5 “Токмок шаарынын 2024-жылга бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 12-апрелиндеги №1-22/1152 жана 15-апрелиндеги №1-22/1180 кайрылууларын карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаардык кеңешинин 2024-жылдын 30-январындагы №176/31-5 “Токмок шаарынын 2024-жылга бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга макулдук берилсин:
1)Токмок шаарынын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бөлүмү боюнча чыгаша бөлүгүнүн “Эмгек акы” 2111 беренесинен – 5460,9 миң сом, “Социалдык фондко төгүмдөр” 2121 беренесинен 739,5 миӊ сом жана “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу” 2222 беренесинен 20,0 миӊ сом азайтууга;
2)”Бурана” (Чүй-Токмок) муниципалдык футбол клубу боюнча бардыгы 1000,0 миң сомго көбөйсүн жана бөлүнүп берилсин, анын ичинен:
-“Эмгек акы” 2111 беренесине – 198,3 миң сом суммасында;
-“Социалдык фондко төгүмдөр” 2121 беренесине – 34,2 миң сом суммасында;
-“Иш сапар чыгымдар” 2211 беренесине - 50,0 миң сом суммасында;
-“Дагы бащка кызмат көрсөтүүнү алуу” 2215 беренесине – 397,5 миң сом суммасында;
-“Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу” 2222 беренесине - 150,0 миң сом суммасында;
-“Коммуналдык чыгымдар” 2231 беренесине - 20,0 миң сом суммасында;
-“Машиналар жана жабдуулар” 3112 беренесине - 150,0 миң сом суммасында.
3)Токмок шаарынын мэриясынын “Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу” 2215 беренеси боюнча 100,0 миң сом суммасында көбөйтүлсүн.
4)Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын чыгаша бөлүгүнүн “Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу” 2215 беренеси боюнча 1500,0 миң сом суммасында, “Мүлктү учурдагы оӊдоого кеткен чыгымдар” 2221 беренеси боюнча 2699,8 миӊ сом суммасында жана “Күзөт кызмат көрсөтүүнү сатып алуу” 2225 беренеси боюнча 520,0 миӊ сом суммасында көбөйтүлсүн.
5)“Менин шаарым Токмок-Мой город Токмок” гезитинин редакциясынын чыгаша бөлүгүнүн “Эмгек акы” 2111 беренеси боюнча 341,7 миң сом суммасында, “Социалдык фондко төгүмдөр” 2121 беренеси боюнча 58,9 миң сом суммасында көбөйтүлсүн.
2.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгынын башчысы (Эсеналиев М.Т.) тиешелүү өзгөртүүлөрдү ушул токтомдун пунктарына ылайык жүргүзсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |