ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезекcиз XXXIII сессиясы
2024-жылдын 17-апрели №202/33-5
Токмок шаардык кеңешинин аппаратынын жаңы штаттык санын бекитүү жана катчы-иш кагаз жүргүзүүчү бир штаттык бирдигин жана айдоочунун бир штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө
2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режиминде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кабинет Министрлигинин токтомун аткарууда, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаардык кеңешинин аппаратынын жаңы штаттык саны тиркемеге ылайык бекитилсин жана катчы-иш кагаз жүргүзүүчү бир штаттык бирдиги жана айдоочунун бир штаттык бирдиги киргизилсин.
2.Токмок шаардык кеңешинин 2008-жылдын 10-сентябрындагы № 47/10-2 “Токмок шаардык кеңешинин штаттык расписаниесине котормочуну, юристти жана коомчулук менен байланыш боюнча адисти киргизүү жөнүндө” жана 2008-жылдын 13-мартындагы №21/5-2 “Токмок шаардык кеңешинин аппаратынын штаттык саны жөнүндө” токтомдору өз күчтөрүн жоготту деп эсептелсин.
3.Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтында жарыялансын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин жооптуу катчы М.А. Табалдиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |
Токмок шаардык кеңешинин 2024-жылдын 17-апрелиндеги №202/33-5 токтомуна тиркеме |
Токмок шаардык кеңешинин штаттык саны
№
| Кызмат орундарынын аталышы | Штаттык бирдик саны |
1 | Төрага | 1 |
2 | Жоопту катчы | 1 |
| Бардыгы: | 2 |
| ТТП жана КТП |
|
3 | Архивариус | 1 |
4 | Катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчү | 1 |
5 | Айдоочу | 1 |
| Жалпы: | 5 |
Жоопту катчы | М.А. Табалдиев |