Редакцияот 06.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИВАНОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 6-марты № 57/XV-28

Курулуш кумун иштетүү үчүн жер участогун ижарага берүү жөнүндө

          “Тушум-Булагы” ЖЧКнын жер тилкесин убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө арызын карап, КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы №1836-V токтомунун негизинде, “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү тартиби жөнүндө " жобосунун 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25 беренесинин 1 пунктуна жана 7 беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын " Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө"," Мыйзамына ылайык, КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан  26.10.2010ж. № 2820 ТЕ жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиясын жана айылдык кеңештин чеимин эске алып.

 

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

1.Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан колдонууга 26.10.2010ж. берилген № 2820 ТЕ лицензиясы менен  бекитилген координаттарына ылайык, курулуш кумун жүргүзүү үчүн жалпы аянты 4,3 га жер участогун убактылуу пайдаланууга берилсин.

2.Ысык- Ата райондук кыймылсыз мүлкүн убактылуу пайдалануу укугун Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте каттатуу жагы суралсын.

3.”Тушум-Булагы” ЖЧКсы айыл өкмөтү менен жер участогуна ижара келишимин түзүүгө милдеттендирилсин.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Э. Д. Усупов