Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-апрели № 169
Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 102 токтомунун редакциясына ылайык)
Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пункттун 9-пунктчасында ", ошондой эле тамеки буюмдарын жүгүртүү" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо:
- 2-пункттун экинчи абзацында ", ошондой эле тамеки буюмдарын жүгүртүүнү", 3-пунктта ", ошондой эле тамеки буюмдарын жүгүртүүгө" деген сөздөр алып салынсын;
- 6-пунктта:
төртүнчү абзацта "Киев көчөсү, 96 Б" деген сөздөр "Токтогул көчөсү, 228" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Агенттиктин туусу жана символикасы бар, алардын сыпаттамасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
- 9-пунктта ", ошондой эле тамеки буюмдарын жүгүртүү" деген сөздөр алып салынсын;
- 11-пунктта:
1-пунктчада:
экинчи абзацта ", тамеки буюмдарын" деген сөздөр алып салынсын;
үчүнчү абзацта ", ошондой тамеки буюмдарын" деген сөздөр алып салынсын;
3-пунктчада:
экинчи абзацта "тамеки буюмдарын жүгүртүүгө," деген сөздөр алып салынсын;
алтынчы абзацта ", ошондой эле тамеки буюмдарын" деген сөздөр алып салынсын;
тогузунчу абзацта ", ошондой эле тамеки буюмдарын" деген сөздөр алып салынсын;
- 12-пунктта:
1-пунктчада ", ошондой эле тамеки буюмдарын жүгүртүү" деген сөздөр алып салынсын;
10-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) этил спиртин, алкоголдук продукцияны мыйзамсыз өндүрүүгө жана жүгүртүүгө бөгөт коюу боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзүү, ошондой эле каалагандай түрдөгү транспорт каражатын кароону, башкача айтканда транспорт каражатын анын конструкциялык бүтүндүгүн бузбастан жүргүзүлүүчү текшерүүнү жүзөгө ашыруу контрабандалык же болбосо мыйзамсыз жүгүртүүдөгү алкоголдук, спирт камтыган продукцияны аныктоо максатында жүзөгө ашырылат;";
- 13-пунктта ", ошондой эле тамеки буюмдарын" деген сөздөр алып салынсын;
- 19-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 102 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-апрели № 169
Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган
продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө
мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу
мамлекеттик органдын ишин жөнгө салуучу
Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 102, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пункттун 9-пунктчасында ", ошондой эле тамеки буюмдарын жүгүртүү" деген сөздөр алып салынсын.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)