Загрузка документа…
КӨК-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 17-февралындагы № 24
Кок-Ой айылынын аймактык кенешинин № 9 чакырылышынын депутаттарынын № 24 кенешмесинин токтому
Көк-Ой айылаймактык Кеңешинин депутаттарынын 9-чакырылышынын 24- сессиясы:
Көк-Ой айылдын тургуну Молдашев Дуйсенбектин арызын негизинде жана Президентин 29.01.2021-жылы чыккан №3 жарлыгынын негизинде менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө, Көк-Ой айылынын түндүк тарабындагы эски “Талас” совхозунун авто унааларды жуучу жайынын №862, №866 чөйрө сызыгындагы жайгашкан 0,20 га жер тилкесин, кичи май чыгаруучу завод куруу жөнундө.
Токтом кылат:
1. КР Президентинин жарлыгы №3 29.01.2021-жылдын менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө, Көк-Ой айылдык кенешинин жер жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясынын алдын ала каралган корутундусунун негизинде, Кок-Ой айылынын түндүк тарабындагы эски “Талас” совхозунун авто унааларды жуучу жайынын №862, №866 чөйрө сызыгындагы жайгашкан 0,20 га жер тилкесин, кичи май чыгаруучу завод куруу үчүн жердин багытын өзгөртүүгө, КР мыйзамына ылайык аукциондун негизинде ижарага берүү жагын Көк-Ой айылдык кенеши сунуштайт.
2. Токтомдун аткарылышы жана көзөмөл жагы Көк-Ой айыл өкмөттүнун башчысы Шамиль Муратка тапшырылсын.
Көк-Ой айылдык аймагынын айылдык Кенешинин төрагасы: |
| Джусупбеков К.М. |