Загрузка документа…
АК-ЧИЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМ
2022-жылдын 14-октябрындагы № 2
Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл аймагынын административтик аймагында жер салыгын, мүлк салыгын киргизүү жана 1,2,3-топ боюнча объектилерди мүлк салыгы жана Кз зоналык коэффициентти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 17.10.2013-жылдагы «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин ишке ашыруу жөнүндөгү» №231 Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл аймагынын административтик аймагында Кыргыз Республикасынын «Салык кодексинде» көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактоо жана салык төлөмдөрдү көбөйтүү менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында,
Ак-Чий айылдык кеңешинин XIII-сессиясы
Токтом кылат
1. 2023-жылдын 3-январынан баштап Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл аймагынын административдик аймагында салыктын төмөнкү түрлөрү киргизилсин.
- Короо жай алдындагы багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгы айыл чарбасына багытталган жердин салыгы.
- 1,2,3-топ боюнча мүлк объектилеринин мүлк салыгы.
2. Кз зоналык коэффицентинин мааниси 1,0 өлчөмүндө бекитилсин
3. Салыктык эсептер КРнын “Салык кодексинин” негизинде жүргүзүлсүн.
4. Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылар реестерине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом 3-январь 2023-жылдан баштап күчүнө кирсин.
6. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа райондук мамлекеттик салык башкармалыгына тапшырылсын.
Ак-Чий айылдык Кеңешинин төрагасы: |
| У.Жалилов |