Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-апрели № 171
Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү тууралуу
Аттракциондорду курууда жана эксплуатациялоодо келип чыккан кооптуу жана зыяндуу факторлордон жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттик же муниципалдык мүлктү коргоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, ошондой эле Евразиялык экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 18-октябрындагы № 114 Евразия экономикалык бирлигинин "Аттракциондордун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентин кабыл алуу жөнүндө чечимине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |