Редакцияот 22.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

БАЛЫКЧЫ  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVIII  ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН

КЕЗЕКСИЗ XXVI  СЕССИЯСЫНЫН

2024-жылдын 22-апрелиндеги № 4

 

Балыкчы шаардык кеңешинин “Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык” МИ нын “тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн тарифи” боюнча кабыл алынган токтомдорун  жокко чыгаруу жөнүндө

    Азыркы учурдагы Балыкчы шаар мэриясынын алдындагы   “Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык” муниципалдык ишканасынын экономикалык  шартында унаа тетиктердин, күйүүчү майлардын,өндүрүштүк чыгымдардын кымбаттагандыгы жана шаар аймагындагы аткарылуучу тазалоо иштердин көбөйүшү менен мекеменин мындан аркы иш алып баруусуна кыйынчылык жаратып жаткандыгы билдирилген.

      Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-ж. 7-февраль  айындагы Пилоттук режимде административдик аймактык реформа мезгилинде “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу  органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” № 52 токтомун убактылуу  жобосунун 9 пунктуна ылайык, шаарлардын мэрлерине кошумча ыйгарым укуктар берилгендигине байланыштуу Балыкчы шаарынын “Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык” МИ нын шаардагы, шаар аймагына кошулган айыл конушундагы таштандыларды чыгаруу  боюнча мурунку бекитилген  тарифти  көтөрүү маселеси  келип чыккандыктан  Балыкчы шаар  мэриясынын № 01-18/8891  11.03.2024-жылдагы   кайрылуусунун негизинде  социалдык өнүгүү, укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын сунушуна ылайык карап, талкуулап, Балыкчы  шаардык Кенешинин сессиясы токтом кылат:

 

1.               Балыкчы шаардык кенешинин XXVII чакырылышынын   XI сесиясынын  “Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык” мекемесинин “таштандыларды чыгаруу боюнча тарифин көтөрүү жөнүндөгү 3.08. 2017-жылдагы № 10/2   токтому жокко чыгарылсын.

2.               Балыкчы шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясынын 27-март 2018-жылдагы № 2/1 “Балыкчы шаардык Кенешинин XXVII чакырылышынын XII сессиясынын  Балыкчы шаардык “Көртөндүрүү жана санитардык тазалоо” муниципалдык мекемесинин “шаардагы ишкана мекемелерден  тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн алынуучу тарифи жөнүндө” № 3 токтомунун 2 пунктуна кошумча толуктоо киргизүү жөнүндөгү” токтому жокко чыгарылсын.

3.               Балыкчы шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XIII сессиясынын 21-декабрь 2022-жылдагы “Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык” МИ “тиричилик калдыктарын, таштандыларды чыгаруу үчүн контейнерлерден алынуучу тарифи жөнүндө” № 7 токтому  жокко  чыгарылсын.

4.               Балыкчы  шаардык Кеңешинин мамлекеттик  тилде кабыл алынган  тийиштүү ченемдик укуктук актыcы  Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өтүү жагы суралсын.

5.               Мамлекеттик  кайра каттоо  жөнүндөгү  чечимде, андагы  көрсөтүлгөн маалыматтардын  анык  экендиги жана  мыйзамда  белгиленген учурларда  юридикалык  жакты кайра  каттоо  маселелери тийиштүү  мамлекеттик  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  менен  макулдашылгандыгын  ырастайт.

6.               Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын.

7.               Токтомдун  аткарылышын шаардык Кенештин   социалдык өнүгүү,  укук  коргоо жана  мыйзамдуулукту  сактоо маселелери  боюнча  туруктуу комиссияга  жана шаардык кенештин аппаратына тапшырылсын.   

 

 

Кенештин  төрагасы                                                                       Ж. М. Абдразаков