Загрузка документа…
АК-ЧИЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМ
2022-жылдын 29-июлундагы № ХI/5
Ак-Чий айыл аймагына караштуу Ак-Тилек жаңы конушун Ак-Талаа райондук Кадастр мамлекеттик мекемесинен каттоодон өткорүү жана жаңы айыл статусун алуу жөнүндө депутаттардын Ак-Чий айылдык кеңешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. Ак-Тилек жаңы конушунун тиешелүү иш кагаздары толук бүткөрүлсүн.
2. Нарын областынын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынан Ак-Тилек айылынын айыл статусун алуу жана жаңы чектерин аныктоо боюнча макулдашуу алуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинен Ак-Тилек жаңы конушунун административдик-аймактык чегин аныктоо, жаны айылдын курулушун жана социалдык объектилердин курулушун бюджетке киргизип берүү жагы суралсын.
3. Ак-Чий айыл аймагында жайгашкан №1298 контурундагы 145.9га жеке турак жай куруу үчүн которулган жерлер Кыргыз Республикасынын “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү, укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”№15 мыйзамына ылайык муниципалдык менчик катары мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтом мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн Юстиция министирлигинин Нарын облустук башкармалыгына жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Чтркеевге тапшырылсын.
Ак-Чий айылдык Кеңешинин төрагасы: |
| У.Жалилов |