Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 171 токтомуна) |
Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 410 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор. Эксплуатациялык документтер
1. Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелери (мындан ары - Эрежелер) аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылуу боюнча талаптарды белгилейт жана уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан аттракциондордун ээлеринин (эксплуатанттарынын) сактоосу үчүн милдеттүү болуп саналат.
2. Бул Эрежелер убактылуу орнотулган (ташылуучу) аттракциондорго жана стационардык аттракциондорго (пайдубалдарда же пайдубалдарсыз чогултулган) карата жайылтылат, аларды пайдаланууда жүргүнчүлөргө КВ-1 же КВ-2 же КВ-3 потенциалдуу биомеханикалык тобокелдик даражасындагы биомеханикалык таасир этилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 410 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Аттракциондор төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
- механизациялаштырылган умтулма кыймылдагы аттракциондор (анын ичинде сууну пайдалануу менен);
- механизациялаштырылган айлануу кыймылындагы аттракциондор;
- механизациялаштырылган татаал кыймылдагы аттракциондор;
- автодромдор жана картингдер;
- механизациялаштырылган жана механизациялаштырылбаган суу аттракциондору;
- механизациялаштырылбаган аттракциондор;
- үйлөмө аттракциондор;
- балдар үчүн аттракциондор.
Аттракциондордун түрлөрү жана типтери ушул токтомдун 1-тиркемесинде берилген.
RB-1, RB-2 жана RB-3 потенциалдуу биомеханикалык тобокелдик даражасындагы аттракциондордун жүргүнчүлөрүнө биомеханикалык таасирлердин түрлөрү жана жүргүнчү отургучтарынын жантаюусунун түрлөрү ушул токтомдун 2-тиркемесинде берилген.
RB биомеханикалык тобокелдик даражалары адамдар бийиктиктен кулаганда алган жаракаттарынын кесепеттери тууралуу статистикалык маалыматтар менен негизделген.

4. Бул Эрежелер RB-4 потенциалдуу биомеханикалык тобокелдигинин эң эле төмөнкү даражасындагы аттракциондорго, механизациялаштырылбаган аттракциондорго (жылгаяктар, селкинчектер), үйлөмө аттракциондорго, жетондор, магниттик карталар ж.б. менен иштеген, экиден ашык бала батпаган балдардын оюн-зоок жабдууларына, жаныбарлар пайдаланылган аттракциондорго, спорттук жана машыгуу жабдууларына, ошондой эле жеке жана (же) үй-бүлөлүк муктаждыктар үчүн гана пайдаланылуучу жабдууларга колдонулбайт.

5. Ушул Эрежелерди колдонуу максатында "Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - Бирлик) "Атракциондордун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинде (мындан ары - ЕАЭБ ТР 038/2016), МАМСТ 33807-2016 мамлекеттер аралык стандартында белгиленген маанилердеги терминдер жана алардын аныктамалары, ошондой эле башка зарыл терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат:
аттракцион - биомеханикалык таасирлерди кошкондо, кыймыл убагында жүргүнчүлөрдүн көңүл ачуусу үчүн арналган жабдуу;
механизациялаштырылбаган суу аттракциону - аквапарктар, бассейндер жана көлмөлөр үчүн сууну пайдалануу менен аттракцион;
балдар үчүн аттракцион - балдардын көңүл ачуусу үчүн атайын долбоорлонгон аттракцион;
механизациялаштырылган аттракцион - адамдын булчуң энергиясын кошпогондо, ар кандай түрдөгү энергияны колдонуу аркылуу жүргүнчүлөрдү берилген траектория боюнча же чектелген мейкиндиктин чегинде жылдыруучу аттракцион;
механизациялаштырылган айлануу кыймылындагы аттракцион - жүргүнчү модулдарын артыкчылыктуу айлануу (айландыруу жана (же) терметүү жолу менен), анын ичинде татаал кыймыл менен жылдыруучу аттракцион;
механизациялаштырылган умтулма кыймылдагы аттракцион - жүргүнчү модулдарын артыкчылыктуу багыттоочулар боюнча умтултуп жылдыруучу аттракцион;
механизациялаштырылган татаал кыймылдагы аттракцион - жүргүнчү модулдарын татаал траектория боюнча же жүргүнчүлөргө көрсөтүлгөн сүрөт менен айкалыштырып жылдыруучу аттракцион;
механизациялаштырылбаган аттракцион - жүргүнчүлөр адамдын (адамдардын) энергиясынын жана (же) тартылуу күчү менен гана кыймылдай турган аттракцион;
аттракциондук комплекс - аттракциондор жана аларга тиешелүү жабдуулар орнотулган ачык аянт же жабык жай (башкаруу кабинасы, тосмолор, бөлүштүрүүчү щит ж.б.);
биомеханикалык таасир - жүргүнчүлөрдү жылдыруу менен байланышкан күчтөрдүн аларга таасир этүүсү;
аттракционду эксплуатацияга берүү - ушул Эрежелердин талаптарына шайкештигин баалоонун зарыл болгон жол-жоболорунан өткөндөн кийин аттракциондун жүргүнчүлөр менен иштөөсүнүн башталышы;
аттракциондордун түрлөрү - бир түрдүү иштөө принцибине же бир түрдүү функциялардын жыйындысына ээ болгон бир нече типтеги аттракциондордун жыйындысы;
суу менен түз жана ийри сыйгаланып түшүү (суу менен сыйгаланып түшүү) - жүргүнчү тартылуу күчүнүн таасири астында эркин же түшүү үчүн көмөкчү каражаттар менен түшүүчү жана анда суу жүргүнчүнүн сүрүлүүсүн азайтуучу жана бассейнде, атайын кабыл алуучу түзүлүштө же табигый көлмөнүн жабдылган бөлүгүндө токтотууну жана токтоосун камсыз кылуучу чөйрө катары пайдаланылган бети тайгалак жантайыңкы аттракцион;
аттракциондордун көмөкчү түзүлүштөрү - аттракциондор менен бирге колдонулуучу декорациялар жана жасалгалоо элементтери, тосмолор, иллюминациялар, чатырлар, навестер, коргоочу экрандар, павильондор;
түшүү үчүн көмөкчү каражаттар - жүргүнчүнүн сыйрылуу, көгөрүү жана башка ден соолугуна зыян келүү тобокелдиктерин азайтуу, кыймылдын ыңгайлуулугун жогорулатуу жана кошумча көңүл ачуу эффектин алуу үчүн суу менен сыйгаланып түшүүдө колдонулуучу килемчелер, рафттар ж.б.;
потенциалдуу биомеханикалык тобокелдиктин жогорку даражасы (RB-1) - биомеханикалык таасир этүүлөрдүн натыйжасында жүргүнчүнүн (жүргүнчүлөрдүн) өмүрүнө коркунуч туудурган зыян келүү ыктымалдыгы;
балдар - бою 90дон 160 см чейинки (2ден 14 жашка чейинки курактагы) келүүчүлөр, анын ичинде жүргүнчүлөр;
коргоочу түзүлүш - иштеп кетүүсү аттракционду жол берилбеген пайдаланууда кооптуу кырдаалдын алдын ала турган түзүлүш;
жылуудагы тобокелдик зоналары - конструкциялар же бөтөн предметтер тийген учурда жүргүнчүлөргө ар кандай оордук даражасындагы зыян келиши мүмкүн болгон жылып бара жаткан жүргүнчүлөрдүн денелеринин айланасындагы зоналар;
аттракционду консервациялоо - жабдуу эксплуатацияланбай турган белгилүү бир мезгилге аттракциондун жабдууларынын жана анын мүнөздөмөлөрүнүн сакталышын камсыз кылууга багытталган чаралардын жыйындысы; бул чаралар татаал аттракциондорго жана аттракциондук комплекстерге салыштырганда аттракциондун айрым модулдук же блоктук конструкцияларын демонтаждоону камтышы мүмкүн;
коопсуздук контуру - конструкциялардын кыймылдуу жана кыймылсыз элементтерине тийип кетүүнүн натыйжасында жаракат алуу тобокелдигин минималдаштырууну же жок кылууну камсыз кылуучу жүргүнчү жылып бара жаткан мейкиндиктин бөлүгүн чектөө;
кооптуу компонент - токтоп калышы адамдын өлүмүнө алып келиши же адамдын ден соолугуна оор зыян келтириши мүмкүн болгон конструкциянын бөлүгү, аттракциондун түйүнү же бөлүгү;
кооптуу параметр - бузулушу адамдын өлүмүнө алып келиши же адамдын ден соолугуна оор зыян келтириши мүмкүн болгон аттракциондун же анын кооптуу компонентинин маанилүү мүнөздөмөсү;
модификация - долбоорлонгондорго салыштырмалуу кооптуу компоненттин конструкциясын кандай болбосун өзгөртүү же кооптуу параметрди өзгөртүү;
дайындалган ресурс - жалпы иштөө убактысы, ага жеткенде техникалык абалына карабастан аттракционду эксплуатациялоо токтотулууга тийиш; эксплуатациялоонун календардык узактыгы, ага жеткенде техникалык абалына карабастан аттракционду эксплуатациялоо токтотулууга тийиш;
жол берилбеген пайдалануу - аттракционду башка максатта же эксплуатациялык документтердин талаптарын бузуу менен пайдалануу;
жүргүнчүлөр, келүүчүлөр менен болгон кырсык - аттракционду эксплуатациялоодо жүргүнчүнүн, келүүчүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирген же өлүмүнө алып келген окуя;
потенциалдуу биомеханикалык тобокелдиктин төмөнкү даражасы (RB-3) - биомеханикалык таасир этүүлөрдүн натыйжасында жүргүнчүнүн (жүргүнчүлөрдүн) эмгекке жарамсыздыгын убактылуу жоготуу менен зыян келүү ыктымалдыгы;
потенциалдуу биомеханикалык тобокелдиктин болбос даражасы (RB-4) - биомеханикалык таасирлердин натыйжасында жүргүнчүнүн (жүргүнчүлөрдүн) эмгекке жарамсыздыгынын кандайдыр бир формасыз зыян келүү ыктымалдыгы;
аттракциондун коопсуздугунун негиздемеси - ушул Эрежелердин талаптарына, ЕАЭБ ТР 038/2016 талаптарына жана ага карата колдонула турган башка күчүнө кирген Бирликтин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигин ырастоо үчүн аттракциондун коопсуздугу тууралуу документтердин топтому;
пайдаланууну чектөө - ден соолугунда кемчиликтери бар же бою, салмагы боюнча чектөөлөргө байланыштуу, ошондой эле өзүн начар сезген жүргүнчүлөр үчүн аттракционду пайдаланууну чектөө;
тейлөө - аттракционду максаттуу пайдаланууда, аны сактоодо жана ташууда аны иштегенге жарактуу жана оң абалда күтүү үчүн даярдоочунун эксплуатациялык документтеринде аныкталган жана (же) аттракциондун эксплуатанты тарабынан белгиленген техникалык тейлөө боюнча операциялардын комплекси;
калган ресурс - аттракциондун техникалык абалын контролдоо учурунан баштап анын чектүү абалга болжолдуу өтүүсүнө чейинки жалпы иштөө убактысы;
аттракциондун техникалык абалын баалоо (техникалык күбөлөндүрүү) - аттракционду белгилүү бир мезгилге андан ары коопсуз эксплуатациялоо мүмкүндүгүн аныктоо максатында аттракциондун техникалык абалын визуалдык, өлчөө, бузбаган жана башка контролдоо методдорун колдонуу менен эксплуатациялык документтердин талаптарына шайкештигин текшерүү боюнча иштердин комплекси;
Аттракциондун паспорту - даярдоочунун кепилдиктерин, RB-3 (төмөнкү) потенциалдуу биомеханикалык тобокелдик даражасындагы аттракциондун негизги параметрлеринин жана мүнөздөмөлөрүнүн маанилерин ырастоочу маалыматтарды камтыган документ;
жүргүнчү - аттракцион менен жыла турган адам;
жүргүнчү модулу - жүргүнчүлөрдү жылдыруу үчүн арналган аттракциондун бөлүгү (араба, кабина, отургуч);
келүүчү - аттракциондордун же аттракциондордун көмөкчү түзүлүштөрүнүн зонасында болгон адам;
аттракционду пайдалануу эрежелери - аттракциондун долбоорлоочусу (иштеп чыгуучусу) же ээси (эксплуатанты) тарабынан иштелип чыккан жүргүнчүлөр жана келүүчүлөр үчүн талаптар;
аттракциондун чектүү абалы - аттракционду андан ары эксплуатациялоого жол берилбеген, иштегенге жарактуу абалын калыбына келтирүү мүмкүн эмес же максатка ылайыксыз болгон аттракциондун, анын түйүндөрүнүн жана механизмдеринин, анын ичинде кооптуу (критикалык) компоненттеринин техникалык абалы;
сыноо үчүн иштетүү - эксплуатациялык документтерде тиешелүү талаптар болгон учурда жүргүнчүлөрдүн толук түшүүсүн имитациялоо менен аттракционду жүргүнчүлөрсүз сыноо үчүн иштетүү;
долбоорлоочу (иштеп чыгуучу) - аттракциондун долбоорун иштеп чыккан адис же уюм;
аттракционду реконсервациялоо - консервациянын тескери процесси; аттракциондун демонтаждалган бөлүктөрүн же блокторун монтаждоо жүргүзүлөт, алардын абалы текшерилет, жабдуулардын бетинен убактылуу коргоочу курамдар сыйрылат, зарыл болгон учурда жабдууларды эксплуатациялоо үчүн керек болгон башка каражаттар түшүрүлөт;
оңдоо - аттракционду эксплуатациялык документтердин талаптарына шайкеш келген техникалык абалга келтирүү менен аттракциондун кандай себептерден улам болбосун бузулган, эскирген же жараксыз болгон түйүндөрүн жана механизмдерин калыбына келтирүү;
адистештирилген уюм - тиешелүү түрдөгү/типтеги аттракциондорду жана алардын бөлүктөрүн долбоорлоо, монтаждоо, жөндөө, оңдоо, тейлөө, техникалык диагноздоо (же көрсөтүлгөн жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) тизмегинен тандоо) боюнча жумуштарды аткаруу жана/же кызматтарды көрсөтүү боюнча ишти жүргүзүү укугуна атайын уруксаты (лицензиясы) бар уюм;
потенциалдуу биомеханикалык тобокелдиктин ортоңку даражасы (RB-2) - биомеханикалык таасир этүүлөрдүн натыйжасында жүргүнчүнүн (жүргүнчүлөрдүн) ден соолугуна оор зыян келүү ыктымалдыгы;
потенциалдуу биомеханикалык тобокелдик даражасы - кесепеттердин мүмкүн болгон оордугун эске алуу менен ар кандай даражадагы биомеханикалык таасир этүүлөрдүн натыйжасында жүргүнчүгө (жүргүнчүлөргө) зыян келүү ыктымалдыгы;
аттракциондун техникалык абалы - аттракциондун эксплуатациялык жана долбоордук документтеринде белгиленген эксплуатациялоо процессинде өзгөрүлбөгөн жана өзгөрүүгө дуушар болгон аттракциондун параметрлеринин маанилеринин жыйындысы;
аттракциондордун тиби - иштөөсү жана биомеханикалык таасирлерди түзүү боюнча окшош аттракциондор;
кармоочу түзүлүштөр - биомеханикалык таасир этүүлөрдүн же аттракционду пайдаланууда келип чыккан күчтөрдүн аракетинин натыйжасында же жүргүнчүнүн жүрүм-турумунан улам жүргүнчүлөрдүн коопсуздук контурунан тышкары жылып кетүүсүн алдын алууга арналган аттракциондордун элементтери (мисалы, отургучтар, бут койгучтар, кармагычтар жана бекитүүчү түзүлүштөр);
эксплуатациялоо шарттары - аттракционду эксплуатациялоодо ага таасир этүүчү факторлордун жыйындысы;
коопсуздук түзүлүшү - аттракционду коопсуз пайдаланууну камсыз кылуучу техникалык түзүлүш;
бекитүүчү түзүлүш - жүргүнчүнүн (жүргүнчүлөрдүн) аттракциондо ылдамдоону коопсуз кабыл алуусу үчүн жүргүнчүнүн денесинин берилген абалын кармап турууга, жылып кетүүсүн чектөөгө жана (же) сактоого арналган түзүлүш;
Аттракциондун формуляры - даярдоочунун кепилдиктерин ырастоочу маалыматтарды, аттракциондун негизги параметрлеринин жана мүнөздөмөлөрүнүн маанилерин, аттракциондун техникалык абалын чагылдырган маалыматтарды, аттракциондун шайкештигин ырастоо жана утилдештирүү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле аттракционду эксплуатациялоо мезгилинде киргизилген маалыматтарды камтыган документ;
ээси (эксплуатанты) - аттракционго мыйзамдуу негиздерде ээлик кылган жана эксплуатациялоону жана бул аттракционду жүргүнчүлөргө көңүл ачуу кызматтарын көрсөтүү үчүн пайдаланган юридикалык же жеке жак;
эксплуатациялык документ (эксплуатациялык документация) - аттракционду эксплуатациялоо эрежелерин (өзүнчө же башка документтер менен бирге) аныктаган жана (же) аттракциондун даярдоочу тарабынан кепилденген негизги параметрлеринин жана мүнөздөмөлөрүнүн маанилерин күбөлөндүрүүчү маалыматтарды, ошондой эле дайындалган иштөө мөөнөтүнүн ичинде аны экплуатациялоонун кепилдиктери жана ал тууралуу маалыматтарды чагылдырган документ (документация).
зыян - адамдын өмүрүнө же ден соолугуна, мүлккө же айлана-чөйрөгө зыян келтирүү;
конуу зонасы - парашют буюмдарын, механикалаштырылган, механикалаштырылбаган жана үйлөмө аттракциондорду колдонууда жүргүнчү конуучу жер;
окуя - парашют буюмдарында, механикалаштырылган, механикалаштырылбаган жана үйлөмө аттракциондордо колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдүн иштебей калышы же бузулушу, аларды эксплуатациялоо режиминен четтөө, жогорку коркунуч булактарын эксплуатациялоо режимин белгилеген ченемдик укуктук актыларды бузуу;
жогорку коркунуч булактары - бул сандык, сапаттык жана техникалык мүнөздөмөлөргө ээ болгон механикалаштырылган, механикалаштырылбаган жана үйлөмө аттракциондордун аныкталган предметтерин, объекттерин же техникалык түзүлүштөрүн пайдалануу менен байланышкан иш, алар колдонуу процессинде жогорку зыян келтирүү жөндөмдүүлүгүнө ээ;
үйлөмө аттракцион - кургакта жана сууда активдүү эс алуу учурунда пайдалануучулардын коопсуздугун камсыз кылуучу убактылуу же туруктуу көңүл ачуучу объектти түзүү үчүн бири-бирине туташтырылган бир же бир нече кабыктан турган аба үйлөтүлгөн же үйлөнгөн (парашюттар) оюн-зоок буюмдарынын ("банан", "диван", "таблетка"), жабдуулардын жана конструкциялардын (тоочолор, батуттар, лабиринттер, секирүү зоналары) бир түрү;
парашют - бул кездемеден же башка жумшак материалдан жасалган кол чатыр түрүндөгү, убактылуу учууну жаратуу же нерсенин же адамдын абада кулашын жайлатууга арналган түзүлүш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 410 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Аттракциондор, алардын бөлүктөрү, алардын эксплуатациялык документтери ушул Эрежелердин, аларга карата колдонулган Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин, мамлекеттер аралык стандарттардын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
ЕАЭБ ТР 038/2016 колдонула турган аттракциондор белгиленген үлгүдөгү тиешелүү документтерди тариздөө менен ЕАЭБ ТР 038/2016 белгиленген шайкештигин ырастоочу зарыл жол-жоболордон өткөн жана Евразия экономикалык бирлигинин рыногунда продукцияны жүгүртүүнүн бирдиктүү белгиси менен маркаланган шартта жүгүртүүгө чыгарылат.
7. Аттракционду даярдоочу, даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген уюм аттракциондун эксплуатациялык документтеринин толуктугун камсыз кылууга тийиш.
8. Аттракциондун эксплуатациялык документтери мамлекеттик жана (же) расмий тилдерде таризделет. Эксплуатациялык документтер кагаз жүзүндө таризделет (зарыл болгон учурда аларга электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү эксплуатациялык документтердин топтому тиркелиши мүмкүн).
9. Аттракциондун бүткүл иштөө мөөнөтү ичинде анын эксплуатациялык документтеринин сакталышы камсыз кылынат.
10. Ар бир аттракцион төмөнкү эксплуатациялык документтер менен камсыз болушу керек:
- Аттракциондун формуляры (RB-1 жана RB-2 потенциалдуу биомеханикалык тобокелдиктеринин жогорку жана ортоңку даражасындагы аттракциондор үчүн);
- Аттракциондун паспорту (RB-3 потенциалдуу биомеханикалык тобокелдигинин төмөнкү даражасындагы аттракциондор үчүн);
- аттракционду эксплуатациялоо боюнча колдонмо (нускама);
- аттракционду тейлөө жана оңдоо боюнча колдонмо (нускама);
- Аттракционду монтаждоо (чогултуу, орнотуу), ишке киргизүү, жөнгө салуу жана сынап көрүү боюнча нускама;
- Аттракционду ташуу жана сактоо боюнча нускама;
- Аттракционду эксплуатациялоодон чыгаруу жана утилдештирүү боюнча нускама;
- аттракционду эксплуатациялоону жана техникалык тейлөөнү эсепке алуу журналы.
Эгерде Аттракционду техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча колдонмодогу (нускама), Аттракционду монтаждоо (чогултуу, орнотуу), ишке киргизүү, жөнгө салуу жана сынап көрүү боюнча нускамадагы, Аттракционду ташуу жана сактоо боюнча нускамадагы,
Аттракционду экслуатациялоодон чыгаруу жана утилдештирүү боюнча нускамадагы сакталууга тийиш болгон талаптарды Аттракционду эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) баяндоо максатка ылайыксыз же мүмкүн болбосо, алар өзүнчө документтер менен түзүлөт.
11. Аттракциондун эксплуатациялык документтери жок же жараксыз абалга келген учурда аталган документтер калыбына келтирилгенге чейин аттракционду эксплуатациялоо токтотулуп турууга (токтотуу) тийиш.
12. Кыргыз Республикасында эксплуатацияланып жаткан аттракциондун эксплуатациялык документтери жоголгон (жараксыз абалга келген) учурда бул документтер аттракциондун долбоорлоочусу, аттракционду даярдоочу, же жумуштарды аткарууга жана (же) тиешелүү түрдөгү жана типтеги аттракциондорду долбоорлоо боюнча жумуштарды аткарууга жана (же) кызматтарды көрсөтүүгө адистешкен долбоорлоо уюму тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.
13. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары даярдалган жана сатып алынган, Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатацияланбаган аттракциондор үчүн эксплуатациялык документтерди ушул Эрежелердин талаптарына шайкеш келтирүү аттракционду даярдоочу же тиешелүү түрдөгү жана типтеги аттракциондорду долбоорлоо боюнча жумуштарды аткарууга жана (же) кызматтарды көрсөтүүгө адистешкен долбоорлоо уюму тарабынан жүзөгө ашырылат.
14. Аттракциондун формулярын түзүүдө же калыбына келтирүүдө же аны ушул Эрежелердин талаптарына шайкеш келтирүүдө аттракциондун даярдоочусу, даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген уюм, аттракциондордун тиешелүү түрдөгү жана типтеги аттракциондорду долбоорлоо боюнча жумуштарды аткарууга жана (же) кызматтарды көрсөтүүгө адистешкен долбоорлоо уюму тарабынан төмөнкүлөр эске алынууга тийиш:
- аттракционду техникалык диагноздоонун жана/же техникалык күбөлөндүрүүнүн натыйжалары;
- аттракциондун металл конструкцияларынын материалынын жана кооптуу компоненттеринин материалынын химиялык курамы жана механикалык касиеттери жөнүндө маалымат жок болгон учурда мыйзамдарда белгиленген тартипте аккредиттелген лабораториянын алар тууралуу корутундусу.
15. Аттракциондун эксплуатациялык документтерин калыбына келтирүүдө же ушул Эрежелердин талаптарына шайкеш келтирүүдө Аттракциондун формуляры 3-тиркемеге ылайык форма боюнча таризделет. Аттракциондун формулярынын барактары номерленүүгө жана боо өткөрүлүүгө тийиш. Башка эксплуатациялык документтердин барактарын тикпей коюуга уруксат берилет.
16. Аттракциондун паспорту (RB-3 потенциалдуу биомеханикалык тобокелдигинин төмөнкү даражасындагы аттракциондор үчүн) 4-тиркемеде берилген маалыматтарды камтууга тийиш.
17. Аттракционду эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) башка маалыматтар менен бирге төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) аттракциондун түрү жана тиби, негизги мүнөздөмөлөрү, габариттик өлчөмдөрү жана аттракциондун айланасындагы коопсуздук аймагына, аттракциондун периметри боюнча тосмолорго, чыга бериштин жана кире бериштин өлчөмдөрүнө карата талаптар;
б) аттракциондун иштөөсүнүн сыпаттамасы, анын ичинде негизги системаларынын, механизмдеринин жана башкаруу системаларынын жана алардын иштөөсүнүн кеңири сыпаттамасы; сыпаттама сүрөттөр, схемалар (кинематикалык, электрдик, пневматикалык, гидравликалык) менен коштолууга тийиш; эгерде схемалар гидравликалык (пневматикалык) жабдуунун иштөөсү жана анын электр жабдуусу менен өз ара аракеттенүүсү жөнүндө так түшүнүк бербесе, анда бул жабдуунун кеңири сыпаттамасын берүү зарыл;
в) жүргүнчүлөр үчүн бекитүүчү, кармоочу түзүлүштөр жөнүндө маалыматтар, алардын иштөөсүнүн сыпаттамасы жана пайдалануу эрежелери;
г) коргоочу түзүлүштөр, коопсуздук түзүлүштөрү жөнүндө маалыматтар, алардын иштөөсүнүн сыпаттамасы жана пайдалануу эрежелери;
д) жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү тартиби, аларды жүргүнчүлөрдүн модулдарына жана (же) жалпысынан аттракционго жайгаштыруу, ошондой эле аттракциондун ашыкча толушунун алдын алуу үчүн зарыл болгон чектөөлөр;
е) бир жүргүнчү модулундагы жана (же) жалпысынан аттракциондогу жүргүнчүлөрдүн максималдуу санын жана салмагын көрсөтүү менен аттракционго жүргүнчүлөрдү жүктөө схемалары;
ж) аттракцион эсептелген жүргүнчүлөрдүн массасы, бою жана башка маалыматтары;
з) аттракциондун иштөө ылдамдыгынын чоңдугуна жана ылдамдоосуна, жумуш циклинин узактыгына чектөөлөр, сеанстардын (жумушчу циклдердин) ортосундагы зарыл болгон тыныгуулар, аттракцион толук эмес же асимметриялык жүктөлгөн учурда мүмкүн болгон чектөөлөр;
и) аттракционду эксплуатациялоочу кызматкерлердин жүргүнчүлөр менен иш-аракеттеринин тартиби, анын ичинде штаттык эмес же авариялык кырдаалдардагы аракеттерге карата талаптар, жүргүнчүлөрдү авариялык эвакуациялоонун жол-жоболорун сыпаттоо, анын ичинде электр энергиясы өчүп калган учурда эвакуациялоо, жүргүнчүлөрдү чоң бийиктиктен же жерге карата өтө жантайынкы отургучтардан авариялык эвакуациялоо ыкмалары;
к) жүргүнчүлөр, келүүчүлөр үчүн аттракционду пайдалануу эрежелери, ден соолугунун абалына, курагына, боюна жана салмагына карата (зарыл учурда) аттракционду пайдаланууга чектөөлөр жөнүндө маалымат;
л) эгерде аттракциондун биомеханикалык таасири майып жүргүнчүлөр үчүн жол берилген болсо, майып жүргүнчүлөрдү тейлөө эрежелери;
м) аттракцион иштебей турган учурда аны коопсуз абалга келтирүү боюнча көрсөтмөлөр, иштебей токтоп турган мезгилде аттракциондун кызматкерлеринин аракеттери;
н) аттракциондогу коопсуздук белгилеринин жана эскертүү такталардын жайгашуу схемасы;
о) аттракциондун кызматкерлерине карата талаптар (даярдоо, квалификация ж.б.), алардын милдеттери;
п) үзгүлтүксүз текшерүүнү талап кылган деталдарынын жана курамдык бөлүктөрүнүн, анын ичинде кооптуу (критикалык) компоненттердин, кооптуу параметрлердин тизмеги (мисалы, эксплуатациялоо учурунда пайда болгон жогорку чыңалуудан улам чарчап бузулууда кооптуу конструкциялардын жана механизмдердин элементтери), алардын (текшерүүнүн) сунушталган мезгилдүүлүгү, ошондой эле сунуш кылынган текшерүү методдору, мисалы, визуалдык кароо же бузбоочу контроль; аттракциондун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чектелген критикалык иштөө мөөнөтү менен деталдарды жана курамдык бөлүктөрдү, анын ичинде кооптуу (критикалык) компоненттерди өзүнчө көрсөтүү зарыл;
р) үзгүлтүксүз майлоону талап кылган деталдардын жана курамдык бөлүктөрдүн тизмеги, анын мезгилдүүлүгү, колдонулуучу майлоочу материалдардын типтери;
с) аттракционду эксплуатациялоого жол берилбей турган аба ырайынын шарттарынын сыпаттамасы (мисалы, шамал, жамгыр, туман ж.б.);
т) аттракционду эксплуатацияга берүүнүн, эксплуатациялоону токтотуп туруунун жол-жоболоруна, техникалык себептерден улам аттракциондун иштебей токтоп туруусуна талаптар;
у) кооптуу (критикалык) компоненттердин жана кооптуу параметрлердин техникалык абалын күн сайын текшерүү тартиби.
18. Аттракционду техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча колдонмодо (нускамада) башка маалыматтар менен катар төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) кооптуу (критикалык) компоненттердин жана кооптуу параметрлердин тизмеги, чектелген ресурс менен бөлүктөрдүн тизмеси жана аларды алмаштыруунун графиги, техникалык тейлөө жана оңдоо үчүн зарыл болгон негизги өлчөмдөрдү чагылдырган чогултуу чиймелери жана сүрөттөрү, принциптүү кинематикалык, электрдик, гидравликалык, пневматикалык схемалар;
б) тез эскирген деталдардын тизмеги жана белгилениши, алардын эскирүүсүнө жол берүүлөр;
в) аттракциондун жана анын курамдык бөлүктөрүнүн (элементтеринин, механизмдеринин, конструкцияларынын, анын ичинде ширетилген жана пластиктен, композиттик жана ушул сыяктуу материалдардан жасалган) чектик абалынын критерийлери;
в) аттракциондун айрым түйүндөрүн чогултуу, чачуу, жөнгө салуу жана майлоо тартиби, алардын мезгилдүүлүгү жана колдонулуучу чыгымдалуучу материалдар;
г) мазмунун жана техникалык талаптарын кеңири баяндоо менен техникалык тейлөөнүн жана оңдоонун түрлөрүнүн тизмеги (иштин мезгилдүүлүгү жана сыпаттамасы, ошондой эле бул үчүн зарыл болгон деталдардын тизмеги, кызматкерлердин квалификациясы);
д) металл жана башка конструкциялардын мүмкүн болгон зыянга учуроолору жана аларды четтетүү жолдору;
е) тормоздорду, коопсуздук түзүлүштөрдү жана аттракционду башкаруу системаларын текшерүү жана жөнгө салуу ыкмалары жана тартиби;
ж) сыноолорду жүргүзүү боюнча талаптарды көрсөтүү менен техникалык күбөлөндүрүүнү жүргүзүүнүн тартиби (тартиби, шарттары, кызматкерлердин квалификациясы ж.б.);
з) аттракционду ачуунун алдында жана жумуш аяктагандан кийинки күн сайын текшерүүнүн тартиби, аттракционду жүргүнчүлөр менен иштөөгө даярдоо боюнча, анын ичинде текшерүү методдоруна атайын талаптар;
и) электр жабдууларын текшерүү боюнча талаптар (изоляциянын каршылыгын, электр чынжырларынын бүтүндүгүн, жердетүү контурунун бүтүндүгүн текшерүү, автоматтык өчүрүүчү түзүлүштөрдүн, эгерде мындайлар белгиленген болсо, алардын иштегенге жарактуулугун текшерүү, ж.б.);
к) запастык бөлүктөрдүн жана шаймандардын ведомосту.
19. Аттракционду монтаждоо (чогултуу, орнотуу), ишке киргизүү, жөнгө салуу жана сынап көрүү боюнча нускамада башка маалыматтар менен бирге төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) аттракциондун түрү, тиби, негизги мүнөздөмөлөрү, иштеген абалындагы габариттик өлчөмдөрү;
б) коопсуз монтаждоо жана демонтаждоо үчүн зарыл болгон атайын жабдуунун, түзүлүштөрдүн, инструменттердин, материалдардын, деталдардын же түйүндөрдүн мүнөздөмөлөрү;
в) аттракцион тарабынан пайдубалга, жерге же башка негизге түзүлгөн эсептелген жүктөрдүн маанилерин көрсөтүү менен аттракциондордун жайгашкан аянтчаларына жана негиздерине карата талаптар; зарыл болгон учурда тегиздөөнү жеңилдетүү үчүн бош топурактарды төгүү жана плиталарды төшөө ыкмалары, бетинин горизонталдуулуктан, вертикалдуулуктан жана тегиз эместиктен четтөөгө уруксаттар, топурактын тыгыздыгына талаптар жана алар үчүн чектөөлөр, ошондой эле балластировкалоого талаптар берилет;
г) пайдубалды орнотууга (конструкция, күч келүү, ж.б.) талаптар;
д) аттракциондун айланасындагы коопсуздук зонасына талаптар, монтаждоодо (демонтаждоодо) аттракциондун периметри боюнча коргоо же тосуу боюнча талаптар;
е) конструкциялардын туруктуулугун камсыз кылуучу монтаждоо (демонтаждоо) иштерин жүргүзүү тартиби, анын ичинде татаал монтаждоо иштеринин этаптарынын ырааттуулугу;
ж) монтаждоонун (демонтаждоонун) мүмкүн болгон варианттары;
з) зыянга учуроосу конструкциянын көтөрүү жөндөмдүүлүгүн жоготууга, ошондой эле жабдуунун коопсуз иштөөсүн үзгүлтүккө учуратууга алып келиши мүмкүн болгон конструкциялардын жана түйүндөрдүн элементтерин көрсөтүү менен монтаждоо схемалары;
и) конструкцияларды бекемдөөнүн коопсуз схемалары;
к) негизги резьбалык кошулуулардын, анкердик бекиткичтердин чоюлуу учурларынын маанилери;
л) бекитүүчү буюмдардын белгиленишин жана бекемдик классын, аларды орнотуу жерлерин жана алар менен кошулуучу чогултулуучу бөлүктөрүн (анкердик бекиткичтер, болттор, бурамалар, шпилкалар, резьбалык тарткычтар, гайкалар, шайбалар ж.б.) көрсөтүү менен алардын тизмеги;
м) тышкы инженердик коммуникацияларга (түтүк өткөргүч, өткөргүч, кабелдик линияларга) жана башка системаларга туура туташтыруу ыкмалары;
н) жердештирүү (нөлдөө), анын ичинде чагылгандын соккусунан коргоо үчүн схемалар;
о) монтаждоодон кийинки жөнгө салуу, жөндөө, иштетип көрүү жана сыноо тартиби;
п) монтаждоодо (демонтаждоо) коопсуздук талаптары.
20. Аттракционду ташуу жана сактоо боюнча нускамада башка маалыматтар менен бирге төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) аттракционду, анын түйүндөрүн жана механизмдерин сактоо шарттары (сактоочу жайга (навес, жабык кампа, жылытылуучу жай ж.б.), тышкы чөйрөнүн (ным, зыяндуу буулар ж.б.) таасиринен коргоого талаптар, сактоонун температуралык режими, зарыл болгон учурда мезгил-мезгили менен кароолорду жүргүзүү мөөнөттөрүнө, регламенттик жумуштарга талаптар);
б) аттракционду, анын түйүндөрүн жана механизмдерин консервациялоонун, расконсервациялоонун ыкмалары жана шарттары;
в) ташуу шарттары (транспорттун түрү, жол берилген алыстыгы, ылдамдыгы, башка), ташууда жол берилген механикалык таасир этүүлөр, климаттык шарттар, тышкы таасир этүүчү факторлордон, жүктөө жана түшүрүү учурундагы соккулардан коргоонун зарылдыгы, таңгактарга, жүктөө жана түшүрүү учурунда колдонулуучу каражаттарга талаптар.
21. Аттракционду эксплуатациялоодон чыгаруу жана утилдештирүү боюнча нускамада башка маалыматтар менен бирге төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) аттракционду эксплуатациялоодон чыгаруунун тартиби;
б) аттракционду коопсуз утилдештирүү боюнча сунуштар (ыкмалар);
в) коркунучтуу заттарды камтыган электрондук компоненттерди жана айрым түйүндөрдү утилдештирүү өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен айрым бөлүктөрдү коопсуз утилдештирүү тартиби.
22. Аттракциондун эксплуатациялык документтеринде дайындалган иштөө мөөнөтү, дайындалган ресурсу жөнүндө маалымат жок болгон учурда, бул аттракциондор үчүн эксплуатациялык документтеринде көрсөтүлгөн чыгарылган күндөн тартып 10 жылдык дайындалган иштөө мөөнөтү белгиленет.
23. Потенциалдуу биомеханикалык тобокелдиктин түрүн, тибин, даражасын, ошондой эле жүргүнчүлөргө карата биомеханикалык таасир этүүлөрдүн түрүн жана чоңдугун аныктоо төмөнкү методдордун бирин же алардын айкалышын колдонуу менен аттракционду идентификациялоонун жүрүшүндө жүргүзүлөт:
- документация боюнча идентификациялоо (эксплуатациялык документтерде көрсөтүлгөн аттракциондун түрүн жана тибин жана анын техникалык мүнөздөмөлөрүн 1 жана 2-тиркемелерге ылайык маалыматтар менен салыштыруу);
- визуалдык метод (аттракциондун сырткы көрүнүшүн эксплуатациялык документтерде берилген сыпаттама менен, 1 жана 2-тиркемелерге ылайык маалыматтар менен салыштыруу);
- инструменталдык метод (аттракциондордун өлчөмдөрүн өлчөөнүн же аны сыноонун натыйжасында алынган маалыматтарды эксплуатациялык документтерде көрсөтүлгөн техникалык мүнөздөмөлөр менен, 1 жана 2-тиркемелерге ылайык маалыматтар менен салыштыруу).
Аттракционду идентификациялоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу органдын катышуусу менен аттракциондун ээси (эксплуатанты) тарабынан жүргүзүлөт.
24. ЕАЭБ ТР 038/2016 күчүнө киргенге чейин чыгарылган жана эксплуатацияга берилген аттракциондор ушул Эрежелер күчүнө кирген күндөн тартып 12 айдын ичинде ЕАЭБ ТР 038/2016 жана ушул Эрежелердин талаптарына шайкеш келген техникалык абалга келтирилүүгө тийиш.
Эгерде капиталдык оңдоону (модификациялоо, реконструкциялоо, модернизациялоо) жүргүзүүдө аттракцион ушул Эрежелердин жана ЕАЭБ ТР 038/2016 талаптарына шайкеш келтирилбесе, анда аттракцион эксплуатациялоодон чыгарылууга жана утилдештирүүгө тийиш.
2-глава. Аттракциондордун келүүчүлөрү жана жүргүнчүлөрү жана тейлөөчү персонал үчүн коркунуч туудурган негизги факторлор жана окуялар
25. Келүүчүлөрдүн аттракциондо, андан (бир деңгээлден экинчисине) же ага жакын жерде төмөнкү себептерден улам кулашы:
- тайгалануудан жана (же) чалынуудан;
- жеңил ойлуу жүрүм-турумдан;
- мас абалында болуудан (алкоголдук, баңгизаттык ж.б.).
26. Кулоочу объекттердин таасир этүүсү:
- келүүчүлөргө таандык буюмдардын;
- аттракциондун деталдарынын;
- жасалгалоо элементтеринин;
- инструменттердин;
- башка объекттердин.
27. Кыймылдуу механизмдердин төмөнкү себептерден улам таасир этүүсү:
- коопсуз аралыкты бузуудан;
- денени, дене мүчөлөрүн, кийимдин элементтеринин кыпчып калуудан, тыгылып калуудан, жылып кетүүдөн;
- ылдамдык режиминин бузулуусунан;
- жүргүзүүдөн же токтотуудан.
28. Келүүчүлөргө төмөнкүлөрдүн натыйжасында таасир этүү:
- келүүчүлөрдүн конструкциялардын элементтери менен жана өз ара кагылышуусунан;
- ылдамдоолордун, анын ичинде түртүүлөр жана соккулар менен байланышкан ылдамдоолордун чоңдугунун жана иш-аракетинин убактысынын ашып кетүүсүнөн;
- отуруучу орундарды бекитүүчү түзүлүштөр тарабынан болгон күчтүн таасиринен;
- келүүчүлөрдү силкүүдөн.
29. Төмөнкүлөрдүн натыйжасында аттракциондун материалдарынын механикалык абалынын бузулушунун натыйжасында келүүчүлөргө таасир этүү:
- конструкциянын деформациясынын жол берилгис чоңдугунун;
- чарчап бузулуунун;
- кошулуулардын белгиленген абалынын бузулуусунун;
- аттракциондук материалдардын коррозиясынын жана (же) алардын критикалык эскиришинин;
- туруктуулугун жоготуунун натыйжасында аттрациондун абалынын өзгөрүшүнүн.
30. Төмөнкү түрдөгү электр жана электромагниттик таасирлер:
- мүнөздөмөлөрдүн белгиленген маанилеринен жол берилгис четтөөлөр;
- электр тогуна урунуу;
- электр догосунун пайда болушу;
- жарык таасиринин жол берилгис интенсивдүүлүгү;
- электр магниттик талаа;
- электр учкундары.
31. Төмөнкүдөй түрдөгү жалындын, түтүндүн жана жылуулук таасирлеринин, ошондой эле уулуу таасирлердин пайда болушу:
- чыккан газдар;
- уулуу суюктуктар;
- абанын жетишсиздиги.
32. Төмөнкүлөргө жараша ызы-чуунун таасири:
- узактыгына;
- деңгээлине;
- жыштык спектриние.
33. Айлана-чөйрөнүн жагымсыз шарттары:
- аба ырайы;
- шамалдан күч келүүлөр;
- кардан күч келүүлөр;
- сейсмикалык күч келүү;
- чагылган электр разряддары.
34. Суу чөйрөсүн пайдалануу менен байланышкан коркунучтар (суу аттракциондору):
- суу менен сыйгаланып түшүү;
- суу менен сыйгаланып түшүү;
- келүүчүлөрдүн кагылышуусу;
- күйүү;
- кептелүү;
- түшүү аймагында жылма бетиндеги дефекттер менен байланышкан жаракаттар;
- чөгүү;
- суунун булганышы жана кирдеши;
- суу чөйрөсүндө болгон жабдууларды тейлөө жана текшерүү менен байланышкан коркунучтар;
- катуу ылдамдыкта суунун үстүнө кескин ыргытуу менен байланышкан жаракаттар.

35. Авариялык кырдаалдарда келүүчүлөрдү эвакуациялоонун өзгөчөлүктөрү менен байланышкан коркунучтар:
- отургузуу (түшүрүү) аймагынан алыс жайгашкан орундуктардагы келүүчүлөрдү эвакуациялоо, мисалы, аттракциондун бузулушуна байланыштуу;
- адамдардын көп топтолушуна байланыштуу конструкцияларга өтө чоң күч келүүсү;
- дүрбөлөңгө түшүү, элдин арасында басылуу;
- кууш өтмөктөр болгон учурда жана башка тар шарттарда келүүчүлөрдү эвакуациялоо;
- медициналык көрсөткүчтөр боюнча күчөтүлгөн тынчсыздануу абалы менен байланышкан коркунучтар (мисалы, жүрөк оорулары);
- техногендик жана табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын коркунучу жана пайда болушу менен байланышкан коркунучтар.
36. Аттракциондорду долбоорлоодо, даярдоодо, монтаждоодо жана эксплуатациялоодо болжолдонгон тобокелдиктерди жоюуга багытталган эскертүү чараларын аткаруунун жана коопсуздукту камсыз кылуунун эсебинен жогоруда аталган коркунучтардын таасиринен келүүчүлөрдүн жана тейлөөчү персоналдын тобокелдиктери жоюлууга же минимумга келүүгө тийиш.
37. Коркунучтарды, кооптуу окуяларды жана кырдаалдарды идентификациялоонун натыйжалары боюнча аттракциондун ээси (эксплуатанты) авариялардын жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну камсыз кылууга милдеттүү, алар өзүнчө же ар кандай айкалыштарда төмөнкүлөрдү камсыз кылышы керек:
а) долбоорлоо талаптарын жана даярдоо технологиясын сактоо (күч келүүлөрдү эсепке алуу жана чектөө, бекемдикке жана бышыктыкка эсептөөлөр, конструкциялык материалдарды тандоо ж.б.);
б) келүүчүлөргө зыяндуу таасирин азайтуу;
в) коргоочу, сактоочу түзүлүштөрдү жана тосмолорду туура тандоо;
г) чыгып турган курч кырларын, бурчтарын, чыгып турган бөлүктөрүн ж.б. алып салуу;
д) эргономика талаптарын аткаруу;
е) башкаруу системаларын жөндөөдө жана тейлөөдө коопсуздук талаптарын сактоо;
ж) гидравликалык жана пневматикалык жабдуулар менен байланышкан коркунучтардын келип чыгышын болтурбоо;
з) өрт коопсуздугун, электр коопсуздугун ж.б. камсыз кылуу;
и) жагымсыз табигый жана геологиялык процесстердин (жер көчкүлөр, уроолор, сазга айлануу, суу каптоо, чегүү ж.б.) жана техногендик кубулуштардын (мүмкүн болгон химиялык, радиациялык, биологиялык, гидродинамикалык зыяндын, өрт зоналары) таасирине кабылган аймактарда аттракциондорду жайгаштырууга жол бербөө;
к) аттракциондордун жана алардын жанындагы авариялык-куткаруу техникалык каражаттары үчүн аянтчалардын кире бериштерин оң абалында кармоо;
л) байланыш жана үн каражаттары менен камсыздоо, аларды дайыма оң абалында кармоо;
м) суу аттракциондорунун жайгашкан жерлеринде акваториялардын түбүн тазалоо;
н) аттракциондор жайгаштырылган орундарды авариялык-куткаруучулук тейлөө;
о) авария же өзгөчө кырдаалдар болгондо жасалуучу аракеттерге тейлөөчү персоналды окутуу, тейлөөчү персоналдын авариялык-куткаруу кызматтары менен бирге аварияларды жана өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча тийиштүү чараларды иштеп чыгуусу жана ишке ашыруусу;
п) келүүчүлөрдү, тейлөөчү кызматкерлерди маалымат жана нускамалар менен камсыз кылуу жана нускамалардын талаптарынын аткарылышын контролдоо.
38. Коркунучтуу таасирлердин жана кырдаалдардын тобокелдигин азайтуу үчүн төмөнкүлөр кошумча талап кылынат:
а) авариялардын жана өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучун талдоо, келүүчүлөрдү жана тейлөөчү кызматкерлерди эвакуациялоонун ыкмаларын иштеп чыгуу, эвакуациялоо жолдорун аныктоо жана аларды ар дайым оң абалында сакталышын камсыз кылуу;
б) эгер зарыл болсо, аттракциондорду авариялык токтотуу үчүн түзүлүштөрдү камсыз кылуу;
в) жабдуулардын айрым бөлүктөрүн кол менен жылдыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;
г) оператордун жумуш ордунан кароону жакшыртуу;
д) кароо жана оңдоо жана башка тейлөө үчүн түйүндөрдүн жана тетиктердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
3-глава. Аттракциондорду долбоорлоо
39. Аттракциондорду, алардын бөлүктөрүн, анын ичинде критикалык (критикалуу) компоненттерди жана параметрлерди, долбоорлоо ушул Эрежелердин, ЕАЭБ ТР 038/2016, МАМСТ 33807-2016, аларга карата таасири жайылтылган башка ББ/ЕАЭБ техникалык регламенттеринин жана мамлекеттер аралык стандарттардын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
40. Аттракциондорду долбоорлоодо жашоо циклинин бардык стадияларында бардык мүмкүн болгон тобокелдиктер, анын ичинде нормалдуу эксплуатациялоо учурунда, өзгөчө кырдаалдар пайда болуу учурунда (бузулуунун жана тышкы таасирлердин натыйжасында), жумушчулардын болжолдуу каталары жана жол берилбеген пайдалануу учурунда идентификацияланат.
Идентификациялык талдоонун негизинде жүргүнчүлөр, пайдалануучулар, жумушчулар үчүн тобокелдиктер аныкталат жана бааланат, туура конструкциялоо жана коопсуздукту камсыз кылуу чараларын тандоо аркылуу аталган тобокелдиктерди максималдуу мүмкүн болгон азайтуу камсыз кылынат.
41. Аттракциондорго келүүчүлөр жана тейлөөчү кызматкерлер үчүн коркунуч туудурган негизги тобокелдиктер жана коркунучтар (факторлор, кырдаалдар жана окуялар) ушул Эрежелердин 2-главасында келтирилген.
42. Аттракциондун долбоордук-конструктордук документтери төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
а) аттракциондун, аттракциондун конструкциясынын негизги бөлүктөрүнүн жана иштөө принциптеринин сыпаттамасы, аттракциондун негизги техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтарды, механикалык, пневматикалык, гидравликалык, электрдик жана электрондук жабдуулардын (анын ичинде башкаруу системаларынын) жана башка колдонулган жабдуулардын мүнөздөмөлөрү, ошондой эле аттракциондун спецификалык өзгөчөлүктөрү жана монтаждоо ыкмалары, габариттик өлчөмдөрү жана бул өлчөмдөрдөн тышкары чыгып жылышы жөнүндө, чектөөлөр, конструкциялык өзгөчөлүктөрү жана колдонулган материалдар, кыймыл системалары, кыймылдаткычтардын түрлөрү, ылдамдыктар, ылдамдануулар, электр жабдуулары, жумушчу цикл, башкаруу тартиби жана кээ бир келүүчүлөр үчүн чектөөлөр жөнүндө маалыматтар;
б) аттракциондордун потенциалдуу биомеханикалык тобокелдиктерин талдоо жана жашоо циклинин стадиясында тобокелдиктерди азайтуу боюнча чараларды колдонуу зарыл болгон критикалык компоненттердин жана критикалык параметрлердин тизмеси; аттракциондорду долбоорлоодо критикалык компоненттерди жана критикалык параметрлерди эске алуу жөнүндө маалымат 8-тиркемеде келтирилген;
в) коопсуздук талаптарын камсыз кылуу үчүн маанилүү болгон түзүлүштөрдүн өлчөмдөрүн көрсөтүү менен чиймелер, аларда бул чиймелерди текшерүү жана бекитүү үчүн талап кылынган бардык өлчөмдөр жана кайчылаш сызыктардын маанилери, материалдардын, куроочу бирдиктердин жана тетиктердин, бекиткичтердин жана туташтыруулардын мүнөздөмөлөрү, ошондой эле негизги ылдамдыктардын жана ылдамдануулардын маанилери көрсөтүлөт;
г) жалпы өлчөмдөрүн, ички өлчөмдөрүн (отургучтардын, каптал жана арткы тирегичтердин, кол жана буттар үчүн бош орундардын), кол менен буттарды тирегичтердин, жабуучу жана сактоочу түзүлүштөрдүн, кармагычтардын болушун көрсөтүү менен жүргүнчү модулдарынын чиймелери (талап кылынган түрдө жана кайчылаш кесилиштеринде);
д) көтөрүүчү жана буруучу механизмдердин чиймелери, мында алардын таянычтары, кыймылдаткычтары жана башкаруу системалары, көтөрүү жана бурулуу амплитудасы көрсөтүлөт;
е) жүктөрдү көрсөтүү менен өткөргүч дөңгөлөктөрүн жана коопсуздук түзүлүштөрүн, подшипниктерди, окторду, валдарды, алардын кошулуусун жана жүргүнчү модулуна карата жылышуу мүмкүнчүлүгүн, башкаруу жана контролдоо түзүлүштөрүн, артка жылууга каршы түзүлүштөрдү, рельстен чыгуудан жана оодарылып кетүүдөн коргоочу түзүлүштөрдү, бамперлерди, сактоочу түзүлүштөрдү, кыймылдаткычтарды жана тормоздорду, пайдубалга бекитүүлөрдү кенен чагылдыруу менен жүрүүчү механизмдердин чиймелери;
ж) электрдик (электрондук), кинематикалык, пневматикалык жана гидравликалык жабдуулардын схемалары;
з) өлчөмдөрдү, материалдарды, критикалык (критикалуу) параметрлерди, ошондой эле чектик абалдарды талдоонун натыйжаларын көрсөтүү менен критикалык (критикалуу) компоненттердин чиймелери жана эсептөөлөрү; ширетилген кошулмалардын тигиштерин эсептөө кесилиштери кескин өзгөргөн жерлерде чыңалуу концентрациясынын коэффициенттерин колдонуу менен алардын чарчоо бекемдигин камсыз кылууну эске алуу менен жүргүзүлөт;
и) негизги таасир этүүчү күчтөр, массалар, шамалдын ылдамдыгы, таянычтардын каптамалары, техникалык контролдоого зарыл болгон бардык чыңалган аймактар жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен жүк көтөрүүчү конструкциялардын бекемдигин жана ишенимдүүлүгүн эсептөөлөрдүн негизги натыйжалары жана корутундулары;
к) колдонулуучу стандарттардын тизмеси;
л) аттракциондорду сыноону ишке ашыруунун программаларын жана ыкмаларын көрсөтүү менен анын конструкциясынын коопсуздук жана ишенимдүүлүк деңгээлин баалоо үчүн зарыл болгон аттракциондордун сыноолорунун тизмеси;
м) кызматкерлердин квалификациясына талаптар;
н) Штаттык эмес же авариялык кырдаалдарда аттракциондон жүргүнчүлөрдү чыгаруу боюнча нускаманын жалпы жоболорун иштеп чыгуу.
421. Үйлөмө аттракционго долбоордук-конструктордук документтерди кошпогондо, аттракционго долбоордук-конструктордук документтер өнөр жай коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик саясатты аныктоочу ыйгарым укуктуу орган тарабынан экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 410 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Аттракционду, анын бөлүктөрүн эксплуатациялоо шарттары долбоорлоого карата техникалык тапшырма менен белгиленүүгө тийиш.
44. Аттракциондорду климатка ылайык аткаруу аттракциондун эксплуатациялоосу пландалган климаттык райондорго шайкеш келиши керек.
Эсептелген конструкцияларды долбоорлоодо материалдарды тандоо аттракциондун иштеген жана иштебеген абалы үчүн айлана-чөйрөнүн температураларынын төмөнкү чектик маанилерин, аттракциондун элементтеринин жүктөө даражасын жана айлана-чөйрөнүн агрессивдүүлүгүн эске алуу менен жүргүзүлөт.
45. Эсептелген конструкциялардын, анын ичинде металл конструкциялардын бекемдиги, катуулугу, туруктуулугу жана тең салмактуулугу, ошондой эле аттракциондун түйүндөрүнүн жана механизмдеринин коопсуздуктун тиешелүү көрсөткүчтөрү белгиленген иштөө режимдерин эсепке алуу менен эсептөөлөр жана (же) сыноолордун натыйжалары менен ырасталууга тийиш.
46. Ачык асман алдында иштеген аттракциондор үчүн жабык көңдөйлөрдө нымдуулуктун топтолушуна каршы конструктивдүү чечимдер, аттракциондун металл конструкцияларын жана металл тетиктерин коррозиядан коргоо камсыздалат.
47. Аттракциондорду долбоорлоодо төмөнкүлөр белгиленет:
- негизделген чектик абалынын критерийлери;
- дайындалган иштөө мөөнөтү (дайындалган ресурс), техникалык тейлөө, оңдоо жана утилдештирүү мөөнөттөрү;
- пайдаланууга жол берилбеген аттракциондорду иштетпөө боюнча талаптар;
- адамдардын айрым категориялары үчүн аттракционду пайдаланууга чектөөлөр;
- критикалык (критикалуу) компоненттердин, критикалык параметрлердин тизмеси жана критикалык (критикалуу) компоненттерди резервдөө.
48. Критикалык (критикалуу) компоненттердин, ресурсу чектелген компоненттердин тизмелери аттракционду даярдоочуга өткөрүлүп берилет.
49. Критикалык (критикалуу) компоненттер ишенимдүүлүгү негизги элементтерден кем болбогон элементтер менен, аларга күч келүүсүнүн мүнөзүн жана шарттарын эске алуу менен резервделет.
50. Эгерде алмаштыруу ыкмасы менен резервдөө мүмкүн болбосо, ал критикалык (критикалуу) компоненттин (аттракциондун түйүнүнүн) бардык элементтериндеги эсептик чыңалууларын жетишээрлик азайтуу менен камсыз кылынат. Мында критикалык (критикалуу) компонентти бузбай контролдоонун ыкмасы жана жыштыгы көрсөтүлөт. Эсептөөлөрдөгү ишенимдүүлүк коэффициентинин эң жогорку маанилери аттракционду эксплуатациялоо процессинде түздөн-түз контролдоого жеткиликтүү болбогон элементтерге ээ болушу керек.
51. Аттракциондорду башкаруу системасын долбоорлоодо эксплуатациялык шарттарында каралган бардык каралган иштөө режимдеринде, ар кандай тышкы таасирлердин астында аттракциондорду эксплуатациялоо коопсуздугу, мүмкүн болгон логикалык каталар болгон учурда жана кызматкер тарабынан башкаруу аракеттерин бузуу учурунда кооптуу кырдаалдарды жоюу камсыз кылынат.
4-глава. Аттракциондорду даярдоого, монтаждоого, жөндөөгө, модификациялоого (реконструкциялоого), модернизациялоого жана оңдоого болгон талаптар
52. Аттракциондорду даярдоодо, модификациялоодо (реконструкциялоодо), модернизациялоодо, оңдоодо, монтаждоодо, жөндөөдө жана тейлөөдө ушул Эрежелердин, ЕАЭБ ТР 038/2016, МАМСТ 33807-2016, аларга карата таасири жайылтылган башка ББ/ЕАЭБ техникалык регламенттеринин жана мамлекеттер аралык стандарттардын талаптары аткарылууга тийиш.
Аттракциондорду монтаждоо, жөндөө, оңдоо жана тейлөө даярдоочунун эксплуатациялык документтеринде баяндалган талаптарга ылайык аткарылууга тийиш.
53. Аттракциондорду жана алардын бөлүктөрүн даярдоого, модификациялоого (реконструкциялоого), модернизациялоого, оңдоого болгон техникалык шарттарда (эгерде бар болсо), техникалык тапшырмаларда аттракциондор жана алардын бөлүктөрү ылайык келүүгө тийиштүү болгон талаптарды, көрсөткүчтөрдү жана ченемдерди, ширетүүнүн сапатын контролдоо боюнча талаптарды жана бракка чыгаруу көрсөткүчтөрүн, аттракциондун курамдык бөлүктөрүн жана бүтүндөй даяр болгон түзүлүштүн коопсуздук талаптарын, сыноолордун тизмегин, кабыл алуу тартибин, ошондой эле аттракциондорду даярдоодо, модификациялоодо (реконструкциялоодо) модернизациялоодо жана оңдоодо колдонулууга тийиштүү болгон металлдар, ширетүүчү жана башка материалдар жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш.
54. Аттракциондорду даярдоого, модификациялоого (реконструкциялоого), модернизациялоого, монтаждоого, оңдоого жана тейлөөгө колдонулуучу материалдын жана комплекттөөчү түзүлүштөрдүн сапаты даярдоонун сапатын тастыктоочу даярдоочунун документи жана кириш контролу менен ырасталышы керек. Даярдоочунун даярдоонун сапатын тастыктаган документи жок болгон учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы улуттук аккредитациялоо системасы жөнүндө жобого ылайык аккредитацияланган лабораторияда сыноо жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча материалды жана компоненттерди пайдаланууга жол берилет.
55. Аттракционду монтаждоо, демонтаждоо, жөндөө, модификациялоо (реконструкциялоо), модернизациялоо, оңдоо жана тейлөө жүргүзүлүп жаткан кооптуу зона тосмолонушу же коопсуздук белгилери жана эскертүү жазуулары менен белгиленүүгө тийиш.
Аттракционду монтаждоо, демонтаждоо, жөндөө, модификациялоо (реконструкциялоо), модернизациялоо, оңдоо жана тейлөө зонасында жаракат алып калуунун себепчиси болуучу тоскоолдуктар болбошу керек.
56. Аттракциондорду даярдоодо алардын долбоордук-конструктордук документтердин талаптарына шайкештиги камсыз кылынууга тийиш.
Даярдалган аттракциондордун жана анын бөлүктөрүнүн долбоордук-конструктордук документтердин талаптарына шайкештигин текшерүү үчүн анда каралган сыноолорду, даярдоочу тарабынан түзүлгөн жана бекитилген программаларга жана методикаларга ылайык даярдоочу жүргүзүүгө тийиш.
Сыноонун натыйжалары протоколдор жана актылар менен таризделет. Кабыл алуу-ишке берүү сыноолорунун натыйжалары Аттракциондун формулярына жазылуусу керек.
Даярдалгандан кийин аттракциондор даярдоочу тарабынан сыналат, ал эми модификациядан (реконструкциядан), модернизациядан жана оңдоодон кийин - алар модификациялоого (реконструкциялоого), модернизациялоого жана оңдоого дуушар болгон уюмда сыналат.
57. Аттракционду даярдоочу ар бир аттракционду ЕАЭБ ТР 038/2016 жана ушул Эрежелердин талаптарына ылайык жакшы таанылуучу, даана байкалган жана өчүрүлгүз маалымат тактачасы менен жабдышы керек.
Запастык бөлүктөр же комплекттөөчүлөр катары даярдалган аттракциондордун түйүндөрү жана механизмдери аларды даярдоо боюнча техникалык документтерине ылайык даярдоочунун идентификациялык эн салынышына жана даярдоонун сапатын тастыктаган документке ээ болууга тийиш.
58. Ушул Эрежелердин 57-пунктунда көрсөтүлгөн маалымат тактачасындагы билдирүүлөр, аттракциондун бүткүл кызмат кылуу мөөнөтүндө даана жана жакшы таанылган сүрөттөмөнү камсыз кылган, кандай гана жол менен болбосун чагылдырылышы мүмкүн. Тактача мамлекеттик жана (же) расмий тилдерде жасалууга тийиш.
Жылдырылма арабалары бар аттракциондордо мындай тактачалар рельс жолунун металл конструкциясына жана бардык арабаларга бекитилет.
59. Аттракциондун бөлүктөрүн запастык бөлүктөр же комплекттөөчүлөр катары даярдаган жана жабдып турган аттракциондордун даярдоочусу аларды даярдоонун эсебин жүргүзүүгө тийиштүү.
Даярдоочу эсепке алуу тартибин аныктайт. Эсепке алуунун көрсөткүчтөрү төмөндөгү маалыматтарды камтууга тийиш: долбоордук-конструктордук документтин (технологиялык картанын) аталышы, номери, даярдоонун, колдонулган материалдын сапатын ырастаган даярдоочунун документинин аталышы, белгилениши жана номери, ширетүүнүн сапатын контролдоонун натыйжалары, сыноолордун натыйжалары.
60. Бир нече уюм тарабынан даярдалган курамдык бөлүктөрдөн (эсептелген металл конструкциялар, түйүндөр, тетиктер, механизмдер, приборлор жана башкалар) аттракциондорду комплекттөөдө бүтүндөй аттракциондун даярдалышынын сапатын, анын ушул Эрежелерге шайкештигин, аттракционго эксплуатациялык документтердин тариздөөсүн аттракционду чогултулган түрдө чыгарган уюм камсыз кылат.
Курамдык бөлүктөрдүн (эсептелген металл конструкциялар, түйүндөр, тетиктер, механизмдер, приборлор жана башкалар) сапатын тастыктаган документтер аттракциондорду өндүргөн даярдоочуда сакталууга тийиш.
61. Аттракциондун эксплуатациялык документтери аттракциондун өзүнчө бөлүктөрүнө (электр кыймылдаткычтары, редукторлор, коопсуздук клапандар, басым алдында иштеген идиштер жана башкалар) башка уюмдар тарабынан даярдалган документтеринин маалыматтарынын негизинде түзүлөт. Эгерде аттракциондун эксплуатациялык документтеринде аттракциондун өзүнчө бөлүктөрү жөнүндө маалыматтар киргизилбесе, анда бул бөлүктөргө аларды даярдаган уюмдардын эксплуатациялык документтери тиркелет.
62. Аттракциондорду, анын бөлүктөрүн даярдоо үчүн долбоордук-конструктордук документтерде каралган материалдар гана колдонулушу керек. Аттракциондун долбоорлоочусунун жазуу жүзүндөгү макулдугусуз материалдарды алмаштырууга жол берилбейт.
63. Аттракциондун конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылган аттракциондорду жана анын критикалык (критикалуу) компоненттерин (анын ичинде ширетүүнү колдонуу менен) реконструкциялоо, модернизациялоо жана оңдоо аттракционду даярдоочу же ушул түрдөгү (типтеги) аттракциондорду долбоорлоо боюнча иштерди аткаруу (кызмат көрсөтүү) жаатында адистештирилген уюм иштеп чыккан долбоорго жана техникалык шарттарга ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
64. Аттракциондун параметрин өзгөртпөстөн аттракционду, анын критикалык (критикалуу) компоненттерин, эсептелген металл конструкцияларын оңдоо, түйүндөрдү, механизмдерди, аркандарды алмаштыруу жөнүндө жазуулар Аттракциондун формулярынын тийиштүү бөлүмдөрүнө киргизилет, мында аткаруунун датасын, колдонулган материалдарды, алмаштырылган элементтерди (зарылдыгына жараша) даярдоонун сапатын тастыктаган даярдоочунун документин көрсөтүү менен оңдоонун мүнөзү жана алмаштырылган элементтери жөнүндө маалыматтарды, оңдоодон кабыл алуу жөнүндө документтин датасын жана номерин чагылдыруу менен аттракционду оңдоодон кабыл алуу, аттракциондорду коопсуз пайдаланууга жооптуу жак жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
Аттракциондун формулярына аткарылган иштер жана аттракциондун конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтарды ырастоочу документтер (модификациялоо (реконструкция) долбоорун иштеп чыккан уюм кол койгон реконструкциялоонун мүнөзү жөнүндө маалымат кат), аттракциондун жаңы мүнөздөмөсү жана негизги габариттик өлчөмдөрү (эгерде алар өзгөртүлгөн болсо) менен болгон аттракциондун жалпы көрүнүшүнүн чиймелери, аттракциондун компоненттерин (бөлүктөрүн) даярдоонун сапатын тастыктаган документтердин (алардан жазып алуулар) көчүрмөлөрү, металл конструкцияларын, критикалык (критикалуу) компоненттерин ширетүүнүн сапатын контролдоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтар, көмүскө жумуштардын күбөлөндүрүү актылары, курамына реконструкциялоо долбоорун иштеп чыккан, реконструкциялоону жүргүзгөн уюмдардын, аттракционду эксплуатациялоочу уюмдун өкүлдөрү кирүүгө тийиштүү болгон комиссия тарабынан түзүлгөн реконструкциянын аткарылышы жөнүндө акт тиркелет.
65. Монтаждоодо, демонтаждоодо, жөндөөдө эксплуатациялык документтеринин талаптарынан четтөөлөргө жол берилбейт.
66. Аттракционду аянтчага ташып баруу, аны монтаждоо, жөндөө аттракционду, анын бөлүктөрүн жана аттракционду эксплуатациялоо үчүн арналган башка жабдууларды бузуп алуу коркунучун жокко чыгаргандай кылып ишке ашырылуусу керек.
67. Стационардык аттракциондорду орнотуу үчүн пайдубалдын түзүлүшү шаар куруу жана архитектура жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген тиешелүү иштин түрүн жүзөгө ашырууга укук берген шайкештик сертификатына ээ, долбоордук уюм иштеп чыккан долбоор боюнча жүргүзүлүүгө тийиш.
68. Аттракциондун ээси (эксплуатанты) же ал ыйгарым укук берген жактар (жумуштардын ушул түрлөрүн жүргүзүүгө адистешкен уюм) аттракционду, анын бөлүктөрүн жана аттракционду пайдалануу үчүн арналган башка жабдууларды монтаждоону, демонтаждоону баштоонун алдында, алардын абалына жана комплекттүүлүгүнө, эксплуатациялоо боюнча документтерге техникалык документтердин шайкештүүлүгүнө баа берүү максатында кароо жүргүзүүгө тийиш.
Эгерде жол берилгис дефекттер же бузулуулар табылса, аттракциондун ушул бөлүктөрү даярдоочунун талаптарына жооп бергендерге алмаштырылышы керек.
Аттракциондун толук комплектүү эместиги аныкталса, аттракциондун ээси жана (же) эксплуатанты аттракционду монтаждоого киришпөөгө тийиш, аны комплекттөөнү толуктоо боюнча тийиштүү чараларды көрүүсү керек.
69. Аттракциондун ээси (эксплуатант) же ал ыйгарым укук берген жактар (жумуштардын ушул түрлөрүн жүргүзүүгө адистешкен уюм) төмөнкүлөргө ынанууга тийиш:
а) аттракционду монтаждоо жана эксплуатациялоо үчүн аянтча, пайдубал, кыртыш, башка негиздеме аттракционду эксплуатациялык документтеринин талаптарына, ушул Эрежелердин, ЕАЭБ ТР 038/2016, МАМОСТ 33807-2016, аларга карата таасири жайылтылган башка ББ/ЕАЭБ техникалык регламенттеринин жана мамлекеттер аралык стандарттардын талаптарына, жумушту жүргүзүү долбоорлоруна (эгерде бар болсо) шайкештигине;
аттракционду жантайыңкы жана (же) түз эмес жер бетине (эгерде эксплуатациялык документтеринде башкача каралбаса) орнотууга жол берилбейт;
б) жүргүнчүлөрдүн, келүүчүлөрдүн, кызматкерлердин аттракционго кирүүдө жана чыгууда, анын үстүндө жана анын жанында болууда коопсуздукту, ошондой эле штаттык эмес же авариялык кырдаал жаралганда коопсуз эвакуациялоону камсыз кыла тургандай кылып аттракцион жайгаштырылганына;
в) авариялык кызматтардын транспорт каражаттары үчүн кирүүнү, ошондой эле стационардык өрт өчүрүү гидранттарына жетүүнү камсыздоо үчүн (анын ичинде жүргүнчүлөрдү, келүүчүлөрдү, кызматкерлерди эвакуациялоо учурунда) кирүүчү жолдордо аттракциондор менен аттракциондордун көмөкчү түзүлүштөрүнүн ортосунда жана алардын үстүндө (астында) жетиштүү аралык каралгандыгына;
г) өрт учурунда өрттүн жайылуу коркунучун минималдаштыруу үчүн коңушу аттракциондордун, курулмалардын же башка ээленген зоналардын ортосунда жетиштүү аралыктын;
д) шамалдын таасиринин астында аттракциондун кыртыштан кооптуу үзүлүүсүнүн ыктымалдуулугу жок экенине;
е) ар бир аттракцион үчүн коопсуздук контурларынын колдонулушуна, анын ичинде эгерде аттракциондор кесилишсе же бири-бири аркылуу өтсө, жүргүнчүлөр, келүүчүлөр жана кызматкерлер үчүн коопсуздук контурун сактоо камсыз кылынат;
ж) пайдубалы жок аттракциондорду орнотууда аттракциондун иштөөсүнөн пайда болгон динамикалык оордук келүүлөр кыймылга же аттракциондун жылышуусуна же оодарылышына алып келбестигине;
з) штаттык эмес же авариялык кырдаалда кооптуу тыгындардын себепчиси болуусу мүмкүн тар өтмөктөрдүн жоктугуна.
70. Аттракционду монтаждоодон кийин аттракцион орнотулган аянтчаны, пайдубалды, башка негиздемени жана (же) кыртышты, өзгөчө аба ырайынын жагдайсыз шарттарында, алардын көтөрүү жөндөмдүүлүгүнүн начарлашынын жоктуулугуна ынануу үчүн үзгүлтүксүз текшерип туруу керек. Аттракционго жер астындагы суулардын таасир этүү коркунучу жаралган учурда аттракцион үчүн аянтча дренаж менен жабдылышы керек.
71. Аттракциондун ээси (эксплуатанты) же ал ыйгарым укук берген жактар (жумуштардын ушул түрлөрүн жүргүзүүгө адистешкен уюм) аттракционду монтаждоодо же пайдаланууда коркунуч туудурушу мүмкүн болгон жер астындагы коммуникациялардын же абадагы чубалгылардын жайгашуусун орнотууга тийиштүү. Эгерде коммуникациялар жүргүнчүлөр, келүүчүлөр, жумушчулар үчүн коркунучтун булагы болушу мүмкүн болсо, ылайыктуу жана туура тартипте жайгашкан тосмолорду колдонуу аркылуу же башка ыкма менен мындай коркунучту болтурбоо үчүн бардык максатка ылайык жана мүмкүн болгон коопсуздуктун чараларын көрүү керек.
Кыртышка устундарды, анкерлерди же башка нерселерди орнотууда, же траншеяларды же чуңкурларды жайгаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө жер астындагы коммуникациялардын бузулууларынын жок болушун камсыз кылуу зарыл. Мындай иштерди баштоонун алдында, эгерде жер астындагы коммуникациялардын жоктугу мурун аныкталбаса, коммуникацияларды табуунун атайын ыкмаларын колдонуу керек.
72. Жүргүнчүлөр үчүн аттракциондун коопсуздук контурлары, келүүчүлөр жана кызматкерлер үчүн коопсуз зоналар эксплуатациялык документтеринин талаптарына жооп бериши керек, ал эми жанында жайгашкан аттракциондор үчүн алар кесилишпеши керек.
Аттракциондун коопсуздук зонасында тоскоолдуктар (конструкциянын элементтери, дарактардын бутактары, отургучтар, кулактандыруулары менен болгон тирөөчтөр жана башкалар) жок болушу керек. Коопсуздук зонасын аныктоодо жүргүнчүлөрдүн, келүүчүлөрдүн, кызматкерлердин жана аттракциондордун кыймылдуу бөлүктөрүнүн мүмкүн болгон кыймылдарын эске алуу зарыл.
73. Аттракциондун ээси (эксплуатанты) аны эксплуатациялык документтеринде көрсөтүлгөн түрүнө, конструкциясына жана мүнөздөмөлөрүнө ылайык келген чынжырлар, болот аркандар, текстилдик аркандар жана ленталар менен комплектелүүсүн камсыздайт.
Эксплуатацияда болгон аттракциондогу чынжырларды, болот аркандарды, текстилдик аркандарды, ленталарды эксплуатациялык документтеринде көрсөтүлгөндөрдөн айырмаланган конструкциядагы жана мүнөздөгү чынжырларга, болот аркандарга, текстилдик аркандарга жана ленталарга алмаштырган учурда долбоорлоочудан, аттракционду даярдоочудан же ушул түрдөгү (типтеги) аттракциондорду долбоорлоо боюнча жумуштарды аткаруу жана (же) кызматтарды көрсөтүү жаатында адистешкен уюмдан ушундай алмаштырууга мүмкүн экендиги жөнүндө макулдук алуу же Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 24-апрелиндеги № 66 чечими менен бекитилген форма (11-тиркеме) боюнча аларды сыноо тууралуу күбөлүк алуу керек.
Көрсөтүлгөн документ (көрсөтүлгөн документтер) жок болгон учурда чынжырларды, болот аркандарды, текстилдик аркандарды жана ленталарды колдонууга жол берилбейт.
74. Аттракционду монтаждоодон жана жөндөөдөн кийин төмөнкүлөрдү текшерүү керек:
а) аттракциондун жайгашуусу даярдоочунун, монтаждоонун долбоордук-конструктордук документтеринин талаптарына ылайык келүүсү;
б) эксплуатациялык документтеринде көрсөтүлгөн монтаждоо шарттарынын сакталышы;
в) алдын ала текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган бузулуулардын, иштебей калуулардын жана эскертүүлөрдүн жоюлушу;
г) аттракциондун тээктеринин, тыгыздоочуларынын абалынын жана кыртышынын, пайдубалынын жана анкердик бекитилишинин мүнөздөмөлөрүнүн долбоордук-конструктордук документтеринин, эксплуатациялык документтеринин талаптарына шайкештиги;
д) бардык негизги көтөрүүчү элементтерди монтаждоонун, анын ичинде кермелердин, формасынын жана көтөрүүчү элементтердин туурасынан кесилишинин өлчөмдөрүнүн эксплуатациялык документтеринин талаптарына шайкештиги;
е) гидравликалык жана пневматикалык түзүлүштөрдү, тепкичтердин аянтчаларын, платформаларды, тосмолорду, каптамаларды, жасалгалоонун элементтерин жана башка тетиктерди жана жабдууларды туура орнотулушуна жана монтаждалышына;
ж) ажыроочу бөлүктөрдү, анын ичинде жасалгалоо элементтерин бекитүүнүн тууралыгына жана ишенимдүүлүгүнө;
з) электр зымдарынын жана басым астында болгон куур өткөргүчтөрүнүн коопсуз жайгашуусуна.
75. Ушул Эрежелердин 73-пунктуна ылайык аттракционду кароо жана текшерүү жүргүзгөндө аныкталган шайкеш келбестиктер жоюлгандан кийин, эгерде эксплуатациялык документтеринде башкача белгиленбесе, 15 жумушчу циклдеринен кем эмес аралыкта күч келтирбестен (сынап жүргүзүп көрүү) аттракционду сыноолор өткөрүлөт. Сынап жүргүзүп көрүү убагында төмөндөгүлөр текшерилет:
а) аттракциондун башка бөлүктөрүнө байланыштуу кыймылдын траекториясынын бардык чекиттеринде коопсуздук контурунун өлчөмдөрүнүн сакталышы;
б) программалоочу, авариялык жана бөгөт коюучу башкаруу системаларынын туура иштеши;
в) коопсуз эксплуатациялоого таасир этүүчү өзүнчө бөлүктөрүнүн ылдамдыктарынын, ылдамданууларынын жана массаларынын коюлган чектик маанилерин сактоого;
г) гидравликалык же пневматикалык системалардагы басымдын жумуштук маанилерине;
д) аттракциондун жантайуу бурчун көзөмөлдөөчү учку өчүргүчтөрдүн, приборлордун, ашыкча күч келтирүүдөн коргоочу түзүлүштөрдүн (мисалы, басымды түшүрүүчү клапандар) жана башкалардын жөндөлүшү;
е) коргоо түзүлүштөрүнүн жана коопсуздук түзүлүштөрүнүн иштеп кетиши;
ж) тормоздордун иштөө жөндөмү жана тормоздоо учурунда жүргүнчүлөр үчүн жол берилген ылдамдануунун маанилери;
з) кыртыштан үзүлүүгө же оодарылууга каршы туруктуулук.
76. Башкаруу системаларынын, авариялык токтотуу түзүлүштөрүнүн, бөгөт коюучу каражаттардын, коргоочу түзүлүштөрдүн, коопсуздук түзүлүштөрдүн туура иштешине ынануу максатында, эгерде ушул эксплуатациялык документтерде каралса, штаттык эмес кырдаалдар имитацияланат.
77. Аттракционду монтаждоодо, демонтаждоодо, жөндөөдө, оңдоодо, модификациялоодо (реконструкциялоодо), модернизациялоодо жана эксплуатацияны баштоого чейин ага бөтөн адамдардын кирүүсүнө жол берилбөөсү керек.
Аттракциондун ээси (эксплуатанты) же ал ыйгарым укук берген жактар (жумуштардын ушул түрлөрүн жүргүзүүгө адистешкен уюм) иш жүргүзүү зонасына бөтөн адамдардын киришине жол бербөө чараларын көрүүгө, мисалы, тосмо орнотууга, эскертүүчү белгилерди орнотууга тийиштүү.
78. Ачык абада орнотулган аттракциондорду монтаждоону, демонтаждоону, жөндөөнү, ондоону, реконструкциялоону, модернизациялоону тоңголокто, туманда, кар жааганда, чагылгандуу жаанда, аттракциондун эксплуатациялык документтеринде көрсөтүлгөн чектик маанилерден абанын температурасы төмөн же шамалдын ылдамдыгы жогору болгондо жүргүзүүгө жол берилбейт.
79. Аттракционду монтаждоодон кийин, анын ичинде реконструкциялоого, капиталдык, капиталдык-кайра калыбына келтирүүчү оңдоого, авариядан кийин кайра калыбына келтирүүчү оңдоого дуушар болгон аттрацион, жана жөндөө иштерин жүргүзгөндөн кийин аттракциондун ээси (эксплуатанты) аттракционго техникалык күбөлөндүрүүнү жүргүзүүнү уюштурат жана Аттракциондун техникалык даярдыгынын актысын түзөт, ушул менен аткарылган жумуштардын жүргүзүлүшү айтылган иштерди жүзөгө ашыруу боюнча долбоорлук жана техникалык документтердин талаптарына, эксплуатациялык документтердин, ушул Эрежелердин, ЕАЭБ ТР 038/2016, МАМСТ 33807-2016, аларга карата таасири жайылтылган башка ББ/ЕАЭБ техникалык регламенттеринин жана мамлекеттер аралык стандарттардын талаптарына шайкештигин тастыктайт. Аттракциондун техникалык даярдыгынын актысы 5-тиркемеге ылайык форма боюнча түзүлөт.
80. Аттракционду эксплуатацияга берүү үчүн Аттракциондун ээси (эксплуатанты) аттракционго техникалык күбөлөндүрүү өткөргөндөн кийин аны эксплуатацияга кабыл алуу боюнча төмөндөгү курамдагы комиссияны уюштуруусу керек: аттракциондун ээсинин (эксплуатанттын) өкүлү (комиссиянын төрагасы), өкүлдөрү: аттракциондун курулуш бөлүгүнүн долбоордук-конструктордук документтерин иштеп чыккан долбоорлоочу уюмдан; монтаждоону, реконструкциялоону, капиталдык, капиталдык-кайра калыбына келтирүүчү оңдоону, авариядан кийин кайра калыбына келтирүүчү оңдоону, аттракционду жөндөөнү аткарган уюмдан же жеке ишкерден (ЖИ); аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоого жооптуу тараптардан; курулуш уюмунан.
81. Аттракционду кабыл алуу боюнча комиссияга төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) аттракционго эксплуатациялык документтер;
б) техникалык күбөлөндүрүү жүргүзүүнүн натыйжасы боюнча аттракциондун техникалык абалы жөнүндө корутунду;
в) аттракциондун техникалык даярдыгынын актысы;
г) аттракциондун курулуш бөлүгүнүн техникалык документтерге шайкештигин ырастоочу документтер;
д) аттракцион чогултулган (оронтулган) пайдубалга, аянтчага же башка негизге - иш жүргүзүү үчүн жооптуу жактар жасаган, иш жүзүндө аткарылган жумуштардын чиймелерге шайкештиги жөнүндө, кол коюулары менен болгон жумушчу чиймелердин комплектиси;
е) көмүскө жумуштардын күбөлөндүрүү актылары жана айрым жооптуу конструкцияларды орто аралык кабыл алуу актылары;
ж) аттракционду кыртышка орнотууда - кыртыштын мүнөздөмөлөрүнүн эксплуатациялык документтердин талаптарына шайкештиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредитацияланган лабораториянын корутундусу;
з) башка техникалык документтер (зарыл болсо).
и) долбоордук-конструктордук документтерге өнөр жайлык коопсуздук экспертизасынын оң корутундусу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 410 токтомунун редакциясына ылайык)
82. Комиссия берилген документтерди изилдөөгө, аттракционго кароо жүргүзүүгө жана аттракциондун эксплуатациялык документтердин талаптарына шайкештигин, ошондой эле анын ушул Эрежелердин талаптарына ылайык эксплуатацияга даярдыгын, анын ичинде жүргүнчүлөрдүн, келүүчүлөрдүн жана жумушчулардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралардын аткарылышын, аттракционду эксплуатациялоодо коопсуздук талаптарынын сакталышына өндүрүштүк көзөмөлдүн уюштурулушун текшерүүгө милдеттүү.
Комиссия берилген документтерди кароодо күмөн жараткан ар бир аттракциондун каалагандай параметрин текшерүү үчүн сыноо жүргүзүүнү талап кылууга укуктуу.
83. Эгерде комиссия бузууларды, аттракциондун техникалык документтердин, эксплуатациялык документтердин талаптарына, ушул Эрежелердин талаптарына шайкеш эместигин аныктаса, аттракциондун ээси (эксплуатанты) аларды жоюуну уюштурат, андан кийин Эрежелердин ушул главасында белгиленген тартипте аттракционду кайра кабыл алуу жүргүзүлөт.
84. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча 6-тиркемеге ылайык форма боюнча Аттракционду эксплуатациялоого кабыл алуу актысы түзүлөт, ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет.
85. Реконструкциялоонун, модернизациялоонун, оңдоонун, тейлөөнүн жүрүшүндө төмөнкү материалдарды пайдаланууга жол берилбейт:
а) полимердик тез күйүп кетчү материалдар;
б) күйүү продуктуларынын уулуулугу боюнча өзгөчө коркунучтуу материалдар (МАМСТ 12.1.044-2018 боюнча Т4);
в) касиеттери жакшы изилденбеген жаңы материалдар.
Ошол эле учурда полимердик материалдар, ар кандай матрицалык негиздердеги композиттик материалдар ультра кызгылт көк нурланууга туруктуу болушу керек.
Эгерде полимердик материалдар, ар кандай матрицалык негиздердеги композиттик материалдар эксплуатациялоо процессинде морт болуп калса, модификациялоодон (реконструкциялоодон), модернизациялоодон, ондоодон, тейлөөдөн кийин тиркелген документтерде аларды коопсуз эксплуатациялоо мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш.
Полимердик жана композиттик материалдардын бетинин эскирүүгө туруктуулугу жана катуулугу жүргүнчүлөрдүн, пайдалануучулардын коопсуздугун бүткүл дайындалган кызмат мөөнөтүндө (дайындалган ресурсунда) камсыз кылууга тийиш.
Катмарланган же кабыктары ажыраган кычкылдарды пайда кылган металл материалдары уулуу эмес катмар менен корголушу керек.
Фанера атмосфералык таасирге туруктуу болушу керек.
86. Аттракциондордун эсептелген металл конструкцияларында күчтүн бир бөлүгү ширетүүлөр менен, ал эми башка бөлүгү буроолор менен айкалышкан туташтырууларды колдонууга жол берилбейт.
87. Аттракциондордун эсептелген металл конструкцияларынын элементтерин, критикалык (критикалуу) компоненттерин ширетүү жана карматуу боюнча жумуштарды аткарууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 63 "Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык курулуш-монтаждоо иштеринде адистин квалификациялык сертификатын жана ширетүүчүнүн күбөлүгүн алган ширетүүчүлөргө уруксат берилет.
88. Сыноочу (контролдук) ширетилген байланыштын ширетүүсүнүн сапатын контролдоо ыкмалары жана ченемдери технологиялык документтердин талаптарына жооп бериши керек.
89. Аттракциондорду эсептелген металл конструкцияларын, критикалык (критикалуу) компоненттерин чогултуу, ширетүү боюнча иштерди уюштуруу жана башкаруу тиешелүү деңгээлдеги квалификациялуу ширетүү өндүрүшү тармагындагы адиске (ширетүү ишинин жетекчисине) жүктөлүшү керек.
90. Ширетүү жумуштары аттракционду даярдоочу же адистештирилген уюм тарабынан МАМСТ ISO 15609 "Металл материалдарды ширетүүнүн жол-жоболоруна техникалык талаптар жана аттестация. Ширетүү жол-жобосуна техникалык талаптар" мамлекеттер аралык стандартынын (1-6-бөлүктөр) негизинде иштелип чыккан ширетүү боюнча технологиялык документтерге, технологиялык нускамаларга ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
91. Даярдоочу, тиешелүү типтеги (түрдөгү) аттракциондорду монтаждоо, оңдоо боюнча жумуштарды жана (же) кызматтарды аткаруу жагынан адистештирилген уюм, ширетүүнүн жана ширетилген байланыштардын сапатын контролдоонун жол берилгис кемчиликтерди аныктоого кепилдик берген түрлөрүн жана көлөмүн колдонууга тийиш. Ошону менен бирге контролдоонун көлөмү ушул Эрежелердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Ширетүүнүн жана ширетилген байланыштардын сапатын текшерүү төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) кызматкерлердин квалификациясынын жана аттестациясынын деңгээлин текшерүү;
б) чогултуу-ширетүүчү, контролдоочу жабдууларды, аппаратураларды, аспаптарды жана шаймандарды текшерүү;
в) негизги материалдардын сапатын контролдоо;
г) ширетүүчү материалдардын жана кемчиликтерди табуу үчүн материалдардын сапатын контролдоо;
д) ширетүү технологиясын операциялык контролдоо;
е) ширетилген байланыштардын сапатын бузбай контролдоо;
ж) бузуп контролдоо;
з) кемчиликтерди оңдоону контролдоо.
92. Бузбаган жана (же) бузган контролдоонун түрлөрү тиешелүү типтеги (түрдөгү) аттракциондордун долбоорлоочусу (даярдоочусу), монтаждоо, оңдоо боюнча жумуштарды аткаруу жана (же) кызматтарды көрсөтүү боюнча адистештирилген уюм тарабынан аныкталат жана техникалык документтерде, эксплуатациялык документтерде көрсөтүлөт.
93. Ширетилген байланыштардын сапатын бузбаган жана бузган контролдоо ыкмаларын аткаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында улуттук аккредитациялоо системасы жөнүндө жобого ылайык аккредитацияланган лабораториясы бар уюм тарабынан аткарылууга тийиш.
5-глава. Аттракциондордун коопсуз эксплуатациялоону уюштуруу боюнча негизги талаптар
94. Аттракциондорду эксплуатациялоо алардын ээлери (эксплуатанттары) тарабынан алардын эксплуатациялык документтерине, ушул Эрежелердин талаптарына, күчүнө кирген жана аларга карата колдонулган ББ/ЕАЭБ ТР, анын ичинде ЕАЭБ 038/2016 техникалык регламентине ылайык аткарылууга тийиш.
95. Аттракционду же аттракциондук комплексти коопсуз эксплуатациялоону уюштуруу үчүн анын ээси (эксплуатанты) локалдык буйруктар менен объекттерди коопсуз эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамды же адамдарды, аттракциондук комплекстин аттракциондору иштеген мезгилде нөөмөтчүлөрүн, техникалык тейлөө, оңдоо жана аттракциондордун техникалык абалын күнүмдүк текшерүү үчүн слесарларды, механиктерди, электриктерди, башка кесиптердин жумушчуларын (зарыл болсо), ар бир дайындалуучу адам үчүн милдеттерин жана жоопкерчиликтерин аныктоо менен дайындайт.
Аттракциондун ээси (эксплуатанты) болуп саналган жеке ишкер тиешелүү даярдыктан өткөн башка уюмдардын жумушчуларына аттракционду коопсуз эксплуатациялоого жана анын техникалык абалына күнүмдүк текшерүүгө жооптуу адамды келишим боюнча тартууга жана милдеттерди жүктөөгө укуктуу. Мында тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери келишимде жүктөлгөн талаптардын аткарылышын камсыздоону эске алуу менен аныкталууга тийиш.
96. Аттракциондорду башкарууга жана тейлөөгө 18 жаштан жаш эмес, аткарган ишине ылайык кесипке ээ, аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо боюнча билими текшерүүдөн жана медициналык кароодон өткөн жумушчуларга жол берилет.
97. Аттракциондордун нөөмөтчүлөрүнүн, аттракционду эксплуатациялоо, монтаждоо, жөнгө салуу, тейлөө жана оңдоо жүргүзгөн башка кесиптин жумушчуларынын саны жана квалификациясы аттракциондук комплекске кирген аттракциондордун санына, алардын конструкциясына, ошондой эле аткарылган иштердин жалпы көлөмүнө жана мүнөзүнө жараша аныкталат.
98. Аттракциондордун нөөмөтчүсү иштеген бир аттракцион үчүн жооптуу болушу керек. Бул Аттракционду эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) каралган учурларда же аттракциондук комплекстин ээсинин (эксплуатанттын) көрсөтмөсү боюнча эки же андан көп аттракциондордун нөөмөтчүсү дайындалат, алардын бири улук нөөмөтчү болуп дайындалат.
Үйлөмө аттракциондун нөөмөтчүсү оңой тааныла турган экипировкага (сигналдык жилетке) ээ болууга жана үйлөмө аттракционду эксплуатациялоо боюнча нускаманын жана эмгекти коргоо боюнча нускаманын талаптарын сактоого, инцидент, өзгөчө (авариялык) кырдаал, кырсык болгон учурда жүргүнчүлөрдүн, келүүчүлөрдүн коопсуздугун жана өзүнүн жеке коопсуздугун камсыз кылуу менен иштей билүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 410 токтомунун редакциясына ылайык)
99. Аттракциондун нөөмөтчүсүн бир аттракциондон экинчи аттракционго которуу үчүн ал башка аттракциондун түзүлүшүнүн жана эксплуатациялоонун өзгөчөлүктөрү менен таанышууга тийиш, аны башкарууга практикалык көндүмдөрдү алуусу керек.
100. Параметрлери эксплуатациялык документтерде белгиленген маанилерден ашкан жагымсыз метеорологиялык шарттар келип чыккан учурда жүргүнчүлөр үчүн аттракциондорду колдонуу токтотулушу керек.
101. Аттракциондук комплекстин ар бир аттракционунун кире беришинде төмөнкү маалыматтарды камтыган колдонуучулар үчүн маалыматтык стенд болушу керек:
- аттракциондун аталышы;
- каттоо номери;
- аттракцион эксплуатациялоого берилген дата;
- кийинки техникалык күбөлөндүрүлгөн дата;
- аттракционду эксплуатацияга берген уюмдун аталышы, дареги жана байланыш телефону;
- Жүргүнчүлөр үчүн аттракционду пайдалануу эрежелери.
102. Маалыматтык стенддеги жазуулар мамлекеттик жана (же) расмий тилдерде аткарылат.
Маалыматтык стенддин негизги өлчөмдөрү, анын формасы, конструкциясы, жарыктык техникалык мүнөздөмөлөрү (жарыктыгы) жүргүнчүлөрдү жана келүүчүлөрдү максималдуу маалымдоого өбөлгө түзүүсү керек.
Стенддин аткарылышы анда жайгаштырылган маалымат климаттык факторлордун таасиринен бузулбоосун кепилдөөгө жана тексттин 3 м ден кем эмес аралыктан окулуусун камсыз кылууга тийиш.
Эскертүүлөр жана сактануу чараларынын талаптары менен маалымат жалпы фондо айырмаланып турушу керек.
103. Зарыл болгон учурда коопсуздук көрсөтмөлөрү (тексттик эскертүүлөр, белгилер, сигналдар, символдор) аттракциондун конструкциясына түздөн-түз түшүрүлүшү мүмкүн.
Алар мамлекеттик жана (же) расмий тилдерде жасалып, жакшы байкалган, түшүнүктүү болуп жана жүргүнчүлөр жана келүүчүлөр тарабынан оңой окулууга тийиш.
104. Жүргүнчүлөр үчүн аттракционду пайдалануу эрежелери аттракциондун эксплуатациялык документтеринде баяндалган талаптардын, ошондой эле аттракциондун ээси (эксплуатанты) тарабынан коюлган кошумча коопсуздук талаптарынын негизинде түзүлөт.
Ээси (эксплуатант) тарабынан иштелип чыккан кошумча коопсуздук талаптары аттракциондун эксплуатациялык документтеринде белгиленген талаптарга каршы келбөөгө тийиш.
Жүргүнчүлөр үчүн аттракционду пайдалануу эрежелеринде бул аттракциондун жүргүнчүлөр тарабынан пайдалануусунун чектөөлөрү жөнүндө так көрсөтмөлөр милдеттүү тартипте камтылууга тийиш. Алар мамлекеттик жана (же) расмий тилдерде аткарылууга тийиш.
105. Жүргүнчүлөр үчүн аттракционду пайдалануу эрежелери аттракциондун нөөмөтчүсүнүн кабинасында жана (же) жумуш ордунда да жайгаштырылат.
106. Аттракциондун ээси (эксплуатанты) төмөнкүдөй милдеттерди аткарууну камсыз кылууга же аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамга (адамдарга) жүктөөгө тийиш:
а) аттракциондун эксплуатациялык документтерин иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү (аларды аттракционду даярдоочусу тапшырбаган учурда);
б) аттракционго эксплуатациялык документтерди жүргүзүү жана сактоо, ошондой эле көрсөтүлгөн документтердин болуусун жана комплекттүүлүгүн камсыз кылуу;
в) Аттракциондун формулярында же паспортунда көрсөтүлгөн маалыматтарды 3 жана 4-тиркемелерге ылайык киргизүү жана өз убагында жаңылоо;
г) 7-тиркемеге ылайык ар бир аттракционго Аттракционду эксплуатациялоону жана тейлөөнү эсепке алуу журналын жүргүзүү жана жүргүзүүнү контролдоо;
д) аттракциондун жүргүнчүлөрү үчүн Аттракционду пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу (аттракциондук комплекстин ар бир аттракциону үчүн);
е) аттракциондорду башкаруу пультунун жанына (аттракциондун нөөмөтчүсүнүн жумуш ордуна) аттракциондордун негизги техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтарды камтыган тактачаларды жайгаштыруу;
ж) аттракционду жүргүнчүлөргө жүктөө схемасын аттракциондун башкаруу пультунун жанында (аттракциондун нөөмөтчүсүнүн жумуш ордунда) жана эксплуатациялык документтерде каралган жерлерде жайгаштыруу;
з) зарыл болгон эвакуациялоо белгилерин, пландарын жана жүргүнчүлөрдү чоң бийиктиктен же жерге карата олуттуу жантайуусу бар отургучтардан эвакуациялоо чараларын жайгаштыруу;
и) жүргүнчүлөрдүн боюн жана салмагын өлчөө үчүн каражаттардын болушун (эгерде бул эксплуатациялык документтерде каралса) камсыз кылуу;
к) аттракциондорду башкаруу пультунун жайларында (аттракциондордун нөөмөтчүсүнүн жумуш орундарында) медициналык аптечкалардын болушун камсыз кылуу;
л) аттракцион иштеген убакта жана ал иштебей турганда кооптуу зоналарга (жүргүнчүнүн модулдарынын, механизимдердин кыймылдоо зоналары, электр жабдуулары бар шкафтар, жумушчулар үчүн платформалар жана тепкичтер), ошондой эле аттракциондордун кызматтык колдонуу жерлерине, аларды башкаруу жана энергия менен камсыздоо системаларына келүүчүлөрдүн, жумушчулардын эркин кирүүсүн жокко чыгаруу;
м) аттракциондордун аянтчаларында шамалдын күчүн жана курчаган чөйрөнүн абасынын температурасын өлчөө үчүн приборлорду орнотуу (эгерде бул эксплуатациялык документтерде каралса);
н) аттракциондордун аянтчаларында аттракциондорго келүүчүлөр үчүн зарыл болгон маалыматтарды, эскертүүчү жана тыюу салуучу белгилерди орнотуу.
107. Аттракциондорду пландык-алдын алуучу кароолор жана оңдоолор системасына төмөнкүлөр кирет:
- аттракциондорду кароо жана техникалык тейлөө;
- аттракциондун ресурсун аны оңдоо, модификациялоо (реконструкциялоо), модернизациялоо жолу менен калыбына келтирүү.
108. Аттракциондорду пландык-алдын алуучу кароолор жана оңдоолор системасы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- аттракционду, анын бөлүктөрүн кароонун, техникалык тейлөөнүн, жана оңдоонун мезгилдүүлүгүн, көлөмүн;
- критикалык (кооптуу) компоненттерди, кооптуу параметрлерди текшерүүнүн жана жөнгө салуунун мезгилдүүлүгүн, ыкмаларын;
- тез эскирүүчү тетиктердин тизмесин;
- аттракциондорду кароолорго, оңдоонун жана техникалык тейлөөнүн ар кандай түрлөрүнө убакыттын ченемдерин (эмгек чыгымдары), курамдык санын жана аткаруучулардын керектүү квалификациясын.
109. Аттракциондорду кароо, техникалык тейлөө жана оңдоо аттракциондун эксплуатациялык документтеринин талаптарына ылайык пландык-алдын алуучу кароолор жана оңдоолор системасынын графиктеринде белгиленген мөөнөттөрдө жүргүзүлөт. Графиктер аттракциондордун иш жүзүндө иштөөсүн эске алуу менен түзүлөт. Аттракционду, анын бөлүктөрүн техникалык тейлөөнүн жана оңдоонун алкагында аткарылган жумуштардын тизмеси жана көлөмү 7-тиркемеге ылайык Аттракционду эксплуатациялоону жана тейлөөнү эсепке алуу журналында чагылдырылат.
110. Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылуу үчүн аттракциондордун нөөмөтчүсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өзү башкарган аттракциондун негизги техникалык мүнөздөмөлөрүн жана түзүлүшүн, Аттракционду эксплуатациялоо боюнча колдонмонун (нускаманын) талаптарын билүүгө, өзүнүн жумуш ордунда аталган Колдонмонун болушуна;
- жүргүнчүлөрдүн, келүүчүлөрдүн, жумушчулардын коопсуздугун да, өзүнүн жеке коопсуздугун да камсыз кылуу менен өз милдеттерин аткарууга; иш башталардын алдында аттракциондун абалына визуалдык кароо жүргүзүүгө;
- аттракциондун иштешинин бүткүл циклинде, ошондой эле ал жүргүнчүлөр жана келүүчүлөр үчүн ачык болгон бардык убакта аны контролдоого; бул мезгилде жүргүнчүлөр жана келүүчүлөр үчүн кооптуу кырдаалга алып келиши мүмкүн болгон бузулуулар же мүчүлүштүктөр келип чыкканда, аттракционду коопсуз эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамга бузулуулар же мүчүлүштүктөр жөнүндө дароо маалымдоо менен аттракционду эксплуатациялоону токтотууга;
- аттракционду башкарууга жана анын иштөөсүн контролдоого бөтөн адамдарга жол бербөөгө;
- Жүргүнчүлөр үчүн аттракционду пайдалануу эрежелеринин жүргүнчүлөр тарабынан сакталышын дайыма контролдоого;
- эгерде жүргүнчү өзүнүн ден соолугунун же жүрүм-турумунун абалы боюнча аттракционду коопсуз пайдалана албайт деген тыянакка келсе, жүргүнчүнүн аттракционго кирүүсүнө жол бербөөгө;
- аттракционду эксплуатациялык документтерде даярдоочу же Аттракционду эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) аттракциондун ээси (эксплуатанты) белгилеген чектен чыкпаган ылдамдыктар, ылдамдануулар менен эксплуатациялоого;
- аттракционду кыймылсыз абалда бекитүүгө жана (же) Аттракционду эксплуатациялоо боюнча колдонмонун (нускаманын) талаптарына ылайык аттракцион пайдалануу үчүн жабылган сайын жүргүнчүлөрдүн жана келүүчүлөрдүн кирүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу боюнча чараларды көрүүгө;
- Аттракционду эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) жазылган башка иш-чараларды жана иштерди аткарууга.
111. Аттракциондун иштөө цикли башталганга чейин аттракциондордун нөөмөтчүсү төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- жүргүнчүлөрдү схемага ылайык жайгаштырууну (отургузууну), анын ичинде аттракцион толук жүктөлбөгөн учурда;
- бардык жүргүнчүлөрдү керектүү абалда ишенимдүү бекитүүнү, мында бекитүү каражаттары керектүү түрдө туура келтирилүүгө, жөндөлүүгө жана эгерде бул конструкциясында каралса ишеничтүү бөгөттөлүүгө тийиш;
- аттракциондун кооптуу зонасында бөтөн адамдардын жана предметтердин болбошун;
- аттракциондун ишке киргизилгендиги жөнүндө жүргүнчүлөрдү жана келүүчүлөрдү кабарлоону.
112. Аттракциондун нөөмөтчүсү физикалык, психофизикалык абалы же экипировкасы аттракционду коопсуз эксплуатациялоо талаптарына жооп бербеген жүргүнчүлөрдү Аттракциондун старттык аянтчасына (старттык элементине) киргизбөөгө укуктуу, тактап айтканда:
- алкоголдук мас абалындагы же баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун, улантуучу же башка маң кылуучу заттарды керектөөдөн келип чыккан абалдагы адамдарды;
- жашы, бою, дене массасы (салмагы) боюнча суу тайгагын колдонууга чектөө коюлган, оору абалынын айкын белгилери бар (температура, кышылдоо, кубаруу, өзүн жоготуу, башкалар) адамдарды;
- суу тайгагынын трассасынан өтүүнүн жүрүшүндө жүргүнчүнү жабыркатып алуусу же суу тайгагынын каптоосуна, бөлүктөрүнө (ачкычтар, колдонуучунун экипировкасынын чыгып турган катуу элементтери, зер буюмдар жана башкалар) зыян келтирүүсү мүмкүн болгон бөтөн предметтер же экипировка элементтери менен адамдарды;
- кош бойлуу аялдарды.
Жүргүнчүлөрдүн боюн жана салмагын, ошондой эле башка факторлорду эске алуу менен аттракциондорду пайдаланууга чектөөлөр 9-тиркемеде келтирилген.
113. Аттракционду эксплуатациялоо мезгилинде аны максаты боюнча пайдалануу зарыл болбогон учурда аттракционду консервациялоо боюнча иш-чаралар аткарылат.
Аттракционду консервациялоо Аттракционду эксплуатациялоо боюнча колдонмонун (нускаманын) талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Аттракционду эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) консервациялоо боюнча көрсөтмөлөр жок болсо, аттракциондун ээси (эксплуатанты) аттракционду атмосфералык жана башка зыяндуу таасирлерден, ошондой эле санкцияланбаган колдонуудан коргоого мүмкүндүк берүүчү уюштуруучулук жана техникалык иш-чаралардын тизмегин иштеп чыгат.
Аттракционду консервациялоонун, консервациялоодон чыгаруунун жана аны консервациялоо мезгилинде сактоонун мөөнөтү, аттракционду консервациялоо, консервациялоодон чыгаруу жана сактоо боюнча иштерди аткаруунун тартибин аттракциондун ээси (оператор) аныктайт; Аттракционду консервациялоо, консервациялоодон чыгаруу жана сактоо жөнүндө маалыматтар 7-тиркемеге ылайык Аттракционду эксплуатациялоону жана тейлөөнү эсепке алуу журналына киргизилет.
Аттракциондун кызмат өтөө мөөнөтү аяктаганда (чектүү абалы келип жеткенде) аны утилдештирүү адистештирилген уюм тарабынан жүргүзүлөт.
6-глава. Аттракциондорго жалпы техникалык талаптар
§ 1. Аттракциондордун сырткы көрүнүшүнө жана аларды күтүүгө талаптар
114. Аттракциондордун техникалык абалы эксплуатациялык документтердин жана ушул Эрежелердин жоболоруна ылайык келүүгө тийиш.
115. Аттракцион жөнүндө кандай болбосун маалымат, анын ичинде эксплуатациялык документтер жана аттракциондо жайгаштырылган маалыматтар мамлекеттик жана (же) расмий тилдерде түзүлөт.
116. Оператордун кабинасынан аралыктан башкарылуучу (башкаруу пульту) аттракциондор эскертүүчү сигналдар менен жабдылышы керек.
117. Жүргүнчүлөрдүн денелери менен тийишкен аттракциондун сырткы беттери жана сырткы беттеринин ашташкан жерлери алар боюнча сыйгаланганда жүргүнчүлөрдүн жаракат алуусун жокко чыгаруу максатында жылмакай болуусу керек.
118. Аттракциондордун деталдары, түйүндөрү, конструкциялык элементтери жана алардын эксплуатациялоо процессинде иштебей калуусуна же бузулуусуна байланыштуу коркунуч жаратышы мүмкүн болгон туташуулары контролдоо жана оңдоо үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.
§ 2. Тосмолорго талаптар
119. Аттракциондун ичиндеги же сыртындагы кооптуу зоналардын тосмолору эксплуатациялык документтерде каралган аралыкта жайгаштырылууга тийиш.
120. Аттракциондун жумушчу зонасына кирүүнү чектөө үчүн колдонулуучу тосмолордун бийиктиги келүүчүлөр турган үстүңкү бетке карата 1100 мм кем эмес болушу керек. Мында тосмонун эки жакын чектеш ички элементтеринин ортосундагы аралык 100 мм ашпоого тийиш.
121. Эгерде эксплуатациялык документтерде башкача каралбаса, тосмолордон аттракциондун кыймылдуу бөлүктөрүнө чейинки минималдуу коопсуз аралык 500 мм кем болбошу керек.
122. 10 жашка чейинки балдар үчүн аттракциондордо, тосулган зоналары бирдей деңгээлде жайгашкан болсо, бийиктиги 850 мм болгон бөгөттөрдү колдонууга жол берилет.
123. Тосмолор же кармагычтар келүүчү 400 мм бийиктиктен кулап кетиши мүмкүн болгон же чектеш деңгээлдердин бийиктиктеринин айырмасынан улам андан ашкан жерлерге орнотулууга тийиш.
124. Аттракциондун бардык тосмолору тосулган зонага инструменттерди колдонуу менен гана кирүү мүмкүн боло тургандай бекем бекитилүүгө тийиш. Тосмонун эшиктери (эшикчелери) бекитүүчү түзүлүштөр менен жабдылышы керек.
125. Көп орундуу аттракциондордун тосмолорунда (24 жана андан көп) өзүнчө кирүүчү жана чыгуучу жерлер болууга тийиш.
Аттракциондун бардык кирүүчү жана чыгуучу жерлеринде кулпулоочу түзүлүштөр болушу керек.
§ 3. Платформаларга, траптарга, полго, тепкичтерге жана өтмөктөргө талаптар
126. Аба ырайынын кандай болбосун шарттарында платформалардын, траптардын, полдордун, тепкичтердин жана өтмөктөрдүн беттери тайгак болбошу керек.
127. Платформалардын, траптардын, полдордун, тепкичтердин жана өтмөктөрдүн беттери коопсуз эксплуатациялоо үчүн зарыл болгон көтөрүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болууга тийиш. Аттракцион боюнча келүүчүлөрдүн кыймылынын таасири астында катуу көтөрүү беттеринин ийилишине жана жылышына жол берилбейт.
128. Платформалардын, траптардын, полдордун, тепкичтердин жана өтмөктөрдүн бетинде чыгып турган жерлер, учтуу бөлүктөр жана түз эместиктер, ошондой эле диаметри 12 мм ден ашык тегерек предмет түшүп кетиши мүмкүн болгон тешиктер болбошу керек.
129. Платформанын бийиктиктериндеги ар кандай айырмачылыктар көрүнүктүү белгилениши керек жана келүүчүлөр үчүн коркунуч жаратпашы керек.
130. Аттракциондордун ар кандай платформаларынын эңкейиши 1:8ден ашпоого тийиш.
131. Келүүчүлөр үчүн кирүү жана чыгуу траптарынын эңкейиши 1:6дан ашпоого тийиш. Эгерде 400 мм ден ашык эмес аралыкта жайгашкан түшүүчү жердин бардык кеңдиги боюнча туурасынан кеткен рейкалар каралган болсо, кирүү жана чыгуу траптарынын 1:4 жантайышына жол берилет.
132. Траптар же тепкичтер жок болгон учурда платформалардын ортосундагы жол берилген бийиктиктин айырмасы 100-240 мм болушу керек.
133. Аттракциондо келүүчүлөрдүн кыймылы үчүн негизги тепкичтердин туурасы 900-2500 мм чегинде болушу керек (эгер алар аттракционду курчап турган, же тепкичтер 10 баскычтан ашпаган, же бийиктигинин айырмасы 2000 мм ден ашпаган учурдан тышкары), авариялык тепкичтердин жана жумушчу көпүрөчөлөрдүн туурасы 600 мм кем эмес болушу керек.
134. Кармагычтардын ортосундагы же кармагычтар менен тепкичтин ички четинин ортосундагы минималдуу аралык 900 мм же 600 мм (тепкичтин туурасына жараша) болушу керек. Тепкичтин туурасы 900 мм же андан көп болсо, кармагычтар эки тарабында тең болушу керек.
135. Айланма тепкичтерден тышкары, тепкичтердин баскычтарынын тереңдиги кеминде 240 мм болушу керек. Баскычтардын жол берилген бийиктиги 140-240 мм.
136. Жантайыңкы баскычтарды колдонууга жол берилбейт.
137. Баскычтардын туурасы жана бийиктиги тепкичтин бүткүл узундугу боюнча бирдей болушу керек. Келүүчүлөр үчүн багытталган тепкичтердин анын ортоңку сызыгы менен аныкталган жантайышы 45 градустан ашпоого тийиш.
138. Келүүчүлөр үчүн багытталган ар бир тепкичтин аянтчаларынын аралыгы 15 баскычтан ашпоого тийиш. Биринин артынан бири келген аралыктардын ортосунда 800 мм кем эмес узундуктагы аянтчалар болушу керек. Механизациялаштырылбаган суу аттракциондорунда келүүчүлөр үчүн багытталган ар бир тепкичтик аралыктын 18ден ашпаган баскычы болууга тийиш.
§ 4. Жүргүнчүлөрдүн модулдарына талаптар
139. Эшиктер жүрүү учурунда кокустан ачылып кетүүсүн болтурбоочу оң абалдагы кулпу түзүлүштөрү менен жабдылууга тийиш. Эшиктер сырттан гана бекитилүүчү жана ачылуучу кулпулар менен жабдылууга тийиш. Аттракцион иштеп жатканда, ошондой эле авариялык кырдаалдарда эшиктер өзүнөн өзү ачылбашы керек.
140. Сырткы энергия булагынан иштөөчү эшиктер жүргүнчүлөр үчүн коопсуз болушу керек.
141. Аттракциондун коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылуу үчүн отургучтар жүргүнчүлөрдүн модулунун конструкциясына ишенимдүү бекитилүүгө тийиш.
142. Отургучтар бийиктиги 400 мм кем эмес жөлөнгүч менен жабдылууга тийиш. Бою 1200 мм чейинки балдар үчүн аттракциондордо гана отургучтун жөлөнгүчүнүн бийиктигин 250 мм чейин кыскартууга болот.
143. Болот зым аркандарга же звенолордон турган чынжырларга отургучтарды илүү системасы аттракционду коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылууга жана эксплуатациялык документтерге ылайык асылмаларды бекитүүчү жерлерде сактоочу түзүлүштөр болууга тийиш.
144. Манжа, болт жана башка туташтыргычтардын жардамы менен бекитилүүчү отургучтар Аттракционду коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылуу үчүн резервдөөнү (бекемдөөчүлөрдү кайталоону) эске алуу менен ишенимдүү бекитилүүгө тийиш.
145. Бекитүүчү түзүлүштөр, кол таянгычтар, жөлөнгүчтөр, коопсуздук курлары, чынжырлар, тростор жана тиешелүү кулпулоочу түзүлүштөр эксплуатациялык документтерде каралган учурдагы динамикалык күч келүүлөрдү эске алуу менен күч келүүлөрдү көтөрүүгө тийиш.
146. Бекитүүчү түзүлүштөр, эгерде бул эксплуатациялык документтерде каралса, аларды бекитилген жүргүнчү, ошондой эле аттракциондун башка жүргүнчүлөрү тарабынан ачуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга тийиш. Бекитүүчү түзүлүштөр биомеханикалык таасирдин натыйжасында жүргүнчүлөрдүн эксплуатациялык документтерде каралган коопсуздук контурунун чегинен тышкары чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга тийиш.
147. Майып жүргүнчүлөр пайдалана алган аттракциондордо аларды коопсуз жайгаштыруу үчүн каражаттар, ошондой эле алардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бекитүүчү түзүлүштөр болууга тийиш.
§ 5. Жүргүнчүлөрдү коопсуз отургузууга жана түшүрүүгө талаптар
148. Жүргүнчүлөрдүн модулунун полу менен жүргүнчүлөрдү отургузуу (түшүрүү) жүргүзүлүүчү бетинин ортосундагы бийиктиктин айырмасы 400 мм ден ашпоого тийиш.
149. Жүргүнчүлөрдүн модулунун кыймылы учурунда жүргүнчүлөрдү отургузууга (түшүрүүгө) тыюу салынат, кароочу айлампа модулдарына - отургузуу (түшүрүү) эксплуатациялык документтеринде каралган учурлардан тышкары. Аталган учурларда модулдун аянтчага же платформага карата максималдуу ылдамдыгы, эгерде отургузуу (түшүрүү) кыймылдын жүрүшүндө жүргүзүлсө 0,7 м/с ашпоого жана капталдан түшүүдө 0,5 м/с ашпоого тийиш.
150. Жүргүнчүлөрдү термелүүчү модулга (суу модулдары, асма кабиналар жана отургучтар) отургузуу (түшүрүү) кыйын болгон учурда жүргүнчүнүн модулу отургузуучу платформага убактылуу бекитилиши керек. Муну техникалык аткаруу мүмкүн болбогон учурларда, жүргүнчүлөргө аттракционду тейлеген нөөмөтчү отургузууга (түшүрүүгө) жардам бериши керек.
151. Аттракциондон авариялык түшүрүүдө, эгерде бул эксплуатациялык документтерде каралса, штаттык түшүрүү зонасынын чегинен тышкары туруп калган жүргүнчүлөрдү коопсуз эвакуациялоо каражаттары (авариялык тепкичтер, куткаруу фалдары) менен камсыздалууга тийиш.
§ 6. Аттракционду орнотууга талаптар
152. Аттракциондун жайгашышы келүүчүлөрдүн коопсуз кирүүсүн (чыгуусун) жана кооптуу кырдаалдарда түртүшпөөнү камсыз кылууга тийиш.
153. Аттракционду орнотууда (монтаждоодо) башка туруктуу же кечме конструкцияларга же коммуникацияларга чейинки минималдуу аралык камсыз кылынууга тийиш.
154. Эгерде бир аттракциондун габариттик өлчөмдөрү менен чектелген мейкиндиктин бөлүгүнө башка аттракциондун бөлүктөрү кирсе, эки аттракциондун тең коопсуздук контурлары кесилишпеши керек.
155. Аттракциондордун ортосундагы башкы өтмөктөрдө кызматтык машиналардын жүрүшүнө мүмкүндүк берүүчү жана келүүчүлөрдү эвакуациялоо учурунда да стационардык өрт гидранттарына (алар аттракциондор жайгашкан жерде болсо) кирүүнү камсыз кылган бош мейкиндик түзүлүшү керек.
156. Өрт учурунда өрттүн жайылып кетүү коркунучун азайтуу үчүн чектеш аттракциондордун, курулмалардын же башка ээленген зоналардын ортосунда жетиштүү аралык болушу керек.
157. Аттракциондон кулаганда жүргүнчүлөрдүн мүмкүн болуучу кулап түшүү зоналары эксплуатациялык документтерге ылайык жаракат алууларды болтурбоо үчүн жумшартуучу, ийкемдүү же амортизациялоочу жабдуулар менен жабдылууга тийиш.
158. Аттракциондун ээси (эксплуатант) жүргүнчүлөрдүн кыймылынын зонасында тоскоолдуктардын (конструкциялардын элементтери, дарактардын бутактары, отургучтар, кулактандыруулар бар тирөөчтөр) болбошун камсыз кылууга милдеттүү.
§ 7. Аттракциондорду электр менен камсыздоонун стационардык эмес булактарына (генераторлорго) талаптар
159. Аттракциондун ээси (эксплуатанты) келүүчүлөрдүн, жүргүнчүлөрдүн жана пайдалануучулардын электр менен камсыздоонун стационардык эмес булагына (генераторго) кирүүсүн болтурбоочу чараларды керүүгө милдеттүү. Электр менен камсыздоонун стационардык эмес булагы (генератор) өзүнчө техникалык жайга орнотулууга же ден соолукка зыян келтирүү коркунучун болтурбоочу коргоочу конструкциясы (мобилдүү электр генераторлору же ичинен күйүүчү кыймылдаткычтардан иштөөчү электр станциялары колдонулган учурда) болууга тийиш.
7-глава. Аттракциондордун айрым түрлөрүнүн техникалык абалына жана эксплуатациялоого талаптар
§ 1. Механизациялаштырылган алдыга айлануучу, айлануучу жана татаал кыймылдагы аттракциондорго талаптар
160. Аттракциондордо төмөнкүлөр болбоого тийиш:
а) аттракциондун конструкциясында каралган критикалык компоненттердин жана коопсуздук жабдууларынын резервдик (кайталоочу) системаларынын мүчүлүштүктөрү жана бузулушу. Аттракциондун конструкциясында каралган бардык резервдик жана резервделүүчү жабдуулардын болушу жана оң абалда болуусу тийиш;
б) ийилген же бырышкан элементтер, ошондой эле бош бекиткичтер же аттракциондун жетишпеген бөлүктөрү;
в) жүргүнчүлөрдү бекитүүчү түзүлүштөрдүн, эшиктердин жана алардын бекитүүчү түзүлүштөрүнүн, жүргүнчүлөрдүн модулдарынын отургучтарынын бекиткичтеринин бошошу;
г) эксплуатациялык документтерде каралган көрсөткүчтөрдөн ашкан ажыратылуучу бирикмелердин (болттордун, шарнирлердин, штифтердин, илмектердин) бузулушу же эскириши;
д) пневматикалык системалардан абанын күтүлбөгөн чыгышы.
161. Эксплуатациялык документтерде камтылган, даярдоочу тарабынан каралган учурларда аттракциондо шамалдын күчүн жана курчаган абаны өлчөө үчүн приборлор аспаптар орнотулууга тийиш.
162. Жүргүнчүлөрдү бекитүүчү жабдуулары же түзүлүштөрү бузук отургузуучу орундарга жайгаштырууга тыюу салынат.
163. Аттракционду жүргүзүү аттракционду эксплуатациялоо зонасында бөлөк адамдар жана тейлөөчү персонал жок болгон учурда аткарылат.
164. Аттракционду эксплуатациялоодо анын кыймылынын жана анын кыймылдуу бөлүктөрүнүн ылдамдыгы ошол аттракциондун Формулярында же эксплуатациялык документтеринде көрсөтүлгөн чектен ашпоого тийиш.
165. Темир жолу бар аттракциондордо анын келүүчүлөр өтүүчү жерлери так белгилениши жана жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү коркунучун болтурбоо үчүн чаралар көрүлүүгө тийиш.
166. Отургузуу платформасында бир убакта болгон келүүчүлөрдүн саны эксплуатациялык документтерде көрсөтүлгөн мындай келүүчүлөрдүн жол берилген санынан ашпоого тийиш.
167. Жүргүнчүлөрдү түшүрүү (отургузуу) үчүн жүргүнчүлөрдүн модулдарын токтотуу учурунда бардык жүргүнчүлөр чыкканга же өз орундарына отурганга чейин, бекитүүчү түзүлүштөр жумушчу абалга которулганга чейин жана отургузуу зонасы бошотулганга чейин бул модулдарды кыймылсыз абалда кармап туруу боюнча чараларды көрүү зарыл.
168. Эксплуатациялоо учурунда механикалык жабдууларды жана конструкцияларды алардын оң абалда экенине ынануу үчүн текшерүү зарыл. Бузулган учурда ал оңдолгонго чейин аттракцион жабылышы керек.
169. Аттракциондун операторуна түздөн-түз жакын жерде же аттракциондун тынымсыз иштөө циклинде жүргүнчүлөрдү отургузуу (түшүрүү) учурларынан тышкары, аттракциондун иштөө сеансынын башталышы жана аякташы жөнүндө белги берүү зарыл.
170. Асма отургучтары бар каруселдерде жүргүнчүлөрдүн чайпалбашын, кагылышпоосун, отургучтарды айлантпашын же баштапкы штаттык абалын бузбоосун көзөмөлдөө керек. Эгерде жүргүнчүлөр бул талаптардын бирин бузса, аттракциондун иши токтотулууга тийиш.
171. Отуруучу же туруучу орундары көтөрүлүүчү же жантаюучу, ал эми жүргүнчүлөр борбордон четтөөчү күчкө туруштук берүү үчүн кармап турууга тийиш болгон каруселдерде көтөрүү же жантаюу эксплуатациялык документтерде каралган ылдамдыктын маанисине жеткен учурдан тартып башталууга тийиш. Ылдамдык көрсөтүлгөн мааниден төмөн түшкөнгө чейин түшүрүү бүтүшү керек.
172. Айланма дөңгөлөктө жүргүнчүлөр жүктөмдүн бирдей болушун камсыздай тургандай отургузулууга тийиш. Отургузуу орундарынын бирдей эмес жүктөлүшү (бир тараптуу жүктөө) дөңгөлөктүн айлануучу бөлүгүнүн 1/6 жана 5/6 периметринен ашпоого тийиш экендигин эске алуу керек.
173. Эркин термелүүчү же эркин айлануучу жүргүнчүлөр модулдарына отургузууда же алардан түшүрүүдө аттракциондун операторунун жардамчылары жүргүнчүлөрдүн модулдарын жүргүнчүлөр коопсуз жайгашканга же алардан чыгып кеткенге чейин кармап турууга тийиш.
174. Жүргүнчүлөрдүн модулдарынын эшиктери жабылбаган аттракциондун иштешине уруксат берүүгө тыюу салынат.
175. Аттракциондун нөөмөтчүсү жана нөөмөтчүсүнүн жардамчылары жүргүнчүлөрдүн кабиналарды терметүүсүнө, кабиналардан кандайдыр бир предметтерди ыргытуусуна, кабиналардан эңкейүүсүнө, эшикти өз билемдик менен ачуусуна, кабинада тамеки чегүүсүнө жана отургучтардан туруусуна жол бербөөчү чараларды көрүүгө милдеттүү.
176. Сайлуу туташууларда алардын өзүнөн-өзү буралуусун болтурбоочу элементтер болууга тийиш.
177. Кыймылдын максималдуу ылдамдыгы боюнча чек болушу керек. Эгерде эксплуатациялык документтерде башкача каралбаса, 8 жашка чейинки балдардын жүрүүсүнө арналган поезддин же жүрүүнүн айрым каражаттарынын кыймылынын максималдуу ылдамдыгы саатына 4 км ашпоого тийиш.
178. Жүргүнчүлөрдү токтотуу, отургузуу (түшүрүү) аттракциондун конструкциясында каралган жана (же) эксплуатациялык документтерде белгиленген жерде жүргүзүлүүгө тийиш.
179. Темир жолдор, отургузуу (түшүрүү) зонасы, жумуш орду (башкаруу органы, башкаруу пульту) жана аттракциондун айланасындагы аймак бардык иштөө циклинин ичинде поездди коопсуз эксплатациялоону жана талаптагыдай контролдоону камсыз кылуу үчүн жетиштүү жарыктандырууга ээ болууга тийиш. Жарыктандыруу бардык темир жолдордун боюнда көлөкөлөрсүз жана жарыктын чагылышысыз бирдей жарыкты камсыз кылууга тийиш.
§ 2. Механизациялаштырылбаган суу аттракциондорунун техникалык абалына талаптар
180. Киргизүүчү (чыгаруучу) түзүлүштөр бассейндин жана (же) айланып өтүүчү жолдун дубалдарынын тегиздигинен чыкпоого тийиш. Киргизүүчү (чыгаруучу) түзүлүштөр бассейндин жана (же) айланып өтүүчү жолдун дубалдарынын тегиздигинен чыкпоого тийиш.
181. Киргизүүчү (чыгаруучу) түзүлүштөр жүргүнчүлөрдүн денесинин, дене мүчөлөрүнүн жана кийимдеринин тыгьгльгп калуу (кыпчылып калуу) мүмкүнчүлүгүнө жол бербеши керек.
182. Чыгаруучу түзүлүштөрүнүн капкактары соргуч түтүккө бөтөн нерселердин сорулуп кетишинен коргоо үчүн багытталышы керек.
183. Киргизүүчү (чыгаруучу) түзүлүштөрдүн капкактары бекем бекитилүүгө тийиш, эксплуатациялык жүктөмдүн таасири астында капкактардын кыймылдатууга (жылдырууга) жол берилбейт.
184. Аттракционду коопсуз эксллуатациялоону камсыз кылуу үчүн курама капкактардын конструкциялык элементтери туташтырылууга тийиш.
185. Киргизүүчү (чыгаруучу) түзүлүштөрдүн капкактарын бекитүү атайын инструменттерди колдонбостон капкакты демонтаждоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга тийиш.
186. Бассейндин түбүнөн басым астында сууну (абаны) берүүчү түзүлүштөр 700 мм кем эмес тереңдикте орнотулушу керек.
187. Аттракцион белгиленген зоналарда гана кирүүнү (чыгууну) карашы керек.
188. Тепкичтер сууга кирүү (суудан чыгуу) үчүн коопсуз болушу керек.
189. Горизонталдык тегиздикке тепкичтердин жантаюу бурчу 60-75 градус болушу керек.
190. Тепкичтердин туурасы 800 мм кем эмес болушу керек.
191. Бассейнге кирүү жана чыгуу үчүн бардык баскычтар бирдей бийиктикте жана бирдей кеңдикте болушу керек. Суу астындагы баскычтардын кырлары жана четтери контрасттык түс менен белгилениши керек.
192. Тепкичтин-шатынын 2 чектеш баскычтарынын үстүнкү беттеринин ортосундагы вертикалдык аралык бирдей (250 мм ашык эмес), мындай баскычтардын ортосундагы минималдуу боштук - 200 мм болушу керек.
193. Кошумча тепкичтердин баскычтарынын туурасы 450-600 мм жана тереңдиги 5 мм ден кем эмес болушу керек.
194. Тепкичтердин-шатылардын баскычтарынын туурасы 940 мм кем эмес жана тереңдиги 250 мм кем эмес болушу керек.
195. Тепкичтин төмөнкү баскычы менен бассейндин түбүнүн ортосундагы боштук 100 мм кем эмес болушу керек.
196. Түтүктөрдүн тегерек кайчылаш устундарды баскыч катары пайдаланууга жол берилбейт.
197. Үстүнкү баскыч бассейндин чети менен бирдей болушу керек.
198. Баскычтардын бетинде тайгаланууга каршы жабуу болушу керек.
199. Пайдалануучунун денесинин, дене мүчөлөрүнүн же кийимдеринин тыгылып (кыпчылып) калбашы үчүн кошумча тепкичтин үстүнкү баскычы менен бассейндин дубалынын ортосундагы аралык 8 мм ден ашпоого тийиш. Кийинки баскычтар менен бассейн дубалынын ортосундагы аралык 0-8 мм же 25-75 мм болушу керек.
200. Үстүнкү баскычтын алдынкы чети менен төмөнкү тепкичтин арткы чети бир вертикалдуу тегиздикте болушу керек же тепкичтер бири-бирин жаап турушу керек.
201. Кармагычтар артка - бассейндин айланасындагы мейкиндикке карай кыйшайып туруусу керек.
202. Тепкичтердин-шатылардын кармагычтарынын учтары 50 мм кем эмес радиуста горизонталдык сызыкка же 100 градустан кем эмес ийилген ийри сызык боюнча ийилип турушу керек.
203. Кошумча тепкичтердин жана тепкичтердин-шатылардын кармагычтарынын бийиктиги бассейндин айланасындагы айланма жолдун (полдун) деңгээлинен 750-950 мм түзүүгө тийиш. Кошумча тепкичтер жана тепкич-шатылар Такалуучу шатылардын жана шаты-тепкичтердин эки тарабынан тең тепкич менен бирдей жантаюуда 700 мм кем эмес аралыкта кармагычтар болушу керек.
204. Бассейндин дубалына карата чыгып турган кошумча тепкичтердин кармагычтары тепкичтин вертикалдык тегиздигинен сыртка чыкпоого тийиш.
205. Бассейндин дубалына карата чыкпаган кошумча тепкичтердин кармагычтары бассейндин дубалынын вертикалдык тегиздигинен сыртка чыкпоого тийиш.
206. Колдонуучулар кармаган кармагычтардын (тосмо кармагычтарынын) туурасынан кесилиши тегерек, сүйрү, бурчтары тегеректелген тик бурчтуу же эллипстик формада жана 25-50 мм өлчөмүндө болушу керек. Түтүктөрдүн дубалынын калыңдыгы 1,8 мм кем эмес болушу керек.
207. Суу тайгагынын фиништик зонасы түшкөндөн, токтогондон жана чыккандан кийин пайдалануучунун натыйжалуу жана коопсуз токтоосун камсыз кылууга тийиш.
208. Эксплуатациялоо төмөнкүлөрдүн натыйжасында пайдалануучулардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү коркунучун болтурбоого тийиш:
а) аттракционду штаттык пайдаланууда каралбаган пайдалануучулардын жыгылышынын;
б) суу тайгагынын түшүү трассасы боюнча түшүп бара жатканда пайдалануучулардын жулкунуусунун же оодарылуусунун;
в) пайдалануучунун денесинин (дене бөлүктөрүнүн) же кийимдеринин конструкциянын элементтерде тыгылып калуусунун;
г) пайдалануучулардын бири-бири менен жана (же) конструкциянын элементтери менен кагылышуусунун;
д) чыгуучу, тегиз эмес жана учтуу бөлүктөрү бар конструкциянын элементтер менен түшүп баратканда пайдалануучунун тийүүсүнүн;
е) бассейнден суу агып чыкканда пайда болуучу төмөндөтүү күчүнүн (соруу күчү) пайдалануучуга тийгизген таасиринин;
ж) теринин жаракатын, анын ичинде сүрүлүү күйүктөрүн болтурбоо үчүн беттерди же суунун агымы менен майлоону же суу агымын камсыз кылуунун жетишсиздиги.
209. Суу тайгагынын аттракциондун 2 нөөмөтчүсү контролдоого тийиш. Аттракциондун бир нөөмөтчүсү суу тайгагынын старттык зонасында, экинчиси - фиништик зонасында болушу керек (потенциалдуу биомеханикалык тобокелдиктин жогорку (RB-1) жана орточо (RB-2) даражасы бар аттракциондорго (суу тайгагына) карата колдонулат).
210. Келүүчүлөрдүн старттык жерди ээлөөсүнө жана аттракциондун нөөмөтчүсүнүн уруксатысыз түшүү үчүн суу тайгагынын түтүкчөсүнө чыгуусуна жол берилбейт.
211. Аттракциондун нөөмөтчүсү пайдалануучу түшүү жана сүзүү үчүн көмөкчү каражаттарда түшүп жатканда аттракционду коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылат.
212. Аттракциондун нөөмөтчүсү эксплуатациялык документтерде каралган уруксат берилген түшүү позасынан башка позаларда пайдалануучулардын түшүүсүнө тыюу салууну белгилөөнү камсыз кылат.
213. Аттракциондун нөөмөтчүсү эки же андан ашык пайдалануучулардын бир убакта биринин артынан биринин суу тайгагынан түшүүсүнө тыюу салууну белгилөөнү камсыз кылат. Суу тайгагынан түшүү мурунку пайдалануучу түшүүнү толугу менен аяктагандан кийин жүргүзүлөт.
214. Аттракциондун нөөмөтчүсү аттракциондун зонасында тез басууга жана чуркоого тыюу салууну белгилөөнү камсыз кылат.
215. Аттракциондун нөөмөтчүлөрүнүн саны эксплуатациялык документтердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
§ 3. Суу тайгактарын эксплуатациялоо
216. Суу тайгактары үчүн колдонулуучу материалдар металл, жыгач, металл эмес конструкциялардын жана бекитүүчү буюмдардын тездетилген коррозиясынын өзгөчөлүктөрүн эске алуусу керек.
Коопсуздук үчүн эң маанилүү бириктирүүчү элементтерди үзгүлтүксүз контролдоону камсыз кылуу үчүн чаралар көрүлүүсү зарыл.
Суу тайгактарынын жылма бети жана таяныч беттери үчүн колдонулуучу материалдар алардын катмарланып кетишин же деформацияланышын болтурбоого тийиш.
217. Аттракциондун ээси (эксплуатанты) суу тайгагынын конструкциясында жана анын эксплуатациялык документтерде каралгандан көп пайдалануучулардын, жүргүнчүлөрдүн суу тайгактарынын бөлүктөрүндө (элементтеринде) болушуна жол берилбөөнү камсыз кылууга тийиш.
218. Балдар үчүн арналган суу тайгактары балдардын оюн-зоок зонасынан (тайыз суу зонасы) чоңдор үчүн оюн-зоок зонасына (терең суу зонасы) "суу менен" балдардын кирүүге мүмкүнчүлүгү болбогондой жайгаштырылышы керек.
219. Эгерде эксплуатациялык документтерде башкача каралбаса, суу тайгагын аттракциондун экиден кем эмес нөөмөтчүсү контролдоого тийиш. Эгерде эксплуатациялык документтерде башкача каралбаса, аттракциондун бир нөөмөтчүсү суу тайгагынын старттык зонасында - экинчиси фиништик зонасында болууга тийиш.
220. Суу тайгагы аттракциондун үч же андан көп кызматкерден турган нөөмөтчүлөр тобу тарабынан (бир эле учурда бир кыйла сандагы жүргүнчүлөрдү батыра турган жана (же) чоң мейкиндикти ээлеген суу тайгактары) тейленген учурда аттракциондун ар бир нөөмөтчүсүнө ал контролдой турган жоопкерчилик зонасы бекитилип берилүүгө тийиш.
221. Аттракциондун нөөмөтчүсү суу тайгактын старттык зонасында Суу тайгакты эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) каралган иш-чараларды жүзгө ашырат, анын ичинде:
а) жүргүнчүгө коопсуз түшүү үчүн милдеттүү болгон эрежелер жөнүндө маалымдайт;
б) суу тайгактын трассасында бараткан убакта коопсуз түшүү үчүн уруксат берилген абалды сактоо зарылдыгы жөнүндө;
в) тез арада аяктоо зонасын таштап кетүү зарылдыгы жөнүндө;
г) суу тайгактын старттык аянтчасында жүргүнчү ээлеген уруксат берилген абалдын тууралыгын контролдойт, зарыл болгон учурда - жүргүнчүгө коопсуз түшүү үчүн уруксат берилген абалды ээлөөгө жардам берет;
д) визуалдык түрдө (же тийиштүү сигналды алганга чейин, анын ичинде техникалык каражаттарды колдонуу менен) суу тайгагынын аяктоо зонасы кабыл алуу үчүн бош экендигине ынанбай туруп, кезектеги жүргүнчүгө суу тайгагынын старттык аянтчасына (старттык элементине) жол берилбейт;
е) визуалдык түрдө (же тиешелүү сигналды алганга чейин, анын ичинде техникалык каражаттарды колдонуу менен) старттык аянтчасында (старттык элементинде), суу тайгагында, аяктоо зонасында суу бар экендигине ынанбай туруп, кезектеги жүргүнчүгө старттык аянтчасына (старттык элементине) кирүүгө жол бербейт;
ж) физикалык, психофизикалык абалы же кийимдери суу тайгагын коопсуз эксплуатациялоо талаптарына жооп бербеген жүргүнчүлөрдү суу тайгактын старттык аянтчасына (старттык элементине) өткөрбөйт.
222. Аттракциондордун нөөмөтчүсү суу тайгактын аяктоо зонасында Суу тайгакты эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) каралган иш-чараларды жүзөгө ашырат, анын ичинде:
а) суу тайгагынын аяктоо зонасында болгон жүргүнчүгө, пайдалануучуга жардам берүүгө дайыма даяр болот;
б) аттракциондордун старт зонасында турган нөөмөтчүсүнө (зарыл учурда) аяктоо зонасында тоскоолдуктун жок экендиги жөнүндө белги берет;
в) суу тайгак аяктоо зонасынан жүргүнчүнүн коопсуз чыгышын камсыз кылат;
г) жүргүнчүлөрдүн, пайдалануучулардын суу тайгагынын аяктоо зонасында мүмкүн болуучу кагылышууларын эскертет;
д) аяктоо бассейниндеги же кабыл алуу түзүлүшүндөгү суунун деңгээлин контролдойт;
е) аяктоо зонасынан башка предметтерди жок кылат.
223. Суу тайгагынын техникалык абалын күнүмдүк текшерүүнүн жүрүшүндө визуалдык жана контролдоонун органолептикалык методун колдонуу менен текшерилет:
а) полдордун, өтүүчү жолдордун, кире бериштин жана чыгуулардын абалы, анын ичинде аларды бекитүүнүн ишенимдүүлүгү жана травматикалык кооптуу зыяндын жоктугу;
б) суу тайгактын трассасынын үстүнкү бети, жүргүнчүлөр сыйгаланган кабыл алуучу түзүлүш - жаракалардын, сыныктардын, деформациялардын, катмарлардын, бөлөк предметтердин жана башкалардын жоктугу;
в) кабыл алуучу түзүлүштөрдүн суу тайгак трассасынын конструкциялык бөлүктөрүнүн (элементтеринин) биригүүлөрү - траектория боюнча эки чектеш бөлүктүн (элементтердин) кошулган жеринде 3,0 мм жана андан ашык бийиктиктеги "баскычтар" түшүү жагында жүргүнчүнүн кыймылы, бөтөн нерселердин жоктугу;
г) насостордун, жөнгө салуучу аппаратуралардын, контролдоо-өлчөөчү приборлордун (манометрлердин, чыгым өлчөөчү аспаптардын ж.б.), суу тайгактын электр жабдууларынын абалы жана иштөө жөндөмдүүлүгү текшерилет (зарыл болгондо же эксплуатациялык документтерде ушундай каралса);
д) суу тайгактын бөлүктөрүнүн (секцияларынын) өз ара жана тирөөчтөрдүн кронштейндерине бекитүү түйүндөрүндө сайлуу байланыштардын абалы;
е) түшүү үчүн көмөкчү каражаттардын абалы - салдардын, килемчелердин ж.б.) - зыяндын жоктугу, кабыгындагы аба басымынын эксплуатациялык документтерге ылайык келишин.
Органолептикалык контроль инструменталдык методдорду колдонуу менен бузбаган контролдоо менен толукталышы мүмкүн.
224. Суу тайгагынын техникалык абалын күн сайын текшерүү аттракциондун нөөмөтчүсү же бул милдет тапшырылган кызматкер тарабынан үч жолку сынап түшүрүү менен аякталат.
225. Менчик ээси (эксплуатант) жүргүнчүлөрдү, пайдалануучуларды, кызматкерлерди тайгак беттерге (кошумча пол, кармагычтар, дренаж түзүлүштөрү ж.б.) эгерде колдонуудагы жабуулар кирүүдө жана суу тайгагынан чыгуучу зоналарында тайгаланууга каршы жетиштүү эффект бербесе, жыгылуудан коргоо боюнча кошумча чараларды көрүүгө милдеттүү.
226. Суу тайгагынын техникалык абалын жыл сайын текшерүүдө менчик ээси (эксплуатант) төмөнкүлөрдү текшерет:
а) суу тайгагынын жүк көтөрүүчү металл конструкцияларын (тирөөчү мамылар, кронштейндер, байланыштар ж.б.);
б) тосмолорду, өтмөктөрдү, полдорду, суу тайгагынын кире бериштерин жана чыгууларын, анын ичинде аларды бекитүүнүн ишенимдүүлүгү жана алардын бетине травматикалык кооптуу зыяндын жоктугун;
в) жүргүнчүнү, колдонуучуну, жумушчуну нымдуу бетке кулоодон коргоочу кармагычтарды, колдоочу түзүлүштөрдү, тайгаланууга каршы жабууларды;
г) пайдалануучу, жүргүнчү менен байланышта болгон суу тайгагынын бөлүктөрүндө коргоочу каптамдарды - бузулуунун жоктугу үчүн;
д) андан жүргүнчү тайгаланып түшкөн суу тайгак трассасынын үстүнкү бети, трассанын бөлүктөрүнүн (элементтеринин) бириктирилген жерлерин;
е) суу тайгагынын конструкциясынын композициялык бөлүктөрүнүн (элементтеринин) кайырма кыр кошулууларын бекитүүнүн ишенимдүүлүгүн;
ж) металл конструкцияларга бекитүүчү түйүндөрүндө суу тайгак трассасын бекитүүнүн ишенимдүүлүгү;
з) аяктоо зонасынын беттерин (төмөнкү беттери ж.б.);
и) түшүү үчүн көмөкчү түзүлүштөрдү;
к) жүргүнчүлөрдүн, пайдалануучулардын жаракат алуу тобокелдигин азайтуучу коопсуз аралыктарды жана өлчөмдөрдү сактоону;
л) насостор, жөнгө салуучу аппаратуралар, контролдоочу- өлчөөчү приборлор (манометрлер, чыгым өлчөөчү аспаптар ж.б.), суу тайгагынын электр жабдуулары; электр жабдууларын эксплуатациялоого даярдыгы электрофизикалык өлчөөлөрдүн протоколу менен ырасталууга тийиш;
м) аттракциондордун нөөмөтчүсүнүн байланыш каражаттарын, пайдалануучулардын, жүргүнчүлөрдүн жүрүм-турумун контролдоо жана кабарлоо;
н) жүргүнчүлөр үчүн суу тайгагынын пайдалануу эрежелеринин жеткиликтүүлүгүн жана толуктугун.
227. Жүргүнчүлөр үчүн суу тайгагын пайдалануу эрежелери аквазонада балдар үчүн ата-энелердин же аларды коштоп жүргөн чоңдордун туруктуу көзөмөлүнүн зарылдыгы жөнүндө талаптарды камтууга тийиш.
228. Суу тайгагында жүргүнчүлөр үчүн маалымдоо жана тыюу салуу белгилерин көрсөтүү үчүн 10-тиркемеге ылайык тиешелүүлүгүнө жараша ак-кара жана кызыл түстөгү графикалык белгилери бар символдор колдонулат.
229. Маалымат тактасында суу тайгагынын кыйынчылык даражасын сүрөттөө үчүн төмөнкү түстөр колдонулууга тийиш:
көк - жеңил;
кызыл - орточо;
кара - татаал.
230. Маалымат тактасы суу тайгагынын старттык аянтчасында жайгашкан. Эгерде бир нече суу тайгактарынын трассалары старттык аянтынан башталса, анда ар бир суу тайгагынын старттык элементине маалымат стенддери жайгаштырылат.
§ 4. Балдар үчүн арналган аттракциондордун коопсуздугуна талаптар
231. Балдар үчүн арналган аттракциондорду долбоорлоо жана даярдоо ар кандай курактык топтогу балдарга мүнөздүү физиологиялык, психологиялык, антропометриялык факторлор менен байланышкан кошумча тобокелдиктерди, ошондой эле төмөнкү талаптарды эске алуу менен жүзөгө ашырылат:
а) ар кандай курактык топтогу балдар үчүн арналган аттракциондордун эксплуатациялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу;
б) бардык кыймылдаткыч жабдуулардын түйүндөрүн, ошондой эле туруктуу элементтерди (балдар менен байланышта боло турган бөлүктөрдү) травматикалык коопсуз материалдарынан же жабуулардан даярдоо зарылдыгы;
в) балдардын колун, бутун, башын, манжаларын, кийимдерин ар кандай боштуктарга, жаракаларга, тешиктерге тыгылып калуусуна жол берилбестик;
г) аттракциондон эксплуатациялоо боюнча колдонмодо жазылган балдардын тайгаланып, термелип, секирүүчү жерлерде (зоналарда) бөлөк предметтер кириши мүмкүн болгон жабдуулардын тетиктеринде (тетиктердин ортосунда) оюктардын, боштуктардын, тешиктердин болушуна (пайда болушуна) жол берилбестик;
д) коопсуз эркин кулоо бийиктигин камсыз кылуу;
е) аттракциондордун кыймылдуу жана кыймылсыз элементтеринин ортосундагы коопсуз аралыктарды камсыз кылуу;
ж) жабдуулардын бетинде суунун топтолушуна жол берилбестиги жана эркин агымын жана кургоосун камсыз кылуу;
з) бекиткичтердин чыгып турган учтарын коргоону камсыз кылуу;
и) чыгып турган бөлүктөргө кийимдин илинип калуу мүмкүнчүлүгүн жоюу;
к) аттракциондордун жыгач элементтерин "чыдамдуу" жана "орто чыдамдуу" класстардагы жыгачтан өндүрүү, бетинде иштетүү кемчиликтеринин болушуна жол берилбестиги;
л) жабдуулардын элементтерин аспаптарды колдонбостон алып салуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаргыдай кылып бекитүүнү камсыз кылуу;
м) белгиленген ченемдерге ылайык балдарды кармоо (кармап алуу) үчүн жабдуулардын элементтеринин туурасын камсыз кылуу;
н) балдардын жаш курактык топторун эске алуу менен аттракциондорду керектүү жерлерде тосмо кармагычтары жана тосмолор менен камсыз кылуу зарылдыгы. Ошол эле учурда тосмо кармагычтардын жана тосмолордун конструкциясы балдарды аларга турууга же отурууга үндөбөшү керек, балдардын аларга чыгуусуна же алардын үстүндө болушуна мүмкүндүк берүүчү элементтер болбошу керек.
232. Балдар үчүн арналган аттракциондор үчүн материалдарга төмөнкүдөй талаптар коюлат:
а) колдонулган материалдар баланын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин тийгизбеши, өтө жогорку же өтө төмөн температурадагы климаттык зоналардагы баланын териси менен тийгенде термикалык күйүк жаратпашы керек;
б) балдар үчүн арналган аттракциондор үчүн төмөнкү материалдарды колдонууга жол берилбейт:
- полимердик жеңил күйүүчү материалдар;
- уулуулугу жагынан өтө коркунучтуу күйүү продуктулары (МАМСТ 12.1.044-2018 боюнчаТ4);
- касиеттери жетиштүү изилденбеген жаңы материалдар;
в) полимердик материалдар, ар кандай матрицалык негиздеги композициялык материалдар ультра кызгылт көк нурланууга туруктуу болушу керек;
г) эгерде полимердик материалдар, ар кандай матрицалык негиздердеги композициялык материалдар эксплуатациялоо процессинде морт болуп калса, даярдоочу аларды коопсуз эксплуатациялоо мөөнөтүн көрсөтүүгө тийиш;
д) полимердик жана композициялык материалдардын бетинин эскирүүгө туруктуулугу жана катуулугу белгиленген кызмат мөөнөтүнүн ичинде балдардын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш;
е) кабыгы бошогон же сыйрылган оксиддерди пайда кылуучу металл материалдары уулуу эмес жабын менен корголушу керек;
ж) фанера атмосфералык таасирге чыдамдуу болушу керек.
233. Балдар үчүн арналган аттракциондорду чогултууга жана орнотууга төмөнкү талаптар коюлат:
- аттракциондорду чогултуу жана орнотуу долбоордук-конструктордук документтерге, чогултуу, орнотуу, ишке киргизүү, жөнгө салуу жана иштетип көрүү боюнча нускамаларга ылайык аткарылат;
- аттракциондор негиздерге ишенимдүү бекитилиши керек же алардын таяныч конструкциясынын оодарылып кетүү мүмкүнчүлүгүн болтурбоого тийиш.
Балдардын коопсуздугун камсыз кылбаган аттракционду (эгерде аттракционду коопсуз орнотуу аякталбаса, амортизатордук жабуусу бүтпөсө, же техникалык тейлөө коопсуздукту камсыз кыла албаса) колдонууга тыюу салынат.
234. Балдар үчүн арналган аттракциондорду эксплуатациялоодо менчик ээси (эксплуатант) төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:
а) зарыл маалыматтар (мамлекеттик жана (же) расмий тилдерде) жазылган маалымат такталарын же стенддерди орнотуу;
б) аттракциондорду монтаждоо (чогултуу, орнотуу) зонасында жаракаттарга алып келиши мүмкүн болгон тоскоолдуктардын жоктугу;
в) коопсуздук зонасында тоскоолдуктардын (конструкциялык элементтердин, дарак бутактарынын, отургучтардын, кулактандыруулары бар тирөөчтөрдүн) жоктугу; коопсуздук зонасын аныктоодо баланын мүмкүн болгон кыймылдарын жана аттракциондордун кыймылдуу элементтерин эске алуу зарыл;
г) балдар аттракциондон кулаганда жаракат албоо үчүн жумшартуучу, серпилгич же амортизатордук жабуусу бар жерге түшүү аймактарынын жабдуусу;
д) жерге түшүү аймагында тоскоолдуктардын жоктугу.
235. Курактык чектөөлөр белгиленген балдар үчүн суу тайгагынын старттык зонасында төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен бийиктикти өлчөөчү аспапты колдонууга жол берилет:
курагы 4төн 6 жашка чейин - бою 1,05тен 1,20 м чейин;
курагы 6дан 8 жашка чейин - бою 1,20дан 1,30 м чейин;
курагы 8ден 10 жашка чейин - бою 1,30дан 1,40 м чейин;
курагы 10дон 14 жашка чейин - бою 1,40тан 1,60 м чейин.
8-глава. Техникалык күбөлөндүрүү, аттракциондордун техникалык абалын текшерүү
236. Аттракциондор эксплуатацияга киргизилгенге чейин жана эксплуатациялоо процессинде алардын аттракционду даярдоочунун эксплуатациялык документтеринде, ушул Эрежелерде, ЕАЭБ ТР 038/2016, МАМСТ 33807-2016, башка ББ/ЕАЭБ ТР жана күчүнө кирген жана колдонулушу аларга жайылтылбаган мамлекеттер аралык стандарттарда көрсөтүлгөн маалыматтардын талаптарына ылайык келүүсүн ырастоо максатында техникалык күбөлөндүрүүдөн, техникалык абалын текшерүүдөн өтүүгө тийиш.
Техникалык күбөлөндүрүүнүн, техникалык абалын текшерүүнүн көлөмү аттракционду даярдоочу тарабынан белгиленет.
237. Техникалык күбөлөндүрүү, техникалык абалын текшерүү даярдоочунун аттракцион үчүн эксплуатациялык документтеринде баяндалган талаптарга ылайык жүргүзүлүүгө тийиш. Аларда тиешелүү көрсөтмөлөр жок болгон учурда аттракциондорду техникалык күбөлөндүрүү, техникалык абалын текшерүү ушул главада баяндалган талаптарга ылайык жүргүзүлөт.
238. Эгерде эксплуатациялык документтеринде аттракционду даярдоочу тарабынан башкача белгиленбесе, аттракциондордун техникалык күбөлөндүрүү 12 айда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
Эгерде аттракциондор сезондук түрдө эксплуатацияланса, техникалык күбөлөндүрүү эксплуатациялык сезон башталганга чейин сезон аралыгында сакталгандан кийин жүргүзүлөт.
239. Техникалык күбөлөндүрүү эксплуатациялык документтерде каралган учурларда аттракциондун ээсинин (эксплуатантынын) чечими боюнча, ошондой эле төмөнкүдөн кийин жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатацияланбаган аттракционду монтаждоо;
- аттракционду жаңы жерге (стационардык аттракциондор үчүн) жайгаштыруу менен шартталган монтаждоо;
- аттракционду модификациялоо (реконструкциялоо);
- аттракционду модернизациялоо;
- аттракционду капиталдык оңдоо;
- аттракциондун критикалык (кооптуу) тетиктерин жана (же) жүк көтөрүүчү конструкцияларын оңдоо;
- аварияга, инцидентке дуушар болгон аттракциондорду калыбына келтирүү үчүн оңдоо;
- аттракционду техникалык диагностикалоо;
- аттракционду эксплуатациялоодо 12 айдан ашык тыныгуу.
240. Иштеп жаткан аттракциондорду техникалык күбөлөндүрүү жумуштардын бул түрлөрүн жүргүзүү үчүн аккредиттелген адистештирилген уюм тарабынан жүргүзүлөт.
241. Аттракциондун техникалык абалын текшерүү күнүмдүк, жылдык жана толук текшерүү түрүндө жүргүзүлөт.
242. Аттракциондордун техникалык абалын күн сайын, жыл сайын жана толук текшерүүнү жүргүзүүнүн тартиби аттракционду даярдоочунун эксплуатациялык документтеринде баяндалган талаптарга ылайык алардын ээси (эксплуатант) тарабынан белгиленет.
243. Аттракциондун техникалык абалын суткалык текшерүүнү аттракциондун ээси (эксплуатанты) тарабынан дайындалган кызматкер жүргүзөт, анын жыйынтыгы аттракционду эксплуатациялоону жана техникалык тейлөөнү эсепке алуу журналына (аттракциондун алмаштыруу журналына) жүргүзүлөт.
244. Аттракциондун техникалык абалын күн сайын текшерүү Аттракционду эксплуатациялоо боюнча колдонмого (нускамага) ылайык критикалык (кооптуу) компоненттерди, критикалык параметрлерди жана күн сайын текшерилүүгө тийиш болгон башкаларды текшерүүнү камтууга тийиш. Күн сайын текшерүү аттракциондун нөөмөтчүсү же ага дайындалган кызматкер тарабынан суу тайгакты үч жолку сыноо менен аякташы керек.
245. Аттракциондун техникалык абалын жыл сайын текшерүүнү аттракциондун штатынын ичинен аттракциондун абалына өндүрүштүк контроль жүргүзүүгө ушул Эрежелердин 237-пунктунда каралган аттракционду техникалык күбөлөндүрүүгө көрсөтүүгө чейин жооптуу адам тарабынан жүргүзүлөт.
246. Аттракциондун техникалык абалын жыл сайын текшерүүдө төмөндөгүлөр жүргүзүлөт:
- эксплуатациялык документтердин болушун жана талаптагыдай жүргүзүлүшүн текшерүү;
- аттракциондун коопсуз иштешин уюштуруунун тартибин баалоо;
- бардык жүргүнчү модулдарынын, компоненттеринин, коргоочу жана көмөкчү түзүлүштөрдүн, бекитүүчү жана коопсуздук түзүлүштөрүнүн, жабуунун жана полдун, аттракциондун башка элементтеринин иштөө жөндөмдүүлүгүн кароо жана текшерүү;
- бардык байланыштарды бекитүү ишенимдүүлүгүн текшерүү;
- аттракциондун критикалык (кооптуу) компоненттеринин абалын текшерүү.
247. Аттракциондун техникалык абалын толук текшерүү аттракциондун абалын өндүрүштүк контролдоо үчүн жооптуу адам тарабынан жүзөгө ашырылат:
- техникалык себептер боюнча аттракциондун иши убактылуу токтотулгандан кийин;
- аттракцион жарым-жартылай же толук чачылган учурда;
- аны даярдоочу тарабынан чогулган түрдө берилген аттракционду эксплуатацияга киргизгенге чейин ээсине (эксплуатантына) тапшырганда;
- аттракционго техникалык күбөлөндүрүү жүргүзүүнүн алдында.
248. Аттракциондун техникалык абалын ар жылдык жана толук текшерүүнүн жыйынтыгы Аттракциондун формулярына киргизилет.
249. Аттракциондун техникалык абалын толук текшерүүдө жана техникалык күбөлөндүрүү өткөрүүдө төмөнкүлөр каралат жана текшерилет:
- аттракциондун конструкцияларынын абалы, анын ширетилген жана башка түйүндөрү, критикалык (кооптуу) компоненттери, жүргүнчү модулдары, кабиналар, шатылар, отургузуучу аянтчалар, тосмолор, отургучтардын бекитилиши, араба корпустары, жүргүнчүлөрдү бекитүүчү түзүлүштөр, тормоздор жана бекиткичтердин болушу, башка, анын ичинде жаракалардын, деформациялардын жоктугу, коррозиянын кесепетинен улам дубалдын калыңдыгынын азайышы, бекиткичтердин, бириктиргичтердин алсызданышы жана башка кемчиликтер менен бузулуулардын жоктугу;
- гидравликалык, пневматикалык жана электр жабдууларынын комплекттүүлүгүн, бүтүндүгүн жана ишке жарамдуулугун, аккредиттелген лаборатория тарабынан электрофизикалык өлчөөлөрдү жүргүзүү менен аттракциондун электр жабдууларынын жана электр тармактарынын изоляциясын жерге туташтыруу (нөлдөө) абалы; ээси (эксплуатант) тиешелүү протоколдорду берет;
- алардын ыктыярдуу түрдө буралып жана ажыратылышынын алдын алуу үчүн ажыратылуучу кошулмалардын бекитүү абалы;
- коргоочу түзүлүштөрдүн абалы (рельстен чыгуудан коргоочу түзүлүштөр, бекитүүчү түзүлүштөр, коопсуздук түзүлүштөрү ж.б.);
- зарыл боштуктардын жана эксплуатациялык документтер менен жөнгө салынган коопсуздук аралыктарынын болушу;
- жүрүүчү дөңгөлөктөрүнүн, рельс жолунун, тормоздун элементтеринин, барабандардын, блоктордун, октордун, аларды бекитүүнүн деталдарынын, чынжырлардын, аркандардын, кермелердин, ошондой эле алардын элементтери жана бекитүү абалы;
- аттракциондорду жарыктандыруунун жана сигнализациянын абалы;
- аттракцион орнотулган негиздер (пайдубал, жер, аянтча ж.б.);
- бардык системалардын жана механизмдердин жүксүз иштөө жөндөмдүүлүгү (иштөөсү).
Аттракционду даярдоочунун эксплуатациялык документтеринде тиешелүү ченемдер болгондо аттракциондун конструкцияларын, механизмдерин, аркандарын жана башка элементтерин бракка чыгаруу көрсөтүлгөн ченемдерге эсепке алуу менен ишке ашырылат.
250. Сыноолор аттракциондун иштөө жөндөмдүүлүгүн кароонун жана текшерүүнүн оң натыйжалары менен жүргүзүлөт.
251. Аттракциондорду сыноо Аттракционду эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) каралган көлөмдө жүргүзүлүүгө тийиш.
Эгерде эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) сыноо боюнча көрсөтмөлөр жок болсо, төмөнкү талаптарды жетекчиликке алуу керек:
- аттракциондук сыноолор жүктөлгөн абалда жүргүзүлөт;
- жүктөлгөн абалда сыноодон өткөргөндө ар бир жүргүнчү модулунун (орунун) жүгү жүргүнчү модулунун (орунун) номиналдык жүгүнөн 10% ашуусу керек;
- сыноолордун ар биринин узактыгы эксплуатациялык документацияда көрсөтүлгөн беш максималдык жумушчу циклинен кем эмести түзүүгө тийиш.
Аттракцион, эгерде жүк менен сыноолордун жүрүшүндө аттракциондун техникалык мүнөздөмөлөрү Аттракциондун формулярынын маалыматтарына шайкеш келери аныкталса, ал эми сыноолор аяктагандан кийин аттракционду кароодо аттракциондун конструкциялары менен механизмдеринде жаракалар, калдык деформациялар жана башка бузулуулар табылбаса сыноодон өттү деп эсептелет.
Сыноонун натыйжасында зыян болгон учурда зыяндын себептери аныкталганга чейин жана аттракциондун курулуш бөлүгүнүн долбоордук-конструктордук документациясын иштеп чыккан долбоордук уюмду тартуу менен аттракционду андан ары эксплуатациялоо мүмкүнчүлүгү аныкталганга чейин аттракциондун иштөөсүнө жол берилбейт.
252. Техникалык күбөлөндүрүүнүн натыйжалары Аттракциондун формулярына техникалык күбөлөндүрүүнү өткөргөн жооптуу адамдар тарабынан кийинки техникалык күбөлөндүрүүнүн мөөнөтүн көрсөтүү менен жазылат. Техникалык күбөлөндүрүүдөн, техникалык абалы текшерүүдөн өткөн Аттракциондун формулярындагы жазуулар төмөндөгү маалыматты камтууга тийиш:
- эксплуатациялык документтерде, ушул Эрежелерде, ЕАЭБ ТР 038/2016 көрсөтүлгөн маалыматтардын талаптарына аттракциондун шайкештиги (шайкеш эместиги) жөнүндө;
- эксплуатациялык документтердин, ушул Эрежелердин, ЕАЭБ ТР 038/2016 талаптарына ылайык монтаждалган жана орнотулган;
- аттракциондун ишке жарамдуу (жараксыз) абалы жөнүндө;
- аларды өткөрүү учурундагы сыноолор үчүн колдонулган шарттарды көрсөтүү менен (сыноолордон өттү (өткөн жок) сыноолордун натыйжалары жөнүндө.
253. Аттракционду техникалык күбөлөндүрүүнүн натыйжалары жөнүндө маалымат аны өткөргөн уюм тарабынан 10 күндүк мөөнөттө аттракцион катталган жер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоо органына берилүүгө тийиш.
254. Аттракциондун коопсуз эксплуатацияланышына жооптуу адам аттракциондун техникалык абалын техникалык күбөлөндүрүү, жыл сайын, толук, контролдук текшерүү жүргүзүүгө катышууга милдеттүү.
255. Техникалык күбөлөндүрүүдөн, техникалык абалы текшерүүдөн өтпөгөн аттракциондорду эксплуатациялоого жол берилбейт.
9-глава. Аттракционду техникалык диагностикалоо
256. Эксплуатациялоого киргизилген аттракциондорду техникалык диагностикалоо аттракциондорду даярдоочунун эксплуатациялык документтеринин негизинде жана аттракционду эксплуатациялоонун конкреттүү шарттарын эске алуу менен аттракциондорду техникалык диагностикалоо боюнча жумуштарды аткаруу жана (же) кызматтарды көрсөтүү бөлүгүндө аккредитацияланган адистештирилген уюм тарабынан (мыйзамдарда белгиленген тартипте контролдоо органдары (инспекциялар же лабораториялар) иштелип чыккан программалар боюнча жүргүзүлүүгө тийиш.
Көрсөтүлгөн программанын нускасы аттракциондун ээсинде (эксплуатантында) сакталууга тийиш.
257. Техникалык диагностикалоо программасы аттракциондун иштөөгө жөндөмдүү (жарактуу) абалы сактала турган убакыт ичинде убакыттын аралыгын (ресурсун) болжолдоону кароого тийиш.
Техникалык абалдын аныктоочу параметрлери катары алардын өзгөрүшү (өзүнчө же кандайдыр бир айкалыштарда) аттракциондору иштебей турган, бузулган же чектөөчү абалга алып келиши мүмкүн болгон параметрлер кабыл алынат.
258. Көрсөтүлгөн кызмат мөөнөтүн (көрсөтүлгөн ресурсту) иштеп чыккан аттракционго техникалык диагностикалоо жүргүзүү учурунда төмөнкүлөр аныкталат:
- аттракциондун, анын техникалык мүнөздөмөлөрүнүн эксплуатациялык документтердин, ушул Эрежелердин ЕАЭБ ТР 038/2016 талаптарына ылайык келүүсү;
- аттракциондун ушул Эрежелердин, ЕАЭБ ТР 038/2016; МАМСТ 33807-2016, башка ББ/ЕАЭБ талаптарына жана күчүнө кирген жана аларга карата колдонулуучу мамлекеттер аралык стандарттарына ылайык келишин камсыздоо боюнча зарыл чараларды керүү жана аларды аткаруунун мөөнөттөрү.
259. Аттракциондун техникалык диагностикалоо учурунда төмөнкүлөр аткарылат:
- кемчиликтерди, бузулууларды, эскирүү жана коррозия даражасын аныктоо менен аттракциондун, анын бөлүктөрүнүн абалын аныктоо;
- аттракциондун конструкцияларынын, жүргүнчү модулдарынын, бекитүүчү түзүлүштөрдүн абалын, жүргүнчү отургучтарын, шассилерди, тормоздук түзүлүштөрдү, башкаруу системаларын бекитүүнүн ишенимдүүлүгүн контролдоо;
- электр чынжырларынын жана электр жабдууларынын изоляциясын сыноо, аттракциондун, анын бөлүктөрүнүн жерге төшөлүшүн (нөлгө) визуалдык жана өлчөөчү контроль;
- оңдоону, алмаштырууну талап кылган аттракциондун критикалык (кооптуу) компоненттерин жана бөлүктөрүн аныктоо.
260. Техникалык диагностикалоо учурунда аттракциондун сыноолору жүксүз жана беш жумушчу циклден кем эмес номиналдык жүк менен узактыкта жүргүзүлүшү керек.
261. Аттракциондун иштөөгө жөндөмдүү (жарактуу) абалы сактала турган убакыт аралыгын (ресурсту) болжолдоонун натыйжалары техникалык диагностикалоо боюнча отчеттук техникалык документтерде көрсөтүлөт.
262. Техникалык диагностикалоо боюнча отчеттук техникалык документтеринде аттракционду техникалык диагностикалоо жөнүндө корутунду түрүндө түзүлүүчү отчетко калдыктарды баалоонун натыйжалары камтылат.
Корутундуда ошондой эле аттракционду андан ары эксплуатациялоонун мүмкүнчүлүгү, мөөнөтү жана шарттары жөнүндө корутунду (зарыл болгон оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин тизмеги) көрсөтүлөт.
263. Кызматтын мөөнөтүн узартуунун шарттары жана мүмкүндүгү жөнүндө корутундусу менен техникалык диагностикалоо боюнча отчеттук техникалык документтер Аттракцион формулярына тиркелет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Техникалык диагностикалоону жүргүзгөн уюм аттракциондун формулярында белгиленген кызмат мөөнөтүн узартуу жөнүндө тыянактарды көрсөтүү менен жазуу жүргүзөт.
264. Аны өткөргөн уюмдун аттракциондун иштөө мөөнөтүн узартуу мүмкүндүгү жөнүндө тыянактарды көрсөтүү менен аттракционду техникалык диагностикалоонун натыйжалары жөнүндө маалымат, аттракцион катталган жердеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу органга аттракциондун ээсине (эксплуатантына) аттракционду техникалык диагностикалоо жөнүндө отчет берилген учурдан тартып 10 күндүк мөөнөттө берүүгө милдеттүү.
265. Даярдоочу тарабынан белгиленген кызматтын көрсөтүлгөн мөөнөтүнө (көрсөтүлгөн ресурс) жеткенде техникалык диагностикалоо боюнча иштерди жүргүзбөстөн жана кызмат мөөнөтүн узартпастан аттракционду андан ары эксплуатациялоого жол берилбейт.
266. Аттракциондун эксплуатациялык документтеринде көрсөтүлгөн кызмат мөөнөтү (көрсөтүлгөн ресурс) жөнүндө маалыматтар жок болгон учурда аттракционду техникалык диагностикалоо эксплуатациялоо документтеринде көрсөтүлгөн ал даярдалган датадан тартып 10 жылдан кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
267. Техникалык диагностикалоо Аттракциондун ээсинин (эксплуатанттын) чечими боюнча көрсөтүлгөн кызмат мөөнөтүн (көрсөтүлгөн ресурсту) иштеп чыкканга чейин жүргүзүлүшү мүмкүн.
268. Аттракциондун металл конструкцияларына техникалык диагностикалоо жүргүзүүдө бузбаган контролдоонун милдеттүү методдору катары визуалдык-өлчөө, ультраүн (калыңдыкты өлчөө), капиллярдык же магниттик бөлүкчөлөрдүн контролдоонун методдорун колдонуу зарыл.
Тиешелүү түрдөгү (типтеги) аттракциондорду техникалык диагностикалоо боюнча жумуштарды жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу жагынан аккредитацияланган адистештирилген уюмдун чечими боюнча ширетилген жана башка кошулмалардагы кемчиликтер, аттракциондун конструкцияларынын материалы, анын түйүндөрүн жана механизмин аныктоого жетиштүү аныктык менен аныктоого мүмкүндүк берүүчү бузбаган контролдоонун кошумча методдорун колдонууга болот.
10-глава. Адистерди жана тейлөө персоналын окутуу жана билимин текшерүү
269. Аттракциондун коопсуз эксплуатацияланышы үчүн жооптуу адам, башка жооптуу адистер окутулуп, ошондой эле 3 жылда бир жолудан кем эмес ушул Эрежелерди билүүсүн текшерүүдөн өтүшү керек.
Жооптуу адистер үчүн ушул Эрежелерди билүүсүн текшерүү боюнча комиссиянын (мындан ары - комиссия) ишине ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу органдын кызмат адамынын катышуусу милдеттүү болуп саналат.
270. Аттракциондун нөөмөтчүлөрүн жана башка тейлөөчү персоналын окутуу жана билимдерин текшерүү кесиптик-техникалык билим берүүнү камсыздоочу билим берүү уюмдарында же кадрлардын квалификациясын жогорулатууну жана кайра даярдоону камсыздоочу билим берүү мекемелеринде, ошондой эле уюмдар тарабынан атайын түзүлгөн курстарда жүргүзүлөт.
Тейлөөчү персоналдын билимин текшерүү боюнча комиссиянын ишине ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу органдын кызмат адамынын катышуусу милдеттүү болуп саналат.
271. Билимди текшерүүнүн жыйынтыгы протоколдо чагылдырылат. Билимин текшерүүдөн өткөн адамдарга күбөлүктөр берилет.
272. Эрежелердин ушул главасында көрсөтүлгөн жооптуу адистерди жана персоналды окутуунун жана квалификациясын жогорулатуунун типтүү окуу пландары, программалары ыйгарым укуктуу контролдоочу орган менен макулдашылууга тийиш.
273. Нөөмөтчүлөр жана башка тейлөөчү персонал жумушта 6 айдан ашык тыныгуудан кийин зарыл көндүмдөрүн калыбына келтирүүгө жана ушул Эрежелерди билүүсүн текшерүү үчүн комиссиянын буйругу менен белгиленген билимин текшерүүдөн өтүүгө тийиш, андан кийин аларга өз алдынча иштөөгө уруксат берилиши мүмкүн.
274. Нөөмөтчүлөрдүн жана башка тейлөөчү персоналдын билимин мезгил-мезгили менен текшерүү жылына бир жолудан кем эмес комиссия тарабынан ушул Эрежелерди билүүсүн текшерүү үчүн жүргүзүлүшү керек.
275. Нөөмөтчүлөрдүн жана башка тейлөөчү персоналдын билимин кезексиз текшерүү төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- жумушчу башка жумуш ордуна өткөндө;
- ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын кызмат адамынын жана (же) аттракциондун коопсуз иштеши үчүн жооптуу адамдын талабы боюнча;
- башка типтеги аттракциондорду тейлөөгө которулган учурда.
276. Жооптуу адистердин, нөөмөтчүлөрдүн жана башка тейлөө персоналдын билимин текшерүү боюнча комиссиялардын мүчөлөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу органдын аттестациялык комиссиясында ушул Эрежелерди билүүгө текшерүүдөн өтүшү керек.
Комиссиянын мүчөлөрүнүн билимин текшерүү 3 жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлүшү керек.
277. Жооптуу адистердин жана тейлөөчү персоналдын билимин текшерүүнүн натыйжалары күбөлүктө тиешелүү белги менен протокол менен таризделет.
278. Жооптуу адистер жана тейлөөчү персонал ошондой эле Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2023-жылдын 3-августундагы № 01-13/157 буйругу менен бекитилген Электр орнотмолорун пайдаланууда коопсуздук техникасынын эрежелеринде (2-тиркеме) белгиленген тиешелүү электр коопсуздук тобуна ээ болушу керек.
11-глава. Аттракциондорду эксплуатациялоого байланышкан аварияларды, инциденттерди жана кырсыктарды иликтөөнүн тартиби
279. Аттракционду эксплуатациялоого байланыштуу авария, инцидент, кырсык (мындан ары - авариялар) болгон учурда аттракциондун ээси (эксплуатанты) болгон окуя жөнүндө тез жардам кызматына, куткаруу кызматтарына жана өрткө каршы кызматтарга, ички иштер органынын аймактык тескөөчүлөрүнө жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу органга токтоосуз билдирүүгө милдеттүү. Андан кийин Иш-аракеттер планына жана штаттан тышкаркы же авариялык кырдаалдарда аттракциондон жүргүнчүлөрдү эвакуациялоо схемасына ылайык жүргүнчүлөрдү жана аттракционго келгендерди куткаруу, алардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо жана коопсуз жайларга эвакуациялоо боюнча токтоосуз чараларды көрүү керек. Иш-чаралар планы менен штаттан тышкаркы же авариялык кырдаалдарда аттракциондон жүргүнчүлөрдү эвакуациялоо схемасы менен иш-аракеттер планы ички документ болуп саналат жана аттракциондун ээси (эксплуатанты) тарабынан бекитилет.
280. Окуянын себептерин кийин иликтөө максатында аттракциондун ээсинин (эксплуатанттын) штаттык кызматкерлери окуя болгон жердин ордун жана жагдайын фото жана видео тартуунун жардамы менен, схемаларды түзүү жана башка мүмкүн болгон ыкмалар аркылуу белгилеши керек.
281. Авариянын жагдайларын жана себептерин аныктоо, келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо, окуяга күнөөлүүлөрдү аныктоо үчүн, ошондой эле авариянын, инциденттин же кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды жана ушул жана башка ушул сыяктуу объекттерде окшош авариялардын алдын алуу боюнча чараларды иштеп чыгуу үчүн атайын түзүлгөн техникалык комиссия тарабынан техникалык иликтөө жүргүзүлөт.
282. Комиссиянын курамына төмөнкү өкүлдөр кирет:
- аймагында аттракциондук комплекс жайгашкан жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоо органынын;
- аттракциондун ээсинин (эксплуатантынын);
- аттракционду монтаждоо (чогултууну, орнотууну), тартипке келтирүүнү, оңдоону, модификациялоону (реконструкциялоону) жүргүзгөн уюмдун;
- аттракционду даярдоочунун (мүмкүн болсо).
Комиссия авариянын себептерин иликтөөгө, долбоорлоо, илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иш, жабдууларды өндүрүү жана башка чөйрөлөрдөгү эксперттик уюмдарды жана адистерди тарта алат.
283. Авариянын себептерин техникалык иликтөөнүн натыйжалары боюнча аттракциондун ээсинин (эксплуатанттын) жетекчиси үч күндүн ичинде авариянын себептерин жана кесепеттерин жоюу, андан аркы аттракциондун авариясыз жана туруктуу иштешин камсыз кылуу боюнча чараларды аныктоочу буйрук чыгарат.
Авариянын себептерин техникалык иликтөөнүн натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу орган бир айдын ичинде андан ары иликтөө зарыл болгон учурларда тергөөнүн материалдарын объект жайгашкан жердеги прокуратура органдарына жиберүүгө милдеттүү.
284. Техникалык комиссия тарабынан сунушталган иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө жазуу жүзүндөгү маалымат комиссия тарабынан сунушталган иш-чаралардын ар бир пунктун аткаруу мөөнөттөрү аяктагандан кийин он календардык күндүн ичинде аттракциондун ээсинин (эксплуатанттын) жетекчиси тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу органга жана алардын өкүлдөрү авариянын себептерин техникалык иликтөөгө катышкан уюмдарга берилет.
285. Авариянын себептерин техникалык иликтөөгө кеткен чыгымдар авария болгон кооптуу өндүрүштүк объектти эксплуатациялоочу уюм, башкача айтканда аттракциондун ээси (эксплуатанты) тарабынан каржыланат.
286. Аттракциондорду эксплуатациялоодо тейлөөчү персонал менен болгон кырсыктарды иликтөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-февралындагы № 64 "Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды териштирүү жана эсепке алуу жөнүндө жобону бекитүү тууралу" токтому менен бекитилген Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды териштирүү жана эсепке алуу жөнүндө тиркелген Жобого ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
12-глава. Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
287. Аттракциондорду даярдоону, монтаждоону, тартипке келтирүүнү, реконструкциялоону, оңдоону, техникалык күбөлөндүрүүнү, техникалык диагностикалоону, эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдар, жеке ишкерлер аткарылган иштердин ушул Эрежелердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келиши үчүн жоопкерчилик тартат.
288. Аттракциондун ээсинин (эксплуатанттын) кол алдындагыларды ушул Эрежелерди жана Колдонмолорду (нускамаларды) бузууга мажбурлаган көрсөтмөлөрдү же тескемелерди берүүсү, аны эксплуатациялоо мезгилинде аныкталган бузуулардын натыйжасында токтотулган аттракционду эксплуатациялоону өз алдынча негизсиз кайра баштоо, ушул Эрежелерди жана Колдонмолорду (нускамаларды) бузууларды четтетүүчү чараларды көрбөө жоопкерчилик чараларын көрүүчү бузуулар болуп саналат.
289. Бузуулардын мүнөзүнө жараша аларды жасаган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, административдик же кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
|
| Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерине 1-тиркеме |
Аттракциондордун түрлөрү жана типтери
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 410 токтомунун редакциясына ылайык)
Аттракциондордун түрү | Аттракциондордун тиби |
Механизацияланган илгерилөө кыймылындагы (анын ичинде сууну пайдалануу менен) | Айлануучу тоолор, эркин кулоо мунаралары, кайыктарда же плоттордо айлантуучу суу тоолор, катапульталар, рельстеги парк поезддери, монорельстик жана аркан парк жолдору |
Механизацияланган айлануу кыймылындагы | Кароо дөңгөлөктөрү, селкинчектер, каруселдер |
Механизацияланган татаал кыймылдагы | Өнөр жай роботторунун негизиндеги аттракциондор |
Автодромдор жана картингдер | Кагышкан автомобилдер, парк автомобилдери же автопоезддер, эс алуучу картингдер (анын ичинде эстакадаларда), мини-автомобилдери бар ылдам жолдор |
Үйлөмө | Үйлөмө батуттар, тоочолор, лабиринттер |
Суудагы механизацияланбагандар | Түз жана вираждары бар суу түшүүлөр, тоочолор, трамплиндер, жарым-жартылай сууга чөмүлгөн калкып жүрүүчү платформалар, "банандар", "дивандар", "таблеткалар" |
Механизацияланбагандар | Тоочолор, селкинчектер, каруселдер, тарзанкалар, банджи-, роуп-джампинг, парасейлинг (кайыктын артындагы атайын парашют менен учуу) |
Балдар үчүн | Тоочолор, тайгактар, селкинчектер каруселдер |
|
| Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерине 2-тиркеме |
Потенциалдуу биомеханикалык тобокелдиктин даражаларындагы аттракциондордун жүргүнчүлөрүнө биомеханикалык таасирлеринин түрлөрү жана жүргүнчү креслолорунун эңкейүүсүнүн түрлөрү
1. Аттракциондордун жүргүнчүлөрүнө биомеханикалык таасирлердин түрлөрү жана чоңдуктары жана потенциалдуу биомеханикалык тобокелдиктин даражалары
Биомеханикалык таасирдин түрү | Белгилениши | Потенциалдуу биомеханикалык тобокелдиктин даражасы жана чоңдугу | ||
RB-1 жогорку | RB-2 ортоңку | RB-3 төмөнкү | ||
Жер үстүндөгү аттракциондор | ||||
Бийиктиктен түшүү жана көтөрүлүү | Н (м) | Н>8 | 2<Н≤8 | 0,4<Н≤2 |
Ылдамдык менен жылып жүрүү | V (м/с) | V>20 | 10<V≤20 | 3<V≤10 |
Эңкейүү менен креслодо көтөрүлүү жана түшүү: | Н (м) | Н>3 | 2<Н≤3 | 0,4<Н≤2 |
алдыга (1-сүр.) | α (º) | 135<α≤180 | 45<α≤135 | 10<α≤45 |
артка (2-сүр.) | β (º) | 135<β≤180 | 105<β≤135 | 95<β≤105 |
капталга (3-сүр.) | ɣ (º) | 120<ɣ≤180 | 60<ɣ≤120 | 30<ɣ≤60 |
Суу аттракциондору: | ||||
Суу чөлкөмүндө бою 1,3 м ашык эмес балдардын мүмкүн болгон чөмүлүүсүнүн тереңдиги | Н (м) | Н≥0,7 | 0,7>Н≥0,5 | 0,5>Н≥0,2 |
Суу чөлкөмүндө бою 1,3 м ашык балдардын мүмкүн болгон чөмүлүүсүнүн тереңдиги | Н (м) | Н≥1,35 | 1,35>Н>1,0 | 1,0>Н≥0,5 |
Аттракциондун потенциалдуу биомеханикалык тобокелдигинин даражасы жөнүндө жүргүнчүлөрдү маалымдоо үчүн символдор (сунушталган)
Потенциалдуу биомеханикалык тобокелдиктин даражалары | RB-1 жогорку | RB-2 ортоңку | RB-3 төмөнкү |
|
|
|
|
2. Жүргүнчү креслолорунун эңкейиштеринин түрлөрү
1) жүргүнчү креслолорунун алдыга эңкейишинин түрлөрү:
1-сүр. Жүргүнчү креслолорунун алдыга эңкейиши
2) жүргүнчү креслолорунун артка чалкалоосунун түрлөрү:
2-сүр. Жүргүнчү креслолорунун артка чалкалоосу
3) жүргүнчү креслолорунун капталга жантаюусунун түрлөрү:
3-сүр. Жүргүнчү креслолорунун капталга жантаюусу
|
| Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерине 3-тиркеме |
Форма
Аттракциондун формуляры (Формуляр катуу мукабада көктөлүү менен таризделет)
Титулдук барак
Аттракцион эксплуатациялоого киргизилгенге чейин техникалык контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик органда каттоодон өтүүсү керек _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ (аттракциондун даярдоочусунун аталышы, логотиби, даярдаган өлкө) _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ (аттракциондун аталышы тиби жана түрү, аттракциондун потенциалдуу биомеханикалык тобокелдигинин даражасы) ФОРМУЛЯР _____________________________________________________________________________________ (Формулярдын каттоо номери, каттоо датасы) _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ (аттракциондун турган орду, дареги, району (облусу) элдүү пункту) _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ (аттракциондун ээсинин (эксплуатанттын) аталышы, жетекчисинин аты-жөнү) _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ (Формулярды түзүүчүнүн аталышы (уюм, ЖИ ж.б.), жетекчисинин аты-жөнү) |
|
Титулдук барактын арты АТТРАКЦИОНДУН ЭЭСИНИН НАЗАРЫНА! 1. Аттракциондун формуляры дайыма аттракциондун ээсинде (эксплуатантта) болушу керек. 2. Формулярга төмөнкүлөр тиркелиши керек - аттракциондун белгиленген техникалык талаптарга шайкештиги боюнча сертификаттар же декларациялар; - аттракционду эксплуатациялоого кабыл алуу жөнүндө акт же анын көчүрмөсү; - аттракционду ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу органдын реестринде каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүк; - аттракционду ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу орган тарабынан текшерүү актылары; - сыноо лабораториялары жана башка уюмдар тарабынан жүргүзүлүүчү сыноолорду жана техникалык контролду, техникалык күбөлөндүрүүлөрдү, техникалык диагностиканы жүргүзүү жана натыйжалары жөнүндө актылар, корутундулар; - аттракциондорду эксплуатациялоо менен байланышкан авариялардын, инциденттердин, кырсыктардын (эгерде алар болгон болсо) себептерин техникалык иликтөө актылары; - башка документтер (эксплуатанттын ыктыяры боюнча). |
|
1-бет жана кийинки беттер
|
|
Аттракциондун аталышы жана идентификациялоо
Аттракциондун даярдоочусунун аталышы |
|
Аттракциондун даярдоочусунун дареги |
|
Аттракциондун аталышы |
|
Потенциалдуу биомеханикалык тобокелдиктин тиби, түрү, даражасы |
|
Аттракциондун заводдук номери |
|
Аттракциондун ЕАЭБ ТР 038/2016 талаптарына шайкештигин ырастоочу маалыматтар |
|
Сатуучунун, жөнөтүүчүнүн же импорттоочунун (эгерде ал даярдоочусу болбосо) аталышы жана дареги |
|
Аттракциондун даярдалган күнү |
|
Аттракциондун ыйгарылган кызмат мөөнөтү (белгиленген ресурс) |
|
Аттракционду эксплуатациялоого алгачкы киргизүү датасы |
|
Негизги өлчөмдөрүн көрсөтүү менен аттракциондун жалпы көрүнүшүн жайгаштыруу (аттракциондун схемасына, фотосуна жол берилет), аттракциондун конструкциясынын жана иштөөсүнүн кыскача сыпаттамасы
|
АТТРАКЦИОНДУ ДАЯРДОО ЖАНА ЗАВОДДОН ЭКСПЛУАТАЦИЯЛООГО ЧЫГАРУУ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАР
Аттракцион ______________________________________________________________________
(биомеханикалык тобокелдиктин аталышы, тиби, түрү, даражасы)
Заводдук номери _________________________________________________________________
_______________________________________________________ ылайык жасалып чыгарылган
Аттракцион сыноолордон өттү жана Аттракциондун формулярында көрсөтүлгөн техникалык маалыматтары менен жарактуу деп таанылды (даярдоочу аттракционду чогултулган түрдө жөнөткөн учурда же даярдоочу тарабынан аттракционду толук чогултуу жүргүзүлсө толтурулат).
Аттракциондун курамдык бөлүктөрү текшерилди жана даярдоочунун сапатты контролдоочу кызматы тарабынан кабыл алынды. Сыноолорду өткөргөндөн жана каттоодон өткөндөн кийин Аттракциондун формулярында техникалык маалыматтарды көрсөтүү менен эксплуатациялоого жарактуу деп таанылды.
Иштөөсүнүн кепилдик мөөнөтү _______________________________________________________
Даярдоочунун техникалык директору (башкы инженери) | ________________ (колу) | ___________________________ (аты-жөнү) |
|
|
|
Даярдоочунун сапатты контролдоо кызматынын начальниги | ________________ (колу) | ___________________________ (аты-жөнү) |
_________________ (датасы)
Аттракциондун ээси (эксплуатанты) жөнүндө маалыматтар
Аттракциондун эксплуатантынын (ээсинин) аталышы, юридикалык дареги, телефон номери | Аттракцион орнотула турган жер, почталык дареги (туруктуу орнотулгандар үчүн) | Аттракционду эксплуатацияга киргизүү күнү |
1 | 2 | 3 |
|
|
|
Аттракционду коопсуз эксплуатациялоого жооптуу адамды (адамдарды) дайындоо жөнүндө маалыматтар
Адамды (адамдарды) дайындоо жөнүндө буйруктун же адистештирилген уюм менен келишимдин номери жана датасы | Дайындалган адамдардын аты-жөнү, кызматы | Коопсуздук маселелери боюнча адамдардын билимдерин текшерүү протоколунун номери жана датасы | Кол тамгалары |
1 | 2 | 3 | 4 |
|
|
|
|
Аттракционду ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу органдын реестринде каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө маалымат
Каттоодон (кайра каттоодон) өткөргөн жана аны реестрге киргизген ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу органдын жана анын бөлүмдөрүнүн аталышы | Аттракциондун каттоо номери, аны каттоо датасы | Аттракционду каттоодон (кайра каттоодон) өткөргөн жана аны реестрге киргизген ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу органдын жетекчисинин аты-жөнү | Аттракционду каттоого (кайра каттоого) каттын (арыздын) датасы жана номери |
1 | 2 | 3 | 4 |
|
|
|
|
Аттракциондун негизги техникалык мүнөздөмөлөрү
Аттракциондун негизги габариттик өлчөмдөрү, м |
|
диаметри: |
|
узундугу: |
|
жазылыгы: |
|
бийиктиги: |
|
Коопсуздук чөлкөмүнүн минималдык өлчөмдөрү, м |
|
узундугу: |
|
жазылыгы: |
|
бийиктиги (минималдык эркин мейкиндик): |
|
Электр энергиясына талаптар |
|
чыңалуу: |
|
фазалардын саны: |
|
кВА же кВт боюнча номиналдык кубаттуулугу: |
|
жыштыгы: |
|
Отургузуучу орундардын саны, бирдик |
|
Жүргүнчү модулдарынын саны, бирдик |
|
Келүүчүлөр жана жүргүнчүлөр үчүн колдонуу боюнча чектөөлөр (бою, салмагы, жаш курагы, ден соолугунун абалы ж.б. боюнча) |
|
Максималдуу жол берилген ылдамдык, айлануунун жыштыгы, м/с, айл./мин. |
|
Айлануунун багыты (эгерде зарыл болсо) |
|
Аттракциондун бир циклинин иштөөсүнүн максималдуу убактысы, мүн. |
|
Иштеп жаткан аттракцион үчүн шамалдын максималдуу жол берилген ылдамдыгы, м/с |
|
Кыртыштын минималдуу көтөрүү жөндөмдүүлүгү (тыгыздоо же фундамент үчүн), кг/кв. см |
|
Аттракциондун фундаментине же түбүнүн аянтчасына талаптар |
|
Кар жүктөмү боюнча мүмкүн болуучу чектөөлөр |
|
Сейсмологиялык туруктуулук боюнча талаптар |
|
Аттракциондун массасы, кг |
|
Кошумча шарттар же талаптар (эгерде зарыл болсо) |
|
Критикалык (кооптуу) компоненттердин, аттракциондун ресурсу чектелген компоненттердин, критикалык параметрлердин тизмеги
Аттракциондун критикалык (кооптуу) компоненттеринин, ресурсу чектелген компоненттеринин, критикалык параметрлеринин аталышы | Саны | Негизги техникалык мүнөздөмөлөрү | Идентификациялык маркалоо | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
Аттракцион менен кошо берилүүчү документтердин тизмеги
№ кк. | Документтин түрү | Документтин белгилениши (коду) | Беттердин саны | Эскертүү |
1 | Аттракционду эксплуатациялоо боюнча колдонмо (нускама) |
|
|
|
2 | Аттракционду техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча колдонмо (нускама) |
|
|
|
3 | Аттракционду монтаждоо (чогултуу, орнотуу), ишке киргизүү, жөнгө салуу жана иштетип көрүү боюнча нускама |
|
|
|
4 | Аттракционду ташуу жана сактоо боюнча нускама |
|
|
|
5 | Аттракционду эксплуатациядан чыгаруу жана утилдештирүү боюнча нускама |
|
|
|
6 | Башкалар (зарыл болгондо) |
|
|
|
7 | Эксплуатациялык документтердин ведомосту |
|
|
|
Сыноо лабораториялары өткөрүүчү техникалык абалын текшерүүлөрдү, сыноолорду өткөрүү жана натыйжалары жөнүндө маалыматтар
Датасы | Түрү | Көлөмү | Жараксыздык көрсөткүчтөрү | Документтин аталышы (актынын, корутундунун) анын аталышы, номери, датасы | Ким тарабынан жүргүзүлдү, уюмдун аталышы, жетекчисинин жана аткаруучулардын аты-жөнү, кызматы, колу |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
|
|
|
|
|
Аттракциондун бөлүктөрүн бузбаган контролдоо жүргүзүү жөнүндө маалыматтар
Күнү | Түрү | Көлөмү | Жараксыздык көрсөткүчтөрү | Документтин (актынын, корутундунун) аталышы, анын аталышы, номери, датасы | Ким тарабынан жүргүзүлдү, уюмдун аталышы, жетекчисинин жана аткаруучулардын аты-жөнү, кызматы, колу |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
|
|
|
|
|
Аттракциондун техникалык күбөлөндүрүүлөрүн жана техникалык диагностикасын эсепке алуу
Түрү (техникалык күбөлөндүрүү, техникалык диагностикалоо) | Ким тарабынан жүргүзүлдү, уюмдун аталышы, жетекчисинин жана аткаруучулардын аты-жөнү, кызматы, колу | Жүргүзүлгөн датасы | Натыйжалары | Кийинки (техникалык күбөлөндүрүү, техникалык диагностикалоо) датасы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
Аттракционду оңдоону, реконструкциялоону, модернизациялоону эсепке алуу
Датасы | Жумуштардын түрлөрү (оңдоо, реконструкциялоо, модернизациялоо). Аткарылган жумуштар боюнча негизги маалыматтар | Мүнөздөмөлөрү, көрсөткүчтөрү, параметрлери (жаңы, өзгөртүлгөн) | Оңдоону, реконструкциялоону, модернизациялоону аткарган уюмдун же жактын аталышы | Долбоорду (реконструкциялоонун, модернизациялоонун) аткарган долбоордук уюмдун аталышы | Документтин (реквизиттери) аталышы, ал боюнча реконструкциялоо, модернизациялоо жүргүзүлгөн |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
|
|
|
|
|
Аварияларды, инциденттерди, кырсыктарды эсепке алуу
Датасы | Авариянын (инциденттин, кырсыктын) орду жана сыпаттамасы | Травманын, келтирилген материалдык зыяндын мүнөздөмөлөрү | Аварияны, инцидентти, кырсыкты жоюу боюнча кабыл алынган чаралар | Авариянын (инциденттердин, кырсыктардын) себептерин техникалык иликтөө актысынын номери жана датасы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
Жыл сайын жана толук формада ишке ашырыла турган аттракциондун техникалык абалын текшерүүлөр жөнүндө маалыматтар
Датасы | Текшерүүнүн түрү | Текшерүүлөрдү жүргүзүүчү адамдар, аты-жөнү, кызматы | Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча түзүлгөн документ, (аталышы, номери, датасы) |
1 | 2 | 3 | 4 |
|
|
|
|
Мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органдары жүргүзгөн текшерүүлөр жөнүндө маалыматтар
Датасы | Текшерүүнүн түрү | Мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органынын аталышы, жетекчисинин аты-жөнү | Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча түзүлгөн документ, (аталышы, номери, датасы) |
1 | 2 | 3 | 4 |
|
|
|
|
Аттракционду утилдештирүү жөнүндө маалыматтар
Датасы | Утилдештирүүнүн технологиясы (ыкмасы) | Утилдештирилбеген калдыктардын түрлөрүнүн көмүлгөн орду | Утилдештирүү жана көмүү жөнүндө документтердин аталышы, реквизиттери |
1 | 2 | 3 | 4 |
|
|
|
|
|
| Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерине 4-тиркеме |
Потенциалдуу биомеханикалык тобокелдиктин RB-3 (төмөнкү) даражасындагы аттракциондун паспортунун мазмуну
1. Аттракцион жөнүндө негизги маалыматтар жана анын техникалык мүнөздөмөлөрү.
2. Комплекттүүлүк.
3. Белгиленген ресурсу (белгиленген кызмат мөөнөтү жана сактоо мөөнөтү), даярдоочунун (жөнөтүүчүнүн) кепилдиктери.
4. Консервациялоо.
5. Таңгактоо жөнүндө күбөлүк.
6. Кабыл алуу жөнүндө күбөлүк.
7. Оңдоо жана иштөөсүн эсепке алуу.
8. Эксплуатациялоо жана сактоо боюнча эскертмелер (зарыл болгон учурда).
9. Аттракциондун Евразия экономикалык бирлигинин "Аттракциондордун коопсуздугу жөнүндө" (ЕАЭБ ТР 038/2016) техникалык регламентине жана ага карата таасири жайылтылган башка күчүнө кирген Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттерине шайкештигин ырастоочу маалыматтар.
10. Утилдештирүү боюнча маалыматтар.
11. Аттракционду ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу органда каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө маалыматтарды кошуп алганда өзгөчө белгилери.
|
| Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерине 5-тиркеме |
Форма
Аттракциондун техникалык даярдыгынын АКТЫСЫ _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ (аттракциондун аталышы, заводдук номери, аттракциондун потенциалдуу биомеханикалык тобокелдигинин даражасы)
Биз, төмөндө кол коюучулар, эксплуатациялоочу уюмдун - аттракциондун ээсинин (эксплуатантынын) өкүлү, комиссиянын төрагасы: ___________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ (уюмдун аталышы, кызматы, аты-жөнү) аттракционду модификациялоо (реконструкциялоо), модернизациялоо боюнча жумуштарды долбоорлоону ишке ашырган уюмдун өкүлү: _______________________________________________ ____________________________________________________________________________________, (уюмдун аталышы, кызматы, аты-жөнү) аттракционду монтаждоо (чогултуу, орнотуу), тартипке келтирүү, оңдоо, модификациялоо (реконструкциялоо) боюнча ишти жүзөгө ашырган уюмдун өкүлү: _____________________________, _____________________________________________________________________________________, (уюмдун аталышы, кызматы, аты-жөнү) аттракционду даярдоочунун өкүлү (мүмкүн болсо): _________________________________________ _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ (уюмдун аталышы, кызматы, аты-жөнү) аттракционду монтаждоо (чогултуу, орнотуу), тартипке келтирүү, оңдоо, модификациялоо (реконструкциялоо) боюнча жумуштар аяктагандыгы, төмөнкү документтерде каралган көлөмдө аттракционду кароо жана текшерүү жүргүзүлгөндүгү тууралуу ушул актыны түздүк: _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ (долбоордо, Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелеринде, ЕАЭБ ТР 038/2016 ж.б.) Аттракцион төмөнкү дарек боюнча орнотулган: _____________________________________________ _____________________________________________________________________________________ Аттракциондун техникалык жана башка мүнөздемөлөрү: _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ Чыгарылган жылы: ____________________________________________________________________ Аттракцион оң абалда турат жана техникалык күбөлөндүрүүгө жана кабыл алууга даяр.
|
|
|
| Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерине 6-тиркеме |
Форма
Аттракционду эксплуатациялоого кабыл алуу АКТЫСЫ ____________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________ (аттракциондун аталышы, заводдук номери, аттракциондун потенциалдуу биомеханикалык тобокелдик даражасы)
Биз, төмөндө кол коюучулар, монтаждоосу аяктаган аттракционду кабыл алуу боюнча комиссиянын мүчөлөрү: эксплуатациялоочу уюмдун өкүлү - ээси (эксплуатанты), комиссиянын төрагасы: _________________ _____________________________________________________________________________________ (уюмдун аталышы, кызмат орду, аты-жөнү) аттракциондун курулуш бөлүгүнүн долбоордук-конструкторлук документтерин иштеп чыккан долбоордук уюмдун өкүлү: _____________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________, (уюмдун аталышы, кызмат орду, аты-жөнү) _____________________________________________________________________________________ аттракционду монтаждоо (чогултуу, орнотуу), жендөө, оңдоо, модификациялоо (реконструкциялоо) боюнча иштерди жүргүзгөн уюмдун өкүлү: _________________________________________________ ____________________________________________________________________________________, (уюмдун аталышы, кызмат орду, аты-жөнү) аттракциондун курулуш бөлүгү боюнча иш жүргүзгөн уюмдун өкүлү: _____________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________, (уюмдун аталышы, кызмат орду, аты-жөнү) аттракционду коопсуз эксплуатациялоо үчүн жооптуу адам: _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ (уюмдун аталышы, кызмат орду, аты-жөнү) ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоо органынын өкүлү: _____________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________, (уюмдун аталышы, кызмат орду, аты-жөнү) аттракционду даярдоочунун өкүлү (мүмкүн болгон учурда): _____________________________________________________________________________________ (уюмдун аталышы, кызмат орду, аты-жөнү) аттракционго тиешелүү документтер жана материалдар каралып чыккандыгы, төмөнкү документтерде каралган көлөмдө аттракционду кароо жана текшерүү жүргүзүлгөндүгү тууралуу ушул актыны түздүк _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ (Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелери, ЕАЭБ ТР 038/2016, ж.б.) Аттракцион төмөнкү даректе орнотулган: __________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ Аттракциондун техникалык жана башка мүнөздөмөлөрү: _____________________________________ _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ Даярдалган жылы: _____________________________________________________________________ Жеринде кароодо жана текшерүүдө төмөнкүлөр белгиленди: Курулуш, монтаждоо жана жөндөө иштери төмөнкүдөй документтерге жана белгилөөчү чиймелерге ылайык аткарылган: _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________, (документтердин аталышы) Аттракцион паспорттук маалыматтарга жана Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерине шайкеш келет; Аттракцион аны коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылган оң абалда турат; Аттракционду тейлөө Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерине шайкеш келет. Аттракцион анын ээси (эксплуатанты) жана аттракционду коопсуз эксплуатациялоо үчүн жооптуу адам тарабынан кабыл алынды.
|
|
|
| Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерине 7-тиркеме |
Форма
Аттракционду эксплуатациялоону жана техникалык тейлөөнү эсепке алуу ЖУРНАЛЫ (ээси (эксплуатант) алмашканда өткөрүлүп берилүүгө тийиш)
|
| АТТРАКЦИОН ______________________ ___________________________________ (аттракциондун аталышы) Каттоо № __________________________ Журнал ________ 20___-жылы башталган Журнал ________ 20___-жылы бүткөн Сактоо мөөнөтү - аттракцион эсептен чыгарылганга чейин |
1. Аттракцион жана ээси (эксплуатанты) тууралуу маалыматтар
Аттракциондун аталышы _________________________________________________
Даярдоочусу ___________________________________________________________
Заводдук номери _______________________________________________________
Даярдалган күнү _______________________________________________________
Эксплуатациялоого берилген күнү _________________________________________
Аттракциондун кепилдик мөөнөтү __________________________________________
Орнотулган жери _______________________________________________________
Аттракциондун ээсинин (эксплуатантынын) уюмунун аталышы жана анын почталык дареги | Аттракциондун ээсинин (эксплуатантынын) уюмунун жетекчисинин аты-жөнү | Аттракционду коопсуз эксплуатациялоо үчүн жоопту) адамдын кызмат орду, аты-жөнү | Аттракционду техникалык тейлөө үчүн жооптуу адамдын кызмат орду, аты-жөнү | Аттракционду коопсуз эксплуатациялоо, техникалык тейлөө боюнча жооптуу адамдарды дайындоо боюнча буйруктардын номерлери жана даталары |
1 | 2 | 3 | 3 | 4 |
|
|
|
|
|
Аттракциондун ээсинин (эксплуатантынын) байланыш маалыматтары (телефондору, факс, электрондук дареги) ______________________________________________
_________________________________________________________________________________
Аттракционду коопсуз эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамдын байланыш маалыматтары (телефондору, факс, электрондук дареги) _____________________________________________

Аттракционду техникалык тейлөө үчүн жооптуу адамдын байланыш маалыматтары (телефондору, факс, электрондук дареги) _____________________________________________

1. Аттракциондо иштөөгө жумушчуларга (нөөмөтчүлөргө) уруксат берүүнү эсепке алуу
№ | Аты-жөнү, кызматы | Өз алдынча иштөөгө уруксат берүү (буйруктун номери жана күнү) | Аттракциондорду тейлөөгө укук берген күбөлүктүн номери жана берилген дата | Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо маселелери боюнча билимдерин текшеруү протоколунун датасы жана номери |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
2. Аттракциондун техникалык абалын күн сайын текшерүүнү эсепке алуу
Дата | Текшерүү жүргүзгөн адамдын аты-жөнү | Ар бир критикалык компонент/параметр боюнча техникалык абалы | Аныкталган бузуктар | Эксплуатациялоого тыюу салынды/аты-жөнү, колу | Эксплуатациялоого уруксат берилди/ аты-жөнү, колу | Көрүлгөн чаралар | Кызматтык белгилер |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
|
|
|
|
|
|
|
|
3. Техникалык тейлөөнү эсепке алуу (а.и. пландык-алдын алуучу кароо жана оңдоо системасынын алкагында)
Дата | Техникалык тейлөө боюнча иштердин мазмуну | Техникалык талаптар | Түйүндүн, агрегаттын техникалык абалы боюнча эскертүүлөр | Эскертүүлөрдү жоюу боюнча көрүлгөн чаралар | Аты-жөнү, колу, датасы | |
Жургүздүм | Текшердим | |||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|
|
|
|
|
|
|
4. Оңдоо жүргүзүүнү эсепке алуу (а.и. пландык-алдын алуучу кароо жана оңдоо системасынын алкагында)
Курамдык бөлүктүн, компоненттин аталышы жана белгилениши | Оңдоого берүүгө негиз | Оңдоого түшкөн дата | Оңдоо бүткөн дата | Оңдоону жүргүзгөн уюмдун аталышы | Оңдоонун түрү (жүргүзүлгөн жумуштардын кыскача мазмуну) | Жооптуу адамдын кызматы, аты-жөнү, колу | |
Оңдоо жүргүздүм | Оңдоодон түзүлүштү кабыл алдым | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
|
|
|
|
|
|
|
|
5. Аттракционду консервациялоо, конвервациялоодон чыгаруу жана сактоо жөнүндө маалыматтар
Аттракцион консервацияланган дата | Консервациялоо боюнча жумуштар жүргүзүлгөн документтин аталышы | Консервациялоо боюнча жумуштарды жүргүзүүгө жооптуу адамдын кызматы, аты-жөнү жана колу | Объект сактоого коюлган дата. Аттракционду сактоого жооптуу адамдын кызматы, аты-жөнү жана колу | Аттракционду сактоонун шарттарынын мүнөздөмөсү | Аттракцион сактоодон чыгарылган дата | Консервациялоодон чыгарылган дата. Аттракционду консервациялоодон чыгарууга жооптуу адамдын кызматы, аты-жөнү жана колу | Аттракционду консервациялоодон чыгаруу боюнча жумуштарды жүргүзүүгө жооптуу адамдын кызматы, аты-жөнү жана колу |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерине 8-тиркеме |
Аттракциондордун критикалык компоненттери жана критикалык параметрлери
Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо көп факторлордон көз каранды. Эң маанилүү факторлордун бири болуп аттракциондун конструкциясынын бекемдиги жана анын эксплуатациялык мүнөздөмөлөрү эсептелет.
Аттракциондун бүтүндөй коопсуздугуна түздөн-түз таасир берүүчү конструкциясынын элементтерин жана анын параметрлерин критикалык деп аташат.
"Аттракциондордун коопсуздугу жөнүндө" ЕАЭБ ТР 038/2016 техникалык регламентине ылайык аттракциондордун критикалык компоненттери жана критикалык параметрлери деген түшүнүктөр төмөнкүлөрдү билдирет:
"критикалык компонент" - бузулушу адамдын өлүмүнө же адамдын ден соолугуна олуттуу зыян келтириши мүмкүн болгон аттракциондордун конструкциясынын бөлүгү, аттракциондун түйүнү же тетиги;
"критикалык параметр" - бузулушу адамдын өлүмүнө же адамдын ден соолугуна олуттуу зыян келтириши мүмкүн болгон аттракциондун же анын критикалык компонентинин маанилүү мүнөздөмөсү.
Аттракциондордун критикалык компоненттерине жана параметрлерине аттракционду долбоорлоодо жана даярдоодо, ошондой эле аны эксплуатациялоодо өзгөчө көңүл буруу керек.
1. Аттракциондорду долбоорлоодо иштебей калуулардын түрлөрүнө, кесепеттерине жана критикалуулугуна талдоо жүргүзүү зарыл жана аныкталган тобокелдиктерге ылайык иштебей калуулардын кесепеттерине жараша аларды классификациялоо керек.
Андан кийин тобокелдиктерди жоюу же минималдаштыруу боюнча чараларды, алардын конструкциянын өз ара байланышкан бөлүктөрүнө тийгизген таасирин ырааттуу текшерүү менен кабыл алуу зарыл.
Аттракциондорду долбоорлоодо төмөнкү критикалык компоненттерди талдап чыгуу керек:
- бекитүүчү түзүлүштөр, отуруучу орундар, бөгөттөөчү түзүлүштөр, бекиткичтер, чыканак таянгычтар, жөлөнгүчтөр, коопсуздук курлары (багыттарын жана таасир этүүчү ылдамдоолордун чоңдуктарын эске алуу менен), анын ичинде жүргүнчүлөрдүн түшүп калуусун же жаракат алуусун алдын алуучу пайдалануу эрежелерин атайылап бузган учурда;
- жүргүнчү модулдары (жүргүнчүлөрдүн салмагын, бардык динамикалык жүктөмдөр менен түзүлө турган натыйжа берүүчү күчтөрдүн аракеттерин эске алуу менен) жана аларды кыймылдын багыттоочуларына жана (же) башка жүргүнчү модулдарына ишенимдүү бекитүү;
- блоктоочу, тормоздук жана коргоочу түзүлүштөр (аларга таасир берүүчү бардык факторлорду эске алуу менен);
- багыттоочу түзүлүштөр жана алардын бекитүүлөрү;
- аттракциондун негизги алып жүрүүчү конструкциялары;
- коопсуздук контуруна түшүп кетүүсү мүмкүн болгон которулуп туруучу механикалык бөлүктөр.
Аттракциондорду долбоорлоодо критикалык компоненттерди жана ресурсу чектелген компоненттерди аныктоо жана аларды эксплуатациялык документтерге тиркелген критикалык компоненттердин жана ресурсу чектелген компоненттердин тизмесине киргизүү, ошондой эле көрсөтүлгөн тизмелерди долбоордук конструктордук документтер менен бирге даярдоочуга өткөрүп берүү керек.
Критикалык компоненттер резервделген болушу керек, резервдик элемент, анын жүктөмүнүн мүнөзүн жана шарттарын эске алуу менен негизги элементтен кем эмес бекемдүүлүккө ээ болушу керек.
Эгерде резервдөөнү алмаштыруу ыкмасы менен аткарууга мүмкүн болбосо, анда ал критикалык компоненттин бардык элементтеринде (аттракциондун түйүнүндө) эсептик чыңалууларды жетишээрлик төмөндөтүү менен камсыз кылынат. Бул учурда критикалык компонентти бузбай контролдоонун ыкмасы жана мезгилдүүлүгү көрсөтүлөт.
Эсептөөлөрдө ишенимдүүлүк коэффициентинин эң чоң маанилери эксплуатациялоо учурунда түздөн-түз контролдоого жеткиликтүү болбогон элементтерде болушу керек.
Коопсуздук жагынан критикалуу конструкциялардын элементтери жана байланыштардын тетиктери аттракционду эксплуатациялоо мезгилинде визуалдык жана шаймандык контролду жүргүзүүгө жеткиликтүү болушу керек. Контролдун түрү жана анын мезгилдүүлүгү конструктордук документтерде, андан кийин эксплуатациялык документтерде көрсөтүлүшү керек.
Аттракциондун ресурсунун теориялык эсептөөлөрү долбоордук документтерде көрсөтүлүшү керек.
Жогоруда көрсөтүлгөн конструкциянын ресурсуна коюлган талап чарчоого карата долбоордук жана текшерүүчү эсептөөлөргө гана арналган жана коопсуздук жагынан критикалуу болгон ресурсу чектелген алмаштырылуучу компоненттерге тиешелүү эмес.
Ресурсу чектелген алмаштырылуучу компоненттердин тизмеси жана аларды алмаштыруунун мезгилдүүлүгү даярдоочу тарабынан эксплуатациялык документтерде көрсөтүлүшү керек. Мындан тышкары, мезгил-мезгили менен кароого жаткан чарчоодон сынып кетүү коркунучу бар конструкциялардын түйүндөрү, ошондой эле аттракциондун конструкцияларынын ресурсу көрсөтүлүшү керек.
Долбоордук документтер өзүнө аттракциондордун жашоо циклинин бардык стадияларында коопсуздукту баалоо үчүн талап кылынуучу бардык зарыл болгон маалыматты камтышы керек жана аттракциондорду жана алардын бөлүктөрүн же конструкцияларын өндүрүүгө жана эксплуатациялоого болгон бардык долбоордук талаптарды камтышы керек.
Бул үчүн анда конструкциянын критикалык компоненттеринин жана переметрлеринин баяндамасы, ошондой эле аттракциондун иштөө принциби, чиймелери, аттракциондун критикалык компоненттеринин чыңалган-деформацияланган абалынын эсеби болушу керек.
Аттракциондун потенциалдуу биомеханикалык тобокелдиктерин талдоо жана аларга карата жашоо циклинин стадиясында тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн чараларды колдонуу зарыл болгон анын критикалык компоненттери менен критикалык параметрлеринин тизмеси; өлчөмдөрүн, материалдарын жана критикалык параметрлерин көрсөтүү менен критикалык компоненттердин чиймелери жана эсептөөлөрү, ошондой эле чектик абалдарын талдоонун натыйжалары аттракциондун долбоорунун коопсуздук негиздемесинин курамына жана (же) аттракциондун шайкештигин тастыктоо үчүн отчетко киргизилиши керек.
Аттракциондордун критикалык компоненттерин жана тетиктерин даярдоо үчүн алардын техникалык маалыматтары колдонуудагы ченемдик документтерде болгон гана конструкциялык материалдарды пайдалануу керек. Башка материалдарды, алардын жарактуулугу белгиленген тартипте расмий тастыкталган шартта, пайдаланууга жол берилет.
Өзгөчө көңүлдү ширетилген байланыштарга жана тандалып алынган металлдардын ширетилишине бөлүү керек.
Критикалык компоненттер үчүн бардык берилген материалдар жана комплекттөөчүлөр тиешелүү документтерди тариздөө менен кирүү контролунан (верификациядан) өтүшү керек.
Даярдоо процессинде даярдоочу өзү, ошондой эле анын жөнөтүүчүлөрү тарабынан өндүрүлгөн материалдарды (чыгымдалуучуларды кошо) жана компоненттерди (элементтерди), контролдоо жүргүзүшү керек.
Эгерде критикалык компоненттерге аларды даярдоо процессинде сыноолорду жүргүзүү зарылдыгы долбоордук-конструктордук документтерде көрсөтүлгөн болсо, анда даярдоочу аларды жүргүзүүнү камсыз кылууга милдеттүү. Долбоордук-конструктордук документтерди текшерүүдө же техникалык талаптарда бул тетиктер же түйүндөр коопсуздукту камсыз кылуу үчүн маанилүү болуп эсептелет жана алар үчүн сыноолорду өткөрүү зарыл деп көрсөтүлгөн учурларда даярдоочу бул сыноолорду жүргүзүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
Аттракционду долбоорлоо учурунда түзүлгөн жана даярдоочуга долбоордук-конструктордук документтер менен чогуу өткөрүлүп берилген критикалык компоненттердин тизмесинде каралган критикалык компоненттерге жана элементтердин байланыштарына карата бузбаган контролдоо колдонулушу керек.
Даярдоочу ар бир материал жана ар бир компонент үчүн коопсуздуктун негизги мүнөздөмөлөрүнүн жана сапатынын көрсөткүчтөрүнүн долбоордук-конструктордук документтерде көрсөтүлгөн талаптарга шайкештигин камсыздашы жана даярдоонун тиешелүү жол-жоболорун кароосу керек.
Аттракциондордун металл конструкцияларынын критикалык компоненттеринин ширетилген байланыштары, анын ичинде өзгөрүлмөлүү күч келүүлөрдү кабыл алган ширетилген байланыштар, алардын коопсуздугун камсыз кылышы керек.
Критикалык компоненттер даярдоочунун же подрядчынын маркалоосуна ээ болушу керек жана кийин идентификациялоого мүмкүндүгүн камсыз кылуу үчүн ал так жана даана болуп жана кароого жеткиликтүү орунда болушу керек.
2. Аттракциондорду эксплуатациялоодо критикалык компоненттердин жана параметрлердин тизмеси Формулярда жана Аттракционду техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча колдонмодо (нускамада) келтирилиши керек.
Эксплуатант Формулярдын тиешелүү тизмесине критикалык компоненттердин оңдоосун, алмаштыруусун, утилдештирүүнү камтыган жазууларды киргизүүгө милдеттүү.
Аттракционду эксплуатациялоодо тейлөөчү кызматкерлердин жумуш ордунда критикалык компоненттерге жана критикалык параметрлерге карата күн сайын текшерүүлөрдүн тартиби боюнча кызматкерлерге карата коюлган талаптарды камтыган тактачаларды орнотуу зарыл.
Аттракционду эксплуатациялоодо күн сайын жана башка регламенттик текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аттракциондун төмөнкү элементтерине өзгөчө көңүлдү буруу зарыл:
- бекитүүчү түзүлүштөрү;
- отуруучу орундар;
- жүргүнчүлөр модулдары жана алардын кыймылдын багыттоочуларына жана/же башка жүргүнчү модулдарына ишенимдүү бекитилиши;
- блоктоочу, тормоздук жана коргоочу түзүлүштөр;
- электр түзүлүштөрү жана аларды жерге туташтыруу;
- багыттоочу түзүлүштөр жана алардын бекитилиши.
Жыл сайын, ошондой эле эксплуатациялоону узакка токтотууда (12 айдан көп), техникалык себептер менен иштебей топтоп турууда, аттракционду жарым-жартылай же толук чачууда эксплуатант тарабынан аттракционду толук текшерүү жүргүзүлөт.
Толук текшерүү - эксплуатант тарабынан эксплуатациялык документтерде келтирилген талаптарга ылайык аттракциондун бардык критикалык компоненттеринин жана критикалык параметрлеринин абалын, эгерде зарыл болсо компоненттерди чачуу жана кароону, сыноолорду жана сынап жүргүзүп көрүүнү кошуп, ошондой эле аттракциондун башка бөлүктөрүнүн техникалык абалын баалоо.
3. Критикалык параметрлер:
Аттракциондорду долбоорлоодо, даярдоодо жана эксплуатациялоодо төмөнкү критикалык параметрлерге өзгөчө көңүл буруу керек:
- жүргүнчүлөргө аракет кылуучу ылдамдатуулар;
- коопсуздук контурлары, келүүчүлөрдүн же нерселердин түшүп кетүүсү мүмкүн болгон кооптуу ажырымдар;
- аттракциондун коопсуз иштөөсүн башкаруучу алгоритмдер жана компьютердик программалар;
- критикалык компоненттердин бекитилишинин жана бириктирилишинин тууралыгы, аттракциондордун оодарылып кетүүгө туруктуулугу.
Аттракциондордун жүргүнчүлөрүнө аракет кылуучу сызыктуу ылдамдатуулардын жол берилген чектик маанилери МАМСТ 33807-2016 "Аттракциондордун коопсуздугу. Жалпы талаптар" Мамлекеттер аралык стандарттын А тиркемесинде келтирилген маанилерден ашпосу керек.
Долбоорлоого салыштырмалуу критикалык компоненттин конструкциясынын ар кандай өзгөрүүсү же критикалык параметрдин өзгөрүүсү аттракционду модификациялоо болуп эсептелет, ал эми долбоорлоочунун алдын ала макулдугусуз аттракционду модификациялоо жүргүзүүгө жол берилбейт.
|
| Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерине 9-тиркеме |
Жүргүнчүлөрдүн боюн жана массасын эске алуу, ошондой эле башка факторлорду эске алуу менен аттракциондорду пайдалануудагы чектөөлөр
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) сунуштамаларына ылайык жүргүнчүнүн денесинин массасынын индекстери (ДМИ) боюнча жүргүнчүнүн денесинин массасынын 16дан төмөн болгон көрүнөө дефицити, анын ичинде анорексиялык абалдарда, олуттуу ылдамдоолордон инерциялык күчтөрдүн таасир этүүсүндө таяныч-кыймыл аппаратынын жаракат алуусуна алып келиши ыктымал.
Заманбап аттракциондордо колдонулуучу бир типтүү өлчөмдөгү бекитүүнүн жөнгө салынбаган системалары ар кандай бойлуу жана дене түзүлүштөгү жүргүнчүлөргө ылдамдоолордун таасир этүүсүндө аларга аларды комфорт жана коопсуздук деңгээли боюнча бирдей эмес шарттарга дуушар кылат. Денесинин массасынын дефицитине ээ жүргүнчүлөр тулку боюнун жогорку бөлүгү менен бекитүү системасынын элементтеринин ортосундагы олуттуу айырмаланган боштуктарга ээ болушу мүмкүн, бул жагымсыз урунуу оорчулуктарына алып келиши мүмкүн, мисалы "далы - төш" жана "каптал - каптал" сыяктуу өзгөрүлмө ылдамдатууларда баштын таянычына же бекитүү түзүлүшүнүн догосуна урунуулары.
Бекитүүчү түзүлүштөр же жүргүнчүлөрдү кармап туруучу түзүлүштөр 1-таблицадагы маалыматтарды эске алуу менен долбоорлонушу керек.
1-таблица. Аттракциондордун жүргүнчүлөрүнүн боюна карата салмактын ченемдери
Жүргүнчүнүн бою, м | Жүргүнчүнүн салмагы, кг |
1,2-1,29 | 30-60 |
1,3-1,39 | 35-70 |
1,4-1,49 | 40-80 |
1,5-1,59 | 45-90 |
1,6-1,69 | 50-100 |
1,7-1,79 | 55-115 |
1,8-1,89 | 60-130 |
1,9-2,0 | 65-140 |
Долбоорлоочу аттракциондор үчүн креслолорду, бекитүүчү жана кармап туруучу түзүлүштөрдү долбоорлоодо, өзгөчө RB-1 жана RB-2 потенциалдуу биомеханикалык тобокелдиктин өзгөчө жогорку даражасындагы аттракциондор үчүн салмактын жана бойдун ченемдерин эске алууга тийиш.
Долбоорчу жана эксплуатант RB-3 жана RB-4 биомеханикалык тобокелдик даражасындагы аттракциондор үчүн жүргүнчүлөрдүн салмагынын жана боюнун башка ченемдерине жол берүүгө укуктуу.
Эгерде ылдамдыктын, ылдамдоолордун же башы менен ылдый түшүүлөрдүн RB-1 жана RB-2 потенциалдуу биомеханикалык тобокелдиктин жогорку даражасындагы аттракцион жекече жөнгө салуу мүмкүндүгү бар кармап туруучу жана бекитүүчү түзүлүштөр менен жабдылбаса, анда массасынын дефицитине ээ же денесинин ашыкча массасына ээ жүргүнчүлөр үчүн пайдаланууну чектөөлөрү жөнүндө төмөнкүдөй (1 жана 2-сүрөттөр) тиешелүү эскертүүлөрдү жана ошондой эле 1-таблицаны, бойду өлчөгүч жана салмак өлчөөчү жабдууну жайгаштыруу зарыл.
1-сүрөт. Салмак боюнча чектөөлөр
2-сүрөт. Бою боюнча чектөөлөр
Саламаттыгы начар же өзүн жаман сезип турган учурда белгилүү типтеги аттракциондор жүргүнчүлөрдүн ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн.
Аттракциондун эксплуатанты дайыма эле келген адамдын ден соолугунун абалын аныктай албайт жана аны пайдалануудан четтете албайт, ошондуктан ал аттракциондун кире беришине аттракционду пайдаланууга чектөөлөр жөнүндө жеңил окула турган жазуу жүзүндөгү эскертүүлөр жана (же) белгилер менен табличка жайгаштыруусу керек. Табличка долбоорлоочу же аттракциондун эксплуатанты тарабынан иштелип чыгат.
Табличка аттракциондун потенциалдуу биомеханикалык тобокелдик даражасы жөнүндө маалыматты жана кош бойлуу аялдарга, жүрөк-кан тамыр оорулары, таяныч-кыймыл аппаратынын оорулары жана (же) нервдик-психологиялык бузулуулары бар оорулууларга, алкоголдук же баңгилик мас абалындагы адамдарга эскертүүлөрдү камтышы мүмкүн.
Тегеренип айлануучу аттракциондор жүргүнчүлөрдүн вестибулярдык аппаратына таасир этиши жана алардын ошол учурдагы же андан кийинки абалын начарлатышы мүмкүн. Вестибулярдык аппараты начар адамдарга пайдаланууга чектөөлөр жөнүндө эскертүү керек.
Жүргүнчүлөрдүн "башы ылдый" оодарылган аттракциондордо жүрөк жана кан тамыр оорусу бар адамдар үчүн пайдалануу боюнча чектөөлөр жөнүндө эскертүүлөр болушу керек.
Эскертүүлөрү бар табличкалар жүргүнчүгө ден соолугу начар же алкоголдук же баңгилик мас болгон учурда аттракционду пайдалануунун кесепеттери үчүн жоопкерчиликти жүктөйт.
Боюнда бар аялдар жана алкоголдун, баңгизаттардын же медикаменттердин таасири астында болгон адамдар үчүн чектөөчү коопсуздук белгилеринин мисалдары 3 жана 4-сүрөттөрдө берилген. Эксплуатант элге түшүнүктүү болгон башка эскертүүчү белгилерди колдоно алат.
3-сүрөт. Боюнда бар аялдарга пайдалануу үчүн чектөөлөр
4-сүрөт. Алкоголдун, баңгизаттардын, медикаменттердин ж.б. таасири астындагы келүүчүлөргө пайдалануу үчүн чектөөлөр
|
| Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерине 10-тиркеме |
Келүүчүлөрдүн суу аттракциондорун (суу менен сыйгаланып түшүүнү) пайдаланууда алар үчүн маалымдоо жана тыюу салуу белгилери
1. Маалымдоо белгилери:
1-сүрөт. Суу менен түшүүнүн татаалдык даражасы
2-сүрөт. Трасса менен түшүү соңунда сууга кулоонун бийиктиги
3-сүрөт. Трасса менен түшүү аяктаган зонадагы суунун тереңдиги
2. Тыюу салуучу белгилер:
1-сүрөт. Жүргүнчүнүн көмкөрөсүнөн башын алдыга сунуп жатуусуна тыюу салынат
2-сүрөт. Жүргүнчүлөрдүн суудан удаалаш түшүүсүнө тыюу салынат
3-сүрөт. 8 жаштан жогору балдарга суу менен түшүүгө тыюу салынат
4-сүрөт. 8 жаштан төмөнкү балдарга суу менен түшүүгө тыюу салынат
5-сүрөт. Суу менен түшүү трассасынын капталдарын кармоого тыюу салынат
6-сүрөт. Бөтөн предметтер менен суу менен түшүүгө тыюу салынат
7-сүрөт. Түнкү убакта суу менен түшүүгө тыюу салынат
|
| Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерине 11-тиркеме |
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 24-апрелиндеги № 66 "Евразия экономикалык бирлигинин Аттракциондордун конструкциясында пайдаланууну чынжырларды, болот аркандарды, текстиль аркандарын жана ленталарды сыноо жөнүндө күбөлүгүнүн формасын жана аны тариздөө эрежелерин бекитүү жөнүндө" чечими
Евразия экономикалык бирлигинин алкагында техникалык жөнгө салуу жөнүндө протоколдун 5-пунктунун сегизинчи абзацына (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 9 тиркемеси) жана Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2014-жылдын 23-декабрындагы чечими менен бекитилген Евразия экономикалык комиссиясынын ишинин регламентинин № 2 тиркемесинин 9-пунктуна ылайык Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1. Евразия экономикалык бирлигинин Аттракциондордун конструкциясында пайдалануучу чынжырларды, болот аркандарды, текстиль аркандарын жана ленталарды сыноо жөнүндө күбөлүгүнүн тиркелген формасы жана аны тариздөө эрежелери бекитилсин.
2. Бул чечим расмий жарыялаган датадан тартып 60 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы |
| Т.Саркисян |
|
| Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 24-апрелиндеги № 66 чечими менен бекитилген |
Евразия экономикалык бирлигинин Аттракциондордун конструкциясында пайдалануучу чынжырларды, болот аркандарды, текстиль аркандарын жана ленталарды сыноо жөнүндө күбөлүгүнүн формасы жана аны тариздөө эрежелери
I. Евразия экономикалык бирлигинин Аттракциондордун конструкциясында пайдалануучу чынжырларды, болот аркандарды, текстиль аркандарын жана ленталарды сыноо жөнүндө күбөлүгүнүн формасы
EBPАЗИЯЛЫК ЭКОНОМИКАЛЫК БИРЛИГИ (1)
АТТРАКЦИОНДОРДУН КОНСТРУКЦИЯСЫНДА ПАЙДАЛАНУУЧУ ЧЫНЖЫРЛАРДЫ, БОЛОТ АРКАНДАРДЫ, ТЕКСТИЛЬ АРКАНДАРЫН ЖАНА ЛЕНТАЛАРДЫ СЫНОО ЖӨНҮНДӨ КҮБӨЛҮК
ПРОДУКЦИЯ ________________________________________________________________ (2)
ДАЯРДООЧУ ________________________________________________________________ (3)
СЫНОО МЕТОДДОРУ ________________________________________________________ (4)
МИНИМАЛДУУ АЙЫРУУЧУ (ЖЕ БУЗУУЧУ) ЖҮКТӨМ ______________________________________________________ (5)
КҮБӨЛҮК ___________________________________________ НЕГИЗИНДЕ ТОЛТУРУЛДУ (6)
______________________ М.О. ________________________________________________ (7)
(колу) (өтүнмө берүүчүнүн аты-жөнү)
20___-ж. "___" ______________ (8)
II. Евразия экономикалык бирлигинин Аттракциондордун конструкциясында пайдалануучу чынжырларды, болот аркандарды, текстиль аркандарын жана ленталарды сыноо жөнүндө күбөлүгүн тариздөө эрежелери
1. Евразия экономикалык бирлигинин Аттракциондордун конструкциясында пайдалануучу чынжырларды, болот аркандарды, текстиль аркандарын жана ленталарды сыноо жөнүндө күбөлүгү (мындан ары тиешелүү түрдө - продукция, күбөлүк) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин (мындан ары - мүчө мамлекет) мыйзамдарына ылайык анын аймагында катталган аттракциондордун жана (же) продукциянын даярдоочусу, даярдоочу ыйгарым укук берген жак же болбосо сатуучу болуп саналган юридикалык жак же жеке жак алар катары чыккан өтүнмө берүүчүлөр (мындан ары - өтүнмө берүүчүлөр) тарабынан таризделет.
2. Күбөлүктүн мазмунуна талаптар Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 18-октябрындагы № 114 чечими менен кабыл алынган Евразия экономикалык бирлигинин "Аттракциондордун коопсуздугу жөнүндө" (ЕАЭБ ТР 038/2016) техникалык регламентинин VI бөлүмүнүн 70-пункту менен белгиленген.
3. Күбөлүк А4 форматындагы (210 х 297 мм) ак кагаздын барактарында таризделет.
4. Күбөлүк электрондук басып чыгаруучу түзүлүштөрдү колдонуу менен орус тилинде жана мүчө мамлекеттин мыйзамдарында тиешелүү талаптар болгон учурда күбөлүк таризделип жаткан мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде (мамлекеттик тилдеринде) түзүлөт.
Күбөлүк орус тилинде жана мүчө мамлекеттердин биринин мамлекеттик тилинде (мамлекеттик тилдеринде) түзүлгөн учурда, ал ушул бөлүмдүн 7-пунктуна ылайык күбөлүктүн ар башка тараптарында толтурулат.
5. Зарыл болгон учурда даярдоочунун аталышы, анын жайгашкан жери (юридикалык жактын дареги), ошондой эле продукцияны даярдоо боюнча иш жүзөгө ашырылган жердин дареги (даректери) (мамлекеттин аталышынан башка) жана продукция тууралуу маалымат (номиналдык өлчөмүн, конструкциясын жана материал жөнүндө маалыматты камтуучу маркасы) латин алфавитинин тамгаларын пайдалануу менен көрсөтүлүшү мүмкүн.
6. Күбөлүктүн бардык талаалары толтурулушу керек (күбөлүктүн түп нускасында талаалардын номерлениши жок болот).
7. Күбөлүктө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) 1-талаада - төмөнкүдөй ырааттуулукта 4 сапта аткарылган жазуулар:
1-сап - "ЕВРАЗИЯ ЭКОНОМИКАЛЫК БИРЛИГИ";
2-сап - "КҮБӨЛҮК";
3-сап - "чынжырларды, болот аркандарды, текстиль аркандарын жана ленталарды сыноо жөнүндө";
4-сап - "аттракциондордун конструкциясында пайдалануучу";
б) 2-талаада - күбөлүк таризделген продукция жөнүндө маалыматтар:
продукциянын аталышы жана (же) продукциянын даярдоочусу тарабынан берилген башка шарттуу белгилөө (болгон учурда);
продукцияны идентификациялоону камсыз кылуучу маалымат (номиналдык өлчөмүн, конструкциясын жана материалы тууралуу маалыматтарды камтуучу маркасы);
ага ылайык продукция даярдалган документтин (документтердин) аталышы жана белгилениши (стандарт, уюмдун стандарты, техникалык шарттар же башка документ) (болгон учурда);
аны идентификациялоону камсыз кылуучу продукция жөнүндө башка маалыматтар (болгон учурда);
в) 3-талаада - продукцияны даярдоочунун толук аталышы, анын жайгашкан жери (юридикалык жактын дареги) жана продукцияны даярдоо боюнча иш жүзөгө ашырылуучу жердин дареги (даректери) (даректери айырмаланган учурда) - продукцияны даярдаган юридикалык жак жана анын филиалдары (өндүрүштөр) үчүн, же фамилиясы, аты жана атасынын аты (болгон учурда), жашаган жери жана продукцияны даярдоо боюнча иш жүзөгө ашырылган жердин дареги (даректери) (даректери айырмаланган учурда) - жеке ишкер катары каттоодон өткөн жеке жак үчүн;
г) 4-талаада - ага ылайык сыноолор жүргүзүлгөн документтин (документтердин) аталышы жана белгилениши (стандарт, сыноолордун методу (методикасы) ж.б.);
д) 5-талаада - минималдуу айыруучу (же бузуучу) жүктөм жөнүндө маалыматтар;
е) 6-талаада - алардын негизинде күбөлүк таризделген документтер жөнүндө маалыматтар (номерин, датасын, сыноо лабораториясынын (борборунун) аталышын, аккредитациялоо аттестатынын каттоо номерин (болгон учурда) көрсөтүү менен изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана өлчөөлөрдүн протоколдору);
ж) 7-талаада - жеке ишкер катары катталган жеке жактын, өтүнмө берүүчү уюмдун жетекчисинин же өтүнмө берүүчү уюмдун мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ыйгарым укук берилген адамынын колу, фамилиясы, аты жана атасынын аты (болгон учурда), өтүнмө берүүчүнүн мөөрүн басуу менен (эгерде мүчө мамлекеттин мыйзамдарында башкача белгиленбесе). Колдун ордуна факсимилени пайдаланууга жол берилбейт;
з) 8-талаада - күбөлүк таризделген дата. Күбөлүк ал таризделген датадан тартып продукциянын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу.
8. Күбөлүккө ушул бөлүмдө каралбаган маалыматтарды киргизүүгө, ошондой эле сөздөрдү кыскартууга (жалпы кабыл алынган белгилөөлөр жана кыскартуулардан башка) жана текстти кандай болбосун оңдоолорго жол берилбейт.
9. Таризделген күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү өтүнмө берүүчү тарабынан А4 (210х297 мм) форматындагы ак кагаздын барактарында даярдалат, өтүнмө берүүчүнүн же өтүнмө берүүчү уюмдун мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ыйгарым укук берилген адамынын (ыйгарым укук берүүчү документтин аталышын жана реквизиттерин көрсөтүү менен) колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт (эгерде мүчө мамлекеттин мыйзамдарында башка белгиленбесе).
|
| Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерине 12-тиркеме |
Үйлөмө аттракциондорго коопсуздук ТАЛАПТАРЫ

1. Үйлөмө аттракциондорго кирген аттракциондордун ээлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) даярдоочу заводдун үйлөмө аттракциондорду коопсуз пайдалануу боюнча нускамасынын талаптарын аткарууга. Үйлөмө аттракциондун эксплуатанты үйлөмө аттракционду орнотуу, эксплуатациялоо, техникалык күбөлөндүрүү, техникалык тейлөө, модификациялоо жана оңдоо жол-жоболорунун аткарылышын ырастоо үчүн зарыл болгон 7-тиркемеге ылайык форма боюнча үйлөмө аттракционду эксплуатациялоону, техникалык тейлөөнү, оңдоону жана модификациялоону эсепке алуу журналынын бөлүшүн жана жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш.
Үйлөмө аттракциондун конструкциясында же даярдоосунда кемчиликтер, ошондой эле эксплуатациялык документтердин талаптарына ылайык келбестиктер табылган учурда үйлөмө аттракциондун эксплуатанты, аны орнотууну жүзөгө ашырган уюм үйлөмө аттракционду орнотууну, эксплуатациялоону токтотууга жана аны даярдоочуга жана жеткирүүчүгө рекламация (доомат) жөнөтүүгө милдеттүү;
2) аттракциондун эксплуатациялоого даярдыгы жөнүндө актыны берүүгө, ал курамы төмөнкүлөрдөн турган комиссия тарабынан түзүлөт: монтаждык уюмдун өкүлү, эксплуатациялоочу уюмдун өкүлү, аттракционду коопсуз пайдалануу жана оң абалы үчүн адис;
3) шашылыш медициналык жардам көрсөтүү боюнча окуудан жана аттестациядан өткөн, ошол эле учурда аталган ишке медициналык жактан каршы көрсөтмөлөрү жок, аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылуу бөлүгүндө даярдыктан жана аттестациядан өткөн адамдардын иштешине жол берүүгө;
4) экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын кызмат адамдарынын алардын ыйгарым укуктарына ылайык берген кабарлоолорун аткарууга;
5) экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга техникалык түзүлүштөрдүн мамлекеттик реестринде каттоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды берүүгө;
6) ушул Эрежелердин 8 жана 9-главаларына ылайык үйлөмө түзүлүштөрдү андан ары коопсуз пайдалануунун мүмкүн болгон мөөнөтүн аныктоо үчүн белгиленген мөөнөттө, анын ичинде техникалык ресурсу түгөнгөндөрдү диагностикалоону, сыноону, күбөлөндүрүүнү, техникалык тейлөөнү жүргүзүүгө;
7) коопсуздук приборлорунун жана түзүлүштөрүнүн болушун, абалын жана иштешин контролдоону камсыз кылууга;
8) эксплуатациялоодо келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тобокелдигин камсыздандыруу келишимин түзүүгө;
9) объектти тейлөө үчүн бөтөн адамдарды киргизбөөгө;
10) эсепке алуу журналдарын жүргүзүү менен туруктуу контролду уюштурууга жана жүзөгө ашырууга;
11) авариялардын кесепеттерин локалдаштыруу жана жоюу боюнча иш-чараларды пландаштырууга жана жүзөгө ашырууга, авариялардын себептерин иликтөөдө мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүүгө;
12) авариялык куткаруучу кесипкөй кызматтар (түзүмдөр) менен тейлөө келишимдерин түзүүгө, ал эми жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда кызматкерлердин ичинен авариялык куткаруучу түзүмдөрдү түзүүгө;
13) үйлөмө жабдууларды сактоо талаптарынын аткарылышын камсыз кылууга.
Үйлөмө жана парашют буюмдарын сактоо техникалык сыпаттамага жана эксплуатациялоо боюнча нускамага ылайык жүзөгө ашырылат.
Үйлөмө жана парашют буюмдары жабдылган бөлмөдө 15-30 ºС температурада жана 40-80% нымдуулукта сакталат.
Үйлөмө жана парашют буюмдарын абанын салыштырмалуу нымдуулугу 80%дан ашкан жагдайда сактоодо аларды тез-тез кургатуу жана ордун алмаштырып туруу керек;
14) кырсыктарды болтурбоо жана кесепеттерин жоюу үчүн финансылык каражаттардын резервине ээ болууга;
15) байкоо, кабарлоо, байланыш системаларын жана куткаруучу жилеттерди (суу аттракциондору үчүн) жана камсыздандыруу приборлорун жана түзүлүштөрүн түзүүгө жана талаптагыдай абалда кармоого;
16) авариялардын жана кырсыктардын себептерин иликтөөгө катышууга;
17) экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга авариялар, инциденттер жана кырсыктуу окуялар жөнүндө, алардын келип чыгуу себептери жана көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берүүгө.
2. Үйлөмө аттракционду орнотуу, эгерде эксплуатациялык документтерде башкача каралбаса, анын эксплуатанты же үйлөмө аттракциондун эксплуатанты аныктаган уюм тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Үйлөмө аттракциондун эксплуатанты же үйлөмө аттракционду орнотуучу уюм үйлөмө аттракционду орнотууну баштоонун алдында анын абалын жана комплекттүүлүгүн баалоо максатында карап чыгууга тийиш. Үйлөмө аттракциондун табылган дефекттери же бөлүктөрүнүн бузулушу эксплуатациялык документтерде көрсөтүлгөн жол берилген дефекттердин жана бузулуулардын сыпаттамасы менен салыштырылууга тийиш.
4. Үйлөмө аттракционду орнотууда жүргүнчүлөр, келүүчүлөр жана тейлөөчү персонал үчүн эксплуатациялык документтердин талаптарына ылайык коопсуз аралыктарды сактоо камсыздалууга тийиш.
5. Үйлөмө аттракционго кирүү жана чыгуу үйлөмө аттракциондун эксплуатациялык документтерине ылайык уюштурулууга тийиш.
6. Эксплуатациялык документтерде кирүүнү жана чыгууну уюштурууга талаптар жок болсо, үйлөмө аттракциондун жайгашуусу коопсуз кирүүнү, чыгууну, анда жана (же) анын жанында жүргүнчүлөрдүн жана (же) келүүчүлөрдүн болушун, аларды коопсуз эвакуациялоону камсыз кылууга, ошондой эле өзгөчө (авариялык) кырдаалдарда түртүшүүнү болтурбоого жана кооптуу тыгындарды жаратпоого тийиш.
7. Өрт учурунда өртгүн жайылуусун болтурбоо үчүн үйлөмө аттракциондорду коңшу аттракциондордон, имараттардан (курулмалардан) алыс аралыкта жайгаштыруу зарыл.
8. Үйлөмө аттракционду орнотуу үчүн аянтчанын өлчөмдөрү жана үстүңкү бетинин каалаган багытта жол берилген жантаюусу эксплуатациялык документтерде көрсөтүлгөн маанилерге шайкеш келүүгө тийиш.
9. Үйлөмө аттракционду орнотуу үчүн аянтчанын үстү тегиз болууга тийиш. Эгерде даярдоочу тарабынан башкача каралбаса жана эксплуатациялык документтерде көрсөтүлбөсө, үйлөмө аттракционду аянтчага каалаган багытта 5%дан ашпаган жантаюу менен орнотууга жол берилет.
10. Үйлөмө аттракционду орнотуу үчүн аянтча таштандылардан, аянтчанын үстүндө жайгашкан же андан чыгып турган курч жана башка предметтерден тазаланууга тийиш. Үйлөмө аттракцион инженердик тармактар (коммуникациялар), имараттар, курулмалар, бак-дарактар жана коркунуч туудурган башка предметтер сыяктуу мүмкүн болгон коркунучтардан эксплуатациялык документтерде көрсөтүлгөн аралыкта жайгаштырылууга тийиш. Эксплуатациялык документтерде аталган талаптар жок болгон учурда үйлөмө аттракцион мүмкүн болуучу коркунучтардан аны коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылуучу, бирок 2 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылууга тийиш.
11. Үйлөмө аттракциондорду, мамыларды жана казыктарды орнотууда жер үстүндөгү жана жер астындагы инженердик (тармактарга) коммуникацияларга зыян келтирүүгө жол берилбейт. Инженердик инфраструктура объекттеринин коргоо зоналарында үйлөмө аттракционду орнотуу өзгөчөлүктөрү мыйзамдарга ылайык белгиленет.
12. Үйлөмө аттракционду имараттын бүт дубалынын же дубалынын маңдайына коюуга жол берилет. Мындай учурда бүт дубалдын (дубалдардын) бийиктиги үйлөмө аттракциондун үстүнкү платформасынын эң бийик жеринен 2 метр жогору болууга тийиш. Ошол эле учурда жүргүнчүлөр жана келүүчүлөр үчүн кошумча коркунучтар болбоого тийиш. Эгерде үйлөмө аттракциондор бири-биринин жанында жайгашса же өз ара туташса, эксплуатациялык документтердин жана ушул Эрежелердин талаптарына ылайык жүргүнчүлөр, келүүчүлөр жана тейлөөчү персонал үчүн анын коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылуучу мейкиндик ар бир үйлөмө аттракцион үчүн камсыз кылынууга тийиш.
13. Үйлөмө аттракциондун тосмосунун же ага кирүүнү чектөөнүн башка каражаттарынын түрү, бекемдиги жана туруктуулугу эксплуатациялык документтерде көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.
14. Тосмодон үйлөмө аттракциондун сырткы дубалдарына чейинки минималдуу аралык 1,8 метрден кем эмес, ал эми ачык тарабы - 3,5 метрден кем болбоого тийиш. Тосмодо жүргүнчүлөрдүн, келүүчүлөрдүн кирүүсү жана чыгуусу үчүн туурасы 1 метрден кем эмес өтмөк каралууга тийиш. Эгерде даярдоочу тарабынан башкача каралбаса жана эксплуатациялык документтерде көрсөтүлбөсө, компрессор үйлөмө аттракциондун сырткы дубалынан 1,2 метрден кем эмес аралыкта же ачык тараптан 2,5 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылууга тийиш.
15. Компрессор үйлөмө аттракциондун элементтеринин ичинде жайгашкан учурда, эгерде даярдоочу тарабынан башкача каралбаса жана эксплуатациялык документтерде көрсөтүлбөсө, аны менен оюн зонасынын, коопсуздук зонасынын, рампанын (кирген тепкичтин, траптын) ортосундагы аралык 2,5 метрден кем болбоого тийиш.
16. Үйлөмө аттракциондун кыймылдуу элементтери, мисалы аркандар, аркан тепкичтер, торлор - бири-бири менен чырмалышпоого жана жүргүнчүлөр үчүн кыпчылып калуу коркунучун жаратпоого тийиш.
17. Электр шкафтары, электр булактары, жарыктар жана алардын ток өткөрүүчү бөлүктөрү жүргүнчү менен мүмкүн болгон контакттан жана уруксатсыз кирүүдөн корголууга тийиш. Электр кабелдери жүргүнчүлөрдөн жана келүүчүлөрдөн коопсуз аралыкта жайгаштырылууга тийиш.
18. Үйлөмө аттракционду орнотуу процессинде тосмолордун, шарттуу графикалык белгилердин, оозеки эскертүүлөрдүн жана башкалардын жардамы менен жумуш зонасына чоочун адамдар киргизилбөөгө тийиш.
19. Үйлөмө аттракциондун бекиткичинин ар бир түйүнү эксплуатациялык документтерге ылайык бекитилүүгө тийиш.
20. Үйлөмө аттракционду бекитүү, эгерде жабдууну даярдоочу тарабынан башкача каралбаса жана эксплуатациялык документтерде көрсөтүлбөсө, катуу бекиткичтин элементтерин (анкерлерди, стержендерди) же балласт системасынын элементтерин (кум салынган каптарды же башка жүктөрдү) колдонуу менен анкердик системаны колдонуу менен же бекитүү үчүн шаймандарды (фитингдер) (мындан ары, эгерде башкача көрсөтүлбөсө - бекитүү элементтери) колдонуу менен жүзөгө ашырылууга тийиш.
Эгерде даярдоочу тарабынан башкача каралбаса жана эксплуатациялык документтерде көрсөтүлбөсө, ар бир үйлөмө аттракциондо алтыдан кем эмес бекитүү чекити болууга тийиш.
Катуу бекиткичтин ар бир элементинин узундугу 3,8 м кем эмес, диаметри 16 мм кем эмес жана 1600 Н кем эмес жүккө туруштук берүүгө тийиш. Жүк колдонуу багыты кыртыштын деңгээлине же аянтчанын бетине карата 30ºтан 45ºка чейинки бурчту түзүүгө тийиш.
Катуу бекиткичтин элементтери жүк колдонуу багытына карама-каршы багытка бурулууга тийиш. Алардын үстүңкү бөлүктөрү тегеректелүүгө тийиш жана кыртыштын деңгээлинен же аянтчанын каптоосунан 25 мм ашык чыкпоого тийиш.
21. Катуу бекиткичти (стержендерди, анкерлерди) колдонууга мүмкүн болбогон аянтчаларда үйлөмө аттракцион, эгерде даярдоочу тарабынан башкача каралбаса жана эксплуатациялык документтерде көрсөтүлбөсө, алардын ар бири жылышпастан 1600 Н кем эмес жүктү көтөрө алган шартта, аянтчада болгон бекитүү үчүн шаймандарга (фитингдерге) же балласт системасынын элементтерине (кум салынган каптарга же башка жүктөргө) бекитилет.
22. Үйлөмө аттракциондо жайгашкан ар бир бекитүүчү түйүн, эгерде даярдоочу тарабынан башкача каралбаса жана эксплуатациялык документтерде көрсөтүлбөсө, чоюлуп тартылууга, ийилүүгө жана начар жерлери болбоого тийиш болгон байлоочу элементтердин жардамы аркылуу бекитүү элементтери менен бириктирилет.
Ар бир байлоочу элемент бир учу менен үйлөмө аттракциондо жайгашкан бекитүү түйүнүнө, ал эми экинчи учу менен бекитүү элементтеринин бирине бекитилет.
Байлоочу элементтерди бекитүү үчүн алардын өзүнөн-өзү чечилишине жол бербеген түйүндөрдү колдонуу керек.
Үйлөтмө аттракциондорду төмөнкүлөргө бекитүүгө жол берилбейт:
- транспорт каражаттарына;
- кирүү мүмкүндүгүн чектөө системасына;
- өз ара;
- электр берүү линияларынын таянычтарына, жарнама тактайларынын түркүктөрүнө жана үйлөмө аттракционду бекитүү үчүн арналбаган же эксплуатациялык документтерде көрсөтүлбөгөн башка предметтерге.
23. Үйлөмө аттракционду жаңы жерге ар бир орноткондон кийин аны жүргүнчүлөр менен эксплуатациялоону баштоонун алдында эксплуатант толук текшерүүнү жүргүзүүнү, жүргүнчүлөрсүз эксплуатациялоо режиминде үйлөмө аттракциондун ишин сынап иштетип көрүүнү жана натыйжаларды пайдаланууну эсепке алуу журналынын 5-бөлүмүндө тариздөөнү камсыз кылат.
Толук текшерүү эксплуатациялык документтердин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
24. Үйлөмө аттракционду орнотууда алардын көтөрүмдүүлүк жөндөмдүүлүгүндө начарлоо жок экендигине ынануу үчүн кыртыштын абалын, аянтчанын каптоосун контролдоо керек.
25. Парашют менен сүзүүдө төмөнкү коопсуздук талаптары сакталышы керек:
- катердин (же башка транспорт каражатынын) ылдамдыгы саатына 50-60 км болушу керек;
- учуу бийиктиги 60 м чейин болгон учурда аркандын узундугу болжол менен 120 м болушу керек. Калкып учуп тургандын салмагы 110 кг ашпоого тийиш;
- жакын жердеги суу (жер) бетинде эч кандай тоскоолдуктар болбошу керек;
- аба ырайынын жагымдуу шарттары, күчтүү эмес шамал (кыймыл шамалга каршы жүргүзүлөт);
- кеминде үч адамдан турган тажрыйбалуу команда - учуу жетекчиси, катердин айдоочусу жана жардамчысы;
- жабдууларды күн сайын текшерүү, коопсуздук техникасы боюнча журналга каттоо менен жүргүнчүлөргө кылдат инструктаж берүү.
26. Сууга парашют менен отургузууга күндүз суунун температурасы 170 ºС төмөн эмес жана суунун үстүнө отургузуу зонасынын тереңдиги 1,5 м кем эмес болгондо, парашютчулардын шлемдери жана куткаруучу сууда сүзүү жеке жилеттери бар болсо гана уруксат берилет.
27. Суунун үстүнө отургузуу районунун борбору катерлердин жана скутерлердин кыймыл трассаларына 100 м жакын болбоого тийиш. Парашютчуларды жана чечилген парашюттарды алуу үчүн арналган сууда сүзүү каражаттары моторлуу болууга тийиш.
28. Жерге парашют менен отургузууга жүргүнчүлөрдүн, келүүчүлөрдүн, тейлөөчү персоналдын жаракат алуусуна алып келиши мүмкүн болгон каалаган тоскоолдуктар болбогон зонада уруксат берилет. Аталган зонанын туурасы 5 метрден кем болбоого тийиш.
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 171 токтомуна) |
Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо
эрежелери
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 410, 2025-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор.
Эксплуатациялык документтер
1. Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелери (мындан ары - Эрежелер) аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылуу боюнча талаптарды белгилейт жана уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан аттракциондордун ээлеринин (эксплуатанттарынын) сактоосу үчүн милдеттүү болуп саналат.
2. Бул Эрежелер убактылуу орнотулган (ташылуучу) аттракциондорго жана стационардык аттракциондорго (пайдубалдарда же пайдубалдарсыз чогултулган) карата жайылтылат, аларды пайдаланууда жүргүнчүлөргө КВ-1 же КВ-2 же КВ-3 потенциалдуу биомеханикалык тобокелдик даражасындагы биомеханикалык таасир этилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 410 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Аттракциондор төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
- механизациялаштырылган умтулма кыймылдагы аттракциондор (анын ичинде сууну пайдалануу менен);
- механизациялаштырылган айлануу кыймылындагы аттракциондор;
- механизациялаштырылган татаал кыймылдагы аттракциондор;
- автодромдор жана картингдер;
- механизациялаштырылган жана механизациялаштырылбаган суу аттракциондору;
- механизациялаштырылбаган аттракциондор;
- үйлөмө аттракциондор;
- балдар үчүн аттракциондор.
Аттракциондордун түрлөрү жана типтери ушул токтомдун 1-тиркемесинде берилген.
RB-1, RB-2 жана RB-3 потенциалдуу биомеханикалык тобокелдик даражасындагы аттракциондордун жүргүнчүлөрүнө биомеханикалык таасирлердин түрлөрү жана жүргүнчү отургучтарынын жантаюусунун түрлөрү ушул токтомдун 2-тиркемесинде берилген.
RB биомеханикалык тобокелдик даражалары адамдар бийиктиктен кулаганда алган жаракаттарынын кесепеттери тууралуу статистикалык маалыматтар менен негизделген.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 410 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул Эрежелер RB-4 потенциалдуу биомеханикалык тобокелдигинин эң эле төмөнкү даражасындагы аттракциондорго, механизациялаштырылбаган аттракциондорго (жылгаяктар, селкинчектер), үйлөмө аттракциондорго, жетондор, магниттик карталар ж.б. менен иштеген, экиден ашык бала батпаган балдардын оюн-зоок жабдууларына, жаныбарлар пайдаланылган аттракциондорго, спорттук жана машыгуу жабдууларына, ошондой эле жеке жана (же) үй-бүлөлүк муктаждыктар үчүн гана пайдаланылуучу жабдууларга колдонулбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 410 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ушул Эрежелерди колдонуу максатында Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - Бирлик) "Атракциондордун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинде (мындан ары - ЕАЭБ ТР 038/2016), МАМСТ 33807-2016 мамлекеттер аралык стандартында белгиленген маанилердеги терминдер жана алардын аныктамалары, ошондой эле башка зарыл терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат:

421. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
43. Аттракционду, анын бөлүктөрүн эксплуатациялоо шарттары долбоорлоого карата техникалык тапшырма менен белгиленүүгө тийиш.
44. Аттракциондорду климатка ылайык аткаруу аттракциондун эксплуатациялоосу пландалган климаттык райондорго шайкеш келиши керек.
Эсептелген конструкцияларды долбоорлоодо материалдарды тандоо аттракциондун иштеген жана иштебеген абалы үчүн айлана-чөйрөнүн температураларынын төмөнкү чектик маанилерин, аттракциондун элементтеринин жүктөө даражасын жана айлана-чөйрөнүн агрессивдүүлүгүн эске алуу менен жүргүзүлөт.
45. Эсептелген конструкциялардын, анын ичинде металл конструкциялардын бекемдиги, катуулугу, туруктуулугу жана тең салмактуулугу, ошондой эле аттракциондун түйүндөрүнүн жана механизмдеринин коопсуздуктун тиешелүү көрсөткүчтөрү белгиленген иштөө режимдерин эсепке алуу менен эсептөөлөр жана (же) сыноолордун натыйжалары менен ырасталууга тийиш.
46. Ачык асман алдында иштеген аттракциондор үчүн жабык көңдөйлөрдө нымдуулуктун топтолушуна каршы конструктивдүү чечимдер, аттракциондун металл конструкцияларын жана металл тетиктерин коррозиядан коргоо камсыздалат.
47. Аттракциондорду долбоорлоодо төмөнкүлөр белгиленет:
- негизделген чектик абалынын критерийлери;
- дайындалган иштөө мөөнөтү (дайындалган ресурс), техникалык тейлөө, оңдоо жана утилдештирүү мөөнөттөрү;
- пайдаланууга жол берилбеген аттракциондорду иштетпөө боюнча талаптар;
- адамдардын айрым категориялары үчүн аттракционду пайдаланууга чектөөлөр;
- критикалык (критикалуу) компоненттердин, критикалык параметрлердин тизмеси жана критикалык (критикалуу) компоненттерди резервдөө.
48. Критикалык (критикалуу) компоненттердин, ресурсу чектелген компоненттердин тизмелери аттракционду даярдоочуга өткөрүлүп берилет.
49. Критикалык (критикалуу) компоненттер ишенимдүүлүгү негизги элементтерден кем болбогон элементтер менен, аларга күч келүүсүнүн мүнөзүн жана шарттарын эске алуу менен резервделет.
50. Эгерде алмаштыруу ыкмасы менен резервдөө мүмкүн болбосо, ал критикалык (критикалуу) компоненттин (аттракциондун түйүнүнүн) бардык элементтериндеги эсептик чыңалууларын жетишээрлик азайтуу менен камсыз кылынат. Мында критикалык (критикалуу) компонентти бузбай контролдоонун ыкмасы жана жыштыгы көрсөтүлөт. Эсептөөлөрдөгү ишенимдүүлүк коэффициентинин эң жогорку маанилери аттракционду эксплуатациялоо процессинде түздөн-түз контролдоого жеткиликтүү болбогон элементтерге ээ болушу керек.
51. Аттракциондорду башкаруу системасын долбоорлоодо эксплуатациялык шарттарында каралган бардык каралган иштөө режимдеринде, ар кандай тышкы таасирлердин астында аттракциондорду эксплуатациялоо коопсуздугу, мүмкүн болгон логикалык каталар болгон учурда жана кызматкер тарабынан башкаруу аракеттерин бузуу учурунда кооптуу кырдаалдарды жоюу камсыз кылынат.
4-глава. Аттракциондорду даярдоого, монтаждоого, жөндөөгө, модификациялоого (реконструкциялоого), модернизациялоого жана оңдоого болгон талаптар
52. Аттракциондорду даярдоодо, модификациялоодо (реконструкциялоодо), модернизациялоодо, оңдоодо, монтаждоодо, жөндөөдө жана тейлөөдө ушул Эрежелердин, ЕАЭБ ТР 038/2016, МАМСТ 33807-2016, аларга карата таасири жайылтылган башка ББ/ЕАЭБ техникалык регламенттеринин жана мамлекеттер аралык стандарттардын талаптары аткарылууга тийиш.
Аттракциондорду монтаждоо, жөндөө, оңдоо жана тейлөө даярдоочунун эксплуатациялык документтеринде баяндалган талаптарга ылайык аткарылууга тийиш.
53. Аттракциондорду жана алардын бөлүктөрүн даярдоого, модификациялоого (реконструкциялоого), модернизациялоого, оңдоого болгон техникалык шарттарда (эгерде бар болсо), техникалык тапшырмаларда аттракциондор жана алардын бөлүктөрү ылайык келүүгө тийиштүү болгон талаптарды, көрсөткүчтөрдү жана ченемдерди, ширетүүнүн сапатын контролдоо боюнча талаптарды жана бракка чыгаруу көрсөткүчтөрүн, аттракциондун курамдык бөлүктөрүн жана бүтүндөй даяр болгон түзүлүштүн коопсуздук талаптарын, сыноолордун тизмегин, кабыл алуу тартибин, ошондой эле аттракциондорду даярдоодо, модификациялоодо (реконструкциялоодо) модернизациялоодо жана оңдоодо колдонулууга тийиштүү болгон металлдар, ширетүүчү жана башка материалдар жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш.
54. Аттракциондорду даярдоого, модификациялоого (реконструкциялоого), модернизациялоого, монтаждоого, оңдоого жана тейлөөгө колдонулуучу материалдын жана комплекттөөчү түзүлүштөрдүн сапаты даярдоонун сапатын тастыктоочу даярдоочунун документи жана кириш контролу менен ырасталышы керек. Даярдоочунун даярдоонун сапатын тастыктаган документи жок болгон учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы улуттук аккредитациялоо системасы жөнүндө жобого ылайык аккредитацияланган лабораторияда сыноо жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча материалды жана компоненттерди пайдаланууга жол берилет.
55. Аттракционду монтаждоо, демонтаждоо, жөндөө, модификациялоо (реконструкциялоо), модернизациялоо, оңдоо жана тейлөө жүргүзүлүп жаткан кооптуу зона тосмолонушу же коопсуздук белгилери жана эскертүү жазуулары менен белгиленүүгө тийиш.
Аттракционду монтаждоо, демонтаждоо, жөндөө, модификациялоо (реконструкциялоо), модернизациялоо, оңдоо жана тейлөө зонасында жаракат алып калуунун себепчиси болуучу тоскоолдуктар болбошу керек.
56. Аттракциондорду даярдоодо алардын долбоордук-конструктордук документтердин талаптарына шайкештиги камсыз кылынууга тийиш.
Даярдалган аттракциондордун жана анын бөлүктөрүнүн долбоордук-конструктордук документтердин талаптарына шайкештигин текшерүү үчүн анда каралган сыноолорду, даярдоочу тарабынан түзүлгөн жана бекитилген программаларга жана методикаларга ылайык даярдоочу жүргүзүүгө тийиш.
Сыноонун натыйжалары протоколдор жана актылар менен таризделет. Кабыл алуу-ишке берүү сыноолорунун натыйжалары Аттракциондун формулярына жазылуусу керек.
Даярдалгандан кийин аттракциондор даярдоочу тарабынан сыналат, ал эми модификациядан (реконструкциядан), модернизациядан жана оңдоодон кийин - алар модификациялоого (реконструкциялоого), модернизациялоого жана оңдоого дуушар болгон уюмда сыналат.
57. Аттракционду даярдоочу ар бир аттракционду ЕАЭБ ТР 038/2016 жана ушул Эрежелердин талаптарына ылайык жакшы таанылуучу, даана байкалган жана өчүрүлгүз маалымат тактачасы менен жабдышы керек.
Запастык бөлүктөр же комплекттөөчүлөр катары даярдалган аттракциондордун түйүндөрү жана механизмдери аларды даярдоо боюнча техникалык документтерине ылайык даярдоочунун идентификациялык эн салынышына жана даярдоонун сапатын тастыктаган документке ээ болууга тийиш.
58. Ушул Эрежелердин 57-пунктунда көрсөтүлгөн маалымат тактачасындагы билдирүүлөр, аттракциондун бүткүл кызмат кылуу мөөнөтүндө даана жана жакшы таанылган сүрөттөмөнү камсыз кылган, кандай гана жол менен болбосун чагылдырылышы мүмкүн. Тактача мамлекеттик жана (же) расмий тилдерде жасалууга тийиш.
Жылдырылма арабалары бар аттракциондордо мындай тактачалар рельс жолунун металл конструкциясына жана бардык арабаларга бекитилет.
59. Аттракциондун бөлүктөрүн запастык бөлүктөр же комплекттөөчүлөр катары даярдаган жана жабдып турган аттракциондордун даярдоочусу аларды даярдоонун эсебин жүргүзүүгө тийиштүү.
Даярдоочу эсепке алуу тартибин аныктайт. Эсепке алуунун көрсөткүчтөрү төмөндөгү маалыматтарды камтууга тийиш: долбоордук-конструктордук документтин (технологиялык картанын) аталышы, номери, даярдоонун, колдонулган материалдын сапатын ырастаган даярдоочунун документинин аталышы, белгилениши жана номери, ширетүүнүн сапатын контролдоонун натыйжалары, сыноолордун натыйжалары.
60. Бир нече уюм тарабынан даярдалган курамдык бөлүктөрдөн (эсептелген металл конструкциялар, түйүндөр, тетиктер, механизмдер, приборлор жана башкалар) аттракциондорду комплекттөөдө бүтүндөй аттракциондун даярдалышынын сапатын, анын ушул Эрежелерге шайкештигин, аттракционго эксплуатациялык документтердин тариздөөсүн аттракционду чогултулган түрдө чыгарган уюм камсыз кылат.
Курамдык бөлүктөрдүн (эсептелген металл конструкциялар, түйүндөр, тетиктер, механизмдер, приборлор жана башкалар) сапатын тастыктаган документтер аттракциондорду өндүргөн даярдоочуда сакталууга тийиш.
61. Аттракциондун эксплуатациялык документтери аттракциондун өзүнчө бөлүктөрүнө (электр кыймылдаткычтары, редукторлор, коопсуздук клапандар, басым алдында иштеген идиштер жана башкалар) башка уюмдар тарабынан даярдалган документтеринин маалыматтарынын негизинде түзүлөт. Эгерде аттракциондун эксплуатациялык документтеринде аттракциондун өзүнчө бөлүктөрү жөнүндө маалыматтар киргизилбесе, анда бул бөлүктөргө аларды даярдаган уюмдардын эксплуатациялык документтери тиркелет.
62. Аттракциондорду, анын бөлүктөрүн даярдоо үчүн долбоордук-конструктордук документтерде каралган материалдар гана колдонулушу керек. Аттракциондун долбоорлоочусунун жазуу жүзүндөгү макулдугусуз материалдарды алмаштырууга жол берилбейт.
63. Аттракциондун конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылган аттракциондорду жана анын критикалык (критикалуу) компоненттерин (анын ичинде ширетүүнү колдонуу менен) реконструкциялоо, модернизациялоо жана оңдоо аттракционду даярдоочу же ушул түрдөгү (типтеги) аттракциондорду долбоорлоо боюнча иштерди аткаруу (кызмат көрсөтүү) жаатында адистештирилген уюм иштеп чыккан долбоорго жана техникалык шарттарга ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
64. Аттракциондун параметрин өзгөртпөстөн аттракционду, анын критикалык (критикалуу) компоненттерин, эсептелген металл конструкцияларын оңдоо, түйүндөрдү, механизмдерди, аркандарды алмаштыруу жөнүндө жазуулар Аттракциондун формулярынын тийиштүү бөлүмдөрүнө киргизилет, мында аткаруунун датасын, колдонулган материалдарды, алмаштырылган элементтерди (зарылдыгына жараша) даярдоонун сапатын тастыктаган даярдоочунун документин көрсөтүү менен оңдоонун мүнөзү жана алмаштырылган элементтери жөнүндө маалыматтарды, оңдоодон кабыл алуу жөнүндө документтин датасын жана номерин чагылдыруу менен аттракционду оңдоодон кабыл алуу, аттракциондорду коопсуз пайдаланууга жооптуу жак жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
Аттракциондун формулярына аткарылган иштер жана аттракциондун конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтарды ырастоочу документтер (модификациялоо (реконструкция) долбоорун иштеп чыккан уюм кол койгон реконструкциялоонун мүнөзү жөнүндө маалымат кат), аттракциондун жаңы мүнөздөмөсү жана негизги габариттик өлчөмдөрү (эгерде алар өзгөртүлгөн болсо) менен болгон аттракциондун жалпы көрүнүшүнүн чиймелери, аттракциондун компоненттерин (бөлүктөрүн) даярдоонун сапатын тастыктаган документтердин (алардан жазып алуулар) көчүрмөлөрү, металл конструкцияларын, критикалык (критикалуу) компоненттерин ширетүүнүн сапатын контролдоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтар, көмүскө жумуштардын күбөлөндүрүү актылары, курамына реконструкциялоо долбоорун иштеп чыккан, реконструкциялоону жүргүзгөн уюмдардын, аттракционду эксплуатациялоочу уюмдун өкүлдөрү кирүүгө тийиштүү болгон комиссия тарабынан түзүлгөн реконструкциянын аткарылышы жөнүндө акт тиркелет.
65. Монтаждоодо, демонтаждоодо, жөндөөдө эксплуатациялык документтеринин талаптарынан четтөөлөргө жол берилбейт.
66. Аттракционду аянтчага ташып баруу, аны монтаждоо, жөндөө аттракционду, анын бөлүктөрүн жана аттракционду эксплуатациялоо үчүн арналган башка жабдууларды бузуп алуу коркунучун жокко чыгаргандай кылып ишке ашырылуусу керек.
67. Стационардык аттракциондорду орнотуу үчүн пайдубалдын түзүлүшү шаар куруу жана архитектура жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген тиешелүү иштин түрүн жүзөгө ашырууга укук берген шайкештик сертификатына ээ, долбоордук уюм иштеп чыккан долбоор боюнча жүргүзүлүүгө тийиш.
68. Аттракциондун ээси (эксплуатанты) же ал ыйгарым укук берген жактар (жумуштардын ушул түрлөрүн жүргүзүүгө адистешкен уюм) аттракционду, анын бөлүктөрүн жана аттракционду пайдалануу үчүн арналган башка жабдууларды монтаждоону, демонтаждоону баштоонун алдында, алардын абалына жана комплекттүүлүгүнө, эксплуатациялоо боюнча документтерге техникалык документтердин шайкештүүлүгүнө баа берүү максатында кароо жүргүзүүгө тийиш.
Эгерде жол берилгис дефекттер же бузулуулар табылса, аттракциондун ушул бөлүктөрү даярдоочунун талаптарына жооп бергендерге алмаштырылышы керек.
Аттракциондун толук комплектүү эместиги аныкталса, аттракциондун ээси жана (же) эксплуатанты аттракционду монтаждоого киришпөөгө тийиш, аны комплекттөөнү толуктоо боюнча тийиштүү чараларды көрүүсү керек.
69. Аттракциондун ээси (эксплуатант) же ал ыйгарым укук берген жактар (жумуштардын ушул түрлөрүн жүргүзүүгө адистешкен уюм) төмөнкүлөргө ынанууга тийиш:
а) аттракционду монтаждоо жана эксплуатациялоо үчүн аянтча, пайдубал, кыртыш, башка негиздеме аттракционду эксплуатациялык документтеринин талаптарына, ушул Эрежелердин, ЕАЭБ ТР 038/2016, МАМОСТ 33807-2016, аларга карата таасири жайылтылган башка ББ/ЕАЭБ техникалык регламенттеринин жана мамлекеттер аралык стандарттардын талаптарына, жумушту жүргүзүү долбоорлоруна (эгерде бар болсо) шайкештигине;
аттракционду жантайыңкы жана (же) түз эмес жер бетине (эгерде эксплуатациялык документтеринде башкача каралбаса) орнотууга жол берилбейт;
б) жүргүнчүлөрдүн, келүүчүлөрдүн, кызматкерлердин аттракционго кирүүдө жана чыгууда, анын үстүндө жана анын жанында болууда коопсуздукту, ошондой эле штаттык эмес же авариялык кырдаал жаралганда коопсуз эвакуациялоону камсыз кыла тургандай кылып аттракцион жайгаштырылганына;
в) авариялык кызматтардын транспорт каражаттары үчүн кирүүнү, ошондой эле стационардык өрт өчүрүү гидранттарына жетүүнү камсыздоо үчүн (анын ичинде жүргүнчүлөрдү, келүүчүлөрдү, кызматкерлерди эвакуациялоо учурунда) кирүүчү жолдордо аттракциондор менен аттракциондордун көмөкчү түзүлүштөрүнүн ортосунда жана алардын үстүндө (астында) жетиштүү аралык каралгандыгына;
г) өрт учурунда өрттүн жайылуу коркунучун минималдаштыруу үчүн коңушу аттракциондордун, курулмалардын же башка ээленген зоналардын ортосунда жетиштүү аралыктын;
д) шамалдын таасиринин астында аттракциондун кыртыштан кооптуу үзүлүүсүнүн ыктымалдуулугу жок экенине;
е) ар бир аттракцион үчүн коопсуздук контурларынын колдонулушуна, анын ичинде эгерде аттракциондор кесилишсе же бири-бири аркылуу өтсө, жүргүнчүлөр, келүүчүлөр жана кызматкерлер үчүн коопсуздук контурун сактоо камсыз кылынат;
ж) пайдубалы жок аттракциондорду орнотууда аттракциондун иштөөсүнөн пайда болгон динамикалык оордук келүүлөр кыймылга же аттракциондун жылышуусуна же оодарылышына алып келбестигине;
з) штаттык эмес же авариялык кырдаалда кооптуу тыгындардын себепчиси болуусу мүмкүн тар өтмөктөрдүн жоктугуна.
70. Аттракционду монтаждоодон кийин аттракцион орнотулган аянтчаны, пайдубалды, башка негиздемени жана (же) кыртышты, өзгөчө аба ырайынын жагдайсыз шарттарында, алардын көтөрүү жөндөмдүүлүгүнүн начарлашынын жоктуулугуна ынануу үчүн үзгүлтүксүз текшерип туруу керек. Аттракционго жер астындагы суулардын таасир этүү коркунучу жаралган учурда аттракцион үчүн аянтча дренаж менен жабдылышы керек.
71. Аттракциондун ээси (эксплуатанты) же ал ыйгарым укук берген жактар (жумуштардын ушул түрлөрүн жүргүзүүгө адистешкен уюм) аттракционду монтаждоодо же пайдаланууда коркунуч туудурушу мүмкүн болгон жер астындагы коммуникациялардын же абадагы чубалгылардын жайгашуусун орнотууга тийиштүү. Эгерде коммуникациялар жүргүнчүлөр, келүүчүлөр, жумушчулар үчүн коркунучтун булагы болушу мүмкүн болсо, ылайыктуу жана туура тартипте жайгашкан тосмолорду колдонуу аркылуу же башка ыкма менен мындай коркунучту болтурбоо үчүн бардык максатка ылайык жана мүмкүн болгон коопсуздуктун чараларын көрүү керек.
Кыртышка устундарды, анкерлерди же башка нерселерди орнотууда, же траншеяларды же чуңкурларды жайгаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө жер астындагы коммуникациялардын бузулууларынын жок болушун камсыз кылуу зарыл. Мындай иштерди баштоонун алдында, эгерде жер астындагы коммуникациялардын жоктугу мурун аныкталбаса, коммуникацияларды табуунун атайын ыкмаларын колдонуу керек.
72. Жүргүнчүлөр үчүн аттракциондун коопсуздук контурлары, келүүчүлөр жана кызматкерлер үчүн коопсуз зоналар эксплуатациялык документтеринин талаптарына жооп бериши керек, ал эми жанында жайгашкан аттракциондор үчүн алар кесилишпеши керек.
Аттракциондун коопсуздук зонасында тоскоолдуктар (конструкциянын элементтери, дарактардын бутактары, отургучтар, кулактандыруулары менен болгон тирөөчтөр жана башкалар) жок болушу керек. Коопсуздук зонасын аныктоодо жүргүнчүлөрдүн, келүүчүлөрдүн, кызматкерлердин жана аттракциондордун кыймылдуу бөлүктөрүнүн мүмкүн болгон кыймылдарын эске алуу зарыл.
73. Аттракциондун ээси (эксплуатанты) аны эксплуатациялык документтеринде көрсөтүлгөн түрүнө, конструкциясына жана мүнөздөмөлөрүнө ылайык келген чынжырлар, болот аркандар, текстилдик аркандар жана ленталар менен комплектелүүсүн камсыздайт.
Эксплуатацияда болгон аттракциондогу чынжырларды, болот аркандарды, текстилдик аркандарды, ленталарды эксплуатациялык документтеринде көрсөтүлгөндөрдөн айырмаланган конструкциядагы жана мүнөздөгү чынжырларга, болот аркандарга, текстилдик аркандарга жана ленталарга алмаштырган учурда долбоорлоочудан, аттракционду даярдоочудан же ушул түрдөгү (типтеги) аттракциондорду долбоорлоо боюнча жумуштарды аткаруу жана (же) кызматтарды көрсөтүү жаатында адистешкен уюмдан ушундай алмаштырууга мүмкүн экендиги жөнүндө макулдук алуу же Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 24-апрелиндеги № 66 чечими менен бекитилген форма (11-тиркеме) боюнча аларды сыноо тууралуу күбөлүк алуу керек.
Көрсөтүлгөн документ (көрсөтүлгөн документтер) жок болгон учурда чынжырларды, болот аркандарды, текстилдик аркандарды жана ленталарды колдонууга жол берилбейт.
74. Аттракционду монтаждоодон жана жөндөөдөн кийин төмөнкүлөрдү текшерүү керек:
а) аттракциондун жайгашуусу даярдоочунун, монтаждоонун долбоордук-конструктордук документтеринин талаптарына ылайык келүүсү;
б) эксплуатациялык документтеринде көрсөтүлгөн монтаждоо шарттарынын сакталышы;
в) алдын ала текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган бузулуулардын, иштебей калуулардын жана эскертүүлөрдүн жоюлушу;
г) аттракциондун тээктеринин, тыгыздоочуларынын абалынын жана кыртышынын, пайдубалынын жана анкердик бекитилишинин мүнөздөмөлөрүнүн долбоордук-конструктордук документтеринин, эксплуатациялык документтеринин талаптарына шайкештиги;
д) бардык негизги көтөрүүчү элементтерди монтаждоонун, анын ичинде кермелердин, формасынын жана көтөрүүчү элементтердин туурасынан кесилишинин өлчөмдөрүнүн эксплуатациялык документтеринин талаптарына шайкештиги;
е) гидравликалык жана пневматикалык түзүлүштөрдү, тепкичтердин аянтчаларын, платформаларды, тосмолорду, каптамаларды, жасалгалоонун элементтерин жана башка тетиктерди жана жабдууларды туура орнотулушуна жана монтаждалышына;
ж) ажыроочу бөлүктөрдү, анын ичинде жасалгалоо элементтерин бекитүүнүн тууралыгына жана ишенимдүүлүгүнө;
з) электр зымдарынын жана басым астында болгон куур өткөргүчтөрүнүн коопсуз жайгашуусуна.
75. Ушул Эрежелердин 73-пунктуна ылайык аттракционду кароо жана текшерүү жүргүзгөндө аныкталган шайкеш келбестиктер жоюлгандан кийин, эгерде эксплуатациялык документтеринде башкача белгиленбесе, 15 жумушчу циклдеринен кем эмес аралыкта күч келтирбестен (сынап жүргүзүп көрүү) аттракционду сыноолор өткөрүлөт. Сынап жүргүзүп көрүү убагында төмөндөгүлөр текшерилет:
а) аттракциондун башка бөлүктөрүнө байланыштуу кыймылдын траекториясынын бардык чекиттеринде коопсуздук контурунун өлчөмдөрүнүн сакталышы;
б) программалоочу, авариялык жана бөгөт коюучу башкаруу системаларынын туура иштеши;
в) коопсуз эксплуатациялоого таасир этүүчү өзүнчө бөлүктөрүнүн ылдамдыктарынын, ылдамданууларынын жана массаларынын коюлган чектик маанилерин сактоого;
г) гидравликалык же пневматикалык системалардагы басымдын жумуштук маанилерине;
д) аттракциондун жантайуу бурчун көзөмөлдөөчү учку өчүргүчтөрдүн, приборлордун, ашыкча күч келтирүүдөн коргоочу түзүлүштөрдүн (мисалы, басымды түшүрүүчү клапандар) жана башкалардын жөндөлүшү;
е) коргоо түзүлүштөрүнүн жана коопсуздук түзүлүштөрүнүн иштеп кетиши;
ж) тормоздордун иштөө жөндөмү жана тормоздоо учурунда жүргүнчүлөр үчүн жол берилген ылдамдануунун маанилери;
з) кыртыштан үзүлүүгө же оодарылууга каршы туруктуулук.
76. Башкаруу системаларынын, авариялык токтотуу түзүлүштөрүнүн, бөгөт коюучу каражаттардын, коргоочу түзүлүштөрдүн, коопсуздук түзүлүштөрдүн туура иштешине ынануу максатында, эгерде ушул эксплуатациялык документтерде каралса, штаттык эмес кырдаалдар имитацияланат.
77. Аттракционду монтаждоодо, демонтаждоодо, жөндөөдө, оңдоодо, модификациялоодо (реконструкциялоодо), модернизациялоодо жана эксплуатацияны баштоого чейин ага бөтөн адамдардын кирүүсүнө жол берилбөөсү керек.
Аттракциондун ээси (эксплуатанты) же ал ыйгарым укук берген жактар (жумуштардын ушул түрлөрүн жүргүзүүгө адистешкен уюм) иш жүргүзүү зонасына бөтөн адамдардын киришине жол бербөө чараларын көрүүгө, мисалы, тосмо орнотууга, эскертүүчү белгилерди орнотууга тийиштүү.
78. Ачык абада орнотулган аттракциондорду монтаждоону, демонтаждоону, жөндөөнү, ондоону, реконструкциялоону, модернизациялоону тоңголокто, туманда, кар жааганда, чагылгандуу жаанда, аттракциондун эксплуатациялык документтеринде көрсөтүлгөн чектик маанилерден абанын температурасы төмөн же шамалдын ылдамдыгы жогору болгондо жүргүзүүгө жол берилбейт.
79. Аттракционду монтаждоодон кийин, анын ичинде реконструкциялоого, капиталдык, капиталдык-кайра калыбына келтирүүчү оңдоого, авариядан кийин кайра калыбына келтирүүчү оңдоого дуушар болгон аттрацион, жана жөндөө иштерин жүргүзгөндөн кийин аттракциондун ээси (эксплуатанты) аттракционго техникалык күбөлөндүрүүнү жүргүзүүнү уюштурат жана Аттракциондун техникалык даярдыгынын актысын түзөт, ушул менен аткарылган жумуштардын жүргүзүлүшү айтылган иштерди жүзөгө ашыруу боюнча долбоорлук жана техникалык документтердин талаптарына, эксплуатациялык документтердин, ушул Эрежелердин, ЕАЭБ ТР 038/2016, МАМСТ 33807-2016, аларга карата таасири жайылтылган башка ББ/ЕАЭБ техникалык регламенттеринин жана мамлекеттер аралык стандарттардын талаптарына шайкештигин тастыктайт. Аттракциондун техникалык даярдыгынын актысы 5-тиркемеге ылайык форма боюнча түзүлөт.
80. Аттракционду эксплуатацияга берүү үчүн Аттракциондун ээси (эксплуатанты) аттракционго техникалык күбөлөндүрүү өткөргөндөн кийин аны эксплуатацияга кабыл алуу боюнча төмөндөгү курамдагы комиссияны уюштуруусу керек: аттракциондун ээсинин (эксплуатанттын) өкүлү (комиссиянын төрагасы), өкүлдөрү: аттракциондун курулуш бөлүгүнүн долбоордук-конструктордук документтерин иштеп чыккан долбоорлоочу уюмдан; монтаждоону, реконструкциялоону, капиталдык, капиталдык-кайра калыбына келтирүүчү оңдоону, авариядан кийин кайра калыбына келтирүүчү оңдоону, аттракционду жөндөөнү аткарган уюмдан же жеке ишкерден (ЖИ); аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоого жооптуу тараптардан; курулуш уюмунан.
81. Аттракционду кабыл алуу боюнча комиссияга төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) аттракционго эксплуатациялык документтер;
б) техникалык күбөлөндүрүү жүргүзүүнүн натыйжасы боюнча аттракциондун техникалык абалы жөнүндө корутунду;
в) аттракциондун техникалык даярдыгынын актысы;
г) аттракциондун курулуш бөлүгүнүн техникалык документтерге шайкештигин ырастоочу документтер;
д) аттракцион чогултулган (оронтулган) пайдубалга, аянтчага же башка негизге - иш жүргүзүү үчүн жооптуу жактар жасаган, иш жүзүндө аткарылган жумуштардын чиймелерге шайкештиги жөнүндө, кол коюулары менен болгон жумушчу чиймелердин комплектиси;
е) көмүскө жумуштардын күбөлөндүрүү актылары жана айрым жооптуу конструкцияларды орто аралык кабыл алуу актылары;
ж) аттракционду кыртышка орнотууда - кыртыштын мүнөздөмөлөрүнүн эксплуатациялык документтердин талаптарына шайкештиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредитацияланган лабораториянын корутундусу;
з) башка техникалык документтер (зарыл болсо).
и) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 410, 2025-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
82. Комиссия берилген документтерди изилдөөгө, аттракционго кароо жүргүзүүгө жана аттракциондун эксплуатациялык документтердин талаптарына шайкештигин, ошондой эле анын ушул Эрежелердин талаптарына ылайык эксплуатацияга даярдыгын, анын ичинде жүргүнчүлөрдүн, келүүчүлөрдүн жана жумушчулардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралардын аткарылышын, аттракционду эксплуатациялоодо коопсуздук талаптарынын сакталышына көзөмөлдүн уюштурулушун текшерүүгө милдеттүү.
Комиссия берилген документтерди кароодо күмөн жараткан ар бир аттракциондун каалагандай параметрин текшерүү үчүн сыноо жүргүзүүнү талап кылууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтомунун редакциясына ылайык)
83. Эгерде комиссия бузууларды, аттракциондун техникалык документтердин, эксплуатациялык документтердин талаптарына, ушул Эрежелердин талаптарына шайкеш эместигин аныктаса, аттракциондун ээси (эксплуатанты) аларды жоюуну уюштурат, андан кийин Эрежелердин ушул главасында белгиленген тартипте аттракционду кайра кабыл алуу жүргүзүлөт.
84. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча 6-тиркемеге ылайык форма боюнча Аттракционду эксплуатациялоого кабыл алуу актысы түзүлөт, ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет.
85. Реконструкциялоонун, модернизациялоонун, оңдоонун, тейлөөнүн жүрүшүндө төмөнкү материалдарды пайдаланууга жол берилбейт:
а) полимердик тез күйүп кетчү материалдар;
б) күйүү продуктуларынын уулуулугу боюнча өзгөчө коркунучтуу материалдар (МАМСТ 12.1.044-2018 боюнча Т4);
в) касиеттери жакшы изилденбеген жаңы материалдар.
Ошол эле учурда полимердик материалдар, ар кандай матрицалык негиздердеги композиттик материалдар ультра кызгылт көк нурланууга туруктуу болушу керек.
Эгерде полимердик материалдар, ар кандай матрицалык негиздердеги композиттик материалдар эксплуатациялоо процессинде морт болуп калса, модификациялоодон (реконструкциялоодон), модернизациялоодон, ондоодон, тейлөөдөн кийин тиркелген документтерде аларды коопсуз эксплуатациялоо мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш.
Полимердик жана композиттик материалдардын бетинин эскирүүгө туруктуулугу жана катуулугу жүргүнчүлөрдүн, пайдалануучулардын коопсуздугун бүткүл дайындалган кызмат мөөнөтүндө (дайындалган ресурсунда) камсыз кылууга тийиш.
Катмарланган же кабыктары ажыраган кычкылдарды пайда кылган металл материалдары уулуу эмес катмар менен корголушу керек.
Фанера атмосфералык таасирге туруктуу болушу керек.
86. Аттракциондордун эсептелген металл конструкцияларында күчтүн бир бөлүгү ширетүүлөр менен, ал эми башка бөлүгү буроолор менен айкалышкан туташтырууларды колдонууга жол берилбейт.
87. Аттракциондордун эсептелген металл конструкцияларынын элементтерин, критикалык (критикалуу) компоненттерин ширетүү жана карматуу боюнча жумуштарды аткарууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 63 "Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык курулуш-монтаждоо иштеринде адистин квалификациялык сертификатын жана ширетүүчүнүн күбөлүгүн алган ширетүүчүлөргө уруксат берилет.
88. Сыноочу (контролдук) ширетилген байланыштын ширетүүсүнүн сапатын контролдоо ыкмалары жана ченемдери технологиялык документтердин талаптарына жооп бериши керек.
89. Аттракциондорду эсептелген металл конструкцияларын, критикалык (критикалуу) компоненттерин чогултуу, ширетүү боюнча иштерди уюштуруу жана башкаруу тиешелүү деңгээлдеги квалификациялуу ширетүү өндүрүшү тармагындагы адиске (ширетүү ишинин жетекчисине) жүктөлүшү керек.
90. Ширетүү жумуштары аттракционду даярдоочу же адистештирилген уюм тарабынан МАМСТ ISO 15609 "Металл материалдарды ширетүүнүн жол-жоболоруна техникалык талаптар жана аттестация. Ширетүү жол-жобосуна техникалык талаптар" мамлекеттер аралык стандартынын (1-6-бөлүктөр) негизинде иштелип чыккан ширетүү боюнча технологиялык документтерге, технологиялык нускамаларга ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
91. Даярдоочу, тиешелүү типтеги (түрдөгү) аттракциондорду монтаждоо, оңдоо боюнча жумуштарды жана (же) кызматтарды аткаруу жагынан адистештирилген уюм, ширетүүнүн жана ширетилген байланыштардын сапатын контролдоонун жол берилгис кемчиликтерди аныктоого кепилдик берген түрлөрүн жана көлөмүн колдонууга тийиш. Ошону менен бирге контролдоонун көлөмү ушул Эрежелердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Ширетүүнүн жана ширетилген байланыштардын сапатын текшерүү төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) кызматкерлердин квалификациясынын жана аттестациясынын деңгээлин текшерүү;
б) чогултуу-ширетүүчү, контролдоочу жабдууларды, аппаратураларды, аспаптарды жана шаймандарды текшерүү;
в) негизги материалдардын сапатын контролдоо;
г) ширетүүчү материалдардын жана кемчиликтерди табуу үчүн материалдардын сапатын контролдоо;
д) ширетүү технологиясын операциялык контролдоо;
е) ширетилген байланыштардын сапатын бузбай контролдоо;
ж) бузуп контролдоо;
з) кемчиликтерди оңдоону контролдоо.
92. Бузбаган жана (же) бузган контролдоонун түрлөрү тиешелүү типтеги (түрдөгү) аттракциондордун долбоорлоочусу (даярдоочусу), монтаждоо, оңдоо боюнча жумуштарды аткаруу жана (же) кызматтарды көрсөтүү боюнча адистештирилген уюм тарабынан аныкталат жана техникалык документтерде, эксплуатациялык документтерде көрсөтүлөт.
93. Ширетилген байланыштардын сапатын бузбаган жана бузган контролдоо ыкмаларын аткаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында улуттук аккредитациялоо системасы жөнүндө жобого ылайык аккредитацияланган лабораториясы бар уюм тарабынан аткарылууга тийиш.
5-глава. Аттракциондордун коопсуз эксплуатациялоону уюштуруу боюнча негизги талаптар
94. Аттракциондорду эксплуатациялоо алардын ээлери (эксплуатанттары) тарабынан алардын эксплуатациялык документтерине, ушул Эрежелердин талаптарына, күчүнө кирген жана аларга карата колдонулган ББ/ЕАЭБ ТР, анын ичинде ЕАЭБ 038/2016 техникалык регламентине ылайык аткарылууга тийиш.
95. Аттракционду же аттракциондук комплексти коопсуз эксплуатациялоону уюштуруу үчүн анын ээси (эксплуатанты) локалдык буйруктар менен объекттерди коопсуз эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамды же адамдарды, аттракциондук комплекстин аттракциондору иштеген мезгилде нөөмөтчүлөрүн, техникалык тейлөө, оңдоо жана аттракциондордун техникалык абалын күнүмдүк текшерүү үчүн слесарларды, механиктерди, электриктерди, башка кесиптердин жумушчуларын (зарыл болсо), ар бир дайындалуучу адам үчүн милдеттерин жана жоопкерчиликтерин аныктоо менен дайындайт.
Аттракциондун ээси (эксплуатанты) болуп саналган жеке ишкер тиешелүү даярдыктан өткөн башка уюмдардын жумушчуларына аттракционду коопсуз эксплуатациялоого жана анын техникалык абалына күнүмдүк текшерүүгө жооптуу адамды келишим боюнча тартууга жана милдеттерди жүктөөгө укуктуу. Мында тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери келишимде жүктөлгөн талаптардын аткарылышын камсыздоону эске алуу менен аныкталууга тийиш.
96. Аттракциондорду башкарууга жана тейлөөгө 18 жаштан жаш эмес, аткарган ишине ылайык кесипке ээ, аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо боюнча билими текшерүүдөн жана медициналык кароодон өткөн жумушчуларга жол берилет.
97. Аттракциондордун нөөмөтчүлөрүнүн, аттракционду эксплуатациялоо, монтаждоо, жөнгө салуу, тейлөө жана оңдоо жүргүзгөн башка кесиптин жумушчуларынын саны жана квалификациясы аттракциондук комплекске кирген аттракциондордун санына, алардын конструкциясына, ошондой эле аткарылган иштердин жалпы көлөмүнө жана мүнөзүнө жараша аныкталат.
98. Аттракциондордун нөөмөтчүсү иштеген бир аттракцион үчүн жооптуу болушу керек. Бул Аттракционду эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) каралган учурларда же аттракциондук комплекстин ээсинин (эксплуатанттын) көрсөтмөсү боюнча эки же андан көп аттракциондордун нөөмөтчүсү дайындалат, алардын бири улук нөөмөтчү болуп дайындалат.
Үйлөмө аттракциондун нөөмөтчүсү оңой тааныла турган экипировкага (сигналдык жилетке) ээ болууга жана үйлөмө аттракционду эксплуатациялоо боюнча нускаманын жана эмгекти коргоо боюнча нускаманын талаптарын сактоого, инцидент, өзгөчө (авариялык) кырдаал, кырсык болгон учурда жүргүнчүлөрдүн, келүүчүлөрдүн коопсуздугун жана өзүнүн жеке коопсуздугун камсыз кылуу менен иштей билүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 410 токтомунун редакциясына ылайык)
99. Аттракциондун нөөмөтчүсүн бир аттракциондон экинчи аттракционго которуу үчүн ал башка аттракциондун түзүлүшүнүн жана эксплуатациялоонун өзгөчөлүктөрү менен таанышууга тийиш, аны башкарууга практикалык көндүмдөрдү алуусу керек.
100. Параметрлери эксплуатациялык документтерде белгиленген маанилерден ашкан жагымсыз метеорологиялык шарттар келип чыккан учурда жүргүнчүлөр үчүн аттракциондорду колдонуу токтотулушу керек.
101. Аттракциондук комплекстин ар бир аттракционунун кире беришинде төмөнкү маалыматтарды камтыган колдонуучулар үчүн маалыматтык стенд болушу керек:
- аттракциондун аталышы;
- каттоо номери;
- аттракцион эксплуатациялоого берилген дата;
- кийинки техникалык күбөлөндүрүлгөн дата;
- аттракционду эксплуатацияга берген уюмдун аталышы, дареги жана байланыш телефону;
- Жүргүнчүлөр үчүн аттракционду пайдалануу эрежелери.
102. Маалыматтык стенддеги жазуулар мамлекеттик жана (же) расмий тилдерде аткарылат.
Маалыматтык стенддин негизги өлчөмдөрү, анын формасы, конструкциясы, жарыктык техникалык мүнөздөмөлөрү (жарыктыгы) жүргүнчүлөрдү жана келүүчүлөрдү максималдуу маалымдоого өбөлгө түзүүсү керек.
Стенддин аткарылышы анда жайгаштырылган маалымат климаттык факторлордун таасиринен бузулбоосун кепилдөөгө жана тексттин 3 м ден кем эмес аралыктан окулуусун камсыз кылууга тийиш.
Эскертүүлөр жана сактануу чараларынын талаптары менен маалымат жалпы фондо айырмаланып турушу керек.
103. Зарыл болгон учурда коопсуздук көрсөтмөлөрү (тексттик эскертүүлөр, белгилер, сигналдар, символдор) аттракциондун конструкциясына түздөн-түз түшүрүлүшү мүмкүн.
Алар мамлекеттик жана (же) расмий тилдерде жасалып, жакшы байкалган, түшүнүктүү болуп жана жүргүнчүлөр жана келүүчүлөр тарабынан оңой окулууга тийиш.
104. Жүргүнчүлөр үчүн аттракционду пайдалануу эрежелери аттракциондун эксплуатациялык документтеринде баяндалган талаптардын, ошондой эле аттракциондун ээси (эксплуатанты) тарабынан коюлган кошумча коопсуздук талаптарынын негизинде түзүлөт.
Ээси (эксплуатант) тарабынан иштелип чыккан кошумча коопсуздук талаптары аттракциондун эксплуатациялык документтеринде белгиленген талаптарга каршы келбөөгө тийиш.
Жүргүнчүлөр үчүн аттракционду пайдалануу эрежелеринде бул аттракциондун жүргүнчүлөр тарабынан пайдалануусунун чектөөлөрү жөнүндө так көрсөтмөлөр милдеттүү тартипте камтылууга тийиш. Алар мамлекеттик жана (же) расмий тилдерде аткарылууга тийиш.
105. Жүргүнчүлөр үчүн аттракционду пайдалануу эрежелери аттракциондун нөөмөтчүсүнүн кабинасында жана (же) жумуш ордунда да жайгаштырылат.
106. Аттракциондун ээси (эксплуатанты) төмөнкүдөй милдеттерди аткарууну камсыз кылууга же аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамга (адамдарга) жүктөөгө тийиш:
а) аттракциондун эксплуатациялык документтерин иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү (аларды аттракционду даярдоочусу тапшырбаган учурда);
б) аттракционго эксплуатациялык документтерди жүргүзүү жана сактоо, ошондой эле көрсөтүлгөн документтердин болуусун жана комплекттүүлүгүн камсыз кылуу;
в) Аттракциондун формулярында же паспортунда көрсөтүлгөн маалыматтарды 3 жана 4-тиркемелерге ылайык киргизүү жана өз убагында жаңылоо;
г) 7-тиркемеге ылайык ар бир аттракционго Аттракционду эксплуатациялоону жана тейлөөнү эсепке алуу журналын жүргүзүү жана жүргүзүүнү контролдоо;
д) аттракциондун жүргүнчүлөрү үчүн Аттракционду пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу (аттракциондук комплекстин ар бир аттракциону үчүн);
е) аттракциондорду башкаруу пультунун жанына (аттракциондун нөөмөтчүсүнүн жумуш ордуна) аттракциондордун негизги техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтарды камтыган тактачаларды жайгаштыруу;
ж) аттракционду жүргүнчүлөргө жүктөө схемасын аттракциондун башкаруу пультунун жанында (аттракциондун нөөмөтчүсүнүн жумуш ордунда) жана эксплуатациялык документтерде каралган жерлерде жайгаштыруу;
з) зарыл болгон эвакуациялоо белгилерин, пландарын жана жүргүнчүлөрдү чоң бийиктиктен же жерге карата олуттуу жантайуусу бар отургучтардан эвакуациялоо чараларын жайгаштыруу;
и) жүргүнчүлөрдүн боюн жана салмагын өлчөө үчүн каражаттардын болушун (эгерде бул эксплуатациялык документтерде каралса) камсыз кылуу;
к) аттракциондорду башкаруу пультунун жайларында (аттракциондордун нөөмөтчүсүнүн жумуш орундарында) медициналык аптечкалардын болушун камсыз кылуу;
л) аттракцион иштеген убакта жана ал иштебей турганда кооптуу зоналарга (жүргүнчүнүн модулдарынын, механизимдердин кыймылдоо зоналары, электр жабдуулары бар шкафтар, жумушчулар үчүн платформалар жана тепкичтер), ошондой эле аттракциондордун кызматтык колдонуу жерлерине, аларды башкаруу жана энергия менен камсыздоо системаларына келүүчүлөрдүн, жумушчулардын эркин кирүүсүн жокко чыгаруу;
м) аттракциондордун аянтчаларында шамалдын күчүн жана курчаган чөйрөнүн абасынын температурасын өлчөө үчүн приборлорду орнотуу (эгерде бул эксплуатациялык документтерде каралса);
н) аттракциондордун аянтчаларында аттракциондорго келүүчүлөр үчүн зарыл болгон маалыматтарды, эскертүүчү жана тыюу салуучу белгилерди орнотуу.
107. Аттракциондорду пландык-алдын алуучу кароолор жана оңдоолор системасына төмөнкүлөр кирет:
- аттракциондорду кароо жана техникалык тейлөө;
- аттракциондун ресурсун аны оңдоо, модификациялоо (реконструкциялоо), модернизациялоо жолу менен калыбына келтирүү.
108. Аттракциондорду пландык-алдын алуучу кароолор жана оңдоолор системасы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- аттракционду, анын бөлүктөрүн кароонун, техникалык тейлөөнүн, жана оңдоонун мезгилдүүлүгүн, көлөмүн;
- критикалык (кооптуу) компоненттерди, кооптуу параметрлерди текшерүүнүн жана жөнгө салуунун мезгилдүүлүгүн, ыкмаларын;
- тез эскирүүчү тетиктердин тизмесин;
- аттракциондорду кароолорго, оңдоонун жана техникалык тейлөөнүн ар кандай түрлөрүнө убакыттын ченемдерин (эмгек чыгымдары), курамдык санын жана аткаруучулардын керектүү квалификациясын.
109. Аттракциондорду кароо, техникалык тейлөө жана оңдоо аттракциондун эксплуатациялык документтеринин талаптарына ылайык пландык-алдын алуучу кароолор жана оңдоолор системасынын графиктеринде белгиленген мөөнөттөрдө жүргүзүлөт. Графиктер аттракциондордун иш жүзүндө иштөөсүн эске алуу менен түзүлөт. Аттракционду, анын бөлүктөрүн техникалык тейлөөнүн жана оңдоонун алкагында аткарылган жумуштардын тизмеси жана көлөмү 7-тиркемеге ылайык Аттракционду эксплуатациялоону жана тейлөөнү эсепке алуу журналында чагылдырылат.
110. Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылуу үчүн аттракциондордун нөөмөтчүсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өзү башкарган аттракциондун негизги техникалык мүнөздөмөлөрүн жана түзүлүшүн, Аттракционду эксплуатациялоо боюнча колдонмонун (нускаманын) талаптарын билүүгө, өзүнүн жумуш ордунда аталган Колдонмонун болушуна;
- жүргүнчүлөрдүн, келүүчүлөрдүн, жумушчулардын коопсуздугун да, өзүнүн жеке коопсуздугун да камсыз кылуу менен өз милдеттерин аткарууга; иш башталардын алдында аттракциондун абалына визуалдык кароо жүргүзүүгө;
- аттракциондун иштешинин бүткүл циклинде, ошондой эле ал жүргүнчүлөр жана келүүчүлөр үчүн ачык болгон бардык убакта аны контролдоого; бул мезгилде жүргүнчүлөр жана келүүчүлөр үчүн кооптуу кырдаалга алып келиши мүмкүн болгон бузулуулар же мүчүлүштүктөр келип чыкканда, аттракционду коопсуз эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамга бузулуулар же мүчүлүштүктөр жөнүндө дароо маалымдоо менен аттракционду эксплуатациялоону токтотууга;
- аттракционду башкарууга жана анын иштөөсүн контролдоого бөтөн адамдарга жол бербөөгө;
- Жүргүнчүлөр үчүн аттракционду пайдалануу эрежелеринин жүргүнчүлөр тарабынан сакталышын дайыма контролдоого;
- эгерде жүргүнчү өзүнүн ден соолугунун же жүрүм-турумунун абалы боюнча аттракционду коопсуз пайдалана албайт деген тыянакка келсе, жүргүнчүнүн аттракционго кирүүсүнө жол бербөөгө;
- аттракционду эксплуатациялык документтерде даярдоочу же Аттракционду эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) аттракциондун ээси (эксплуатанты) белгилеген чектен чыкпаган ылдамдыктар, ылдамдануулар менен эксплуатациялоого;
- аттракционду кыймылсыз абалда бекитүүгө жана (же) Аттракционду эксплуатациялоо боюнча колдонмонун (нускаманын) талаптарына ылайык аттракцион пайдалануу үчүн жабылган сайын жүргүнчүлөрдүн жана келүүчүлөрдүн кирүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу боюнча чараларды көрүүгө;
- Аттракционду эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) жазылган башка иш-чараларды жана иштерди аткарууга.
111. Аттракциондун иштөө цикли башталганга чейин аттракциондордун нөөмөтчүсү төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- жүргүнчүлөрдү схемага ылайык жайгаштырууну (отургузууну), анын ичинде аттракцион толук жүктөлбөгөн учурда;
- бардык жүргүнчүлөрдү керектүү абалда ишенимдүү бекитүүнү, мында бекитүү каражаттары керектүү түрдө туура келтирилүүгө, жөндөлүүгө жана эгерде бул конструкциясында каралса ишеничтүү бөгөттөлүүгө тийиш;
- аттракциондун кооптуу зонасында бөтөн адамдардын жана предметтердин болбошун;
- аттракциондун ишке киргизилгендиги жөнүндө жүргүнчүлөрдү жана келүүчүлөрдү кабарлоону.
112. Аттракциондун нөөмөтчүсү физикалык, психофизикалык абалы же экипировкасы аттракционду коопсуз эксплуатациялоо талаптарына жооп бербеген жүргүнчүлөрдү Аттракциондун старттык аянтчасына (старттык элементине) киргизбөөгө укуктуу, тактап айтканда:
- алкоголдук мас абалындагы же баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун, улантуучу же башка маң кылуучу заттарды керектөөдөн келип чыккан абалдагы адамдарды;
- жашы, бою, дене массасы (салмагы) боюнча суу тайгагын колдонууга чектөө коюлган, оору абалынын айкын белгилери бар (температура, кышылдоо, кубаруу, өзүн жоготуу, башкалар) адамдарды;
- суу тайгагынын трассасынан өтүүнүн жүрүшүндө жүргүнчүнү жабыркатып алуусу же суу тайгагынын каптоосуна, бөлүктөрүнө (ачкычтар, колдонуучунун экипировкасынын чыгып турган катуу элементтери, зер буюмдар жана башкалар) зыян келтирүүсү мүмкүн болгон бөтөн предметтер же экипировка элементтери менен адамдарды;
- кош бойлуу аялдарды.
Жүргүнчүлөрдүн боюн жана салмагын, ошондой эле башка факторлорду эске алуу менен аттракциондорду пайдаланууга чектөөлөр 9-тиркемеде келтирилген.
113. Аттракционду эксплуатациялоо мезгилинде аны максаты боюнча пайдалануу зарыл болбогон учурда аттракционду консервациялоо боюнча иш-чаралар аткарылат.
Аттракционду консервациялоо Аттракционду эксплуатациялоо боюнча колдонмонун (нускаманын) талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Аттракционду эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) консервациялоо боюнча көрсөтмөлөр жок болсо, аттракциондун ээси (эксплуатанты) аттракционду атмосфералык жана башка зыяндуу таасирлерден, ошондой эле санкцияланбаган колдонуудан коргоого мүмкүндүк берүүчү уюштуруучулук жана техникалык иш-чаралардын тизмегин иштеп чыгат.
Аттракционду консервациялоонун, консервациялоодон чыгаруунун жана аны консервациялоо мезгилинде сактоонун мөөнөтү, аттракционду консервациялоо, консервациялоодон чыгаруу жана сактоо боюнча иштерди аткаруунун тартибин аттракциондун ээси (оператор) аныктайт; Аттракционду консервациялоо, консервациялоодон чыгаруу жана сактоо жөнүндө маалыматтар 7-тиркемеге ылайык Аттракционду эксплуатациялоону жана тейлөөнү эсепке алуу журналына киргизилет.
Аттракциондун кызмат өтөө мөөнөтү аяктаганда (чектүү абалы келип жеткенде) аны утилдештирүү адистештирилген уюм тарабынан жүргүзүлөт.
6-глава. Аттракциондорго жалпы техникалык талаптар
§ 1. Аттракциондордун сырткы көрүнүшүнө жана аларды күтүүгө талаптар
114. Аттракциондордун техникалык абалы эксплуатациялык документтердин жана ушул Эрежелердин жоболоруна ылайык келүүгө тийиш.
115. Аттракцион жөнүндө кандай болбосун маалымат, анын ичинде эксплуатациялык документтер жана аттракциондо жайгаштырылган маалыматтар мамлекеттик жана (же) расмий тилдерде түзүлөт.
116. Оператордун кабинасынан аралыктан башкарылуучу (башкаруу пульту) аттракциондор эскертүүчү сигналдар менен жабдылышы керек.
117. Жүргүнчүлөрдүн денелери менен тийишкен аттракциондун сырткы беттери жана сырткы беттеринин ашташкан жерлери алар боюнча сыйгаланганда жүргүнчүлөрдүн жаракат алуусун жокко чыгаруу максатында жылмакай болуусу керек.
118. Аттракциондордун деталдары, түйүндөрү, конструкциялык элементтери жана алардын эксплуатациялоо процессинде иштебей калуусуна же бузулуусуна байланыштуу коркунуч жаратышы мүмкүн болгон туташуулары контролдоо жана оңдоо үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.
§ 2. Тосмолорго талаптар
119. Аттракциондун ичиндеги же сыртындагы кооптуу зоналардын тосмолору эксплуатациялык документтерде каралган аралыкта жайгаштырылууга тийиш.
120. Аттракциондун жумушчу зонасына кирүүнү чектөө үчүн колдонулуучу тосмолордун бийиктиги келүүчүлөр турган үстүңкү бетке карата 1100 мм кем эмес болушу керек. Мында тосмонун эки жакын чектеш ички элементтеринин ортосундагы аралык 100 мм ашпоого тийиш.
121. Эгерде эксплуатациялык документтерде башкача каралбаса, тосмолордон аттракциондун кыймылдуу бөлүктөрүнө чейинки минималдуу коопсуз аралык 500 мм кем болбошу керек.
122. 10 жашка чейинки балдар үчүн аттракциондордо, тосулган зоналары бирдей деңгээлде жайгашкан болсо, бийиктиги 850 мм болгон бөгөттөрдү колдонууга жол берилет.
123. Тосмолор же кармагычтар келүүчү 400 мм бийиктиктен кулап кетиши мүмкүн болгон же чектеш деңгээлдердин бийиктиктеринин айырмасынан улам андан ашкан жерлерге орнотулууга тийиш.
124. Аттракциондун бардык тосмолору тосулган зонага инструменттерди колдонуу менен гана кирүү мүмкүн боло тургандай бекем бекитилүүгө тийиш. Тосмонун эшиктери (эшикчелери) бекитүүчү түзүлүштөр менен жабдылышы керек.
125. Көп орундуу аттракциондордун тосмолорунда (24 жана андан көп) өзүнчө кирүүчү жана чыгуучу жерлер болууга тийиш.
Аттракциондун бардык кирүүчү жана чыгуучу жерлеринде кулпулоочу түзүлүштөр болушу керек.
§ 3. Платформаларга, траптарга, полго, тепкичтерге жана өтмөктөргө талаптар
126. Аба ырайынын кандай болбосун шарттарында платформалардын, траптардын, полдордун, тепкичтердин жана өтмөктөрдүн беттери тайгак болбошу керек.
127. Платформалардын, траптардын, полдордун, тепкичтердин жана өтмөктөрдүн беттери коопсуз эксплуатациялоо үчүн зарыл болгон көтөрүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болууга тийиш. Аттракцион боюнча келүүчүлөрдүн кыймылынын таасири астында катуу көтөрүү беттеринин ийилишине жана жылышына жол берилбейт.
128. Платформалардын, траптардын, полдордун, тепкичтердин жана өтмөктөрдүн бетинде чыгып турган жерлер, учтуу бөлүктөр жана түз эместиктер, ошондой эле диаметри 12 мм ден ашык тегерек предмет түшүп кетиши мүмкүн болгон тешиктер болбошу керек.
129. Платформанын бийиктиктериндеги ар кандай айырмачылыктар көрүнүктүү белгилениши керек жана келүүчүлөр үчүн коркунуч жаратпашы керек.
130. Аттракциондордун ар кандай платформаларынын эңкейиши 1:8ден ашпоого тийиш.
131. Келүүчүлөр үчүн кирүү жана чыгуу траптарынын эңкейиши 1:6дан ашпоого тийиш. Эгерде 400 мм ден ашык эмес аралыкта жайгашкан түшүүчү жердин бардык кеңдиги боюнча туурасынан кеткен рейкалар каралган болсо, кирүү жана чыгуу траптарынын 1:4 жантайышына жол берилет.
132. Траптар же тепкичтер жок болгон учурда платформалардын ортосундагы жол берилген бийиктиктин айырмасы 100-240 мм болушу керек.
133. Аттракциондо келүүчүлөрдүн кыймылы үчүн негизги тепкичтердин туурасы 900-2500 мм чегинде болушу керек (эгер алар аттракционду курчап турган, же тепкичтер 10 баскычтан ашпаган, же бийиктигинин айырмасы 2000 мм ден ашпаган учурдан тышкары), авариялык тепкичтердин жана жумушчу көпүрөчөлөрдүн туурасы 600 мм кем эмес болушу керек.
134. Кармагычтардын ортосундагы же кармагычтар менен тепкичтин ички четинин ортосундагы минималдуу аралык 900 мм же 600 мм (тепкичтин туурасына жараша) болушу керек. Тепкичтин туурасы 900 мм же андан көп болсо, кармагычтар эки тарабында тең болушу керек.
135. Айланма тепкичтерден тышкары, тепкичтердин баскычтарынын тереңдиги кеминде 240 мм болушу керек. Баскычтардын жол берилген бийиктиги 140-240 мм.
136. Жантайыңкы баскычтарды колдонууга жол берилбейт.
137. Баскычтардын туурасы жана бийиктиги тепкичтин бүткүл узундугу боюнча бирдей болушу керек. Келүүчүлөр үчүн багытталган тепкичтердин анын ортоңку сызыгы менен аныкталган жантайышы 45 градустан ашпоого тийиш.
138. Келүүчүлөр үчүн багытталган ар бир тепкичтин аянтчаларынын аралыгы 15 баскычтан ашпоого тийиш. Биринин артынан бири келген аралыктардын ортосунда 800 мм кем эмес узундуктагы аянтчалар болушу керек. Механизациялаштырылбаган суу аттракциондорунда келүүчүлөр үчүн багытталган ар бир тепкичтик аралыктын 18ден ашпаган баскычы болууга тийиш.
§ 4. Жүргүнчүлөрдүн модулдарына талаптар
139. Эшиктер жүрүү учурунда кокустан ачылып кетүүсүн болтурбоочу оң абалдагы кулпу түзүлүштөрү менен жабдылууга тийиш. Эшиктер сырттан гана бекитилүүчү жана ачылуучу кулпулар менен жабдылууга тийиш. Аттракцион иштеп жатканда, ошондой эле авариялык кырдаалдарда эшиктер өзүнөн өзү ачылбашы керек.
140. Сырткы энергия булагынан иштөөчү эшиктер жүргүнчүлөр үчүн коопсуз болушу керек.
141. Аттракциондун коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылуу үчүн отургучтар жүргүнчүлөрдүн модулунун конструкциясына ишенимдүү бекитилүүгө тийиш.
142. Отургучтар бийиктиги 400 мм кем эмес жөлөнгүч менен жабдылууга тийиш. Бою 1200 мм чейинки балдар үчүн аттракциондордо гана отургучтун жөлөнгүчүнүн бийиктигин 250 мм чейин кыскартууга болот.
143. Болот зым аркандарга же звенолордон турган чынжырларга отургучтарды илүү системасы аттракционду коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылууга жана эксплуатациялык документтерге ылайык асылмаларды бекитүүчү жерлерде сактоочу түзүлүштөр болууга тийиш.
144. Манжа, болт жана башка туташтыргычтардын жардамы менен бекитилүүчү отургучтар Аттракционду коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылуу үчүн резервдөөнү (бекемдөөчүлөрдү кайталоону) эске алуу менен ишенимдүү бекитилүүгө тийиш.
145. Бекитүүчү түзүлүштөр, кол таянгычтар, жөлөнгүчтөр, коопсуздук курлары, чынжырлар, тростор жана тиешелүү кулпулоочу түзүлүштөр эксплуатациялык документтерде каралган учурдагы динамикалык күч келүүлөрдү эске алуу менен күч келүүлөрдү көтөрүүгө тийиш.
146. Бекитүүчү түзүлүштөр, эгерде бул эксплуатациялык документтерде каралса, аларды бекитилген жүргүнчү, ошондой эле аттракциондун башка жүргүнчүлөрү тарабынан ачуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга тийиш. Бекитүүчү түзүлүштөр биомеханикалык таасирдин натыйжасында жүргүнчүлөрдүн эксплуатациялык документтерде каралган коопсуздук контурунун чегинен тышкары чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга тийиш.
147. Майып жүргүнчүлөр пайдалана алган аттракциондордо аларды коопсуз жайгаштыруу үчүн каражаттар, ошондой эле алардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бекитүүчү түзүлүштөр болууга тийиш.
§ 5. Жүргүнчүлөрдү коопсуз отургузууга жана түшүрүүгө талаптар
148. Жүргүнчүлөрдүн модулунун полу менен жүргүнчүлөрдү отургузуу (түшүрүү) жүргүзүлүүчү бетинин ортосундагы бийиктиктин айырмасы 400 мм ден ашпоого тийиш.
149. Жүргүнчүлөрдүн модулунун кыймылы учурунда жүргүнчүлөрдү отургузууга (түшүрүүгө) тыюу салынат, кароочу айлампа модулдарына - отургузуу (түшүрүү) эксплуатациялык документтеринде каралган учурлардан тышкары. Аталган учурларда модулдун аянтчага же платформага карата максималдуу ылдамдыгы, эгерде отургузуу (түшүрүү) кыймылдын жүрүшүндө жүргүзүлсө 0,7 м/с ашпоого жана капталдан түшүүдө 0,5 м/с ашпоого тийиш.
150. Жүргүнчүлөрдү термелүүчү модулга (суу модулдары, асма кабиналар жана отургучтар) отургузуу (түшүрүү) кыйын болгон учурда жүргүнчүнүн модулу отургузуучу платформага убактылуу бекитилиши керек. Муну техникалык аткаруу мүмкүн болбогон учурларда, жүргүнчүлөргө аттракционду тейлеген нөөмөтчү отургузууга (түшүрүүгө) жардам бериши керек.
151. Аттракциондон авариялык түшүрүүдө, эгерде бул эксплуатациялык документтерде каралса, штаттык түшүрүү зонасынын чегинен тышкары туруп калган жүргүнчүлөрдү коопсуз эвакуациялоо каражаттары (авариялык тепкичтер, куткаруу фалдары) менен камсыздалууга тийиш.
§ 6. Аттракционду орнотууга талаптар
152. Аттракциондун жайгашышы келүүчүлөрдүн коопсуз кирүүсүн (чыгуусун) жана кооптуу кырдаалдарда түртүшпөөнү камсыз кылууга тийиш.
153. Аттракционду орнотууда (монтаждоодо) башка туруктуу же кечме конструкцияларга же коммуникацияларга чейинки минималдуу аралык камсыз кылынууга тийиш.
154. Эгерде бир аттракциондун габариттик өлчөмдөрү менен чектелген мейкиндиктин бөлүгүнө башка аттракциондун бөлүктөрү кирсе, эки аттракциондун тең коопсуздук контурлары кесилишпеши керек.
155. Аттракциондордун ортосундагы башкы өтмөктөрдө кызматтык машиналардын жүрүшүнө мүмкүндүк берүүчү жана келүүчүлөрдү эвакуациялоо учурунда да стационардык өрт гидранттарына (алар аттракциондор жайгашкан жерде болсо) кирүүнү камсыз кылган бош мейкиндик түзүлүшү керек.
156. Өрт учурунда өрттүн жайылып кетүү коркунучун азайтуу үчүн чектеш аттракциондордун, курулмалардын же башка ээленген зоналардын ортосунда жетиштүү аралык болушу керек.
157. Аттракциондон кулаганда жүргүнчүлөрдүн мүмкүн болуучу кулап түшүү зоналары эксплуатациялык документтерге ылайык жаракат алууларды болтурбоо үчүн жумшартуучу, ийкемдүү же амортизациялоочу жабдуулар менен жабдылууга тийиш.
158. Аттракциондун ээси (эксплуатант) жүргүнчүлөрдүн кыймылынын зонасында тоскоолдуктардын (конструкциялардын элементтери, дарактардын бутактары, отургучтар, кулактандыруулар бар тирөөчтөр) болбошун камсыз кылууга милдеттүү.
§ 7. Аттракциондорду электр менен камсыздоонун стационардык эмес булактарына (генераторлорго) талаптар
159. Аттракциондун ээси (эксплуатанты) келүүчүлөрдүн, жүргүнчүлөрдүн жана пайдалануучулардын электр менен камсыздоонун стационардык эмес булагына (генераторго) кирүүсүн болтурбоочу чараларды керүүгө милдеттүү. Электр менен камсыздоонун стационардык эмес булагы (генератор) өзүнчө техникалык жайга орнотулууга же ден соолукка зыян келтирүү коркунучун болтурбоочу коргоочу конструкциясы (мобилдүү электр генераторлору же ичинен күйүүчү кыймылдаткычтардан иштөөчү электр станциялары колдонулган учурда) болууга тийиш.
7-глава. Аттракциондордун айрым түрлөрүнүн техникалык абалына жана эксплуатациялоого талаптар
§ 1. Механизациялаштырылган алдыга айлануучу, айлануучу жана татаал кыймылдагы аттракциондорго талаптар
160. Аттракциондордо төмөнкүлөр болбоого тийиш:
а) аттракциондун конструкциясында каралган критикалык компоненттердин жана коопсуздук жабдууларынын резервдик (кайталоочу) системаларынын мүчүлүштүктөрү жана бузулушу. Аттракциондун конструкциясында каралган бардык резервдик жана резервделүүчү жабдуулардын болушу жана оң абалда болуусу тийиш;
б) ийилген же бырышкан элементтер, ошондой эле бош бекиткичтер же аттракциондун жетишпеген бөлүктөрү;
в) жүргүнчүлөрдү бекитүүчү түзүлүштөрдүн, эшиктердин жана алардын бекитүүчү түзүлүштөрүнүн, жүргүнчүлөрдүн модулдарынын отургучтарынын бекиткичтеринин бошошу;
г) эксплуатациялык документтерде каралган көрсөткүчтөрдөн ашкан ажыратылуучу бирикмелердин (болттордун, шарнирлердин, штифтердин, илмектердин) бузулушу же эскириши;
д) пневматикалык системалардан абанын күтүлбөгөн чыгышы.
161. Эксплуатациялык документтерде камтылган, даярдоочу тарабынан каралган учурларда аттракциондо шамалдын күчүн жана курчаган абаны өлчөө үчүн приборлор аспаптар орнотулууга тийиш.
162. Жүргүнчүлөрдү бекитүүчү жабдуулары же түзүлүштөрү бузук отургузуучу орундарга жайгаштырууга тыюу салынат.
163. Аттракционду жүргүзүү аттракционду эксплуатациялоо зонасында бөлөк адамдар жана тейлөөчү персонал жок болгон учурда аткарылат.
164. Аттракционду эксплуатациялоодо анын кыймылынын жана анын кыймылдуу бөлүктөрүнүн ылдамдыгы ошол аттракциондун Формулярында же эксплуатациялык документтеринде көрсөтүлгөн чектен ашпоого тийиш.
165. Темир жолу бар аттракциондордо анын келүүчүлөр өтүүчү жерлери так белгилениши жана жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү коркунучун болтурбоо үчүн чаралар көрүлүүгө тийиш.
166. Отургузуу платформасында бир убакта болгон келүүчүлөрдүн саны эксплуатациялык документтерде көрсөтүлгөн мындай келүүчүлөрдүн жол берилген санынан ашпоого тийиш.
167. Жүргүнчүлөрдү түшүрүү (отургузуу) үчүн жүргүнчүлөрдүн модулдарын токтотуу учурунда бардык жүргүнчүлөр чыкканга же өз орундарына отурганга чейин, бекитүүчү түзүлүштөр жумушчу абалга которулганга чейин жана отургузуу зонасы бошотулганга чейин бул модулдарды кыймылсыз абалда кармап туруу боюнча чараларды көрүү зарыл.
168. Эксплуатациялоо учурунда механикалык жабдууларды жана конструкцияларды алардын оң абалда экенине ынануу үчүн текшерүү зарыл. Бузулган учурда ал оңдолгонго чейин аттракцион жабылышы керек.
169. Аттракциондун операторуна түздөн-түз жакын жерде же аттракциондун тынымсыз иштөө циклинде жүргүнчүлөрдү отургузуу (түшүрүү) учурларынан тышкары, аттракциондун иштөө сеансынын башталышы жана аякташы жөнүндө белги берүү зарыл.
170. Асма отургучтары бар каруселдерде жүргүнчүлөрдүн чайпалбашын, кагылышпоосун, отургучтарды айлантпашын же баштапкы штаттык абалын бузбоосун көзөмөлдөө керек. Эгерде жүргүнчүлөр бул талаптардын бирин бузса, аттракциондун иши токтотулууга тийиш.
171. Отуруучу же туруучу орундары көтөрүлүүчү же жантаюучу, ал эми жүргүнчүлөр борбордон четтөөчү күчкө туруштук берүү үчүн кармап турууга тийиш болгон каруселдерде көтөрүү же жантаюу эксплуатациялык документтерде каралган ылдамдыктын маанисине жеткен учурдан тартып башталууга тийиш. Ылдамдык көрсөтүлгөн мааниден төмөн түшкөнгө чейин түшүрүү бүтүшү керек.
172. Айланма дөңгөлөктө жүргүнчүлөр жүктөмдүн бирдей болушун камсыздай тургандай отургузулууга тийиш. Отургузуу орундарынын бирдей эмес жүктөлүшү (бир тараптуу жүктөө) дөңгөлөктүн айлануучу бөлүгүнүн 1/6 жана 5/6 периметринен ашпоого тийиш экендигин эске алуу керек.
173. Эркин термелүүчү же эркин айлануучу жүргүнчүлөр модулдарына отургузууда же алардан түшүрүүдө аттракциондун операторунун жардамчылары жүргүнчүлөрдүн модулдарын жүргүнчүлөр коопсуз жайгашканга же алардан чыгып кеткенге чейин кармап турууга тийиш.
174. Жүргүнчүлөрдүн модулдарынын эшиктери жабылбаган аттракциондун иштешине уруксат берүүгө тыюу салынат.
175. Аттракциондун нөөмөтчүсү жана нөөмөтчүсүнүн жардамчылары жүргүнчүлөрдүн кабиналарды терметүүсүнө, кабиналардан кандайдыр бир предметтерди ыргытуусуна, кабиналардан эңкейүүсүнө, эшикти өз билемдик менен ачуусуна, кабинада тамеки чегүүсүнө жана отургучтардан туруусуна жол бербөөчү чараларды көрүүгө милдеттүү.
176. Сайлуу туташууларда алардын өзүнөн-өзү буралуусун болтурбоочу элементтер болууга тийиш.
177. Кыймылдын максималдуу ылдамдыгы боюнча чек болушу керек. Эгерде эксплуатациялык документтерде башкача каралбаса, 8 жашка чейинки балдардын жүрүүсүнө арналган поезддин же жүрүүнүн айрым каражаттарынын кыймылынын максималдуу ылдамдыгы саатына 4 км ашпоого тийиш.
178. Жүргүнчүлөрдү токтотуу, отургузуу (түшүрүү) аттракциондун конструкциясында каралган жана (же) эксплуатациялык документтерде белгиленген жерде жүргүзүлүүгө тийиш.
179. Темир жолдор, отургузуу (түшүрүү) зонасы, жумуш орду (башкаруу органы, башкаруу пульту) жана аттракциондун айланасындагы аймак бардык иштөө циклинин ичинде поездди коопсуз эксплатациялоону жана талаптагыдай контролдоону камсыз кылуу үчүн жетиштүү жарыктандырууга ээ болууга тийиш. Жарыктандыруу бардык темир жолдордун боюнда көлөкөлөрсүз жана жарыктын чагылышысыз бирдей жарыкты камсыз кылууга тийиш.
§ 2. Механизациялаштырылбаган суу аттракциондорунун техникалык абалына талаптар
180. Киргизүүчү (чыгаруучу) түзүлүштөр бассейндин жана (же) айланып өтүүчү жолдун дубалдарынын тегиздигинен чыкпоого тийиш. Киргизүүчү (чыгаруучу) түзүлүштөр бассейндин жана (же) айланып өтүүчү жолдун дубалдарынын тегиздигинен чыкпоого тийиш.
181. Киргизүүчү (чыгаруучу) түзүлүштөр жүргүнчүлөрдүн денесинин, дене мүчөлөрүнүн жана кийимдеринин тыгьгльгп калуу (кыпчылып калуу) мүмкүнчүлүгүнө жол бербеши керек.
182. Чыгаруучу түзүлүштөрүнүн капкактары соргуч түтүккө бөтөн нерселердин сорулуп кетишинен коргоо үчүн багытталышы керек.
183. Киргизүүчү (чыгаруучу) түзүлүштөрдүн капкактары бекем бекитилүүгө тийиш, эксплуатациялык жүктөмдүн таасири астында капкактардын кыймылдатууга (жылдырууга) жол берилбейт.
184. Аттракционду коопсуз эксллуатациялоону камсыз кылуу үчүн курама капкактардын конструкциялык элементтери туташтырылууга тийиш.
185. Киргизүүчү (чыгаруучу) түзүлүштөрдүн капкактарын бекитүү атайын инструменттерди колдонбостон капкакты демонтаждоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга тийиш.
186. Бассейндин түбүнөн басым астында сууну (абаны) берүүчү түзүлүштөр 700 мм кем эмес тереңдикте орнотулушу керек.
187. Аттракцион белгиленген зоналарда гана кирүүнү (чыгууну) карашы керек.
188. Тепкичтер сууга кирүү (суудан чыгуу) үчүн коопсуз болушу керек.
189. Горизонталдык тегиздикке тепкичтердин жантаюу бурчу 60-75 градус болушу керек.
190. Тепкичтердин туурасы 800 мм кем эмес болушу керек.
191. Бассейнге кирүү жана чыгуу үчүн бардык баскычтар бирдей бийиктикте жана бирдей кеңдикте болушу керек. Суу астындагы баскычтардын кырлары жана четтери контрасттык түс менен белгилениши керек.
192. Тепкичтин-шатынын 2 чектеш баскычтарынын үстүнкү беттеринин ортосундагы вертикалдык аралык бирдей (250 мм ашык эмес), мындай баскычтардын ортосундагы минималдуу боштук - 200 мм болушу керек.
193. Кошумча тепкичтердин баскычтарынын туурасы 450-600 мм жана тереңдиги 5 мм ден кем эмес болушу керек.
194. Тепкичтердин-шатылардын баскычтарынын туурасы 940 мм кем эмес жана тереңдиги 250 мм кем эмес болушу керек.
195. Тепкичтин төмөнкү баскычы менен бассейндин түбүнүн ортосундагы боштук 100 мм кем эмес болушу керек.
196. Түтүктөрдүн тегерек кайчылаш устундарды баскыч катары пайдаланууга жол берилбейт.
197. Үстүнкү баскыч бассейндин чети менен бирдей болушу керек.
198. Баскычтардын бетинде тайгаланууга каршы жабуу болушу керек.
199. Пайдалануучунун денесинин, дене мүчөлөрүнүн же кийимдеринин тыгылып (кыпчылып) калбашы үчүн кошумча тепкичтин үстүнкү баскычы менен бассейндин дубалынын ортосундагы аралык 8 мм ден ашпоого тийиш. Кийинки баскычтар менен бассейн дубалынын ортосундагы аралык 0-8 мм же 25-75 мм болушу керек.
200. Үстүнкү баскычтын алдынкы чети менен төмөнкү тепкичтин арткы чети бир вертикалдуу тегиздикте болушу керек же тепкичтер бири-бирин жаап турушу керек.
201. Кармагычтар артка - бассейндин айланасындагы мейкиндикке карай кыйшайып туруусу керек.
202. Тепкичтердин-шатылардын кармагычтарынын учтары 50 мм кем эмес радиуста горизонталдык сызыкка же 100 градустан кем эмес ийилген ийри сызык боюнча ийилип турушу керек.
203. Кошумча тепкичтердин жана тепкичтердин-шатылардын кармагычтарынын бийиктиги бассейндин айланасындагы айланма жолдун (полдун) деңгээлинен 750-950 мм түзүүгө тийиш. Кошумча тепкичтер жана тепкич-шатылар Такалуучу шатылардын жана шаты-тепкичтердин эки тарабынан тең тепкич менен бирдей жантаюуда 700 мм кем эмес аралыкта кармагычтар болушу керек.
204. Бассейндин дубалына карата чыгып турган кошумча тепкичтердин кармагычтары тепкичтин вертикалдык тегиздигинен сыртка чыкпоого тийиш.
205. Бассейндин дубалына карата чыкпаган кошумча тепкичтердин кармагычтары бассейндин дубалынын вертикалдык тегиздигинен сыртка чыкпоого тийиш.
206. Колдонуучулар кармаган кармагычтардын (тосмо кармагычтарынын) туурасынан кесилиши тегерек, сүйрү, бурчтары тегеректелген тик бурчтуу же эллипстик формада жана 25-50 мм өлчөмүндө болушу керек. Түтүктөрдүн дубалынын калыңдыгы 1,8 мм кем эмес болушу керек.
207. Суу тайгагынын фиништик зонасы түшкөндөн, токтогондон жана чыккандан кийин пайдалануучунун натыйжалуу жана коопсуз токтоосун камсыз кылууга тийиш.
208. Эксплуатациялоо төмөнкүлөрдүн натыйжасында пайдалануучулардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү коркунучун болтурбоого тийиш:
а) аттракционду штаттык пайдаланууда каралбаган пайдалануучулардын жыгылышынын;
б) суу тайгагынын түшүү трассасы боюнча түшүп бара жатканда пайдалануучулардын жулкунуусунун же оодарылуусунун;
в) пайдалануучунун денесинин (дене бөлүктөрүнүн) же кийимдеринин конструкциянын элементтерде тыгылып калуусунун;
г) пайдалануучулардын бири-бири менен жана (же) конструкциянын элементтери менен кагылышуусунун;
д) чыгуучу, тегиз эмес жана учтуу бөлүктөрү бар конструкциянын элементтер менен түшүп баратканда пайдалануучунун тийүүсүнүн;
е) бассейнден суу агып чыкканда пайда болуучу төмөндөтүү күчүнүн (соруу күчү) пайдалануучуга тийгизген таасиринин;
ж) теринин жаракатын, анын ичинде сүрүлүү күйүктөрүн болтурбоо үчүн беттерди же суунун агымы менен майлоону же суу агымын камсыз кылуунун жетишсиздиги.
209. Суу тайгагынын аттракциондун 2 нөөмөтчүсү контролдоого тийиш. Аттракциондун бир нөөмөтчүсү суу тайгагынын старттык зонасында, экинчиси - фиништик зонасында болушу керек (потенциалдуу биомеханикалык тобокелдиктин жогорку (RB-1) жана орточо (RB-2) даражасы бар аттракциондорго (суу тайгагына) карата колдонулат).
210. Келүүчүлөрдүн старттык жерди ээлөөсүнө жана аттракциондун нөөмөтчүсүнүн уруксатысыз түшүү үчүн суу тайгагынын түтүкчөсүнө чыгуусуна жол берилбейт.
211. Аттракциондун нөөмөтчүсү пайдалануучу түшүү жана сүзүү үчүн көмөкчү каражаттарда түшүп жатканда аттракционду коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылат.
212. Аттракциондун нөөмөтчүсү эксплуатациялык документтерде каралган уруксат берилген түшүү позасынан башка позаларда пайдалануучулардын түшүүсүнө тыюу салууну белгилөөнү камсыз кылат.
213. Аттракциондун нөөмөтчүсү эки же андан ашык пайдалануучулардын бир убакта биринин артынан биринин суу тайгагынан түшүүсүнө тыюу салууну белгилөөнү камсыз кылат. Суу тайгагынан түшүү мурунку пайдалануучу түшүүнү толугу менен аяктагандан кийин жүргүзүлөт.
214. Аттракциондун нөөмөтчүсү аттракциондун зонасында тез басууга жана чуркоого тыюу салууну белгилөөнү камсыз кылат.
215. Аттракциондун нөөмөтчүлөрүнүн саны эксплуатациялык документтердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
§ 3. Суу тайгактарын эксплуатациялоо
216. Суу тайгактары үчүн колдонулуучу материалдар металл, жыгач, металл эмес конструкциялардын жана бекитүүчү буюмдардын тездетилген коррозиясынын өзгөчөлүктөрүн эске алуусу керек.
Коопсуздук үчүн эң маанилүү бириктирүүчү элементтерди үзгүлтүксүз контролдоону камсыз кылуу үчүн чаралар көрүлүүсү зарыл.
Суу тайгактарынын жылма бети жана таяныч беттери үчүн колдонулуучу материалдар алардын катмарланып кетишин же деформацияланышын болтурбоого тийиш.
217. Аттракциондун ээси (эксплуатанты) суу тайгагынын конструкциясында жана анын эксплуатациялык документтерде каралгандан көп пайдалануучулардын, жүргүнчүлөрдүн суу тайгактарынын бөлүктөрүндө (элементтеринде) болушуна жол берилбөөнү камсыз кылууга тийиш.
218. Балдар үчүн арналган суу тайгактары балдардын оюн-зоок зонасынан (тайыз суу зонасы) чоңдор үчүн оюн-зоок зонасына (терең суу зонасы) "суу менен" балдардын кирүүге мүмкүнчүлүгү болбогондой жайгаштырылышы керек.
219. Эгерде эксплуатациялык документтерде башкача каралбаса, суу тайгагын аттракциондун экиден кем эмес нөөмөтчүсү контролдоого тийиш. Эгерде эксплуатациялык документтерде башкача каралбаса, аттракциондун бир нөөмөтчүсү суу тайгагынын старттык зонасында - экинчиси фиништик зонасында болууга тийиш.
220. Суу тайгагы аттракциондун үч же андан көп кызматкерден турган нөөмөтчүлөр тобу тарабынан (бир эле учурда бир кыйла сандагы жүргүнчүлөрдү батыра турган жана (же) чоң мейкиндикти ээлеген суу тайгактары) тейленген учурда аттракциондун ар бир нөөмөтчүсүнө ал контролдой турган жоопкерчилик зонасы бекитилип берилүүгө тийиш.
221. Аттракциондун нөөмөтчүсү суу тайгактын старттык зонасында Суу тайгакты эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) каралган иш-чараларды жүзгө ашырат, анын ичинде:
а) жүргүнчүгө коопсуз түшүү үчүн милдеттүү болгон эрежелер жөнүндө маалымдайт;
б) суу тайгактын трассасында бараткан убакта коопсуз түшүү үчүн уруксат берилген абалды сактоо зарылдыгы жөнүндө;
в) тез арада аяктоо зонасын таштап кетүү зарылдыгы жөнүндө;
г) суу тайгактын старттык аянтчасында жүргүнчү ээлеген уруксат берилген абалдын тууралыгын контролдойт, зарыл болгон учурда - жүргүнчүгө коопсуз түшүү үчүн уруксат берилген абалды ээлөөгө жардам берет;
д) визуалдык түрдө (же тийиштүү сигналды алганга чейин, анын ичинде техникалык каражаттарды колдонуу менен) суу тайгагынын аяктоо зонасы кабыл алуу үчүн бош экендигине ынанбай туруп, кезектеги жүргүнчүгө суу тайгагынын старттык аянтчасына (старттык элементине) жол берилбейт;
е) визуалдык түрдө (же тиешелүү сигналды алганга чейин, анын ичинде техникалык каражаттарды колдонуу менен) старттык аянтчасында (старттык элементинде), суу тайгагында, аяктоо зонасында суу бар экендигине ынанбай туруп, кезектеги жүргүнчүгө старттык аянтчасына (старттык элементине) кирүүгө жол бербейт;
ж) физикалык, психофизикалык абалы же кийимдери суу тайгагын коопсуз эксплуатациялоо талаптарына жооп бербеген жүргүнчүлөрдү суу тайгактын старттык аянтчасына (старттык элементине) өткөрбөйт.
222. Аттракциондордун нөөмөтчүсү суу тайгактын аяктоо зонасында Суу тайгакты эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) каралган иш-чараларды жүзөгө ашырат, анын ичинде:
а) суу тайгагынын аяктоо зонасында болгон жүргүнчүгө, пайдалануучуга жардам берүүгө дайыма даяр болот;
б) аттракциондордун старт зонасында турган нөөмөтчүсүнө (зарыл учурда) аяктоо зонасында тоскоолдуктун жок экендиги жөнүндө белги берет;
в) суу тайгак аяктоо зонасынан жүргүнчүнүн коопсуз чыгышын камсыз кылат;
г) жүргүнчүлөрдүн, пайдалануучулардын суу тайгагынын аяктоо зонасында мүмкүн болуучу кагылышууларын эскертет;
д) аяктоо бассейниндеги же кабыл алуу түзүлүшүндөгү суунун деңгээлин контролдойт;
е) аяктоо зонасынан башка предметтерди жок кылат.
223. Суу тайгагынын техникалык абалын күнүмдүк текшерүүнүн жүрүшүндө визуалдык жана контролдоонун органолептикалык методун колдонуу менен текшерилет:
а) полдордун, өтүүчү жолдордун, кире бериштин жана чыгуулардын абалы, анын ичинде аларды бекитүүнүн ишенимдүүлүгү жана травматикалык кооптуу зыяндын жоктугу;
б) суу тайгактын трассасынын үстүнкү бети, жүргүнчүлөр сыйгаланган кабыл алуучу түзүлүш - жаракалардын, сыныктардын, деформациялардын, катмарлардын, бөлөк предметтердин жана башкалардын жоктугу;
в) кабыл алуучу түзүлүштөрдүн суу тайгак трассасынын конструкциялык бөлүктөрүнүн (элементтеринин) биригүүлөрү - траектория боюнча эки чектеш бөлүктүн (элементтердин) кошулган жеринде 3,0 мм жана андан ашык бийиктиктеги "баскычтар" түшүү жагында жүргүнчүнүн кыймылы, бөтөн нерселердин жоктугу;
г) насостордун, жөнгө салуучу аппаратуралардын, контролдоо-өлчөөчү приборлордун (манометрлердин, чыгым өлчөөчү аспаптардын ж.б.), суу тайгактын электр жабдууларынын абалы жана иштөө жөндөмдүүлүгү текшерилет (зарыл болгондо же эксплуатациялык документтерде ушундай каралса);
д) суу тайгактын бөлүктөрүнүн (секцияларынын) өз ара жана тирөөчтөрдүн кронштейндерине бекитүү түйүндөрүндө сайлуу байланыштардын абалы;
е) түшүү үчүн көмөкчү каражаттардын абалы - салдардын, килемчелердин ж.б.) - зыяндын жоктугу, кабыгындагы аба басымынын эксплуатациялык документтерге ылайык келишин.
Органолептикалык контроль инструменталдык методдорду колдонуу менен бузбаган контролдоо менен толукталышы мүмкүн.
224. Суу тайгагынын техникалык абалын күн сайын текшерүү аттракциондун нөөмөтчүсү же бул милдет тапшырылган кызматкер тарабынан үч жолку сынап түшүрүү менен аякталат.
225. Менчик ээси (эксплуатант) жүргүнчүлөрдү, пайдалануучуларды, кызматкерлерди тайгак беттерге (кошумча пол, кармагычтар, дренаж түзүлүштөрү ж.б.) эгерде колдонуудагы жабуулар кирүүдө жана суу тайгагынан чыгуучу зоналарында тайгаланууга каршы жетиштүү эффект бербесе, жыгылуудан коргоо боюнча кошумча чараларды көрүүгө милдеттүү.
226. Суу тайгагынын техникалык абалын жыл сайын текшерүүдө менчик ээси (эксплуатант) төмөнкүлөрдү текшерет:
а) суу тайгагынын жүк көтөрүүчү металл конструкцияларын (тирөөчү мамылар, кронштейндер, байланыштар ж.б.);
б) тосмолорду, өтмөктөрдү, полдорду, суу тайгагынын кире бериштерин жана чыгууларын, анын ичинде аларды бекитүүнүн ишенимдүүлүгү жана алардын бетине травматикалык кооптуу зыяндын жоктугун;
в) жүргүнчүнү, колдонуучуну, жумушчуну нымдуу бетке кулоодон коргоочу кармагычтарды, колдоочу түзүлүштөрдү, тайгаланууга каршы жабууларды;
г) пайдалануучу, жүргүнчү менен байланышта болгон суу тайгагынын бөлүктөрүндө коргоочу каптамдарды - бузулуунун жоктугу үчүн;
д) андан жүргүнчү тайгаланып түшкөн суу тайгак трассасынын үстүнкү бети, трассанын бөлүктөрүнүн (элементтеринин) бириктирилген жерлерин;
е) суу тайгагынын конструкциясынын композициялык бөлүктөрүнүн (элементтеринин) кайырма кыр кошулууларын бекитүүнүн ишенимдүүлүгүн;
ж) металл конструкцияларга бекитүүчү түйүндөрүндө суу тайгак трассасын бекитүүнүн ишенимдүүлүгү;
з) аяктоо зонасынын беттерин (төмөнкү беттери ж.б.);
и) түшүү үчүн көмөкчү түзүлүштөрдү;
к) жүргүнчүлөрдүн, пайдалануучулардын жаракат алуу тобокелдигин азайтуучу коопсуз аралыктарды жана өлчөмдөрдү сактоону;
л) насостор, жөнгө салуучу аппаратуралар, контролдоочу- өлчөөчү приборлор (манометрлер, чыгым өлчөөчү аспаптар ж.б.), суу тайгагынын электр жабдуулары; электр жабдууларын эксплуатациялоого даярдыгы электрофизикалык өлчөөлөрдүн протоколу менен ырасталууга тийиш;
м) аттракциондордун нөөмөтчүсүнүн байланыш каражаттарын, пайдалануучулардын, жүргүнчүлөрдүн жүрүм-турумун контролдоо жана кабарлоо;
н) жүргүнчүлөр үчүн суу тайгагынын пайдалануу эрежелеринин жеткиликтүүлүгүн жана толуктугун.
227. Жүргүнчүлөр үчүн суу тайгагын пайдалануу эрежелери аквазонада балдар үчүн ата-энелердин же аларды коштоп жүргөн чоңдордун туруктуу көзөмөлүнүн зарылдыгы жөнүндө талаптарды камтууга тийиш.
228. Суу тайгагында жүргүнчүлөр үчүн маалымдоо жана тыюу салуу белгилерин көрсөтүү үчүн 10-тиркемеге ылайык тиешелүүлүгүнө жараша ак-кара жана кызыл түстөгү графикалык белгилери бар символдор колдонулат.
229. Маалымат тактасында суу тайгагынын кыйынчылык даражасын сүрөттөө үчүн төмөнкү түстөр колдонулууга тийиш:
көк - жеңил;
кызыл - орточо;
кара - татаал.
230. Маалымат тактасы суу тайгагынын старттык аянтчасында жайгашкан. Эгерде бир нече суу тайгактарынын трассалары старттык аянтынан башталса, анда ар бир суу тайгагынын старттык элементине маалымат стенддери жайгаштырылат.
§ 4. Балдар үчүн арналган аттракциондордун коопсуздугуна талаптар
231. Балдар үчүн арналган аттракциондорду долбоорлоо жана даярдоо ар кандай курактык топтогу балдарга мүнөздүү физиологиялык, психологиялык, антропометриялык факторлор менен байланышкан кошумча тобокелдиктерди, ошондой эле төмөнкү талаптарды эске алуу менен жүзөгө ашырылат:
а) ар кандай курактык топтогу балдар үчүн арналган аттракциондордун эксплуатациялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу;
б) бардык кыймылдаткыч жабдуулардын түйүндөрүн, ошондой эле туруктуу элементтерди (балдар менен байланышта боло турган бөлүктөрдү) травматикалык коопсуз материалдарынан же жабуулардан даярдоо зарылдыгы;
в) балдардын колун, бутун, башын, манжаларын, кийимдерин ар кандай боштуктарга, жаракаларга, тешиктерге тыгылып калуусуна жол берилбестик;
г) аттракциондон эксплуатациялоо боюнча колдонмодо жазылган балдардын тайгаланып, термелип, секирүүчү жерлерде (зоналарда) бөлөк предметтер кириши мүмкүн болгон жабдуулардын тетиктеринде (тетиктердин ортосунда) оюктардын, боштуктардын, тешиктердин болушуна (пайда болушуна) жол берилбестик;
д) коопсуз эркин кулоо бийиктигин камсыз кылуу;
е) аттракциондордун кыймылдуу жана кыймылсыз элементтеринин ортосундагы коопсуз аралыктарды камсыз кылуу;
ж) жабдуулардын бетинде суунун топтолушуна жол берилбестиги жана эркин агымын жана кургоосун камсыз кылуу;
з) бекиткичтердин чыгып турган учтарын коргоону камсыз кылуу;
и) чыгып турган бөлүктөргө кийимдин илинип калуу мүмкүнчүлүгүн жоюу;
к) аттракциондордун жыгач элементтерин "чыдамдуу" жана "орто чыдамдуу" класстардагы жыгачтан өндүрүү, бетинде иштетүү кемчиликтеринин болушуна жол берилбестиги;
л) жабдуулардын элементтерин аспаптарды колдонбостон алып салуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаргыдай кылып бекитүүнү камсыз кылуу;
м) белгиленген ченемдерге ылайык балдарды кармоо (кармап алуу) үчүн жабдуулардын элементтеринин туурасын камсыз кылуу;
н) балдардын жаш курактык топторун эске алуу менен аттракциондорду керектүү жерлерде тосмо кармагычтары жана тосмолор менен камсыз кылуу зарылдыгы. Ошол эле учурда тосмо кармагычтардын жана тосмолордун конструкциясы балдарды аларга турууга же отурууга үндөбөшү керек, балдардын аларга чыгуусуна же алардын үстүндө болушуна мүмкүндүк берүүчү элементтер болбошу керек.
232. Балдар үчүн арналган аттракциондор үчүн материалдарга төмөнкүдөй талаптар коюлат:
а) колдонулган материалдар баланын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин тийгизбеши, өтө жогорку же өтө төмөн температурадагы климаттык зоналардагы баланын териси менен тийгенде термикалык күйүк жаратпашы керек;
б) балдар үчүн арналган аттракциондор үчүн төмөнкү материалдарды колдонууга жол берилбейт:
- полимердик жеңил күйүүчү материалдар;
- уулуулугу жагынан өтө коркунучтуу күйүү продуктулары (МАМСТ 12.1.044-2018 боюнчаТ4);
- касиеттери жетиштүү изилденбеген жаңы материалдар;
в) полимердик материалдар, ар кандай матрицалык негиздеги композициялык материалдар ультра кызгылт көк нурланууга туруктуу болушу керек;
г) эгерде полимердик материалдар, ар кандай матрицалык негиздердеги композициялык материалдар эксплуатациялоо процессинде морт болуп калса, даярдоочу аларды коопсуз эксплуатациялоо мөөнөтүн көрсөтүүгө тийиш;
д) полимердик жана композициялык материалдардын бетинин эскирүүгө туруктуулугу жана катуулугу белгиленген кызмат мөөнөтүнүн ичинде балдардын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш;
е) кабыгы бошогон же сыйрылган оксиддерди пайда кылуучу металл материалдары уулуу эмес жабын менен корголушу керек;
ж) фанера атмосфералык таасирге чыдамдуу болушу керек.
233. Балдар үчүн арналган аттракциондорду чогултууга жана орнотууга төмөнкү талаптар коюлат:
- аттракциондорду чогултуу жана орнотуу долбоордук-конструктордук документтерге, чогултуу, орнотуу, ишке киргизүү, жөнгө салуу жана иштетип көрүү боюнча нускамаларга ылайык аткарылат;
- аттракциондор негиздерге ишенимдүү бекитилиши керек же алардын таяныч конструкциясынын оодарылып кетүү мүмкүнчүлүгүн болтурбоого тийиш.
Балдардын коопсуздугун камсыз кылбаган аттракционду (эгерде аттракционду коопсуз орнотуу аякталбаса, амортизатордук жабуусу бүтпөсө, же техникалык тейлөө коопсуздукту камсыз кыла албаса) колдонууга тыюу салынат.
234. Балдар үчүн арналган аттракциондорду эксплуатациялоодо менчик ээси (эксплуатант) төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:
а) зарыл маалыматтар (мамлекеттик жана (же) расмий тилдерде) жазылган маалымат такталарын же стенддерди орнотуу;
б) аттракциондорду монтаждоо (чогултуу, орнотуу) зонасында жаракаттарга алып келиши мүмкүн болгон тоскоолдуктардын жоктугу;
в) коопсуздук зонасында тоскоолдуктардын (конструкциялык элементтердин, дарак бутактарынын, отургучтардын, кулактандыруулары бар тирөөчтөрдүн) жоктугу; коопсуздук зонасын аныктоодо баланын мүмкүн болгон кыймылдарын жана аттракциондордун кыймылдуу элементтерин эске алуу зарыл;
г) балдар аттракциондон кулаганда жаракат албоо үчүн жумшартуучу, серпилгич же амортизатордук жабуусу бар жерге түшүү аймактарынын жабдуусу;
д) жерге түшүү аймагында тоскоолдуктардын жоктугу.
235. Курактык чектөөлөр белгиленген балдар үчүн суу тайгагынын старттык зонасында төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен бийиктикти өлчөөчү аспапты колдонууга жол берилет:
курагы 4төн 6 жашка чейин - бою 1,05тен 1,20 м чейин;
курагы 6дан 8 жашка чейин - бою 1,20дан 1,30 м чейин;
курагы 8ден 10 жашка чейин - бою 1,30дан 1,40 м чейин;
курагы 10дон 14 жашка чейин - бою 1,40тан 1,60 м чейин.
8-глава. Техникалык күбөлөндүрүү, аттракциондордун техникалык абалын текшерүү
236. Аттракциондор эксплуатацияга киргизилгенге чейин жана эксплуатациялоо процессинде алардын аттракционду даярдоочунун эксплуатациялык документтеринде, ушул Эрежелерде, ЕАЭБ ТР 038/2016, МАМСТ 33807-2016, башка ББ/ЕАЭБ ТР жана күчүнө кирген жана колдонулушу аларга жайылтылбаган мамлекеттер аралык стандарттарда көрсөтүлгөн маалыматтардын талаптарына ылайык келүүсүн ырастоо максатында техникалык күбөлөндүрүүдөн, техникалык абалын текшерүүдөн өтүүгө тийиш.
Техникалык күбөлөндүрүүнүн, техникалык абалын текшерүүнүн көлөмү аттракционду даярдоочу тарабынан белгиленет.
237. Техникалык күбөлөндүрүү, техникалык абалын текшерүү даярдоочунун аттракцион үчүн эксплуатациялык документтеринде баяндалган талаптарга ылайык жүргүзүлүүгө тийиш. Аларда тиешелүү көрсөтмөлөр жок болгон учурда аттракциондорду техникалык күбөлөндүрүү, техникалык абалын текшерүү ушул главада баяндалган талаптарга ылайык жүргүзүлөт.
238. Эгерде эксплуатациялык документтеринде аттракционду даярдоочу тарабынан башкача белгиленбесе, аттракциондордун техникалык күбөлөндүрүү 12 айда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
Эгерде аттракциондор сезондук түрдө эксплуатацияланса, техникалык күбөлөндүрүү эксплуатациялык сезон башталганга чейин сезон аралыгында сакталгандан кийин жүргүзүлөт.
239. Техникалык күбөлөндүрүү эксплуатациялык документтерде каралган учурларда аттракциондун ээсинин (эксплуатантынын) чечими боюнча, ошондой эле төмөнкүдөн кийин жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатацияланбаган аттракционду монтаждоо;
- аттракционду жаңы жерге (стационардык аттракциондор үчүн) жайгаштыруу менен шартталган монтаждоо;
- аттракционду модификациялоо (реконструкциялоо);
- аттракционду модернизациялоо;
- аттракционду капиталдык оңдоо;
- аттракциондун критикалык (кооптуу) тетиктерин жана (же) жүк көтөрүүчү конструкцияларын оңдоо;
- аварияга, инцидентке дуушар болгон аттракциондорду калыбына келтирүү үчүн оңдоо;
- аттракционду техникалык диагностикалоо;
- аттракционду эксплуатациялоодо 12 айдан ашык тыныгуу.
240. Иштеп жаткан аттракциондорду техникалык күбөлөндүрүү жумуштардын бул түрлөрүн жүргүзүү үчүн аккредиттелген адистештирилген уюм тарабынан жүргүзүлөт.
241. Аттракциондун техникалык абалын текшерүү күнүмдүк, жылдык жана толук текшерүү түрүндө жүргүзүлөт.
242. Аттракциондордун техникалык абалын күн сайын, жыл сайын жана толук текшерүүнү жүргүзүүнүн тартиби аттракционду даярдоочунун эксплуатациялык документтеринде баяндалган талаптарга ылайык алардын ээси (эксплуатант) тарабынан белгиленет.
243. Аттракциондун техникалык абалын суткалык текшерүүнү аттракциондун ээси (эксплуатанты) тарабынан дайындалган кызматкер жүргүзөт, анын жыйынтыгы аттракционду эксплуатациялоону жана техникалык тейлөөнү эсепке алуу журналына (аттракциондун алмаштыруу журналына) жүргүзүлөт.
244. Аттракциондун техникалык абалын күн сайын текшерүү Аттракционду эксплуатациялоо боюнча колдонмого (нускамага) ылайык критикалык (кооптуу) компоненттерди, критикалык параметрлерди жана күн сайын текшерилүүгө тийиш болгон башкаларды текшерүүнү камтууга тийиш. Күн сайын текшерүү аттракциондун нөөмөтчүсү же ага дайындалган кызматкер тарабынан суу тайгакты үч жолку сыноо менен аякташы керек.
245. Аттракциондун техникалык абалын жыл сайын текшерүү ушул Эрежелердин 237-пунктунда каралган техникалык күбөлөндүрүү үчүн аттракционду көрсөтүүнүн алдында аттракциондун ээсинин (эксплуатанттын) буйругу менен аттракциондун абалына контроль жүргүзүү үчүн жооптуу болуп дайындалган адам тарабынан жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтомунун редакциясына ылайык)
246. Аттракциондун техникалык абалын жыл сайын текшерүүдө төмөндөгүлөр жүргүзүлөт:
- эксплуатациялык документтердин болушун жана талаптагыдай жүргүзүлүшүн текшерүү;
- аттракциондун коопсуз иштешин уюштуруунун тартибин баалоо;
- бардык жүргүнчү модулдарынын, компоненттеринин, коргоочу жана көмөкчү түзүлүштөрдүн, бекитүүчү жана коопсуздук түзүлүштөрүнүн, жабуунун жана полдун, аттракциондун башка элементтеринин иштөө жөндөмдүүлүгүн кароо жана текшерүү;
- бардык байланыштарды бекитүү ишенимдүүлүгүн текшерүү;
- аттракциондун критикалык (кооптуу) компоненттеринин абалын текшерүү.
247. Аттракциондун техникалык абалын толук текшерүү аттракциондун абалын контролдоо үчүн жооптуу адам тарабынан жүзөгө ашырылат:
- техникалык себептер боюнча аттракциондун иши убактылуу токтотулгандан кийин;
- аттракцион жарым-жартылай же толук чачылган учурда;
- аны даярдоочу тарабынан чогулган түрдө берилген аттракционду эксплуатацияга киргизгенге чейин ээсине (эксплуатантына) тапшырганда;
- аттракционго техникалык күбөлөндүрүү жүргүзүүнүн алдында.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтомунун редакциясына ылайык)
248. Аттракциондун техникалык абалын ар жылдык жана толук текшерүүнүн жыйынтыгы Аттракциондун формулярына киргизилет.
249. Аттракциондун техникалык абалын толук текшерүүдө жана техникалык күбөлөндүрүү өткөрүүдө төмөнкүлөр каралат жана текшерилет:
- аттракциондун конструкцияларынын абалы, анын ширетилген жана башка түйүндөрү, критикалык (кооптуу) компоненттери, жүргүнчү модулдары, кабиналар, шатылар, отургузуучу аянтчалар, тосмолор, отургучтардын бекитилиши, араба корпустары, жүргүнчүлөрдү бекитүүчү түзүлүштөр, тормоздор жана бекиткичтердин болушу, башка, анын ичинде жаракалардын, деформациялардын жоктугу, коррозиянын кесепетинен улам дубалдын калыңдыгынын азайышы, бекиткичтердин, бириктиргичтердин алсызданышы жана башка кемчиликтер менен бузулуулардын жоктугу;
- гидравликалык, пневматикалык жана электр жабдууларынын комплекттүүлүгүн, бүтүндүгүн жана ишке жарамдуулугун, аккредиттелген лаборатория тарабынан электрофизикалык өлчөөлөрдү жүргүзүү менен аттракциондун электр жабдууларынын жана электр тармактарынын изоляциясын жерге туташтыруу (нөлдөө) абалы; ээси (эксплуатант) тиешелүү протоколдорду берет;
- алардын ыктыярдуу түрдө буралып жана ажыратылышынын алдын алуу үчүн ажыратылуучу кошулмалардын бекитүү абалы;
- коргоочу түзүлүштөрдүн абалы (рельстен чыгуудан коргоочу түзүлүштөр, бекитүүчү түзүлүштөр, коопсуздук түзүлүштөрү ж.б.);
- зарыл боштуктардын жана эксплуатациялык документтер менен жөнгө салынган коопсуздук аралыктарынын болушу;
- жүрүүчү дөңгөлөктөрүнүн, рельс жолунун, тормоздун элементтеринин, барабандардын, блоктордун, октордун, аларды бекитүүнүн деталдарынын, чынжырлардын, аркандардын, кермелердин, ошондой эле алардын элементтери жана бекитүү абалы;
- аттракциондорду жарыктандыруунун жана сигнализациянын абалы;
- аттракцион орнотулган негиздер (пайдубал, жер, аянтча ж.б.);
- бардык системалардын жана механизмдердин жүксүз иштөө жөндөмдүүлүгү (иштөөсү).
Аттракционду даярдоочунун эксплуатациялык документтеринде тиешелүү ченемдер болгондо аттракциондун конструкцияларын, механизмдерин, аркандарын жана башка элементтерин бракка чыгаруу көрсөтүлгөн ченемдерге эсепке алуу менен ишке ашырылат.
250. Сыноолор аттракциондун иштөө жөндөмдүүлүгүн кароонун жана текшерүүнүн оң натыйжалары менен жүргүзүлөт.
251. Аттракциондорду сыноо Аттракционду эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) каралган көлөмдө жүргүзүлүүгө тийиш.
Эгерде эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) сыноо боюнча көрсөтмөлөр жок болсо, төмөнкү талаптарды жетекчиликке алуу керек:
- аттракциондук сыноолор жүктөлгөн абалда жүргүзүлөт;
- жүктөлгөн абалда сыноодон өткөргөндө ар бир жүргүнчү модулунун (орунун) жүгү жүргүнчү модулунун (орунун) номиналдык жүгүнөн 10% ашуусу керек;
- сыноолордун ар биринин узактыгы эксплуатациялык документацияда көрсөтүлгөн беш максималдык жумушчу циклинен кем эмести түзүүгө тийиш.
Аттракцион, эгерде жүк менен сыноолордун жүрүшүндө аттракциондун техникалык мүнөздөмөлөрү Аттракциондун формулярынын маалыматтарына шайкеш келери аныкталса, ал эми сыноолор аяктагандан кийин аттракционду кароодо аттракциондун конструкциялары менен механизмдеринде жаракалар, калдык деформациялар жана башка бузулуулар табылбаса сыноодон өттү деп эсептелет.
Сыноонун натыйжасында зыян болгон учурда зыяндын себептери аныкталганга чейин жана аттракциондун курулуш бөлүгүнүн долбоордук-конструктордук документациясын иштеп чыккан долбоордук уюмду тартуу менен аттракционду андан ары эксплуатациялоо мүмкүнчүлүгү аныкталганга чейин аттракциондун иштөөсүнө жол берилбейт.
252. Техникалык күбөлөндүрүүнүн натыйжалары Аттракциондун формулярына техникалык күбөлөндүрүүнү өткөргөн жооптуу адамдар тарабынан кийинки техникалык күбөлөндүрүүнүн мөөнөтүн көрсөтүү менен жазылат. Техникалык күбөлөндүрүүдөн, техникалык абалы текшерүүдөн өткөн Аттракциондун формулярындагы жазуулар төмөндөгү маалыматты камтууга тийиш:
- эксплуатациялык документтерде, ушул Эрежелерде, ЕАЭБ ТР 038/2016 көрсөтүлгөн маалыматтардын талаптарына аттракциондун шайкештиги (шайкеш эместиги) жөнүндө;
- эксплуатациялык документтердин, ушул Эрежелердин, ЕАЭБ ТР 038/2016 талаптарына ылайык монтаждалган жана орнотулган;
- аттракциондун ишке жарамдуу (жараксыз) абалы жөнүндө;
- аларды өткөрүү учурундагы сыноолор үчүн колдонулган шарттарды көрсөтүү менен (сыноолордон өттү (өткөн жок) сыноолордун натыйжалары жөнүндө.
253. Аттракционду техникалык күбөлөндүрүүнүн натыйжалары жөнүндө маалымат аны өткөргөн уюм тарабынан 10 күндүк мөөнөттө аттракцион катталган жер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоо органына берилүүгө тийиш.
254. Аттракциондун коопсуз эксплуатацияланышына жооптуу адам аттракциондун техникалык абалын техникалык күбөлөндүрүү, жыл сайын, толук, контролдук текшерүү жүргүзүүгө катышууга милдеттүү.
255. Техникалык күбөлөндүрүүдөн, техникалык абалы текшерүүдөн өтпөгөн аттракциондорду эксплуатациялоого жол берилбейт.
9-глава. Аттракционду техникалык диагностикалоо
256. Эксплуатациялоого киргизилген аттракциондорду техникалык диагностикалоо аттракциондорду даярдоочунун эксплуатациялык документтеринин негизинде жана аттракционду эксплуатациялоонун конкреттүү шарттарын эске алуу менен аттракциондорду техникалык диагностикалоо боюнча жумуштарды аткаруу жана (же) кызматтарды көрсөтүү бөлүгүндө аккредитацияланган адистештирилген уюм тарабынан (мыйзамдарда белгиленген тартипте контролдоо органдары (инспекциялар же лабораториялар) иштелип чыккан программалар боюнча жүргүзүлүүгө тийиш.
Көрсөтүлгөн программанын нускасы аттракциондун ээсинде (эксплуатантында) сакталууга тийиш.
257. Техникалык диагностикалоо программасы аттракциондун иштөөгө жөндөмдүү (жарактуу) абалы сактала турган убакыт ичинде убакыттын аралыгын (ресурсун) болжолдоону кароого тийиш.
Техникалык абалдын аныктоочу параметрлери катары алардын өзгөрүшү (өзүнчө же кандайдыр бир айкалыштарда) аттракциондору иштебей турган, бузулган же чектөөчү абалга алып келиши мүмкүн болгон параметрлер кабыл алынат.
258. Көрсөтүлгөн кызмат мөөнөтүн (көрсөтүлгөн ресурсту) иштеп чыккан аттракционго техникалык диагностикалоо жүргүзүү учурунда төмөнкүлөр аныкталат:
- аттракциондун, анын техникалык мүнөздөмөлөрүнүн эксплуатациялык документтердин, ушул Эрежелердин ЕАЭБ ТР 038/2016 талаптарына ылайык келүүсү;
- аттракциондун ушул Эрежелердин, ЕАЭБ ТР 038/2016; МАМСТ 33807-2016, башка ББ/ЕАЭБ талаптарына жана күчүнө кирген жана аларга карата колдонулуучу мамлекеттер аралык стандарттарына ылайык келишин камсыздоо боюнча зарыл чараларды керүү жана аларды аткаруунун мөөнөттөрү.
259. Аттракциондун техникалык диагностикалоо учурунда төмөнкүлөр аткарылат:
- кемчиликтерди, бузулууларды, эскирүү жана коррозия даражасын аныктоо менен аттракциондун, анын бөлүктөрүнүн абалын аныктоо;
- аттракциондун конструкцияларынын, жүргүнчү модулдарынын, бекитүүчү түзүлүштөрдүн абалын, жүргүнчү отургучтарын, шассилерди, тормоздук түзүлүштөрдү, башкаруу системаларын бекитүүнүн ишенимдүүлүгүн контролдоо;
- электр чынжырларынын жана электр жабдууларынын изоляциясын сыноо, аттракциондун, анын бөлүктөрүнүн жерге төшөлүшүн (нөлгө) визуалдык жана өлчөөчү контроль;
- оңдоону, алмаштырууну талап кылган аттракциондун критикалык (кооптуу) компоненттерин жана бөлүктөрүн аныктоо.
260. Техникалык диагностикалоо учурунда аттракциондун сыноолору жүксүз жана беш жумушчу циклден кем эмес номиналдык жүк менен узактыкта жүргүзүлүшү керек.
261. Аттракциондун иштөөгө жөндөмдүү (жарактуу) абалы сактала турган убакыт аралыгын (ресурсту) болжолдоонун натыйжалары техникалык диагностикалоо боюнча отчеттук техникалык документтерде көрсөтүлөт.
262. Техникалык диагностикалоо боюнча отчеттук техникалык документтеринде аттракционду техникалык диагностикалоо жөнүндө корутунду түрүндө түзүлүүчү отчетко калдыктарды баалоонун натыйжалары камтылат.
Корутундуда ошондой эле аттракционду андан ары эксплуатациялоонун мүмкүнчүлүгү, мөөнөтү жана шарттары жөнүндө корутунду (зарыл болгон оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин тизмеги) көрсөтүлөт.
263. Кызматтын мөөнөтүн узартуунун шарттары жана мүмкүндүгү жөнүндө корутундусу менен техникалык диагностикалоо боюнча отчеттук техникалык документтер Аттракцион формулярына тиркелет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Техникалык диагностикалоону жүргүзгөн уюм аттракциондун формулярында белгиленген кызмат мөөнөтүн узартуу жөнүндө тыянактарды көрсөтүү менен жазуу жүргүзөт.
264. Аны өткөргөн уюмдун аттракциондун иштөө мөөнөтүн узартуу мүмкүндүгү жөнүндө тыянактарды көрсөтүү менен аттракционду техникалык диагностикалоонун натыйжалары жөнүндө маалымат, аттракцион катталган жердеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу органга аттракциондун ээсине (эксплуатантына) аттракционду техникалык диагностикалоо жөнүндө отчет берилген учурдан тартып 10 күндүк мөөнөттө берүүгө милдеттүү.
265. Даярдоочу тарабынан белгиленген кызматтын көрсөтүлгөн мөөнөтүнө (көрсөтүлгөн ресурс) жеткенде техникалык диагностикалоо боюнча иштерди жүргүзбөстөн жана кызмат мөөнөтүн узартпастан аттракционду андан ары эксплуатациялоого жол берилбейт.
266. Аттракциондун эксплуатациялык документтеринде көрсөтүлгөн кызмат мөөнөтү (көрсөтүлгөн ресурс) жөнүндө маалыматтар жок болгон учурда аттракционду техникалык диагностикалоо эксплуатациялоо документтеринде көрсөтүлгөн ал даярдалган датадан тартып 10 жылдан кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
267. Техникалык диагностикалоо Аттракциондун ээсинин (эксплуатанттын) чечими боюнча көрсөтүлгөн кызмат мөөнөтүн (көрсөтүлгөн ресурсту) иштеп чыкканга чейин жүргүзүлүшү мүмкүн.
268. Аттракциондун металл конструкцияларына техникалык диагностикалоо жүргүзүүдө бузбаган контролдоонун милдеттүү методдору катары визуалдык-өлчөө, ультраүн (калыңдыкты өлчөө), капиллярдык же магниттик бөлүкчөлөрдүн контролдоонун методдорун колдонуу зарыл.
Тиешелүү түрдөгү (типтеги) аттракциондорду техникалык диагностикалоо боюнча жумуштарды жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу жагынан аккредитацияланган адистештирилген уюмдун чечими боюнча ширетилген жана башка кошулмалардагы кемчиликтер, аттракциондун конструкцияларынын материалы, анын түйүндөрүн жана механизмин аныктоого жетиштүү аныктык менен аныктоого мүмкүндүк берүүчү бузбаган контролдоонун кошумча методдорун колдонууга болот.
10-глава. Адистерди жана тейлөө персоналын окутуу жана билимин текшерүү
269. Аттракциондун коопсуз эксплуатацияланышы үчүн жооптуу адам, башка жооптуу адистер окутулуп, ошондой эле 3 жылда бир жолудан кем эмес ушул Эрежелерди билүүсүн текшерүүдөн өтүшү керек.
Жооптуу адистер үчүн ушул Эрежелерди билүүсүн текшерүү боюнча комиссиянын (мындан ары - комиссия) ишине ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу органдын кызмат адамынын катышуусу милдеттүү болуп саналат.
270. Аттракциондун нөөмөтчүлөрүн жана башка тейлөөчү персоналын окутуу жана билимдерин текшерүү кесиптик-техникалык билим берүүнү камсыздоочу билим берүү уюмдарында же кадрлардын квалификациясын жогорулатууну жана кайра даярдоону камсыздоочу билим берүү мекемелеринде, ошондой эле уюмдар тарабынан атайын түзүлгөн курстарда жүргүзүлөт.
Тейлөөчү персоналдын билимин текшерүү боюнча комиссиянын ишине ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу органдын кызмат адамынын катышуусу милдеттүү болуп саналат.
271. Билимди текшерүүнүн жыйынтыгы протоколдо чагылдырылат. Билимин текшерүүдөн өткөн адамдарга күбөлүктөр берилет.
272. Эрежелердин ушул главасында көрсөтүлгөн жооптуу адистерди жана персоналды окутуунун жана квалификациясын жогорулатуунун типтүү окуу пландары, программалары ыйгарым укуктуу контролдоочу орган менен макулдашылууга тийиш.
273. Нөөмөтчүлөр жана башка тейлөөчү персонал жумушта 6 айдан ашык тыныгуудан кийин зарыл көндүмдөрүн калыбына келтирүүгө жана ушул Эрежелерди билүүсүн текшерүү үчүн комиссиянын буйругу менен белгиленген билимин текшерүүдөн өтүүгө тийиш, андан кийин аларга өз алдынча иштөөгө уруксат берилиши мүмкүн.
274. Нөөмөтчүлөрдүн жана башка тейлөөчү персоналдын билимин мезгил-мезгили менен текшерүү жылына бир жолудан кем эмес комиссия тарабынан ушул Эрежелерди билүүсүн текшерүү үчүн жүргүзүлүшү керек.
275. Нөөмөтчүлөрдүн жана башка тейлөөчү персоналдын билимин кезексиз текшерүү төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- жумушчу башка жумуш ордуна өткөндө;
- ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын кызмат адамынын жана (же) аттракциондун коопсуз иштеши үчүн жооптуу адамдын талабы боюнча;
- башка типтеги аттракциондорду тейлөөгө которулган учурда.
276. Жооптуу адистердин, нөөмөтчүлөрдүн жана башка тейлөө персоналдын билимин текшерүү боюнча комиссиялардын мүчөлөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу органдын аттестациялык комиссиясында ушул Эрежелерди билүүгө текшерүүдөн өтүшү керек.
Комиссиянын мүчөлөрүнүн билимин текшерүү 3 жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлүшү керек.
277. Жооптуу адистердин жана тейлөөчү персоналдын билимин текшерүүнүн натыйжалары күбөлүктө тиешелүү белги менен протокол менен таризделет.
278. Жооптуу адистер жана тейлөөчү персонал ошондой эле Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2023-жылдын 3-августундагы № 01-13/157 буйругу менен бекитилген Электр орнотмолорун пайдаланууда коопсуздук техникасынын эрежелеринде (2-тиркеме) белгиленген тиешелүү электр коопсуздук тобуна ээ болушу керек.
11-глава. Аттракциондорду эксплуатациялоого байланышкан аварияларды, инциденттерди жана кырсыктарды иликтөөнүн тартиби
279. Аттракционду эксплуатациялоого байланыштуу авария, инцидент, кырсык (мындан ары - авариялар) болгон учурда аттракциондун ээси (эксплуатанты) болгон окуя жөнүндө тез жардам кызматына, куткаруу кызматтарына жана өрткө каршы кызматтарга, ички иштер органынын аймактык тескөөчүлөрүнө жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу органга токтоосуз билдирүүгө милдеттүү. Андан кийин Иш-аракеттер планына жана штаттан тышкаркы же авариялык кырдаалдарда аттракциондон жүргүнчүлөрдү эвакуациялоо схемасына ылайык жүргүнчүлөрдү жана аттракционго келгендерди куткаруу, алардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо жана коопсуз жайларга эвакуациялоо боюнча токтоосуз чараларды көрүү керек. Иш-чаралар планы менен штаттан тышкаркы же авариялык кырдаалдарда аттракциондон жүргүнчүлөрдү эвакуациялоо схемасы менен иш-аракеттер планы ички документ болуп саналат жана аттракциондун ээси (эксплуатанты) тарабынан бекитилет.
280. Окуянын себептерин кийин иликтөө максатында аттракциондун ээсинин (эксплуатанттын) штаттык кызматкерлери окуя болгон жердин ордун жана жагдайын фото жана видео тартуунун жардамы менен, схемаларды түзүү жана башка мүмкүн болгон ыкмалар аркылуу белгилеши керек.
281. Авариянын жагдайларын жана себептерин аныктоо, келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо, окуяга күнөөлүүлөрдү аныктоо үчүн, ошондой эле авариянын, инциденттин же кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды жана ушул жана башка ушул сыяктуу объекттерде окшош авариялардын алдын алуу боюнча чараларды иштеп чыгуу үчүн атайын түзүлгөн техникалык комиссия тарабынан техникалык иликтөө жүргүзүлөт.
282. Комиссиянын курамына төмөнкү өкүлдөр кирет:
- аймагында аттракциондук комплекс жайгашкан жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоо органынын;
- аттракциондун ээсинин (эксплуатантынын);
- аттракционду монтаждоо (чогултууну, орнотууну), тартипке келтирүүнү, оңдоону, модификациялоону (реконструкциялоону) жүргүзгөн уюмдун;
- аттракционду даярдоочунун (мүмкүн болсо).
Комиссия авариянын себептерин иликтөөгө, долбоорлоо, илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иш, жабдууларды өндүрүү жана башка чөйрөлөрдөгү эксперттик уюмдарды жана адистерди тарта алат.
283. Авариянын себептерин техникалык иликтөөнүн натыйжалары боюнча аттракциондун ээсинин (эксплуатанттын) жетекчиси үч күндүн ичинде авариянын себептерин жана кесепеттерин жоюу, андан аркы аттракциондун авариясыз жана туруктуу иштешин камсыз кылуу боюнча чараларды аныктоочу буйрук чыгарат.
Авариянын себептерин техникалык иликтөөнүн натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу орган бир айдын ичинде андан ары иликтөө зарыл болгон учурларда тергөөнүн материалдарын объект жайгашкан жердеги прокуратура органдарына жиберүүгө милдеттүү.
284. Техникалык комиссия тарабынан сунушталган иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө жазуу жүзүндөгү маалымат комиссия тарабынан сунушталган иш-чаралардын ар бир пунктун аткаруу мөөнөттөрү аяктагандан кийин он календардык күндүн ичинде аттракциондун ээсинин (эксплуатанттын) жетекчиси тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу органга жана алардын өкүлдөрү авариянын себептерин техникалык иликтөөгө катышкан уюмдарга берилет.
285. Авариянын себептерин техникалык иликтөөгө кеткен чыгымдар авария болгон кооптуу объектти эксплуатациялоочу уюм, башкача айтканда аттракциондун ээси (эксплуатанты) тарабынан каржыланат.