Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-апрели № 194
"Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын автотранспорттук-экспедициялык ишканасы" мамлекеттик ишканасын кошуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө
Мамлекеттик ишканалардын ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын автотранспорттук-экспедициялык ишканасы" мамлекеттик ишканасын кошуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик ишканасы кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик ишканасы "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын автотранспорттук-экспедициялык ишканасы" мамлекеттик ишканасынын укук мураскери болуп саналат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 341 "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомун түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомуна ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилүүчү мамлекеттик ишканалардын (филиалдарынын) - мүлктүк комплекстердин тизмегинде:
- 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:
1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн кайра уюштурулуучу юридикалык жактын өткөрүп берүү актысын бекитсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 32 (3585) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |