КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык округунун Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 10
Кыштут айыл өкмөтүнүн алдында муниципалдык ишкана уюштуруу жөнүндө
Муниципалдык ишканаларды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында. Жарандык кодекстин 230-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 токтому менен бекитилген Пилоттук режимде административтик –аймактык реформа мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюуштуруу жөнүндө Убактылуу жобого ылайык жана Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевдин баяндамасын угуп, Кыштут айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл өкмөтүнүн алдында муниципалдык ишкана уюштурулсун.
2. Муниципалдык ишканасынын жобосун бир айлык мөөнөттө иштеп чыгуу айыл өкмөт башчысынын орун басары-жооптуу катчы С.Астанакуловко милдеттендирилсин.
3. Муниципалдык ишкананын курамына “Таян тазалык-ТТК” муниципалдык ишканасы, Жайыт комитети, жана айылдык коомдук бирикмелерине таандык Таян таза-суу, Селик таза-суу, Гороту таза-суу бирикмелери бириктирилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары –жооптуу катчы С.Астанакулов муниципалдык ишканалардын чарбалык карамагында турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү , материалдык жана материалдык эмес активтерди ,пассивдерди, финансылык каражаттарды мыйзамдарда белгиленген тартипте инвентаризация жүргүзүп, жаңы тузүлгөн муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүп берүүнү уюштурсун.
4. Аталган муниципалдык ишкананын жобосун,штаттык бирдигин бекитүү кийинки сессияга калтырылсын.
5. Чарбалык ишмердүүлүгүн аныктоо, каржы маселелерин чечүү Баткен облустук юстиция башкармалыгынан жана башка тиешелүү органдардан каттоодон өткөндөн кийин сессиянын кароосуна киргизилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | С.Суйунов |