МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXV сессиясы
2024-жыл 04-апрели №3
«Ген план жасатуу үчүн 1000000 (бир млн) сом акча каражатын ажыратуу жөнүндө»
Момбеков айыл өкмөтүнүн жер адиси Б. Жакыбалиеванын ген план жасатуу үчүн 1000000 (бир млн) сом акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 25-сессиясы токтом кылат:
1. Момбеков айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарды кеңейтүү үчүн жерлерди трансформасциялоого ( которууга) мамлекеттик долбоор институтуна башкы план чийдирүү үчүн 1000000 (бир млн) сом сатуудан түшкөн акча каражатынан ажыратылып берилсин.
2. Акча каражатын ажыратып берүү жагы каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Ч.Төлөновага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы
|
И.Абдыразак уулу |