Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-апрели № 195
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 377 "Жаныбарлардын ылаңынын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын ветеринардык мыйзамдарын өркүндөтүү жана эпизоотиялык бакубаттуулукту камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 377 "Жаныбарлардын ылаңынын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Малдын ылаңынын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарда:
1) 159-пункт "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына жана кылмыш-жаза" деген сөздөр менен толукталсын;
- 162-167-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"162. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан кароосуз өткөн жаныбарларды айдап чыгууга мүмкүн болбогондо, алар мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - чек ара кызматы) тарабынан кармалууга тийиш.
Чек ара кызматынын өкүлдөрү жаныбарларды кармоо фактысы жөнүндө (анын ичинде аларды ээсине өткөрүп берүү жөнүндө) кармалган учурдан тартып үч күндөн кечиктирбестен ветеринария боюнча мамлекеттик органдын, ички иштер органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө маалымдайт.
Ички иштер органдары менчик ээсин издөө чараларын көрөт.
Ошол эле учурда кармалган жаныбарлар 21 күндөн кем эмес карантинге алынат жана бул мезгилде ветеринария боюнча мамлекеттик орган эпизоотиянын пайда болушун жана жайылышын болтурбоо максатында карантиндик иш-чараларды жүргүзөт.
Карантиндик иш-чараларды өткөрүү үчүн жерди ветеринария боюнча мамлекеттик орган аныктайт, ал эми жаныбарларды убактылуу кармоого жооптуу адамды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аныктайт, бул жөнүндө төрт нускада акт түзүлөт, алардын ар бирине өкүлдөр кол коёт, ушул пунктта көрсөтүлгөн органдарда катталууга жана сакталууга тийиш жана алардын мөөрү менен ырасталат.
163. Эгерде жаныбарлар кармалган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин алардын таандыктыгы аныкталбаса жана аларга карата өзүнүн укугу жөнүндө эч ким билдирбесе, ошондой эле өзгөчө коркунучтуу ылаңдардын болушуна жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөрдүн терс жыйынтыгы болгондо, жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продуктуларды идентификациялоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай жаныбарларды андан ары идентификациялоо үчүн бул жаныбарлар убактылуу багуусунда болгон адамдын менчигине акысыз өтөт.
Жаныбарларды идентификациялоо жана аларды Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо үчүн негиз болуп ушул Талаптардын 162-пунктунда каралган акт жана алгачкы лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы эсептелет.
Жаныбарлар менчигине өткөн адам аларды багуу жана карантиндик иш-чараларды жүргүзүү менен байланышкан зарыл болгон чыгымдардын ордун толтуруу максатында аларды сатууга укуктуу.
Бул адам өзүндө багылган жаныбарларды менчикке алуудан баш тартканда, алар муниципалдык менчикке өтөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аныктаган тартипте пайдаланылат.
164. Жаныбарлардын ээси аныкталган учурда малды багууга жана кармоого байланышкан бардык чыгымдардын, ошондой эле карантиндик иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу мамлекеттик органдар тарткан чыгымдардын орду толтурулууга тийиш.
165. Кармалган жаныбарлардын арасынан жугуштуу ылаңдар, ошондой эле этиологиясы белгисиз ылаңдар (эмердженттик ылаңдар) табылганда жана лабораториялык изилдөөлөрдүн (сыноолордун) оң жыйынтыгында ылаңдын түрүнө жараша оорулуу жаныбарлар же бардык кармалган жаныбарлар ээсине компенсация төлөнбөстөн санитардык союлууга же жок кылынууга тийиш.
Бул чаралар ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча жана контролдугунда жүзөгө ашырылат.
Лабораториялык изилдөөлөр ветеринардык лабораториялар тарабынан Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2017-жылдын 10-ноябрындагы № 80 "Ветеринардык контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашырууда лабораториялык изилдөөлөрдү (сыноолорду) өткөрүүнү уюштуруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" чечими менен аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
166. Союлган продуктуларды андан ары пайдалануу же аларды жок кылуу жүргүзүлгөн ветеринардык-санитардык экспертизанын жыйынтыгы боюнча тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин мамлекеттик башкы ветеринардык инспекторунун чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
167. Жаныбарларды жок кылууда же союуда үч нускада акт түзүлөт, анын бир нускасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүндө калат, ал эми калган нускалары чек ара кызматынын аймактык бөлүмүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилет.";
- 175-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"175. Тиешелүү уруксаты жана ветеринардык коштоочу документтери жок мамлекеттик чек арадан өткөн чектеш мамлекеттин малдары жайыттарда же ташуу (айдап өтүү) жолунда аныкталганда же мамлекеттик чек арадан уруксатсыз жана жаныбарларга тиешелүү ветеринардык коштоочу документтерсиз алып өтүүгө аракет жасалганда мындай жаныбарларды аныктаган адам ветеринария боюнча мамлекеттик органга, ички иштер органына же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына токтоосуз билдирет.
Кармалган жаныбарларга карата андан аркы жол-жоболор ушул Талаптардын 162-167-пункттарында белгиленген тартипте аныкталат.
Кыргыз Республикасынын жайыттарына жаюу максатында чектеш мамлекеттин жаныбарлары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан уруксатсыз өткөн учурлар жөнүндө ветеринария боюнча мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү ветеринария боюнча мамлекеттик органдын жетекчилигине токтоосуз билдирет.";
- 258-пунктта "администрациялык айып салууга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде көрсөтүлгөн чараларды көрүүгө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 358-пунктта "мыйзамдарына ылайык административдик жана жазык жоопкерчилигине" деген сөздөр "укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 32 (3585) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |