Редакцияот 25.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

 

2024-жылдын 25-марты № 30

 Баткен шаарынын аймагындагы, Дөгмөн жайлоосунун Дөгмөн дарыясынын жээгинин  тиешелүү бөлүгүнө кичи ГЭС куруу үчүн жер аянтын бөлүп  берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктуна  жана    Баткен шаардык Кеңешинин  архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу  комиссиясынын  2024-жылдын 23-январындагы кортундусу, Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 23-январындагы №01-13/159 катына ылайык  Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги   XXIII сессиясы Токтом кылат:

1.Баткен шаарынын аймагындагы, Дөгмөн жайлоосунун Дөгмөн дарыясынын жээгинин  тиешелүү бөлүгүнө кичи ГЭС куруу үчүн  1,80  га жер аянтын  берүүгө макулдук берилсин.

2.Кичи ГЭС куруу үчүн   долбоорду жеңүүчү тарап менен   келишимди түзүү  жана тиешелүү иш кагаздарын жасоо жагы  шаар мэриясына /И.Бурканов/ тапшырылсын.

-түзүлгөн  келишимге жыл сайын шаардын инфраструктурасын колдоо үчүн социалдык иш чараларды киргизүү жана социалдык буюртманы ишке ашыруу 3 жылдык мөөнөткө белгилөө  жагы сунушталсын.

3.Токтом шаар калкына   шаардык Кеңештин  расмий сайты аркылуу жеткирилсин.

4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизилүү  үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Курбанбековго   тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Аширов