Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2022-жылдын 5-декабры № 20/4
Жошолу айыл өкмөтүнүн Коммунизм айылынын тургуну, айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Төрөшев Каныбекке айыл өкмөттүн «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн Коммунизм айылынын тургуну, мурунку айыл өкмөт башчысына айыл өкмөттүн «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү Коммунизм айылынын 2021-жылдын 30-сентябрындагы элдик жыйынынын протоколунун негизинде Жошолу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Коммунизм айылынын 2021-жылдын 30-сентябрындагы элдик жыйынынын протоколунун жана айылдык Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык деңгээлин жогорулатууга кошкон салымы, айыл өкмөтүндө үзүрлүү иштеп,учурда коомдук иштерге катышып, айыл өкмөтүнүн инфраструктурасынын жана социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Төрөшев Каныбекке Жошолу айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңешинин уюштуруу укуктук маселелер, мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага: | А.Танаев |