Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 30-апрели № 81
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 981-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берененин 2-бөлүгүндө "(резервдик)" деген сөз алып салынсын;
2) 5-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:
"12) МПТФнын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн резервдик фондду түзүүгө. МПТФнын резервдик фондунун каражаттарын түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш тарабынан аныкталат. МПТФнын резервдик фондунун каражаттарын инвестициялоо ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат.";
3) 6-беренеде:
а) 1-бөлүктө "(резервдик)" деген сөз алып салынсын;
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) МПТФнын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн резервдик фондду түзүүгө.";
4) 19-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7 жана 8-пункттар менен толукталсын:
"7) пенсиялык топтоолордун наркынын 10 пайызынан ашпаган өлчөмдөгү баалуу металлдарга (алтын, күмүш, платина);
8) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын баалуу кагаздарына.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 07-майындагы № 34 (3587) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 3-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |