БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2024-жылдын 25-марты № 37
Баткен шаар ичинде муниципалдык автобустардын маршруттук- төлөм акыларын жана муниципалдык атайын техникалдардын кызмат көрсөтүү бааларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктуна, “Баткен-Автобаза ” муниципалдык ишканасынын 2024-жылдын 12-мартындагы №01-17/41 катынын жана Баткен шаардык Кеңешинин Бюджет, салык, экономика, инвестиция жана өнөр жай, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 15-мартындагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын ичинде муниципалдык автобустардын маршруттук – төлөм акылары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө:
-Чоң кишилер үчүн 15 сом, мектеп окуучулары үчүн 10 сом өлчөмүндө бекитилсин.
-муниципалдык кээ бир атайын техникалдардын кызмат көрсөтүүсү №1 тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
3.Шаар калкына муниципалдык автобустардын төлөм акыларынын баалары шаардык Кеңештин расмий сайты, социалдык тармактардагы расмий баракча аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик каттоого алынуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Курбанбековго тапшырылсын
Төрага | А.Аширов |