Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 30-апрели ПЖ № 108
«Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун жана мамлекеттик катышуу үлүшү 50 пайыздан ашкан баалуу металлдарды өндүрүү субъекттеринин чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарын жайгаштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасын чет өлкөлүк валютадагы ликвиддүү акча каражаттары менен камсыз кылуу максатында токтом кылам:
1. «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна жана мамлекеттик катышуу үлүшү 50 пайыздан ашкан баалуу металлдарды өндүрүү субъекттерине, ошондой эле «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун катышуу үлүшү 50 пайыздан ашкан баалуу металлдарды өндүрүү субъекттерине төмөнкүлөр сунушталсын:
1) Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын эсептерине чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарынын келип түшүшүн жана жайгаштырылышын кыска мөөнөттө, бирок баалуу металлдарды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жана анын ичинде сатуудан чет өлкөлүк валютада төлөм келип түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирбестен камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына чарбалык иш процессинде келип чыккан улуттук валютадагы өндүрүштүк жана башка чыгымдарды жабуу үчүн чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарын сатып алууну (алмаштырууну) биринчи кезектеги тартипте сунуштоо;
3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарын сатып алуудан (алмаштыруудан) баш тарткан учурда чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарын сатууну (алмаштырууну) Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары аркылуу жүзөгө ашыруу;
4) баалуу металлдарды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жана анын ичинде сатуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына төмөнкүлөр тууралуу маалымдоо:
- баалуу металлдарды сатуунун көлөмдөрү жөнүндө - баалуу металлдарды сатууга бүтүм түзүлгөн учурдан тартып эки жумуш күндүн ичинде;
- чет өлкөлүк валютада иш жүзүндө келип түшкөн акча каражаттарынын көлөмү жөнүндө - Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын эсептерине чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары түшкөн учурдан тартып эки жумуш күндүн ичинде.
2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 7-майындагы № 34 (3587) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |