А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев атындагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясынын
2024-жылдын 12-апрели № 31/2
А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылындагы Сельхозтехниканын жер аянтынан ашыкча болгон 4,70 га жер аянтын айыл өкмөттүн балансына алуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылындагы Сельхозтехниканын жер аянтынан ашыкча болгон 4,70 га жер аянты айыл өкмөттүн балансына алынсын.
- Айыл өкмөттүн балансына алынгандан кийин аукцион аркылуу ижарага берилсин.
- Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Галботоев |