Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылы 22-апрели № 28
Кызыл-Бел айылындагы магистралдык Р-5 сугат суу каналына ат койуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн сунушун карап чыгып, Кызыл-Бел айылындагы магистралдык Р-5 сугат суу каналына ат койуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат
1. Кызыл-Бел айылындагы магистралдык Р-5 сугат суу каналын “Турсунбеков Чыныбай Акунович атындагы канал” деп атоого макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап каттоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: |
Ж.Шадиманова |