Документке
Мурунку13.09.2024

1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2021-жылдын 5-мартындагы № 72

токтому менен бекитилди)

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө

жобо

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 144, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345, 2022-жылдын 29-июлундагы № 418, 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 654, 2023-жылдын 13-январындагы № 10, 2023-жылдын 10-февралындагы № 67, 2023-жылдын 23-июнундагы № 312, 2023-жылдын 28-августундагы № 431, 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 494, 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары - Министрлик) билим берүү, илим жана илимий-техникалык иштер чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын мамлекеттик контролдоо, Кыргыз Республикасынын жарандарынын билим алууга конституциялык укуктарын камсыздоо боюнча функцияларды ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин борбордук мамлекеттик органы болуп эсептелет.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын, кодекстерин жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана буйруктарын, ушул Жобону, ошондой эле жалпы таанылган принциптерин жана эл аралык укуктук ченемдерди, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.

3. Министрлик өз ишин түздөн-түз жана аймактык бөлүмдөр, ведомстволук бөлүмдөр, мекемелер жана уюмдар аркылуу башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү менен ишке ашырат.

4. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим органдарынын бирдиктүү системасын Министрликтин борбордук аппараты, аймактык бөлүмдөрү, ведомстволук бөлүмдөрү жана мекемелери түзөт.

5. Министрлик юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тартылган мөөрү, белгиленген үлгүдөгү бланктары, эмблемасы жана туусу бар, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасындагы алыш-бериш жана башка эсептери, ошондой эле өзүнө бекитип берилген мүлкү бар.

6. Министрликтин толук аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги";

- расмий тилде: "Министерство образования и науки Кыргызской Республики".

Министрликтин кыскартылган аталышы:

- мамлекеттик тилде: "БИМ";

- расмий тилде: "МОН".

7. Министрликтин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Касым Тыныстанов көчөсү, 257.

2. Министрликтин максаты

8. Министрликтин негизги максаты билим берүү, илим жана илимий-техникалык иштер жаатындагы мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу болуп саналат.

3. Министрликтин милдеттери

9. Министрликтин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

- инсандын калыптануусуна, өнүгүүсүнө жана кесиптик такшалуусуна багытталган, окутуунун коопсуз шарттарын камсыздоочу билим берүү системасын иштетүү;

- билим берүү жаатында жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин сактоону камсыз кылуу;

- билим берүүнүн сапатын жогорулатуу;

- билим берүү жана илим жаатында Кыргыз Республикасынын бирдиктүү мамлекеттик саясатын ишке ашыруу;

- илимий жана илимий-техникалык иштерди өнүктүрүү үчүн шарттарды жана механизмдерди түзүү;

- (7 абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо боюнча иштерди уюштуруу.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248, 2023-жылдын 28-августундагы № 431 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

4. Министрликтин функциялары

10. Министрлик төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

1) тармактык саясат функциялары:

- төмөнкүлөрдү белгиленген тартипте иштеп чыгуу:

билим берүү жана илим системасын өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясаттын стратегиялык багыттары жөнүндө сунуштарды;

билим берүү, илим жана илимий-техникалык иштер жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга, билим берүү жана илим системасын иштетүүнү, өнүктүрүүнү жана өркүндөтүүнү камсыз кылууга багытталган мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун;

- билим берүү жана илим тармагындагы мыйзамдарды колдонуу практикасын жалпылоо;

- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык билим берүү жөнүндө документтерди нострификациялоонун (башка мамлекеттерде берилген билим берүү жөнүндө документтерди Кыргыз Республикасында таануу) тартибин иштеп чыгуу;

- билими жөнүндө документтерге мамлекеттик талаптарды иштеп чыгуу;

- менчиктин бардык түрүндөгү аккредитацияланган билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн документ менен камсыз кылуу;

- (9 абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- эксперттик кеңештердин курамын бекитүү жана алардын ишин уюштуруу;

- бардык деңгээлдердеги билим берүү уюмдарынын окуу пландарын жана программаларын бекитүү;

- билим берүү жана илим жаатындагы мамлекеттик кадр саясатын белгиленген тартипте ишке ашыруу;

- өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү стратегиясына интеграциялоо үчүн билим берүү жана илим сектору боюнча сунуштардын комплексин иштеп чыгуу;

- бардык деңгээлдердеги билим берүү уюмдарынын ишине талдоо жүргүзүү;

- билим берүү уюмдарынын окуучуларын жеке жана дене боюн өнүктүрүү, бардык деңгээлдердеги билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө жарандардын бирдей мүмкүнчүлүктөрүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн чараларды иштеп чыгуу;

- билим берүү жана илим жаатындагы мамлекеттик стратегиялык жана программалык (максаттуу) документтерди жана долбоорлорду, анын ичинде балдарды жана жаштарды патриоттук, руханий-адептик тарбиялоого, интеллектуалдык, чыгармачыл жана дене боюн өнүктүрүүгө багытталган программаларды иштеп чыгууга, жүзөгө ашырууга, мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого катышуу;

- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык республиканын чегинен сыртта жашаган мекендештерге мамлекеттик тилде билим алууга көмөктөшүү;

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жагындагы мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн билим берүүчү гранттардын санын жана өлчөмүн аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды киргизүү;

- көрүнүктүү инсандардын ысымдарын билим берүү уюмдарына ыйгаруу жөнүндө сунуштарды макулдашуу;

- билим берүү уюмдарынын педагогикалык кадрларынын жана билим берүүнү башкаруу органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, даярдоо жана кайра даярдоо системасын уюштуруу;

- кызыкдар министрликтер, башка мамлекеттик органдар, жалдоочулардын бирикмелери жана башка социалдык өнөктөштөр менен макулдашуу боюнча кадрларды даярдоо үчүн кесиптердин жана адистиктердин тизмесин иштеп чыгуу;

- жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү программалары боюнча (магистратура, аспирантура, докторантура, резидентура ж.б.) кабыл алуу жана окуу жалпы тартибин жана типтүү эрежелерин иштеп чыгуу;

- (23 абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- илимий-инновациялык иштер жаатындагы мамлекеттик программаларды ишке ашырууга жана аларга мониторинг жүргүзүүгө катышуу;

- илимий жана илимий-инновациялык долбоорлорго мамлекеттик заказдарды түзүүгө катышуу жана аларды белгиленген тартипте каржылоо жөнүндө сунуштарды киргизүү;

- өз компетенциясынын чегинде бардык деңгээлдердеги билим берүү уюмдарын аккредитациялоого катышуу;

- укуктук пропаганда жана коррупцияга каршы билим берүү боюнча иш-чараларды өткөрүү;

- жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча чараларды иштеп чыгуу;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу;

- мамлекеттик органдар, инвесторлор жана эл аралык уюмдар үчүн билим берүү объекттеринин инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоо;

- кесиптик башталгыч билим берүү үчүн эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайык кадрларды даярдоонун план-болжолун иштеп чыгуу жана бекитүү;

- эл аралык талаптарга ылайык компетенцияларды/квалификацияларды көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо системасынын бирдиктүү саясатын ишке ашырууну камсыз кылуу;

2) жөнгө салуучу функциялары:

- лицензиялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте билим берүү ишин (транспорт каражаттарынын айдоочуларын окутуу (кайра окутуу) боюнча ишти кошпогондо) лицензиялоо;

- билим берүү жаатындагы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жөнгө салуу;

- уюмдардын кадрларды даярдоо түзүмүн жана санын аныктоо маселелери боюнча мамлекеттик билим берүү ишин жөнгө салуу;

- илимий-инновациялык уюмдардын ишин жөнгө салууга катышуу;

- илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди республикалык бюджеттен каржылоону токтотуу жөнүндө сунуш киргизүү;

- билим берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерин аттестациялоону уюштуруу;

- башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү деңгээлдериндеги ишканалардын табыштамалары боюнча жарандарды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу, ошондой эле билим берүү системасында эмгек ресурстарына муктаждыктын болжолун даярдоо;

- жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге башталгыч кесиптик окутууну жана кайра окутууну уюштуруу;

- компетенцияларды/квалификацияларды көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо системасын башкарууну жана жөнгө салууну жүзөгө ашыруу;

3) координациялоо жана контролдоо функциялары:

- билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик стратегиялык жана программалык (максаттуу) документтерди, ошондой эле илимий иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик программаларды ишке ашырууну координациялоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана баалоо, анын ичинде илимий-изилдөө жана инновациялык программаларды аткарууну уюштуруу жана координациялоо;

- жеткиликтүү билим берүүнү камсыздоого багытталган чараларды көрүүгө контролдоону камсыз кылуу;

- турмуштук оор кырдаалдагы балдарга билим алуу укуктарынын сакталышына контролду камсыз кылуу;

- мамлекеттик билим берүү стандарттарынын сакталышын жана билим берүүнүн сапатын белгиленген тартипте контролдоо;

- билим берүү уюмдарындагы окуучуларды мамлекеттик аттестациялоонун бардык түрлөрүн жана формаларын өткөрүүнү контролдоо;

- педагогикалык кызматкерлерди аттестациялоону уюштуруу үчүн белгиленген тартипте контролду камсыз кылуу;

- билим берүү иши (транспорт каражаттарынын айдоочуларын окутуу (кайра окутуу) боюнча ишти кошпогондо) чөйрөсүндөгү лицензиялык талаптардын сакталышын лицензиялык контролдоо;

- (9 абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 67 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- билим берүү уюмдарынын жана аймактык бөлүмдөрдүн билим берүү жана финансылык ишин, республиканын билим берүү уюмдарынын илимий-изилдөө мекемелеринин жана илимий түзүмдөрүнүн илимий ишин пландуу жана пландан тышкаркы текшерүү;

- формалдуу билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо, анын сапаты жөнүндө так, толук жана объективдүү маалымат алуу;

- билим берүү уюмдарынын жана программаларынын рейтингин аныктоо;

- жеке жана юридикалык жактардын кайрылуулары боюнча билим берүү жаатындагы мыйзамдардын аткарылышын контролдоо;

- китептерди жана окуу-методикалык комплекстерди даярдоо жана басып чыгаруу боюнча ишти белгиленген тартипте координациялоо;

- китептерди жана окуу-методикалык колдонмолорду даярдоо жана басып чыгаруу, кесиптик билим берүү программаларын маалыматтык камсыздоо боюнча окуу-методикалык бирикмелердин жана кеңештердин ишин координациялоо;

- аспирантура, докторантура жана изденүүчүлүк аркылуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо системасын уюштуруу жана координациялоо;

- колдонуудагы окуу аянттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууга мониторинг жүргүзүү;

- өзгөчө кырдаалдар, өзгөчө абал жана улуттук коопсуздукка коркунучтар болгон мезгилде жогору турган органдардын чечимдерин жана тапшырмаларын мыйзамдарда аныкталган тартипте оперативдүү аткарууну камсыз кылуу.

- көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана башка субъекттер менен ишти координациялоо жана өз ара аракеттенүү;

4) кызмат көрсөтүүчү функциялары:

- Кыргыз Республикасында берилген билими тууралуу документтердин аныктыгын тастыктоо;

- чет өлкөлөрдө берилген билими жөнүндө документтердин аныктыгын таануу;

- билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги мамлекеттик үлгүдөгү документтердин жупнускасын берүү;

- Кыргыз Республикасынын студент жарандарын чет мамлекеттердин билим берүүчү уюмдарына окууга жөнөтүү боюнча маалым каттарды берүү;

- чет өлкөлүк билим берүү уюмдарында окуган адамдардын билим деңгээлин жана мазмунун тастыктаган маалым каттарды берүү;

- билим берүү ишин жүзөгө ашырууга укук берүүчү лицензиялардын (транспорт каражаттарынын айдоочуларын окутуу (кайра окутуу) боюнча ишти кошпогондо) жана аккредитациялоо сертификаттарынын жупнускасын берүү;

5) колдоо функциялары:

- билим берүү уюмдары тарабынан колдонууга уруксат берилген окуу китептердин жана окутуу-методикалык адабияттардын тизмесин бекитүү;

- керектүү кесиптер боюнча иш чөйрөсүн тандоо, ишке орноштуруу, кесиптик окутуу, кайра окутуу, квалификациясын жогорулатуу максатында жарандардын кесиптик багытын аныктоого көмөк көрсөтүү;

- конкурска коюлган илимий жана илимий-инновациялык долбоорлорго көз карандысыз экспертизаны уюштурууга катышуу, аларды каржылоо боюнча сунуштарды даярдоо, бюджеттик каражаттардын сарпталышын контролдоого катышуу;

- илимий жана илимий-инновациялык иштердин субъекттерин түзүү боюнча сунуштарды киргизүү;

- билим берүү жана илим системасын маалыматтык, илимий-методикалык тейлөөнү камсыздоо;

- билим берүү жана илим маселелери боюнча калкты маалыматтык жактан тейлөөнү ишке ашыруу;

- илимий, илимий-инновациялык продукцияны пайдаланууга жана илимий, илимий-инновациялык ишти маалыматтык камсыздоо системасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү;

- республикада жана чет өлкөлөрдө экономика, илим жана техника тармактарындагы илимий жана илимий-инновациялык иштелмелерге мониторинг жана талдоо жүргүзүүгө катышуу;

- билим берүүнүн, илимдин жана өндүрүштүн, ошондой эле өндүрүштүн жана рыноктун өз ара аракеттенүүсүн ишке ашыруу;

- Кыргыз Республикасындагы илимий-техникалык жетишкендиктер жана өндүрүштүк тажрыйбалар жөнүндө маалыматтарды даярдоону, басып чыгарууну жана жайылтууну камсыздоо, чет өлкөлүк уюмдардын ортосунда мындай материалдар менен алмашуу;

- ата мекендик жана чет өлкөлүк илимий-техникалык жетишкендиктерди алмашуу аркылуу илим чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү;

- чет өлкөлүк өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде билим берүү жана илим жаатындагы эл аралык келишимдерге кол коюу, ошондой эле аларды ишке ашыруу;

- эл аралык уюмдарда билим берүү жана илим маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын белгиленген тартипте коргоо;

- мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкары билим берүү уюмдарын райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрү (башкармалыктары) аркылуу каржылоо;

- башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын, илимди жана башка адистештирилген уюмдарды каржылоо;

- билим берүү уюмдарына окуу-тарбиялоо иштери, педагогикалык алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу, окутуунун инновациялык методдорун жана технологияларын киргизүү маселелери боюнча методикалык жана маалыматтык жардам көрсөтүү;

- Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана мекемелеринин иши жөнүндө коомчулукка маалымат берүү;

- калктуу конуштар боюнча демографиялык маалыматтарга жараша жаңы курулуштарга болгон муктаждыктарын аныктоо менен курулуп жаткан жана курулушу токтоп турган билим берүү объекттерине инвентаризациялоо жүргүзүү боюнча иштерди уюштуруу;

- Министрликтин ведомстволук билим берүү уюмдарын долбоорлоо, капиталдык оңдоо менен байланышкан иштерди аткарууга көмөк көрсөтүү;

- билим берүүчү уюмдарды жабдуулар жана шаймандар менен камсыздоо;

- учурдагы ондоо жана материалдык камсыздоо боюнча билим берүүчү уюмдун тапшырыкчысынын функцияларын аткаруу.

- көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо системасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 144, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345, 2023-жылдын 10-февралындагы № 67, 2023-жылдын 28-августундагы № 431, 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

5. Министрликтин укуктары

11. Министрлик төмөнкүлөргө укуктуу:

- менчигинин түрүнө жана формасына карабастан билим берүү уюмдары аткарууга милдеттүү болгон чечимдерди өз компетенциясынын чегинде бекитүүгө жана чыгарууга;

- билим берүү жана илим жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген ыйгарым укуктардын чегинде билим берүү уюмдарынын жана алардын филиалдарынын, илимий мекемелердин ишин текшерүүгө;

- Министрликтин республикалык бюджеттен каржылануучу ведомстволук мекемелеринде жана уюмдарында бюджеттик жана финансылык тартиптин сакталышына мамлекеттик контролду жүргүзүүгө, ошондой эле алардын чыгымдарынын сметасын бекитүүгө жана алардын аткарылышын контролдоого;

- мамлекеттик ведомстволук билим берүү жана илим жагындагы уюмдар тарабынан аларга бекитилип берилген мүлктү талаптагыдай жана максаттуу пайдаланышын контролдоого;

- бухгалтердик эсепти, финансылык отчетту, нормативдик укуктук актылардын жана ички актылардын аткарылышын, мыйзамга каршы иш-аракеттердин алдын алуу жана аныктоо, активдердин сактыгын камсыздоону, финансылык жана башкаруучулук иш жөнүндө отчеттордун, маалыматтардын тактыгын, тууралыгын жана адекваттуулугун, ошондой эле алардын даярдалышын камтыган Министрликти, ошондой эле ведомстволук мекемелерди жана уюмдарды натыйжалуу, үнөмдүү жана майнаптуу башкарууга жетишүү үчүн ички контролдун комплекстүү жана натыйжалуу системасын уюштурууга;

- менчигинин түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдарынан, илим мекемелеринен, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан илимий-билим берүү иштеринин маселелери, адистерди, илимий-педагогикалык кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу боюнча статистикалык жана башка маалыматтарды сурап алууга;

- (8 абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдар менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдары жана илимий уюмдар жөнүндө маалыматты, анын ичинде окуучулар жана кызматкерлер боюнча жеке мүнөздөгү маалыматтарды сурап алууга, чогултууга, иштетүүгө, сактоого, пайдаланууга, өткөрүп берүүгө жана коргоого;

- (10 абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- билим берүү жана илим жаатындагы эл аралык келишимдерди белгиленген тартипте түзүүгө;

- билим берүү жана илим маселелери боюнча эл аралык фестивалдарды, конкурстарды, кеңешмелерди, семинарларды жана конференцияларды өткөрүүгө;

- ведомстволук уюмдарды белгиленген тартипте түзүүгө, кайра уюштурууга жана жоюуга;

- ведомстволук билим берүү уюмдарынын уставдарын (жоболорун) бекитүүгө;

- билим берүү жана илим чөйрөсүндө сыйлоо системасын иштеп чыгууга жана бекитүүгө;

- билим берүү жана илимий-изилдөө уюмдарынын статусун өзгөртүү, кайра уюштуруу, жоюу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында жана илимий уюмдарда аспирантураларды жана докторантураларды ачуу (жоюу) маселеси боюнча чечимдерди кабыл алууга;

- эмгек акы төлөөнүн белгиленген фондунун чегинде ведомстволук билим берүү уюмдарынын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүүгө;

- билим берүү жана илим системасындагы иштеген коомдук жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө;

- (20 абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (21 абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Министрликтин иш чөйрөсүнө кирген маселелерди иштеп чыгуу үчүн илимий жана башка уюмдарды, окумуштууларды жана адистерди белгиленген тартипте тартууга;

- Министрликтин иш чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча юридикалык жана жеке жактарга түшүндүрмөлөрдү берүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу боюнча Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча түшүндүрмө жана комментарий берүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрликтин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында сотко кайрылууга, доолорду коюуга;

- мугалимдердин ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинтүүгө, аларды эмгекке мажбурлоого, окутуу-тарбиялоо процессине тоскоолдук кылууга, билим берүү жана илим системасынын кызматкерлеринин жана окуучулардын укуктарын бузууга жол бербөө боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды көрүүгө;

- бардык деңгээлдердеги билим берүү уюмдарынын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына каршы келген буйруктарын жокко чыгарууга;

- Министрликтин маалыматтык системаларын натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле Министрликтин ишин автоматташтыруу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн маалыматтык системаларды, техникалык чечимдерди ишке киргизүүгө жана колдоого;

- Министрликтин ишин кеңири чагылдыруу максатында расмий веб-сайттарды, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларды ачууга;

- билим берүү жана илим системасын өнүктүрүүнүн актуалдуу жана келечектүү көйгөйлөрүн иштеп чыгуу боюнча жумушчу топторду түзүүгө;

- Министрликтин алдына коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Министрликтин ишин уюштуруу

12. Министрликти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу министр жетектейт.

Министрликте министрдин биринчи орун басарынын жана министрдин орун басарларынын кызмат орундары каралган.

13. Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат.

Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча же анын сунушу жок Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордунан бошотулат.

14. Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары түздөн-түз министрге баш ийишет жана өз иштерин аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде аткарышат.

15. Министр:

- жеке башкаруунун негизинде Министрликти жалпы жетектейт жана Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

- Министрликтин компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, эрежелерди, жоболорду, нускамаларды бекитет;

- Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмүн бекитет, ал Министрликтин милдеттери жана функциялары өзгөргөн учурда гана өзгөртүлүшү мүмкүн. Мында министрдин дайындалышы Министрликтин түзүмүн өзгөртүүгө негиз болуп саналбайт;

- бекитилген штаттык сандын чегинде Министрликтин борбордук аппаратынын штаттык ырааттамасын бекитет;

- Министрликтин системасында жетектөөчү кызмат орундардын номенклатурасын аныктайт жана бекитет;

- республикалык бюджеттен каржылануучу ведомстволук мекемелердин жана уюмдардын штаттык санын эмгек акы төлөөнүн белгиленген фондунун чегинде аныктайт жана бекитет;

- борбордук аппараттын кызматкерлерин, ведомстволук мекемелердин жана жетекчилерин жана Министрликтин номенклатурасына кирген кызматкерлерди кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, алардын укуктарын жана функциялык милдеттерин аныктайт;

- билим берүү жана илим системасынын кызматкерлерине карата тартиптик таасир этүүчү чараларды көрөт;

- ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилерин дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуш киргизет;

- билим берүү башкармалыктарынын аймактык органдарынын жетекчилерин кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш берет, ошондой эле аларды ротациялоону демилгелейт;

- мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин, ошондой эле Министрликтин ведомстволук башталгыч жана орто кесиптик окуу жайларынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;

- "улуттук" деген статуска ээ болгон мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматтан бошотуу жөнүндө сунуштарды жана кызматка дайындоо үчүн талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Президентине көрсөтөт;

- адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин дайындоого макулдук берет.

- өзгөчө статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларды кошпогондо, мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин сунушу боюнча жогорку окуу жайлардын окуу иштери боюнча проректорлорун дайындайт жана бошотот.

- камкорчулук кеңешинин сунуштамасы боюнча Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин биринчи проректорун (ректордун биринчи орун басарын) дайындайт жана бошотот;

- министрдин орун басарларынын, Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;

- Министрликте коррупцияны профилактикалоого жана алдын алууга багытталган чараларды көрөт;

- Кыргыз Республикасында билим берүүнү жана илимди өнүктүрүүгө орчундуу салым кошкон билим берүү жана илим системасындагы кызматкерлерди, ошондой эле башка адамдарды ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт;

- билим берүүнү жана илимди өнүктүрүүгө орчундуу салым кошкон билим берүү жана илим системасындагы кызматкерлердин, ошондой эле башка адамдардын арасындагы талапкерлерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого белгиленген тартипте көрсөтөт;

- белгиленген тартипте эл аралык келишимдерге кол коёт;

- Министрликтин коллегиясынын ишин жетектейт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ага берилген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248, 2022-жылдын 29-июлундагы № 418, 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 654, 2023-жылдын 13-январындагы № 10, 2023-жылдын 10-февралындагы № 67, 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

16. Илимди өнүктүрүүнүн кыйла маанилүү маселелерин кароо үчүн окумуштуулар кеңеши, илимий-техникалык кеңеш жана илимдин артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий-техникалык эксперттик кеңеш түзүлөт, алардын жоболору жана курамы министр тарабынан бекитилет.

17. Министрликте кызмат орду боюнча министрдин (коллегиянын төрагасы), министрдин биринчи орун басарынын, министрдин орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлүнүн, ошондой эле билим берүү жана илим системасындагы башка жетекчи кызматкерлердин курамында 19 адамдан турган коллегия түзүлөт.

Коллегиянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча министр тарабынан бекитилет.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248, 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 494 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

18. Коллегия өзүнүн жыйындарында билим берүү жана илим системасын өнүктүрүүнүн негизги маселелерин карайт, Министрликтин, баш ийген ведомстволук мекемелердин жана уюмдардын иш боюнча маселелерди, билим берүү жана илим системасынын түзүмдүк бөлүмдөрү менен уюмдарынын өз ара аракеттенүү маселелерин карайт.

19. Коллегиянын чечимдери токтомдор түрүндө кабыл алынат жана министрдин буйруктары менен ишке ашырылат.

Коллегиянын иштөө тартиби министр тарабынан бекитилген Министрликтин коллегиясы жөнүндө жобо менен аныкталат.

20. Ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр өз ишин өз алдынча ишке ашырат, ошондой эле Министрликке түздөн-түз баш иет жана өз иши жөнүндө отчет берет.

21. Министрликтин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында коомдук негизде иштөөчү консультациялык-байкоочу орган болуп саналган Коомдук кеңеш түзүлөт.

7. Корутунду жоболор

22. Министрликти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.

23. Министрлик жоюлган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.

Жаңы05.11.2024

1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2021-жылдын 5-мартындагы № 72

токтому менен бекитилди)

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө

жобо

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 144, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345, 2022-жылдын 29-июлундагы № 418, 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 654, 2023-жылдын 13-январындагы № 10, 2023-жылдын 10-февралындагы № 67, 2023-жылдын 23-июнундагы № 312, 2023-жылдын 28-августундагы № 431, 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 494, 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568, 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 670 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары - Министрлик) билим берүү, илим жана илимий-техникалык иштер чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын мамлекеттик контролдоо, Кыргыз Республикасынын жарандарынын билим алууга конституциялык укуктарын камсыздоо боюнча функцияларды ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин борбордук мамлекеттик органы болуп эсептелет.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын, кодекстерин жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана буйруктарын, ушул Жобону, ошондой эле жалпы таанылган принциптерин жана эл аралык укуктук ченемдерди, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Министрлик өз ишин түздөн-түз жана аймактык бөлүмдөр, ведомстволук бөлүмдөр, мекемелер жана уюмдар аркылуу башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү менен ишке ашырат.

4. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим органдарынын бирдиктүү системасын Министрликтин борбордук аппараты, аймактык бөлүмдөрү, ведомстволук бөлүмдөрү жана мекемелери түзөт.

5. Министрлик юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тартылган мөөрү, белгиленген үлгүдөгү бланктары, эмблемасы жана туусу бар, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасындагы алыш-бериш жана башка эсептери, ошондой эле өзүнө бекитип берилген мүлкү бар.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Министрликтин толук аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги";

- расмий тилде: "Министерство образования и науки Кыргызской Республики".

Министрликтин кыскартылган аталышы:

- мамлекеттик тилде: "БИМ";

- расмий тилде: "МОН".

7. Министрликтин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Касым Тыныстанов көчөсү, 257.

2. Министрликтин максаты

8. Министрликтин негизги максаты билим берүү, илим жана илимий-техникалык иштер жаатындагы мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу болуп саналат.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Министрликтин милдеттери

9. Министрликтин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

- инсандын калыптануусуна, өнүгүүсүнө жана кесиптик такшалуусуна багытталган, окутуунун коопсуз шарттарын камсыздоочу билим берүү системасын иштетүү;

- билим берүү жаатында жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин сактоону камсыз кылуу;

- билим берүүнүн сапатын жогорулатуу;

- билим берүү жана илим жаатында Кыргыз Республикасынын бирдиктүү мамлекеттик саясатын ишке ашыруу;

- илимий жана илимий-техникалык иштерди өнүктүрүү үчүн шарттарды жана механизмдерди түзүү;

- (7 абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо боюнча иштерди уюштуруу.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248, 2023-жылдын 28-августундагы № 431 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

4. Министрликтин функциялары

10. Министрлик төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

1) тармактык саясат функциялары:

- төмөнкүлөрдү белгиленген тартипте иштеп чыгуу:

билим берүү жана илим системасын өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясаттын стратегиялык багыттары жөнүндө сунуштарды;

билим берүү, илим жана илимий-техникалык иштер жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга, билим берүү жана илим системасын иштетүүнү, өнүктүрүүнү жана өркүндөтүүнү камсыз кылууга багытталган мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун;

- билим берүү жана илим тармагындагы мыйзамдарды колдонуу практикасын жалпылоо;

- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык билим берүү жөнүндө документтерди нострификациялоонун (башка мамлекеттерде берилген билим берүү жөнүндө документтерди Кыргыз Республикасында таануу) тартибин иштеп чыгуу;

- билими жөнүндө документтерге мамлекеттик талаптарды иштеп чыгуу;

- менчиктин бардык түрүндөгү аккредитацияланган билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн документ менен камсыз кылуу;

- (9 абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- эксперттик кеңештердин курамын бекитүү жана алардын ишин уюштуруу;

- бардык деңгээлдердеги билим берүү уюмдарынын окуу пландарын жана программаларын бекитүү;

- билим берүү жана илим жаатындагы мамлекеттик кадр саясатын белгиленген тартипте ишке ашыруу;

- өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү стратегиясына интеграциялоо үчүн билим берүү жана илим сектору боюнча сунуштардын комплексин иштеп чыгуу;

- бардык деңгээлдердеги билим берүү уюмдарынын ишине талдоо жүргүзүү;

- билим берүү уюмдарынын окуучуларын жеке жана дене боюн өнүктүрүү, бардык деңгээлдердеги билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө жарандардын бирдей мүмкүнчүлүктөрүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн чараларды иштеп чыгуу;

- билим берүү жана илим жаатындагы мамлекеттик стратегиялык жана программалык (максаттуу) документтерди жана долбоорлорду, анын ичинде балдарды жана жаштарды патриоттук, руханий-адептик тарбиялоого, интеллектуалдык, чыгармачыл жана дене боюн өнүктүрүүгө багытталган программаларды иштеп чыгууга, жүзөгө ашырууга, мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого катышуу;

- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык республиканын чегинен сыртта жашаган мекендештерге мамлекеттик тилде билим алууга көмөктөшүү;

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жагындагы мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн билим берүүчү гранттардын санын жана өлчөмүн аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды киргизүү;

- көрүнүктүү инсандардын ысымдарын билим берүү уюмдарына ыйгаруу жөнүндө сунуштарды макулдашуу;

- билим берүү уюмдарынын педагогикалык кадрларынын жана билим берүүнү башкаруу органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, даярдоо жана кайра даярдоо системасын уюштуруу;

- кызыкдар министрликтер, башка мамлекеттик органдар, жалдоочулардын бирикмелери жана башка социалдык өнөктөштөр менен макулдашуу боюнча кадрларды даярдоо үчүн кесиптердин жана адистиктердин тизмесин иштеп чыгуу;

- жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү программалары боюнча (магистратура, аспирантура, докторантура, резидентура ж.б.) кабыл алуу жана окуу жалпы тартибин жана типтүү эрежелерин иштеп чыгуу;

- (23 абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- илимий-инновациялык иштер жаатындагы мамлекеттик программаларды ишке ашырууга жана аларга мониторинг жүргүзүүгө катышуу;

- илимий жана илимий-инновациялык долбоорлорго мамлекеттик заказдарды түзүүгө катышуу жана аларды белгиленген тартипте каржылоо жөнүндө сунуштарды киргизүү;

- өз компетенциясынын чегинде бардык деңгээлдердеги билим берүү уюмдарын аккредитациялоого катышуу;

- укуктук пропаганда жана коррупцияга каршы билим берүү боюнча иш-чараларды өткөрүү;

- жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча чараларды иштеп чыгуу;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу;

- мамлекеттик органдар, инвесторлор жана эл аралык уюмдар үчүн билим берүү объекттеринин инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоо;

- кесиптик башталгыч билим берүү үчүн эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайык кадрларды даярдоонун план-болжолун иштеп чыгуу жана бекитүү;

- эл аралык талаптарга ылайык компетенцияларды/квалификацияларды көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо системасынын бирдиктүү саясатын ишке ашырууну камсыз кылуу;

- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан берилген материалдардын жана сунуштамалардын негизинде билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги билим берүү уюмдарында терроризмдин алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү уюштуруу, билим берүү программаларын туруктуу негизде ишке ашырууда билим алуучуларда терроризмге каршы пикирди калыптандыруу максатында терроризмдин маңызы жана кооптуулугу жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылуу;

2) жөнгө салуучу функциялары:

- лицензиялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте билим берүү ишин (транспорт каражаттарынын айдоочуларын окутуу (кайра окутуу) боюнча ишти кошпогондо) лицензиялоо;

- билим берүү жаатындагы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жөнгө салуу;

- уюмдардын кадрларды даярдоо түзүмүн жана санын аныктоо маселелери боюнча мамлекеттик билим берүү ишин жөнгө салуу;

- илимий-инновациялык уюмдардын ишин жөнгө салууга катышуу;

- илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди республикалык бюджеттен каржылоону токтотуу жөнүндө сунуш киргизүү;

- билим берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерин аттестациялоону уюштуруу;

- башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү деңгээлдериндеги ишканалардын табыштамалары боюнча жарандарды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу, ошондой эле билим берүү системасында эмгек ресурстарына муктаждыктын болжолун даярдоо;

- жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге башталгыч кесиптик окутууну жана кайра окутууну уюштуруу;

- компетенцияларды/квалификацияларды көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо системасын башкарууну жана жөнгө салууну жүзөгө ашыруу;

3) координациялоо жана контролдоо функциялары:

- билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик стратегиялык жана программалык (максаттуу) документтерди, ошондой эле илимий иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик программаларды ишке ашырууну координациялоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана баалоо, анын ичинде илимий-изилдөө жана инновациялык программаларды аткарууну уюштуруу жана координациялоо;

- жеткиликтүү билим берүүнү камсыздоого багытталган чараларды көрүүгө контролдоону камсыз кылуу;

- турмуштук оор кырдаалдагы балдарга билим алуу укуктарынын сакталышына контролду камсыз кылуу;

- мамлекеттик билим берүү стандарттарынын сакталышын жана билим берүүнүн сапатын белгиленген тартипте контролдоо;

- билим берүү уюмдарындагы окуучуларды мамлекеттик аттестациялоонун бардык түрлөрүн жана формаларын өткөрүүнү контролдоо;

- педагогикалык кызматкерлерди аттестациялоону уюштуруу үчүн белгиленген тартипте контролду камсыз кылуу;

- билим берүү иши (транспорт каражаттарынын айдоочуларын окутуу (кайра окутуу) боюнча ишти кошпогондо) чөйрөсүндөгү лицензиялык талаптардын сакталышын лицензиялык контролдоо;

- (9 абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 67 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- билим берүү уюмдарынын жана аймактык бөлүмдөрдүн билим берүү жана финансылык ишин, республиканын билим берүү уюмдарынын илимий-изилдөө мекемелеринин жана илимий түзүмдөрүнүн илимий ишин пландуу жана пландан тышкаркы текшерүү;

- формалдуу билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо, анын сапаты жөнүндө так, толук жана объективдүү маалымат алуу;

- билим берүү уюмдарынын жана программаларынын рейтингин аныктоо;

- жеке жана юридикалык жактардын кайрылуулары боюнча билим берүү жаатындагы мыйзамдардын аткарылышын контролдоо;

- китептерди жана окуу-методикалык комплекстерди даярдоо жана басып чыгаруу боюнча ишти белгиленген тартипте координациялоо;

- китептерди жана окуу-методикалык колдонмолорду даярдоо жана басып чыгаруу, кесиптик билим берүү программаларын маалыматтык камсыздоо боюнча окуу-методикалык бирикмелердин жана кеңештердин ишин координациялоо;

- аспирантура, докторантура жана изденүүчүлүк аркылуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо системасын уюштуруу жана координациялоо;

- колдонуудагы окуу аянттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууга мониторинг жүргүзүү;

- өзгөчө кырдаалдар, өзгөчө абал жана улуттук коопсуздукка коркунучтар болгон мезгилде жогору турган органдардын чечимдерин жана тапшырмаларын мыйзамдарда аныкталган тартипте оперативдүү аткарууну камсыз кылуу.

- көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана башка субъекттер менен ишти координациялоо жана өз ара аракеттенүү;

4) кызмат көрсөтүүчү функциялары:

- Кыргыз Республикасында берилген билими тууралуу документтердин аныктыгын тастыктоо;

- чет өлкөлөрдө берилген билими жөнүндө документтердин аныктыгын таануу;

- билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги мамлекеттик үлгүдөгү документтердин жупнускасын берүү;

- Кыргыз Республикасынын студент жарандарын чет мамлекеттердин билим берүүчү уюмдарына окууга жөнөтүү боюнча маалым каттарды берүү;

- чет өлкөлүк билим берүү уюмдарында окуган адамдардын билим деңгээлин жана мазмунун тастыктаган маалым каттарды берүү;

- билим берүү ишин жүзөгө ашырууга укук берүүчү лицензиялардын (транспорт каражаттарынын айдоочуларын окутуу (кайра окутуу) боюнча ишти кошпогондо) жана аккредитациялоо сертификаттарынын жупнускасын берүү;

5) колдоо функциялары:

- билим берүү уюмдары тарабынан колдонууга уруксат берилген окуу китептердин жана окутуу-методикалык адабияттардын тизмесин бекитүү;

- керектүү кесиптер боюнча иш чөйрөсүн тандоо, ишке орноштуруу, кесиптик окутуу, кайра окутуу, квалификациясын жогорулатуу максатында жарандардын кесиптик багытын аныктоого көмөк көрсөтүү;

- конкурска коюлган илимий жана илимий-инновациялык долбоорлорго көз карандысыз экспертизаны уюштурууга катышуу, аларды каржылоо боюнча сунуштарды даярдоо, бюджеттик каражаттардын сарпталышын контролдоого катышуу;

- илимий жана илимий-инновациялык иштердин субъекттерин түзүү боюнча сунуштарды киргизүү;

- билим берүү жана илим системасын маалыматтык, илимий-методикалык тейлөөнү камсыздоо;

- билим берүү жана илим маселелери боюнча калкты маалыматтык жактан тейлөөнү ишке ашыруу;

- илимий, илимий-инновациялык продукцияны пайдаланууга жана илимий, илимий-инновациялык ишти маалыматтык камсыздоо системасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү;

- республикада жана чет өлкөлөрдө экономика, илим жана техника тармактарындагы илимий жана илимий-инновациялык иштелмелерге мониторинг жана талдоо жүргүзүүгө катышуу;

- билим берүүнүн, илимдин жана өндүрүштүн, ошондой эле өндүрүштүн жана рыноктун өз ара аракеттенүүсүн ишке ашыруу;

- Кыргыз Республикасындагы илимий-техникалык жетишкендиктер жана өндүрүштүк тажрыйбалар жөнүндө маалыматтарды даярдоону, басып чыгарууну жана жайылтууну камсыздоо, чет өлкөлүк уюмдардын ортосунда мындай материалдар менен алмашуу;

- ата мекендик жана чет өлкөлүк илимий-техникалык жетишкендиктерди алмашуу аркылуу илим чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү;

- чет өлкөлүк өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде билим берүү жана илим жаатындагы эл аралык келишимдерге кол коюу, ошондой эле аларды ишке ашыруу;

- эл аралык уюмдарда билим берүү жана илим маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын белгиленген тартипте коргоо;

- мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкары билим берүү уюмдарын райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрү (башкармалыктары) аркылуу каржылоо;

- башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын, илимди жана башка адистештирилген уюмдарды каржылоо;

- билим берүү уюмдарына окуу-тарбиялоо иштери, педагогикалык алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу, окутуунун инновациялык методдорун жана технологияларын киргизүү маселелери боюнча методикалык жана маалыматтык жардам көрсөтүү;

- Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана мекемелеринин иши жөнүндө коомчулукка маалымат берүү;

- калктуу конуштар боюнча демографиялык маалыматтарга жараша жаңы курулуштарга болгон муктаждыктарын аныктоо менен курулуп жаткан жана курулушу токтоп турган билим берүү объекттерине инвентаризациялоо жүргүзүү боюнча иштерди уюштуруу;

- Министрликтин ведомстволук билим берүү уюмдарын долбоорлоо, капиталдык оңдоо менен байланышкан иштерди аткарууга көмөк көрсөтүү;

- билим берүүчү уюмдарды жабдуулар жана шаймандар менен камсыздоо;

- учурдагы ондоо жана материалдык камсыздоо боюнча билим берүүчү уюмдун тапшырыкчысынын функцияларын аткаруу.

- көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо системасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 144, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345, 2023-жылдын 10-февралындагы № 67, 2023-жылдын 28-августундагы № 431, 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568, 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 670 токтомдорунун редакцияларына ылайык)