Редакцияот 04.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXV сессиясы

 

2024-жыл 04-апрели №8

 

«Ак Жол” Момбеков муниципалдык ишкананын үй тиричилик калдыктарынын тарифин бекитүү жөнүндө»

 

            “Ак Жол” Момбеков муниципалдык ишкананын жетекчиси Т Стамбаевдин үй тиричилик калдыктарынын тарифин бекитүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 25-сессиясы токтом кылат:

1.     “Ак Жол” Момбеков муниципалдык ишкананын үй тиричилик калдыктарынын тарифи төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

1)      Турак жай обьектилери 1 үй чарбасы - 147,48 сом

2)      Чекене соода обьектилери - 147,48 сом

3)      ФАП 1 мекеме - 73,74 сом

4)      ГСВ 1 мекеме - 73,74 сом

5)      Автоунааларды тейлөө станциялары - 147,48 сом

6)      Май куючу станциялар 1 жумуш орду - 147,48 сом

7)      Билим берүү мекемелери 1 мекеме - 737,41 сом

8)      Коомдук тамактануу жайлары жана башка обьектилер – 221,22 сом

9)      Административдик обьектилер 1мекеме - 221,22 сом

10)  Мечит 1 мекеме - 147,48 сом

11)  Бала бакча 1 мекеме - 737,41 сом

2. Жогорудагы бекитилген баа менен иш алып баруу жагы “Ак Жол” Момбеков муниципалдык ишкананын жетекчиси Т Стамбаевге милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына “Ак Жол” Момбеков муниципалдык ишкананын жетекчиси Т Стамбаевдин жүктөлсүн.

 

 

Момбекова айылдык кеңешинин

 төрагасы:

 

 

И.Абдыразак уулу