Редакцияот 11.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 11-апрели № 1976-VII

"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жер казынасы жөнүндө", "Биосфералык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59 жана 60-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 8-февралында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жер казынасы жөнүндө", "Биосфералык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

1) А.А.Козуев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин мүчөсү;

2) М.А.Маматалиев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

3) Э.М.Ашырбаев - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн орун басары;

4) М.А.Машиев - Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматынын директору.

2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетине жүктөлсүн.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

      Жогорку Кеңешинин

               Төрагасы

 

Н.Т.Шакиев