Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 11-апрели № 1991-VII
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү эмгекчи-мигранттарынын социалдык-укуктук абалын жакшыртуу жана укуктарын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү эмгекчи-мигранттарынын укуктук абалы жана укуктарын коргоо жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, чет өлкөлөрдөгү эмгекчи-мигранттарынын социалдык жана укуктук абалын жакшыртууга жана укуктарын коргоого багытталган тышкы эмгек миграциясынын процесстерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын натыйжалуу аткарылышын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине:
1) ата мекендик авиакомпаниялар тарабынан "Жүк-200дү" Кыргыз Республикасына акысыз жеткирүү маселеси боюнча тиешелүү иш жүргүзүлсүн, анын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон тиешелүү маалыматтарды жана сунуштарды киргизсин;
2) ден соолугунун абалы боюнча төшөктө жаткан Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасына кайтып келүүсү үчүн чет мамлекеттен ташуу маселелерин карасын;
3) Казакстан Республикасында жана Россия Федерациясында иштеген кыргызстандыктарды минималдуу баалар боюнча коопсуз ташуу үчүн мамлекет кепилдеген темир жол каттамын түзүү, анын ичинде жолдордо мыйзамсыз же негизсиз текшерүүлөрдөн жүргүнчүлөрдүн укуктарын коргоо, жол жүгүн ташуунун лимитин көбөйтүү, ошондой эле "Жүк-200дү" жеткирүү шарттарын түзүү маселелерин карасын;
4) мекендештер тарабынан Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу максатында, айыл чарба продукциясын сактоо үчүн жашылча сактоочу заманбап жайды курууда ата мекендик өндүрүүчүлөргө көмөк көрсөтүү, колдоо жана айыл чарба продукциясын сатып алуучулар менен баштапкы келишимдерди түзүү жөнүндө маселени карасын;
5) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортуна жынысын, жарандыгын жана паспортту берген органды көрсөткөн графанын расмий тилдеги котормосун киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун карасын;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмүндө миграция боюнча мамлекеттик органды түзүү жөнүндө маселени карасын;
7) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигине төмөнкүлөр тапшырылсын:
- ата-энеси эмгек миграциясында жүргөн балдарды эсепке алууну, кароону, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуунун иштиктүү механизмдерин иштеп чыксын;
- нотариалдык жол-жоболоштурулган ишеним кат боюнча чет өлкөгө кетип жаткан, өзгөчө ишеним берүүчү менен жакын туугандыкта турбаган бардык балдардын эсебин жүргүзүү, ошондой эле туруктуу негизде мындай балдардын андан аркы мониторингин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн карасын;
8) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине төмөнкүлөр тапшырылсын:
- чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишти күчөтсүн;
- Россия тарап менен эки тараптуу форматта, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын алкагында эки же андан көп административдик укук бузуулар үчүн жазаларды жеңилдетүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарына карата Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салуу түрүндөгү өтө оор чараларды колдонбоо жөнүндө маселени иштеп чыксын;
- улуттук айдоочулук күбөлүктөрдүн негизинде Россия Федерациясынын аймагында эмгек ишмердигин жүргүзгөн мекендештерге карата чектөөлөрдү колдонбоо жөнүндө Россия тарап менен сүйлөшүүлөрдү улантсын;
- айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө, биринчи кезекте Италия Республикасы, Венгрия, Польша, Франция Республикасы сыяктуу мамлекеттер менен эки тараптуу макулдашууларды түзүү маселеси боюнча ишти тездетсин;
9) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине төмөнкүлөр тапшырылсын:
- жаңы маалыматтык технологияларды колдонуу менен барган өлкөдөгү миграция мыйзамдарынын эрежелерин сактоо жөнүндө эмгекчи-мигранттардын арасында маалыматтык-агартуу иштерин күчөтсүн; Кыргыз Республикасында миграцияга чейинки даярдоо борборун ачуу процессин аяктасын; чет өлкөдө окууну жана/же иштөөнү пландаган жалпы билим берүү уюмдарынын жогорку класстарынын окуучулары үчүн жолго чыгууга чейинки даярдык боюнча маалыматтык жолугушууларды өткөрсүн;
- Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө чектөө коюлган адамдардын тизмесинен Кыргыз Республикасынын жарандарын чыгаруу жана жарандардын бул категориясына карата "миграциялык мунапыс" колдонуу маселеси боюнча Россия тарап менен ишти улантсын;
- Россия тарап менен Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандарына милдеттүү медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү үчүн курактык цензди 6 жаштан 14 жашка чейин жогорулатууну караган ченемди мыйзамдык жактан бекитүү маселесин иштеп чыксын;
- мамлекеттик коргоого кепилдик берүү менен "эмгекчи-мигранттардын балдары" түшүнүгүн мыйзамдык деңгээлде киргизсин; Россия Федерациясынын ири шаарларында жана башка өлкөлөрдө кыргыз элинин эне тилин, тарыхын, маданиятын, каада-салттарын үйрөнүү үчүн маданий-билим берүү борборлорун ачуу жөнүндө маселени иштеп чыксын;
- Европа, Перс булуңу, Түркия, АКШ, Канада, Япония, Түштүк Корея жана башка өлкөлөргө жаңы эмгек рынокторун диверсификациялоо боюнча иштерди улантсын, Кыргыз Республикасынын эмгекчи-мигранттары үчүн эмгек квоталарын көбөйтсүн;
10) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине Россия Федерациясынын аймагында иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу механизмдерин Россия тарап менен иштеп чыгуу тапшырылсын;
11) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигине эмгекчи-мигранттардын инфекциялык оорулар (брошюраларды, эскертмелерди, видеороликтерди ж.б. таратуу) жөнүндө маалыматка жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү тапшырылсын; венерикалык оорулар жана ВИЧ инфекциясы табылгандыгына байланыштуу чет мамлекеттерден депортацияланган Кыргыз Республикасынын жарандарынан венерикалык оорулардын жана ВИЧ инфекциясынын жугуусунун алдын алуу маселесин контролго алсын;
12) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигине балдарынын чет өлкөдө билим алуу укугу бузулган үй-бүлөлөргө көмөктөшүү боюнча ишти улантууну, Россия Федерациясында мекендештердин, эмгекчи-мигранттардын балдары үчүн аларды мектепке даярдоо, анын ичинде алардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу максатында атайын балдар бакчаларын уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырсын;
13) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине келечекте өлкөдө, ошондой эле чет өлкөлөрдө ишке орношо ала турган квалификациялуу адистерди даярдоодо бардык региондордогу кесиптик техникалык лицейлерде билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү тапшырылсын;
14) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте эмгекчи-мигранттарды - Кыргыз Республикасынын жарандарын пенсиялык камсыздоо боюнча ишти күчөтүү тапшырылсын;
15) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине адвокаттык лицензияларды өз ара таануу жөнүндө мамлекеттер аралык келишимдерди түзүү жөнүндө маселени иштеп чыгуу жана мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын Адвокаттык уюмун Россия Федерациясында ачуу маселесин кароо тапшырылсын;
16) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги соттолгондорду которууга байланышкан көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча Россия тарап менен консультацияларды жүргүзсүн;
17) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы, Казакстан Республикасындагы өкүлчүлүктөрүнө төлөнбөгөн эмгек акыларын өндүрүү жана мыйзамсыз бошотууларды белгилөө, эмгек укуктарын жана коопсуздук техникасын бузууга жол бербөө боюнча ишти күчөтүү тапшырылсын; эмгекчи-мигранттарынын чет өлкөдө жүргөн мезгилде укуктары жана милдеттери жөнүндө аларга жеткиликтүү формада маалымдоону жакшыртуу боюнча чараларды көрсүн;
18) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы, Казакстан Республикасындагы өкүлчүлүктөрүнө барган өлкөлөрдөгү эмгекчи-мигранттардын арасында укук бузуулардын алдын алууга багытталган алдын алуу иштерин күчөтүү тапшырылсын;
19) чет өлкөлөрдөгү эмгекчи-мигранттарды жана алардын үй-бүлөлөрүн коргоого жана социалдык коргоо деңгээлин жогорулатууга багытталган миграция процесстерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизсин, ошондой эле миграция чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү жөнүндө маселени карасын;
20) ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине 2024-жылдын 5-июнуна чейин жөнөтсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.О. Сыдыгалиев |