АЛА-БУКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2024-жыл 19-апрели №4/1
“Ала-Бука айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдик чек арасынын схемалык картасын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Ала-Бука айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз IV-сессисы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасына жана Ала-Бука айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Токтомдун көчүрмөсү Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Айылдык кеңешитин төрагасы: |
А.Умаров |