Редакцияот 18.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

БАЛЫКЧЫ  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVIII  ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН

XXV  СЕССИЯСЫ

2024-жылдын 18-мартындагы № 2 

 

Балыкчы  шаардык Кеңешинин  регламенти  жөнүндө 

 

          Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 7-февраль 2024-жылдын ПЖ №24 Жарлыгынын 1 пунктуна жана “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кенештердин иши  жөнүндө” убактылуу жобосунун негизинде Балыкчы шаардык Кеңешинин иштөө регламенти боюнча депутаттык  жумушчу комиссиясынын сунушунун негизинде карап, талкуулап,  Балыкчы шаардык  Кеңешинин сессиясы

 

токтом кылат:

 

1.               Кыргыз  Республикасынын  “Мамлекеттик администрация жана  жергиликтүү өз алдынча  башкаруусу” жөнүндөгү  мыйзамынын 33 беренесинин 3 пунктуна ылайык,  Балыкчы  шаардык Кеңешинин   иштөө регламенти толуктоолор менен  №1 тиркемеге ылайык  бекитилсин.

2.               Бул токтом кабыл алынгандыгына байланыштуу  Балыкчы шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын 2022-жылдын 28-июнь айындагы IX  сессиясынын № 1 токтому менен кабыл алынган иштөө регламенти  күчүн  жоготту деп  табылсын.

3.               Балыкчы  шаардык Кеңешинин мамлекеттик  тилде кабыл алынган  тийиштүү ченемдик укуктук актыcы  Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан кайра  каттоодон өтүү жагы суралсын.

4.               Мамлекеттик  кайра каттоо  жөнүндөгү  чечимде, андагы  көрсөтүлгөн маалыматтардын  анык  экендиги жана  мыйзамда  белгиленген учурларда  юридикалык  жакты кайра  каттоо  маселелери тийиштүү  мамлекеттик  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  менен  макулдашылгандыгын  ырастайт.

5.               Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын.

6.               Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  шаардык Кенештин   социалдык өнүгүү,  укук коргоо  жана  мыйзамдуулукту  сактоо маселелери  боюнча  туруктуу комиссияга  жана  жооптуу катчыга    тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                                 Ж.М. Абдразаков

 

      

                      

Балыкчы шаардык Кеңешинин

                                                                                                      XXVIII чакырылышынын XXV

                                                                                                      сессиясынын № 2 токтомунун

                                                                                                      №1 тиркемеси

Балыкчы шаардык Кенешине  “Көк-Мойнок”  айыл аймагынын  жергиликтүү кенешинин депутаттарынын  кошулгандыгына  байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 7-февраль 2024-жылдын  ПЖ №24 Жарлыгына ылайык “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кенештердин иши  жөнүндө убактылуу жобосуна ылайык  биргелешкен Балыкчы  шаардык Кенешинин ,

РЕГЛАМЕНТИ

I  Бөлүм. Балыкчы шаардык Кеңешинин  негизги иштери

II Бөлүм Балыкчы шаардык Кенештин ишин уюштуруу

III Бөлүм Чечимдерди талкулоонун жана кабыл алуунун жол жоболору

V Бөлүм. Балыкчы шаардык Кеңешинин  норма чыгаруу иши

 

          1-Бөлүм Балыкчы шаардык Кенешинин негизги иштери

1-глава  Жалпы жоболор  

1. Ушул убактылуу  жобого ылайык пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү  органы болгон  Балыкчы  шаардык Кенешинин  ишин регламентейт.

 2. Жергиликтүү шаардык кеңештердин ишин уюштуруу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Шаардык кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шаардык Кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартиби ушул жогорудагы аталган жобого ылайык  жүзөгө ашырылат.

     3. Балыкчы шаардык Кеңешинин (мындан ары – шаардык Кеңеш) жашыруун  добуш берүү менен жалпы тең жана тике шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык  мөөнөткө шайланган шаардагы кошулган аймактын депутаттарын кошкондо 42 депутаттардан турган, өзүнүн ишин коллегиялык  негизде жүзөгө ашырган, шаардык өз алдынча башкаруунун шайлануучу өкүлчүлүктүү органы.

3.1. Сессиялар, туруктуу (убактылуу) комиссиялар, ошондой эле шайлоочулар менен иштешүү шаардык Кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү болуп саналат.

3.2.Шаардык Кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.

 

        2-глава. Жергиликтүү шаардык  кеңештин жана депутаттардын

                      статусу

4. Балыкчы шаарынын курамына «Көк Мойнок» айыл аймагынын кошулушунда  айылдык кенештин ыйгарым укуктары токтотулат, шаардык Кенештин статусу өзгөрбөйт, шаардык Кеңештин төрагасы кайра шайланбайт.

- Шаардык кенеш анан курамына кирген айылдык кенештин укук улантуучусу болуп калат.

-   Пилоттук режимде администрациялык-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде төмөнкү учурларды кошпогондо курамына айыл аймактары жана калктуу конуштар кошулган Балыкчы шаардык Кенешинин төрагасын кайра шайлоого тыюу салынат.

1) жеке арызы боюнча;

2) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу, жарандыгын жоготуу, башка жарандыкты алуу;

3)депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишке өткөндө;

2) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн чыгуу, жарандыгын жоготуу, башка жарандыгы болгон фактынын аныктоо же болбосо башка жарандыкты алуу;

3)депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишке өткөндө;

4) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн чыгып кетүү;

5)депутатты сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же дайынсыз жоголду деп таануу, ошондой эле аны өлдү деп жарыялоо;

6) ага карата соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кирүүсү;

7) депутаттын өлүмү.

 

5. Жергиликтүү кенештин депутаттары мурда тиешелүү жергиликтүү кенештердин депутаттары болгон айылдык аймак, калктуу конуш бириккен же курамына кошулган айыл аймагынын же шаардын кеңешинин курамында өз ишин улантат. Мында алардын ыйгарым укуктары алардын ыйгарым укуктарынын  мөөнөтү аяктаганга же мыйзамдуу жөнгө салынганга чейин сакталат.

 

 3-глава. Жергиликтүү  шаардык кенештин кошумча милдеттери

 

-  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу  органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинде жана башка мыйзам актыларында аныкталган маселелерден тышкары жергиликтүү  кенештин кошумча милдеттерине пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү менен байланышкан төмөнкү маселелер кирет.

1) жергиликтүү  кенештин регламентин иштеп чыгуу жана бекитүү

     (өзгөртүүлөрдү  киргизүү);

2) жергиликтүү  кенештердин туруктуу жана убактылуу комиссияларын түзүү/ кайра уюштуруу жана алардын ишин уюштуруу;

3) жергиликтүү  коомдук өз алдынча башкаруусунун ( үй, көчө, кварталдык комитеттер,) коомдоштуктардын ( жамааттардын) ишин уюштуруу;

4) жергиликтүү  жамааттардын коомдук уюмдардын ( аксакалдар кеңеши, аксакалдар соттору,, аялдар кеңештери, жаштар уюмдары ж.б) кайра уюштуруу  боюнча ишти координациялоо.

     4-глава. Жергиликтүү шаардык кенештин  сессиясы

- Балыкчы шаардык кеңештин сессиялары алардын ишинин негизги уюштуруу-укуктук формасы болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү жергиликтүү  кенештин регламенти менен аныкталат.

- Жергиликтүү кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышса укуктуу. Эгерде ушул жана башка мыйзамда башкасы каралбаса, жергиликтүү кеңеш чечимди жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алат.

-  Жергиликтүү кеңештердин сессиялары ачык, кварталына кеминде бир жолу же жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча  өткөрүлөт. Жергиликтүү кеңештин сессиясын чакыруу жана жыйналышты өткөрүү тартиби жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.

- Шаардык Кенештин статусу өзгөрбөгөндугүнө байланыштуу шаардык кенештин төрагасын  шайлоо боюнча сессия өткөрүлбөйт.

          

  5-глава. Шаардык Кеңештин компетенциясына кирген маселелер

5.1. Шаардык Кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Регламент менен белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде өз алдынча маселелерди кароого жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.

5.2. Шаардык  Кеңештин  сессияларында  «Шаардык мамлекеттик администрация  жана  шаардык өз  алдынча башкаруу органдары жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесиндеги тийиштүү маселелер менен чогу  төмөндөгү маселелер чечилет.

 1) шаардык Кеңештин Регламентин бекитүү;

2) шаардык Кеңештин жылдык иш планынын бекитүү;

3) шаардык Кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларын түзүү жана жоюу, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү;

4) аймагында көрктөндүрүү, соода, сырткы жарнактарды жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;

5) башка шаардык Кеңештер менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча иштерди уюштуруу;

       6) жергиликтүү коомдоштуктардын тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;

7) аймагында айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык тазалоону контролдоо, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;

8) келишимдин негизинде шаардык өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген учурда мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте келишимдин шарттарын бекитүү, ошондой эле келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди токтотуу же токтото туруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;

9) шаардык маанидеги маселелер боюнча жыйындарды, коомдук угууларды, курултайларды өткөрүү боюнча ар жылдык планын бекитүү;

10) муниципалдык менчик обьектилерин ипотекага же күрөөгө коюуга макулдук берүү;

11) муниципалдык менчик обьектилеринин Реестрин киргизүү тартибин бекитүү;

12) муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартибин белгилөө;

13)  жергиликтүү коомдоштуктарынын Уставынын жоболорун жана шаардык Кеңеш кабыл алган чечимдердин аткарылышын контролдоо;

14) аймактын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды биргеликте чечүү максатында аткаруу органдары менен бирдикте биргелешкен иштерди жүзөгө ашыруу үчүн коомдук башталышта активдүү жарандарды, демилгечи топторду, жамааттарды, коомдук бирикмелерди, жаштарды, бизнес коомдоштуктарын жана башка кызыктар жактарды тартуунун планын бекитүү;

15) коомдук угууларды өткөрүү, анын ичинде маселени кеңири кароо жана өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча коомдук пикирди эсепке алуу үчүн коомдук угууларды уюштурууну жана өткөрүүнү аткаруу органынын башчысына тапшыруу; 

16) Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына жана  жергиликтүү коомдоштуктун Уставына  ылайык  башка маселелерди  чечүү.

6- глава.  Жергиликтүү шаардык шаардык кенештин төрагасы

-   шаардык Кеңештин сессияларын чакырат жана алып барат;

- шаардык Кеңештин сессияларын даярдоого жалпы жетекчилик жүргүзөт, маселелерди алдын ала кароо үчүн жана алар боюнча тийиштүү корутундуларды (чечимдерди) чыгарып шаардык Кеңештин сессиясына киргизүү үчүн туруктуу комиссияларга жөнөтөт; 

- шаардык Кеңештин сессиясынын кароосуна чыгарылган маселелердин даярдыгын контролдойт;

- шаардык Кеңештин сессиясынын күн тартибин түзөт;

- шаардык Кеңештин токтомдоруна кол коет жана алардын жарыяланышына жана аткарылышына контролдоону уюштурат;

- шаардык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;

- шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарынын/орун басарларынын жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагаларынын өз милдеттерин аткаруусун контролдойт;

- депутаттарга өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, жарандарды кабыл алуусуна, шайлоочулардын алдында отчет берүүсүнө көмөктөшөт, аларды маалыматтар менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырууга байланышкан маселелерди карайт;

- шаардык Кеңештин жана анын органдарынын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылат;

- мамлекеттик органдар, шаардык өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен болгон мамиледе шаардык Кеңештин атынан чыгат;

- шаардык Кеңештин жергиликтүү коомдоштуктар, аймактык коомдук өзүн өзү башкаруу органдары, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрү жана тиешелүү аймакта жайгашкан башка юридикалык жактар менен өз ара аракеттерин уюштурат;

- шаардык Кеңештин, анын органдарынын абройун (аброюн), депутаттардын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо жана сактоо боюнча чараларды кабыл алат;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу тууралуу сунуштайт;

- ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка маселелерди чечет.

 - Шаардык Кеңештин төрагасы өзүнүн компетенциясынын чектеринде тескеме чыгарат. Төраганын тескемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген учурда, ал шаардык Кеңештин сессиясында депутаттар аркылуу жокко чыгарылышы мүмкүн.

- мыйзамдарда белгиленген  тартипте жергиликтүү  кенештин жооптуу катчысын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.

- мамлекеттик органдар менен жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу  органдары, менчигинин турүнө карабастан мекемелер, уюмдар менен жергиликтүү жамааттын кызыкчылыгында өз ара аракеттенет.

-  кенеш тарабынан ага жүктөлгөн башка милдеттердли аткарат.                   

7- глава. Жергиликтүү шаардык кенештин төрагасынын орун басары

- Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары шаардык Кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө төраганын альтернативалык түрдө берген сунушу боюнча шаардык Кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.

-   Шаардык Кеңештин төрагасынын   2 орун басары болот.

- Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди шайлоо тартиби жана добуш берүүнүн башка жол-жоболук маселелери шаардык Кеңештин төрагасы үчүн белгиленген тартипте ишке ашырылат.

- Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары өз ишин коомдук башталышта аткарат.

-  Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары шаардык Кеңештин төрагасын алмаштырган учурда Мыйзамда каралган учурларда шаардык Кеңештин төрагасына төлөнүүчү компенсациянын суммасынан 50 пайыз өлчөмүндө компенсация алат.

8-глава. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары

8.1. Кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле Кеңештин чечимдерин жүзөгө ашырууга катышуу, аймагында жайгашкан  мекемелердин жана уюмдардын ошол чечимдерди аткарышын контролдоо үчүн шаардык Кеңеш туруктуу комиссияларды түзөт.

8.2. Туруктуу комиссиялар шаардык Кеңештин түзүмдүк бөлүгү болуп саналат жана шаардык Кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө шаардык Кеңештин токтому менен түзүлөт.

8.3. Туруктуу комиссиялардын тизмеси жана алардын сандык курамы шаардык Кеңешке шайланган депутаттардын сандык курамын эске алуу менен шаардык Кеңеш тарабынан белгиленет жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.

8.4. Ар бир туруктуу комиссиянын сандык курамы шаардык Кеңештин депутаттарынын санынан: 7де кем болбоого жана 9 дан  көп болбоого тийиш.

8.5. Туруктуу комиссиянын мүчөлөрүн шаардык Кеңештин депутаттары шайлашат.

8.6. ШаардыкКеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат.

8.7. Туруктуу комисиялардын мүчөлөрү бирдей укукка ээ. Шаардык Кеңештин төрагасы жана анын орун басары туруктуу комиссиялардын курамына кире алышпайт.

8.8. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын шайлашат..

8.9. Комиссиянын төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнүн чечими боюнча жаңыдан шайланышы мүмкүн.

8.10. Туруктуу комиссиялар шаардык Кеңештин алдында жоопкер жана ага отчет берет. Кезектеги жыл аяктагандан кийин туруктуу комиссиялар өзүнүн иши жөнүндө шаардык Кеңешке отчет беришет.

8.11. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аралыгында, зарылчылыкка жараша, шаардык Кеңеш жаңы туруктуу комиссияны түзүүгө, мурда түзүлгөндөрдү жоюуга жана кайра түзүүгө, алардын курамына өзгөртүү киргизүүгө укугу бар.

Шаардык Кеңештин депутаттарынын орто курамын эске алуу менен шаардык Кеңеште төмөндөгү маселелер боюнча туруктуу комиссиялар түзүлүшү мүмкүн жана  иш алып барат:

- Бюджет ,экономика жана салык маселелери боюнча депутаттык туруктуу  комиссия;  (калтырылды)

- Социалдык өнүгүү,укук  коргоо жана мыйзамдуулукту  сактоо маселелери боюнча депутаттык  туруктуу  комиссия;

- Курулуш архитектура, муниципалдык менчик, коммуналдык чарба жана өнөр жай, транспорт, ишкердикти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык  туруктуу  комиссия;

- Жаштар саясаты, туризм, спорт маселелери боюнча депутаттык  туруктуу  комиссия ; 

- Шаарга караштуу коңшу айылдагы жер, агрардык, ирригация, ветеринария, жайыт, экология ж.б маселелер боюнча депутаттык туруктуу комиссия 

9-глава. Балыкчы шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары

9.1. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде:

- иш планына ылайык туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону ишке ашырат, тийиштүү корутунду же чечим менен аларды шаардык Кеңештин кароосуна киргизет;

-кийинки жылга туруктуу комиссиянын иш планын иштеп чыгат;

-шаардыкКеңештин кароосуна аймактын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүнө байланышкан маселелер боюнча сунуштарды шаардык Кеңештин сессиясынын кароосуна киргизет;

- өзүнүн аймагынын экономикалык өнүгүүсүнүн планынын жана бюджетинин долбоорлорун, пландардын жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өзүнүн корутундусун даярдайт, керек болгондо аларды Кеңешке сунуш кылат;

- шаардык Кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча шаардык Кеңештин кароосуна келип түшкөн жарандардын арыздарын, кайрылууларын жана даттанууларын карайт;

- өз ишинин уюштуруу маселелерин чечет;

- шаардык Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин, жергиликтүү коомдоштуктун Уставынын жоболорун аткаруу боюнча контролду жүзөгө ашырат;

- каралып жаткан маселени башка комиссияга өткөрүп берүү тууралуу сунушту шаардык Кеңештин төрагасына киргизет;

- башка комиссиялар карап жаткан маслелер боюнча пикирин билдирет;

- ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка ыйгарым укуктарды аткарат.

10-глава  Туруктуу комиссиялар төмөндөгүлөргө укуктуу:

- өзүнүн ишине илимпоздорду, адистерди, практикалык кызматкерлерди жана башка адамдарды тартууга;

- өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик бийликтин шаардык органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан   аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин, ошондой эле аткаруу органынын башчысын жана анын аппаратынын тийиштүү адистерин угууга;

- өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, аткаруу органынынаппаратынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле адистерди, көз карандысыз эксперттерди жана илипоздорду тартуу укугу менен шаардык Кеңештин депутаттарынын ичинен убактылуу комиссияларды түзүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;

- туруктуу комиссиянын кароосуна берилген маселени иликтөө үчүн маалыматтарды, материалдарды жана документтерди кызмат адамдарынан, аткаруу органдарынан, мамлекеттик органдардан, уюмдардан, ишканалардан жана мекемелерден, аймагында жайгашкан башка уюмдардан суратып алууга, алар суроо-талапта көрсөтүлгөн мөөнөттө же суроо-талап берилген күндөн бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен аларды туруктуу комиссияларга берүүгө милдеттүү;

- өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча шаардык Кеңештин төрагасына жана аткаруу органынын башчысына каралып жаткан маселени кеңири талкуулоо жана коомдук пикирлерди эске алуу максатында коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;

- башка туруктуу комиссиялар менен кошмо жыйын өткөрүүгө.

- Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары аймагында жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин оперативдик-чарбалык жана финансылык-чарбалык иштерине кийлигишүүгө укугу жок.

11-глава. Туруктуу комиссиялардын жыйындары

11.1. Туруктуу комиссиялардын жыйындары комиссиянын иш-планына ылайык чакырылат.

11.2. Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү чечимдерди же корутундуларды кабыл алат.

11.3. Туруктуу комиссиялардын жыйындары коомчулук үчүн ачык болуп саналат, кызыктар болгон бардык тараптар туруктуу комиссияларлардын жыйындарына ушул Регламентте белгиленген тартипте катышууга укуктуу.

11.4. Эгерде мыйзамдарга ылайык каралып жаткан маселе мамлекеттик сырга тийиштүү болгон учурда туруктуу комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын жашыруун жыйынын өткөрүү тууралуу чечим кабыл алат.

11.5. Комиссиянын төрагасы жыйынды өткөрүү датасы жана анда каралуучу маселер тууралуу 3 жумушчу күндөн кеч эмес комиссиянын мүчөлөрүнө, шаардык Кеңештин төрагасына жана анын орун басарына кабарлайт, ошондой эле жарандарга, чакырылган адамадарга алдын ала маалымдоо боюнча чараларды кабыл алат.

11.6. Эгерде жыйынга комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, анда ал укукченемдүү болуп эсептелет. Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын добушу менен кабыл алынат.

11.7. Туруктуу комиссиянын төрагасы өзүнүн демилгеси менен, ошондой эле, комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн биринин, шаардык Кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын талабы боюнча да комиссиянын жыйынын чакыра алат.

11.8. Туруктуу комиссиянын жыйынына Кеңеш берүүчү добуш укугу менен ошол комиссияга мүчө эмес депутаттардын, ошондой эле шаардык Кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын, аткаруу органынын башчысынын катышууга укугу бар, алар талкууланган маселе боюнча сөз сүйлөөгө жана талкууланган маселе боюнча өз пикирин билдирүүгө укуктуу.

11.9. Комиссиянын чечимине, корутундусуна туруктуу комиссиянын төрагасы кол коет, ал жокто анын орун басары кол коет. Кабыл алынган чечимдер маалымат тактайларында чечимдердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу жолу аркылуу элге маалымдалат.

11.10.Шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу (орун-жай, эмеректер, кенсе товарлары ж.б. менен камсыз кылуу) аткаруу органдарына жүктөлөт.

12-глава. Туруктуу комиссиялардын кошмо жыйындары

12.1. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси менен, ошондой эле шаардык Кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча туруктуу комиссиялар тарабынан биргеликте даярдалат жана каралат.

12.2. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелерди иликтөө жана кароо кошмо жыйындарда жүргүзүлөт.

12.3. Эгерде кошмо жыйынга ар бир комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, анда ал укук ченемдүү болуп эсептелет. Кошмо жыйынды өз ара макулдашуу боюнча ошол комиссиялардын төрагалары алып барышат.

12.4. Кошможыйында каралган маселелер боюнча чечим туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана ошол комиссиялардын төрагалары тарабынан кол коюлат. Кабыл алынган чечимдер маалымат тактайларында чечимдердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу жолу аркылуу элге маалымдалат.

13-глава. Туруктуу комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары

Туруктуу комиссиянын төрагасы:

- комиссиянын дарегине келип түшкөн документтер жөнүндө комиссиянын мүчөлөрүнө түздөн-түз же жооптуу катчы аркылуу маалымдайт;

- комиссиянын мүчөлөрү, бекитилген аппарат кызматкерлери менен бирдикте бир жылга туруктуу комиссиянын иш планын түзөт;

- туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү менен бирдикте комиссиянын жыйынынын күн тартибинин долбоорун түзөт;

- комиссиянын жыйынын чакырат жана зарыл документтерди жана башка материлдарды даярдоону уюштурат;

- комиссиянын ишине байланыштуу материалдар жана документтер менен комиссия мүчөлөрүн тааныштырат;

- убактылуу комиссиялардын ишине комиссия мүчөлөрүнүн катышуусун сунуш кылат;

 - Балыкчы шаардык Кеңешинин жооптуу катчысынын жардамы менен жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн, мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, адистерди, эксперттерди жана илимпоздорду туруктуу комиссиянын жыйындарына катышуу үчүн чакырат;

- комиссиянын жыйындарына төрагалык кылат:

- шаардык Кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары менен туруктуу байланышта болот, комиссиянын жыйындарында каралган маселелер, ошондой эле чечимдерди жана комиссиянын сунуштарын жүзөгө ашыруу үчүн кабыл алынган чаралар тууралуу  маалымдайт;

- шаардык Кеңештин, туруктуу комиссиялардын чечимдерин аткаруу боюнча ишти уюштурат, тапшырылган милдеттердин аткарылышы тууралуу шаардык Кеңештин төрагасына, комиссиянын мүчөлөрүнө маалымдайт;

- жыл сайын шаардыкКеңештин сессияларында туруктуу комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчет берет, отчетто камтылган малыматтарды кеңири жайылтуу үчүн чараларды көрөт.

 

         II БӨЛҮМ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ

14-глава.Шаардык Кеңештин сессиясын даярдоонун жана өткөрүүнүн  тартиби

14.1.Шаардык Кеңештин сессиясы шаардык Кеңештин карамагына кирген маселелерди коллективдүү талкуулоону жана ал боюнча тийиштүү чечим кабыл алууну камсыз кылган шаардык Кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү болуп саналат.

14.2.Шаардык Кеңештин сессиясы шаардык Кеңештин депуттарынын жалпы санынын жарымынан аз эмеси катышканда укук ченемдүү болот.

14.3. Депутаттарды каттоо башталгандан кийин 15 мүнөттүн аралыгында кворум жок болгон учурда төрагалык кылуучу 15-20 мүнөткө тыныгуу жарыялайт. Эгерде 30 мүнөттүн ичинде кворум камсыз кылынбаса, анда сессия болбой калды деп эсептелинет.

14.4. Шаардык Кеңештин сессиясын шаардык Кеңештин төрагасы чакырат:

- өзүнүн демилгеси боюнча;

- шаардык Кеңештин депуттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча;

- аткаруу органынын башчысынын сунушу боюнча;

14.5. Шаардык Кеңештин сессиясы кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Белгиленген мөөнөттө чакырылуучу шаардык Кеңештин сессиясынан тышкары, кезексиз сессиялар өткөрүлүшү мүмкүн. 

14.6.Шаардык Кеңештин сессиясы коомчулук үчүн ачык болуп саналат. Сессияга аткаруу органынын башчысы, анын орун басары, жергиликтүү коомдоштук мүчөлөрү, каралуучу маселе боюнча чакырылган адамдар, ошондой эле ушул Регламентте каралган тартипте бардык кызыктар адамдар катышууга укуктуу.

14.7. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жашыруун сырга тийиштүү болсо, шаардык Кеңеш жабык сессия өткөрүү боюнча чечим кабыл алышы мүмкүн.

14.8.Шаардык Кеңештин сессиясын чакыруу тууралуу жарыя сессия башталганга чейин 7 календардык күндөн кечиктирилбестен, аймактарда жалпы жашоочуларга жеткиликтүү жерлерде көрүнүктүү болуп илинет.

14.9.Шаардык Кеңештин сессиясына катышуучулардын саны каттоонун натыйжалары боюнча аныкталат. Депуттарды каттоону аппарат жүргүзөт, каттоо ар бир сессиянын алдында жана каттоонун убактысы көрсөтүлүү менен сессия аяктаганга чейин жүргүзүлөт. Депуттарды каттоо журналы жооптуу катчыда (же шаардык Кеңештин төрагасында) сакталат. Сессияга катышкан депутат өзүнүн катталуусун жокко чыгарууну талап кылууга укуксуз.

14.10. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык документ түрүндө тастыкталган оору, иш сапары жана башка себептер шаардык Кеңештин сессиясына депутаттын катышпай калышынын жүйөлүү себептери болуп саналат.  Мындай учурда депутат шаардык Кеңештин төрагасына, шаардык Кеңештин сессиясына депутаттын катышпай калышынын жүйөлүү себептерин тастыктаган документти тапшырат.

14.11. Сессияларга катары менен төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз катышпай калган депутаттарга карата шаардык Кеңештин депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу шаардык Кеңештин чечими кабыл алынат. Мындай чечим күчүнө киргенден кийин (жарыяланган күндөн баштап) ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.

15-глава. Шаардык Кеңештин кезексиз сессиясы

15.1.  Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн шаардыкКеңештин төрагасы өзүнүн демилгеси же аткаруу органынын башчысынын, шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин сунушу боюнча шаардык Кеңештин кезексиз сессиясын чакырууга укуктуу.

15.2. Аткаруу органынын башчысынын же шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин, шаардык Кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча сунушу кезексиз сессияда каралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгынын кыскача негиздемеси менен жазуу жүзүндө шаардык Кеңештин төрагасына берилет.

15.3. ШаардыкКеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча шаардык Кеңештин төрагасынын сунушу каралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгынын негиздемеси менен маалымдама аркылуу жол-жоболоштурулат жана шаардыкКеңештин депутаттарына жөнөтүлөт.

15.4. Кезексиз сессия сунуш келип түшкөн күндөн тартып 5 календардык күндөн кеч эмес убакытта чакырылат.

15.5. Кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө шаардык Кеңештин депутаттарына маалымдоо кезексиз сессияны чакыруу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн баштап 4 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.

15.6. ШаардыкКеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча жарыяда кезексиз сессияда каралуучу маселелер көрсөтүлүп, кезексиз сессия башталганга чейин 4 календардык күндөн кечиктирилбестен, аймактарда жалпы жашоочуларга жеткиликтүү жерлерде көрүнүктүү болуп илинет.

15.7. Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда шаардык Кеңештин төрагасы депутаттарды, чакырылуучу адамдарды жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн маалымдоонун мөөнөтүн милдеттүү түрдө сактабастан эле кезексиз сессияны чакырууга укуктуу.

15.8. Кезексиз сессиянын күн тартиби жана зарыл каралуучу маселелердин материалдары депутаттарга жана чакырылган адамдарга кезексиз сессиянын 1 календарлык күнгө чейин, калган бардык катышуучуларга кезексиз сессия өткөрүлөр алдында таркатылат.

15.9. Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда кезексиз сессиянын күн тартиби жана материалдары  депутаттарга жана  бардык чакырылгандарга жана катышуучуларга кезексиз сессия өткөрүлөр алдында таркатылат.

16-глава.  Сессиянын күн тартиби

16.1. Сессиянын күн тартибинин долбоору шаардык Кеңештин иш планынын, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын, депутаттардын, аткаруу органынын башчыларынын сунуштарынын негизинде жыйын өткөрүүгө чейин шаардык Кеңештин төрагасы тарабынан 5-7 күн мурда жана шаардык Кеңештин кезексиз сессиясына чейин 3-5 күн мурда түзүлөт. Өзгөчө кырдаал жаралган учурларда кечиктирилгис түрдө түзүлөт.

16.2. Күн тартибинин долбоорунун маселелери алар туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында алдын ала каралгандан кийин жана алар шаардык Кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагалары менен макулдашылгандан кийин төрага тарабынан киргизилет.

16.3. Өткөрүлүүчү убактысы жана жери көрсөтүлүү менен төрага тарабынан аныкталган сессиянын күн тартибинин долбоору, сессияда каралууга тийиш болгон токтомдордун долбоорлору жана башка документтер менен материалдар сессия башталганга чейин 3 календардык күндөн кеч эмес депутаттарга жана чакырылган адамдарга берилет.. Күн тартибинин долбоору бир эле учурда маалымат такталарына жайгаштырылат, ошондой эле шаардык калктын таанышуусу үчүн аймактагы көрүнүктүү жерлерге илинет.

16.4. Эгерде шаардык Кеңештин депутаттары зарыл деп эсептешсе, сессиянын күн тартибинин долбоору шаардык гезиттерде, ватцап топторго жарыя кылынат.

16.5. Сессиянын күн тартибинин долбоору сессияда төрагалык кылуучу тарабынан негиз катары кабыл алуу үчүн добушка коюлат.

16.6. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.

16.7. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбоорун жаӊы маселе менен толуктоо тууралуу сунуш, эгерде сунуш кылынган маселе мурда шаардык Кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларында каралган болсо гана, катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен киргизилет.

16.8. Күн тартибинин долбооруна киргизилген маселелерди алып салуу же сессиянын күн тартибиндеги маселелерге өзгөртүү киргизүү (техникалык маанидеги) тууралуу сунуштар шаардык Кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларында каралбастан эле катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

16.9. Сессиянын күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин төрага тарабынан сессиянын күн тартиби жалпысынан кабыл алуу үчүн добушка коюлат, сессиянын күн тартиби шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

16.10. ШаардыкКеңештин сессиясында кошумча материалдар шаардык Кеңештин төрагасынын кол коюусу болгондо гана таркатылат.

17-глава. Сессияга төрагалык кылуучу

17.1. Шаардык Кеңештин сессиясын сессияга төрагалык кылуучу алып барат. Сессияга төрагалык кылуучу шаардык Кеңештин төрагасы болуп саналат, ал жокто шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары болот.

17.2. Сессияга төрагалык кылуучу төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

- шаардык Кеңештин сессиясын алып барууга;

- маселелерди талкуулоого катышууга;

- депутаттарга жана кызмат адамдарына маалым-кат алуу үчүн кайрылууга;

- эгерде депутат Регламентти бузуп жатса, күн тартибинен башка маселе боюнча сүйлөсө, кемсинтүүчү сөздөрдү пайдаланса, чыгып сүйлөөчүнү эскертүүгө, эгерде кайталап мындай бузууларга жол берсе, чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө добушка коюуга;

- чечим кабыл алынган учурда көпчүлүгүнүн добуш берүүсү ачыктан-ачык белгилүү болуп турганда добуштарды саноого убакыт кетирбөөгө;

- сессияда пайда болгон пикир келишпестиктерди четтетүү жана маселелерди чечүү максатында депутаттар, адистер менен Кеңешүүлөрдү өткөрүүнү жүргүзүүгө;

- ушул Регламентте белгиленген тартипте сессияга катышуу тартибин бузган депутат болуп саналышпаган адамдарга сөз бербөө, жыйындар залынан чыгарып жиберүү тууралуу сунуштарды киргизүүгө;

- залда өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле коомдук тартипти одоно бузуулар жаралган учурда сессияны токтото турууга.

17.3 Сессияга төрагалык кылуучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- ушул Регламентти сактоого жана аны ушул жыйынга катышуучулардын баарынын сактоосун камсыз кылууга;

- чыгып сүйлөө убактысын сактоону камсыз кылууга, белгиленген убакыттын бүтүп жаткандыгы тууралуу өз учурунда эскертүүгө;

- сессиянын күн тартибине ылайык келип түшкөн сунуштардын ирети боюнча сөз сүйлөө үчүн сөз берүүгө;

- сессиянын күн тартибинде турган маселелерди добушка коюуга;

- келип түшкөн депутаттардын сунуштарын иретине жараша добушка коюуга;

- депутаттардын жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарын жана кайрылууларын жарыя кылууга, суроо-талаптар үчүн сөз берүүгө, аларга суроо-жооп, маалымкат, билдирүү, жарандардын кайрылуулары, жарыялар үчүн, ошондой эле жыйынды алып баруу боюнча сын-пикирлер, шаардык Кеңештин токтомунун долбоору боюнча сунуштарды жана түзөтүүлөрдү киргизүү, добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөө үчүн сөз берүүгө;

- сессиянын протоколун жүргүзүүнү уюштурууга, шаардык Кеңештин сессияларынын протоколдоруна жана токтомдоруна кол коюуга;

- сессиянын катышуучуларына карата сый мамиле жасоого, сессиянын катышуучуларына жекече сын-пикирин билдирүүдөн жана алардын сөздөрүнө баа берүүдөн, комментарий жасоодон карманууга;

- сессияны алып баруунун эрежелери жана жол-жоболору боюнча билдирүүлөрдү жана түшүндүрмөлөрдү эске алууга;

- эгерде шаардыкКеңештин төрагасы каралып жаткан маселе боюнча баяндамачы болсо же анышаардык Кеңештин төрагасынын кызмат ордунан бошотуу тууралуу маселени шаардык Кеңеш караган учурда, сессияны алып барууну орун басарына берүүгө.

 

18-глава. Шаардык Кеңештин сессиясында депутаттын укугу жана милдети

18.1. Шаардык Кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө укуктуу:

- шаардык Кеңештин органдарын шайлоого жана аларга шайланууга;

-шаардык Кеңештин жана анын органдарынын кароосу үчүн маселелерди сунуш кылууга;

 - шаардык Кеңештин жана анын органдарынын жыйындарынын күн тартиби, талкуулануучу маселелерди кароонун ирети жана алардын маңызы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;

- токтомдордун долбоорлорун, шаардык Кеңеш же анын органдары кабыл алуучу документтерди жана аларга түзөтүүлөрдү кароо үчүн демилгелөөгө жана киргизүүгө;

-шаардык Кеңеш түзүүчү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамы жана шаардык Кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызмат адамдарынын талапкерлиги боюнча пикирин билдирүүгө; 

-шаардык Кеңеш тарабынан түзүлүүчү органга, алардын курамына кирген адамдарга, ошондой эле   шаардык Кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызмат адамдарына ишеним көрсөтпөө жөнүндө маслени коюуга;

- жарыш сөздөргө катышууга, суроо-талап менен кайрылууга, баяндамачыга сессияга төрагалык кылуучуга суроолорду берүүгө;

-шаардык Кеңешке отчет берүүчү органдын же кызмат адамынын Кеңештин сессиясында отчетун угуу, ошондой эле шаардык Кеңештин, аймагында жайгашкан башка органдардын жана кызмат адамдарынын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарын угуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;

- өзүнүн сунуштарын негиздөө менен жана добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;

-шаардык Кеңештин сессиясында, анын органдарынын жыйындарында шаардык Кеңеш тарабынан белгиленген тартипте жарандардын же алардын бирикмелеринин кайрылууларынын, билдирүүлөрүнүн, петицияларынын текстерин, эгерде алар коомдук мааниге ээ болсо, жарыя кылууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Регламентте ага берилген башка укуктардан пайдаланууга.

19-глава  Шаардык Кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө милдеттүү:

19.1. ар бир сессиянын алдында каттоодон өтүүгө жана сессиянын ишине катышууга;

- Регламенти, сессиянын күн тартибин жана сессияга төрагалык кылуучунун укук ченемдүү талаптарын сактоого;

- колун көтөрүү аркылуу сөз сүйлөөнү суранууга;

- сессияга төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана чыгып сүйлөөгө;

- жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого;

- чыгып сүйлөгөндө катышып жаткандардын ар-намысына жана кадыр-баркына акарат келтирген орой, мазактоочу сөздөрдү колдонбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого, көзкөрүнөө жалган маалыматтарды пайдаланбоого, сессиянын катышуучуларына алардын чыгып сүйлөгөн сөздөрүнө баам бербөөгө, кимдир бирөөнүн дарегине карата негизсиз жалаа жабууга жол бербөөгө;

- сессия учурунда төрагалык кылуучунун уруксаты менен чыгып кетүүгө.

19.2. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда депутат мыйзамдарга ылайык жооп берет.

19.3. ШаардыкКеңештин депутаты анын жеке кызыкчылыгына байланыштуу, башкача айтканда ал үчүн, анын жубайы, алардын ата-энелери, балдары, бир туугандары үчүн материалдык жактан пайдалуу маселелелер Кеңештин сессияларында каралган учурда катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.

19.4. Шаардык Кеңештин депутаттары шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси менен төмөндөгү маселелерди демилгелөөгө укуктуу:

- өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же тийиштүү деңгээлде аткарбаган учурларда шаардык Кеңештин төрагасын, төраганын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотууга;

-шаардык Кеңештин сессиясын кезексиз тартипте чакырууга;

- мурда кабыл алынган жергиликтүү коомдоштук уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө.

19.5. Шаардык  Кеңештин сессиясында  депутаттар тарабынан айтылган жана жазуу жүзүндө төрагалык кылуучуга берилген сын-пикирлер жана сунуштар шаардыкКеңеш тарабынан же анын тапшырмасы боюнча туруктуу (убактылуу) комиссиялар тарабынан каралат же тиийштүү мамлекеттик органдардын же кызмат адамдарынын кароосуна жөнөтүлөт, алар шаардык Кеңеш тарабынан башкача каралбаса, ошол сунуштарды жана сын-пикирлерди бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен кароого жана кароонун жыйынтыктары боюнча сунуш жана сын-пикир киргизген депутатка, ошондой эле шаардык Кеңештин төрагасына билдирүүгө милдетүү.

19.6. Сессияларда, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында депутаттарга шаардык Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын, депутаттардын сунуштарынын жана сын-пикирлеринин, шайлоочулардын сууроо-талаптарынын жүзөгө ашырылышын жүрүшү жөнүндө, ошондой эле шаардык Кеңештин жана анын органдарынын иштеринин башка маанилүү маселелери мазгил-мезгили менен маалымдалат.

20-глава. Шаардык Кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына шаардык Кеңештин депутаты эмес адамдардын катышуу тартиби

20.1. Аткаруу органынын башчысы, анын орун басары, ошондой эле тиешелүү аймакта иш жүргүзгөн башка кызмат адамдары, аппарат кызматкерлери, жергиликтүү коомдоштук мүчөлөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана башка кызыктар адамдар шаардык Кеңештин ачык сессияларына жана анын органдарынын ачык жыйындарына атайын уруксат алуусуз катышууга укуктуу.

20.2. Жогоруда аталган адамдар ачык сессияга жана/же анын органынын жыйындарына катышууга ниеттенишсе, сессиянын же жыйындын катчысы атайын каттоо журналына аларды каттайт жана алар жөнүндө маалыматтарды сессиянын же жыйындын протоколуна киргизет.

20.3. Шаардык Кеңештин депутаты болуп саналбаган адамдардын маалыматтары (ф.а. а., жашаган жери, иштеген орду) катчы тарабынан аларды катышып жаткан депутаттарга маалымдоо үчүн төрагалык кылуучуга берилет.

20.4. Шаардык Кеңештин депутаттары болуп саналышпаган адамдар катталган учурдан тартып сессиянын, жыйындын катчысы аларды ушул Регламентте белгиленген шаардык Кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышуунун тартиби жана шаардык Кеңештин Регламентин бузган учурда анын жоопкерчилиги тууралуу тааныштырат.

20.5. Шаардык Кеңештин төрагасы шаардык Кеңештин сессиясын ачаар алдында, сессияга катышып жаткан шаардык Кеңешке депутат болуп саналышпаган адамдардын сессияга катышып жаткандыктары жөнүндө депутаттарга маалымдайт.

20.6. Сессияларга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдар үчүн жыйындар залында атайын орун бөлүнөт. Эгерде, сессия туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындары өтүп жаткан жыйындар залы катышууну каалагандардын баарын батыра албаса, төрагалык кылуучунун тапшырмасы боюнча шаардык Кеңештин сессиясына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындары аталган адамдардын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн. Өкүлчүлүк бир көчөдөн, бир кварталдан, бир уюмдан, бир мекемеден, бир бирикмеден бир өкүл (эки же үч) болушу мүмкүн.

21-глава. Депутаттын жана шаардык Кеңештин сессиясына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдардын тартиби жана этикасы

21.1. Өз ишинде шаардык Кеңештин депутаты жалпыга таанылган моралдык нормаларын кармоого, өзүнүн наркын сактай билүүгө, башка депутаттардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын ар-намысын жана кадыр-баркын ызаттоого, шаардык Кеңештин, шайлоочулардын жана жалпысынан мамлекеттин беделине шек келтирген аракеттерден, билдирүүлөрдөн жана жосундардан алыс болууга тийиш. Депутаттык мандатты жеке кызыкчылыктары үчүн колдонууга жол бербөөсү керек.

21.2. Депутат төмөндөгүлөрдү жасоого тийиш эмес:

- шаардык Кеңештин саясий максаттар үчүн жана жеке пайда табуу үчүн конфиденциалдуу маалыматтарды колдонууга;

- шаардык Кеңештин жабык сессияларында, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды, ошондой эле шайлоочунун же башка адамдын жеке турмушуна тийиштүү маалыматтарды жарыя кылууга, анткени алар депутатка аларды жайылтпоо шартында ишенүү менен айтылат;

- өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө чечим мыйзамдуу күчүнө кире элек жазык жана жарандык  иштер боюнча фактылар жөнүндө айтууга;

- шаардык Кеңештин мүлкүн жеке максаттары үчүн пайдаланууга;

- депутаттык милдеттерин аткарууга байланыштуу жеке жана юридикалык жактардан белек, акча каражаты жана аракети жана аракетсиздиги үчүн кызмат түрүндө сый акыларды алууга.

21.3. Депутаттар, шаардык Кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдар жүрүм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого милдеттүү, чыгып сүйлөгөндө орой, мазактаган сөздөрдү колдонууга, мыйзамсыз аракеттерге чакырууга, кимдир бирөөнүн дарегине негизсиз күнөө жабууга жол берүүгө, талкууланып жаткан темадан чыгып кетүүгө укугу жок.

21.4.  Ушул жоболор бузулган учурда сессияга төрагалык кылуучу сүйлөп жатканга эскертүү берет, Регламенттин талаптарын кайталап бузуулар болгон учурда төрагалык кылуучу чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө маселени добушка коюуга укуктуу, талкууланган маселе боюнча ага кайталап сүйлөөгө сөз берилбейт.

21.5. Сессия учурунда депутаттар чыгып сүйлөөчүнүн жана катышуучулардын сөз сүйлөөсүнө жана угуп олтуруусуна жолтоо болгон аракеттерди (кыйкыруу, кол чабуу, тура калуу, комментарийлерди берүү ж.б.у.с.) жасоого тийиш эмес.

21.6. Сессияга чакырылган жана катышып жаткан адамдар шаардык Кеңештин, анын органдарынын ишине сессиянын, жыйындын төрагалык кылуучунун уруксатысыз кийлигише албайт (сөз сүйлөө, билдирүү жасоо, өз пикирин билдирүү, комментарий жасоо). 

21.7. Сессия учурунда залда катышып олтургандардын баары, депутаттарды кошуп алганда, түйүндүк байланыш аппараттарын өчүрүп коюуга (же үн чыкпас режимге коюуга) милдетүү.

21.8. Эгерде депутат ушул Регламенттин талаптарын бузса, сессияга, жыйынга төрагалык кылуучу анын жеке өзүн эскертет жана тартипке чакырат.

21.9. Шаардык Кеңештин сессиясына төрт жолу катары менен жүйөлүү себептерсиз катышпаган, ошондой эле туруктуу (убактылуу) комиссиялардын иштерине, шаардык Кеңештин иш-чараларына туруктуу катышпаган, шайлоочулардын алдында отчет беришпеген депутаттар жөнүндө маалыматтар шаардык Кеңештин сессияларында жарыя кылынат жана тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн этика жана мандат боюнча туруктуу комиссияга берилет.

 

III БӨЛҮМ. ШААРДЫК КЕҢЕШ ТАРАБЫНАН ЧЕЧИМДЕРДИ ТАЛКУУЛООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ

 22-глава. Шаардык Кеңештин сессияларында маселелерди кароонун тартиби

22.1.Шаардык Кеңештин сессияларында күн тартибине киргизилген жана сессиянын ишинин башталышында шаардык Кеңештин депутаттары тарабынан бекитилген маселелер каралат.

22.2. Күн тартибине киргизилген маселелер боюнча маселенин демилгечиси же маселени алдын ала кароого тапшырылган туруктуу (убактылуу) комиссиянын төрагасы  баяндама менен чыгып сүйлөйт.  Эгерде органдын же кызмат адамынын отчету болсо отчет берүүчү адам, эгерде уюмдун, мекеменин, ишкананын, бирикменин иши жөнүндө маалымат болсо, анда анын жетекчиси (мындан ары-баяндамачы) чыгып сүйлөйт, баяндамачы жок болуп калган учурда анын эмне үчүн жок болгондугун аныктоо менен маселе кийинки сессияга жылдырылат.

22.3.Шаардык Кеңештин депутаты, сессияга катышкан адамдар каралып жаткан маселе боюнча баяндамачыга суроо берүүгө, каралып жаткан маселе боюнча токтомдун долбооруна жазуу жана оозеки түрүндө сын-пикирлерин жана сунуштарын (өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду) берүүгө укуктуу.

22.4. Маселени жана токтомдун долбоорун караган учурда туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундулары, ошондой эле депутаттардын жазуу жана оозеки түрүндө сын-пикирлери жана сунуштары (өзгөртүүлөр жана толуктоолор) угулат, алар талкууланып добуш берүүгө коюлат.

22.5.  Талкуу (жарыш сөз) бүткөндөн кийин баяндамачы корутунду сөз сүйлөөгө укуктуу.  Андан ары депутаттар добуш берүүнүн түрү (ачык, жашыруун) боюнча сунуш берүүгө укуктуу.

22.6. Талкууланып жаткан маселе боюнча токтомдун долбоорунун текстине депутаттардан сунуштар (өзгөртүүлөр жана толуктоолор) келип түшсө, төрагалык кылуучу депутаттардын бардык сунуштарын (өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду) түшкөн ирээти боюнча добушка коет. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берген депутаттын сунушу кабыл алынды деп эсептелинет жана токтомдун долбоорунун текстине кошулат. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаган сунуш четке кагылды деп эсептелинет.

22.7. Токтомдун долбоору добуш берүү аркылуу киргизилген сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен жалпысынан добушка коюлат. Эгерде токтомдун долбоору жалпысынан кабыл алынбаса, ал четке кагылды деп эсептелинет. Четке кагылган токтомдун долбоору шаардык Кеңештин кезектеги сессиясында каралышы мүмкүн.

22.8.Шаардык Кеңештин депутаттары талкуулоонун жыйынтыктары боюнча, эгерде берилген суроолор боюнча баяндамачынын жоопторуна канааттанышбаса, же каралып жаткан маселени баяндамачы жетишээрлик эмес иликтесе, же мыйзамдардын нормаларына карама каршы келсе, депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алып, шаардык Кеңештин кийики сессиясына киргизүү укугу менен маселени жеткире иштеп чыгууга жөнөтүү тууралуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алууга укутуу.

22.9. Талкуулоонун жүрүшүндө баяндамачы каралып жаткан маселени кийинки сессияга жылдыруу тууралуу билдирүү менен төрагалык кылуучуга расмий түрдө жазуу же оозеки түрүндө кайрылууга укуктуу. Мындай учурда талкуулоо токтотулат, каралып жаткан маселе кийинки сессияда каралууга жатат.

22.10.  Төрагалык кылуучунун, туруктуу (убактылуу) комиссиянын төрагасынын же депутаттардын үчтөн биринин кем эмес сунушу боюнча шаардык Кеңеш кыскартылган жол-жобо боюнча маселелерди кароо жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

Кыскартылган жол-жобого төмөндөгүлөр кирет:

- негизги баяндамачынын баяндамасы;

- ар бир депутаттан эки суроо жана аларга жооптор;

- 5 мүнөттөн ашык эмес жарыш сөз (талкуу);

- баяндамачынын корутунду сөзү;

-токтомдун долбоорунун текстине келип түшкөн депутаттардын сунуштары боюнча добуш берүү;

- токтомду жалпысынан кабыл алуу боюнча добуш берүү.

23-глава. Кабыл алынган токтомдордун күчүнө киришинин тартиби

23.1. Жооптуу катчы баяндамачы менен бирдикте шаардык Кеңеш чечим кабыл алган маселе боюнча кабыл алынган токтомду ал кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн аралыгында жол-жоболоштурат.

23.2. Шаардык Кеңештин төрагасы шаардык Кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдун долбоорун четке кагууга укугу жок жана ага кабыл алынган күндөн баштап 3-5 жумушчу күндүн аралыгында кол коёт.

23.3. Документти жол-жоболоштурган учурда грамматикалык мүнөздөгү түзөтүүлөрдү кошпогондо, ага оңдоо киргизүүгө жол берилбейт. Сессияда кабыл алынган шаардык Кеңештин токтомунун мазмуундук бөлүгүнө оңдоо киргизген адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык документти бурмалагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат.

23.4. Шаардык Кеңештин токтому күчүнө кириши үчүн расмий жарыяланууга тийиш:

- тиешелүү аймакта кеңири жайылтылган басылмалардын ичинен шаардык Кеңеш өзү аныктаган тийиштүү басма сөз басылмасында;

- шаардык Кеңештин, мэриянын  расмий веб-сайтында;

23.5. Токтомду расмий жарыялоо мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик жана (же) аскердик жашыруун сырды камтыган токтомдорду кошпогондо, толук эмес баяндамадагы токтомдорду жарыялоого жол берилбейт.

23.6. Ченемдик укуктук актынын расмий жарыяланышынын датасы ошол акт жарык көргөн басылма жарыкка чыккан күн эсептелинет.

23.7. Эгерде токтомдун өзүндө башкача каралбаса, токтом расмий жарыяланган күндөн баштап он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ишкердик ишти жөнгө салган токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн эрте эмес күчүнө кирет.

23.8. Шаардык Кеңештин токтомдорун каттоону төмөнкү реквизиттерди көрсөтүү менен шаардык Кеңештин токтомдорун каттоо жөнүндө журналга жазып түшүрүү аркылуу жооптуу катчы ишке ашырат:

-актынын түрүн көрсөтүү;

-ошол ченемдик укуктук актыны жөнгө салуу предметин билдирген аталыш;

-кабыл алынган жери жана датасы;

-каттоо номери.

23.9. Расмий жарыяланган күнү шаардык Кеңештин токтомунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмүнө эки нускада, мамлекеттик жана/же расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түшүрмөлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен ченемдик укуктук актыларын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлөт.

23.10. Шаардык Кеңештин токтомунун көчүрмөсү кабыл алынган чечимдер жөнүндө коомчулукту кеңири маалымдоону камсыз кылуу үчүн тиешелүү аймактын маалымат илинүүчү такталарына милдеттүү түрдө жайгаштырылат.

24-глава. Шаардык Кеңештин сессиясынын жана анын органдарынын протоколу

24.1. Шаардык Кеңештин сессияларында, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында протокол жүргүзүлөт.

24.2. Сессиялардын жана жыйындардын протоколдорун жүргүзүү жана жол-жоболоштуруу протоколдорду жүргүзүү жана сактоо үчүн жооптуу болгон жооптуу катчы тарабынан жүргүзүлөт.

24.3. Протоколдун тексти киришүү жана негизги бөлүктөрдөн турат:

- шаардык Кеңештин сессияларынын жыйындарынын протоколунун киришүү бөлүгүндө номери, датасы, өткөрүлгөн убактысы жана орду; шаардык Кеңештин чакырылган жылы, шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы саны, катышкан депутаттардын саны жана тизмеси, чакырылгандардын тизмеси (эгерде 10дон ашык адам чакырылса, чакырылгандардын тизмеси тиркелет), баяндамачынын фамилиясын көрсөтүү менен күн тартиби, эгер түзүлгөн болсо эсептөө комиссиясынын курамы чагылдырылат;

-негизги бөлүгүндө сессияны алып баруунун жүрүшү, каралган маселелер, баяндама менен чыгып сүйлөгөндөр жана жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөр, добушка коюлган маселелер жана сунуштар, аларды кабыл алуунун жолдору; добуш берүүнүн натыйжалары жана кабыл алынган чечимдер, сессиянын жүрүшүндө берилген кошумча материалдар чагылдырылат.

24.4. Депутаттардын фамилиялары алардын фамилияларын жана аттарын, атасынын аттарынын баш тамгасын көрсөтүү менен, башка адамдардын – фамилияларын, аттарын, атасынын аттарынын баш тамгасын көрсөтүү менен, кызмат ордун жана иштеген ордун, эгерде иштебеген болсо жашаган жерин көрсөтүү менен коштолот. Жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрү катышкан учурда алардын фамилиялары жана жашаган жери көрсөтүлөт.

24.5. Сессиянын протоколу сессиянын иши аяктагандан кийин жол-жоболоштурулат, ага шаардык Кеңештин төрагасы жана  жооптуу катчысы тарабынан кол коюлат. Туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарынын протоколу алар аяктагандан кийин 5 жумушчу күндөн кеч эмес жол-жоболоштурулат жана комиссиянын төрагасы жана жооптуу катчысы тарабынан кол коюлат.

24.6. Жабык сессиялардын материалдарын кошпогондо, жыйындардын протоколдорунун көчүрмөлөрү ачык кол жеткендей болууга тийиш. Жооптуу катчы шаардык Кеңештин депутаттарына жана башка кызыктар адамдарга протоколдордун жана токтомдордун көчүрмөлөрүн макулдашуу менен берет, (алардан көчүрүп алууларды жүргүзөт).

24.7. Шаардык Кеңештин сессияларында жана туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында видео-аудио жазып алуулар жүргүзүлүшү мүмкүн, алар шаардык Кеңештин депутаттары үчүн жеткиликтүү болот.

24.8. Протоколдордун, видео жазып алуулардын түп нускалары жооптуу бекитилген кызматчыда башкы адисте сакталат. Жыйындардын жана сессиялардын протоколдору, алардын тиркемелери тийиштүү шаардык Кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнүн аралыгында сакталат. шаардык Кеңештин ыйгарым укуктары аяктаганда жыйындардын, сессиялардын протоколдору жана алардын тиркемелери туруктуу сактоого архивге тапшырылат.

24.9. Шаардык Кеңештин жабык сессиясынын материалдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жол-жоболоштурулат.

25-глава. Шаардык Кеңештин токтомдорунун аткарылышын контролдоо

25.1. Токтомдо аны жүзөгө ашыруунун тартиби белгиленилет, атап айтканда:

- жалпысынан токтомдун же анын пункттарын же колдонууга киргизилишинин конкреттүү мөөнөттөрү жана жолдору;

- токтомду жүзөгө ашыруу боюнча органдарга жана кызмат адамдарына конкреттүү тапшырмалардын, аткаруу органынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн (зарылчылыкка жараша) кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларынын кабыл алынышы, аткаруу органынын башчысынын актыларынын шаардык Кеңештин токтомуна ылайык келтирүү;

- аны аткаруу үчүн мөөнөттөр белгиленилет.

25.2. Шаардык Кеңештин ар бир токтомунда токтомдо көрсөтүлгөн тапшырмаларды аткаруу жүктөлгөн кызмат адамы же орган, ошондой эле токтомдун аткарылышын контролдоо жүктөлгөн кызмат адамы же орган көрсөтүлөт.

25.3. Токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат угулгандан кийин, шаардык Кеңеш төмөндөгүлөргө укуктуу:

-аткарылган катары токтомду контролдон алып коюу;

-аткарылган катары токтомдун айрым пункттарын контролдон алып коюу;

-ошол токтом боюнча аткаруу мөөнөтүн жылдыруу;

-башка кызмат адамына же органга контролдоо ыйгарым укуктарын жүктөө;

-токтомду жокко чыгаруу;

-токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;

-кошумча токтомду кабыл алуу.

25.4. Контролдоо боюнча отчёттун мөөнөтү токтомдун өзүндө көрсөтүлөт. Шаардык Кеңештин төрагасы токтомдун аткарылышы үчүн контроль жүктөлгөн кызмат адамына же органга шаардык Кеңештин сессиясында анын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берүүнү тапшырууга укуктуу.

IV БӨЛҮМ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН  НОРМА ЧЫГАРУУ ИШИ

 26-глава. Норма чыгаруу ишинин негизги принциптери

26.1. Шаардык Кеңештин норма чыгаруу иштери төмөндөгү принциптерде жүргүзүлөт:

- жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун;

- мыйзамдуулуктун;

- негиздүүлүктүн;

- максатка ылайыктуулуктун;

- акыйкатчылыктын;

- ачыктыктын.

26.2. Шаардык Кеңеш өзүнүн компетенциясынын чектеринде токтом кабыл алат.

26.3. Өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган шаардык Кеңештин токтомдору аймагында жашаган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.

26.4. Шаардык Кеңештин токтому менен таанышуу ачык болууга тийиш. Көчүрмөсү маалымат тактайларында жайгаштыруу аркылуу жана «Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка каражаттар аркылуу жалпыга маалымдалууга жатат.

27-глава. Шаардык Кеңештин токтомун жол-жоболоштуруунун тартиби

 

Шаардык Кеңештин токтомунун текстин жол-жоболоштуруунун тартиби жана түзүмдүк элементтери, шаардык Кеңештин токтомуна өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүнүн тартиби, аны күчүн жоготту деп таануу «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12 жана 17-беренелеринде белгиленген талаптарга ылайык ишке ашырылат.

 

28-глава. Шаардык Кеңешке токтомдун долбоорун киргизүүнүн тартиби

28.1. Шаардык Кеңештин сессиясына киргизилүүчү документтердин пакетинде төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:

- тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын төрагалары менен макулдашуу боюнча шаардык Кеңештин төрагасы тарабынан жактырылган, жооптуу катчысы даярдаган токтомдун долбоору;

- токтомдун долбооруна маалымкат-негиздеме (маалымат);

- салыштырма таблица (колдонуудагы токтомго өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда);

- тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундусу же чечими;

- токтомдун долбоорун мамлекеттик органдардын тийиштүү бөлүмдөрү, уюмдар, мекемелер, ишканалар, шаардык жамааттар (зарылчылыкка жараша) менен макулдашылганы жөнүндө маалымат камтылган документтер;

- экспертиза жүргүзүүнүн (зарылчылыкка жараша) натыйжасында даярдалган эксперттик корутундулар.

28.2. Шаардык Кеңештин токтому мамлекеттик тилде киргизилет жана кабыл алынат.

Аймагында жашаган мамлекеттик тилди билгендердин саны басымдуулук кылган шартта жана шаардык Кеңештин токтомун мамлекеттик тилде киргизүү жана кабыл алуу тууралуу шаардык Кеңештин чечими болсо, шаардык Кеңештин токтомун мамлекеттик тилде гана кабыл алууга жол берилет.

28.3. Регламенттин жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен даярдалып кароого киргизилген токтомдун долбоору белгиленген тартипте бузуулар четтетилгенге чейин кайтарылып берилүүгө жатат.

28.4.Шаардык Кеңештин кароосуна киргизилген токтомдун долбоорунун текстинде:

- беттин оң жактагы жогорку бурчуна «Долбоор» деп жазылат;

- «Долбоор» деген сөздүн алдына долбоорду киргизген демилгечи (же кимге тапшырылганы) жана долбоор киргизилген дата көрсөтүлөт;

- төмөнүрөөктө, беттин ортосунда документтин аталышы берилет «________________________ЖӨНҮНДӨ ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ»;

- андан ары «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12, 17 жана 30-беренелеринде белгиленген тараптарды сактоо менен токтомдун долбоорунун тексти баяндалат;

- андан ары токтомдун күчүнө киришинин мөөнөтү такталат;

- органдарга жана/же кызмат адамдарына конкреттүү тапшырма берилет жана төрагалык кылуучунун колу коюлат;

- токтомдун аткарылышы үчүн кызмат адамына жана /же органга контроль жүктөлөт;

- токтомдун текстинин алдында төрагалык кылуучунун фамилиясы жана колу көрсөтүлөт.

28.5.Токтомдун долбоорунун маалымкат-негиздемесинде (маалыматында) төмөндөгү маалыматтар камтылууга тийиш:

- ушул токтом кабыл алынгандан кийин жетишилүүчү же чечилүүчү максаттар жана милдеттер;

  - кабыл алынган токтомдон кийинки болжолдонуучу социалдык, экономикалык, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттер;

  - эгер ал өткөрүлсө, коомдук талкуулоонун натыйжалары тууралуу маалымат;

- мыйзам долбоорунун өлкөнүн мыйзамдарына ылайык келишин талдоо;

- эгерде токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл финансылык каражаттар керек болсо, аны каржылоонун булактары.

28.6. Тикеден-тике жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгын козгогон токтомдун долбоору, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салган токтомдун долбоору аткаруу органынын, шаардыкКеңештин маалымат тактасында жайгаштырылуу же коомдук угууларды, чогулуштарды өткөрүү менен коомдук талкууланууга  жатат.

28.7. Талкуулоонун жүрүшүндө коомдук талкуулоонун катышуучуларынан түшкөн  сунуштар кабыл алынат, каралат жана жалпылаштырылат.

Коомдук талкуулоонун натыйжалары боюнча аларды токтомдун долбооруна киргизүүнүн же киргизбөөнүн  себептерин негиздөө менен келип түшкөн  сунуштар тууралуу жыйынтыктоочу маалымат даярдалат.

Жыйынтыктоочу маалымат токтомдун долбооруна тиркелген маалымкат-негиздемеде чагылдырылат.

28.8. Коомдук талкуулоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча финансылык чыгымдар шаардык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка каражаттардан ишке ашырылат.

28.9. Токтомдун долбоору боюнча  коомдук талкуулоонун мөөнөтү  бир айдан кем эмес болот.

28.10.  Ишке ашыруу үчүн шаардык бюджеттен каржылоону талап кылынган токтомдун долбоору,  ал боюнча каржылоо булагы табылганга чейин каралууга жатпайт.

 

29 -глава.   Шаардык  кенештин жооптуу  катчысы 

- жергиликтүү шаардык кеңещтин туруктуу комиссияларынын сессияларынын материалдарын жана чечимдеринин  долбоорлорун даярдоо боюнча ишти уюштурат;

-  жергиликтүү кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш планынын долбоорун иштеп чыгат, бекитилгенден кийин алардын аткарылышын контролдойт;

-   депутаттарга жергиликтүү кеңештин жыйналыштарын чакыруу жөнүндө кабарлайт;

- жергиликтүү кеңештерин сессияларын, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзөт, кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча ишти камсыз кылат;

-  туруктуу жана убактылуу депутаттык комиссиялардын документтерин кошкондо, жергиликтүү кеңештин документтерин сактоону, системалаштыруу жана талаптагыдай абалын камсыз кылууну уюштурат;

-  убактылуу депутаттык комиссияларга уюштуруучулук жардам көрсөтөт;

-  жергиликтүү кеңештин иш кагаздарын жүргүзөт жана ( координациялайт) жарандардан келип түшкөн даттануулар жана кайрылуулар менен ишти уюштурат;

- жергиликтүү кеңештин кабыл алынган чечимдерин  Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине  киргизүү, аларды  Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген  тартипте жана мөөнөттөрдө жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо боюнча иш жүргүзөт;

- жергиликтүү кеңештин регламентине жана жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшырмаларына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.

- Е кызматы менен кириш чыгыш  каттар, кайрылуулар боюнча аткаруу  иш чараларын жүргүзөт.

 

 Жооптуу катчы                                                                  Ө.А. Рахманов