АЛА-БУКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2024-жыл 19-апрели №4/2
“Муниципалдык менчик объектисин пайдаланууга (оперативдик башкарууга) берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “ Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесинин негизинде, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 19-апрелинде чыгарган корутундусун талкуулап чыгып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин I-чакырылышынын кезексиз IV-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл аймагына караштуу Өрүктү айылынын А.Ражапов көчөсүндө жайгашкан №96 административдик имараттын беш (5) бөлмөсүн, унааларды токтотуучу жана тариздөөгө келген унааларды фото кароо жүргүзүү үчүн керектүү жер аянты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин пайдалануусуна (оперативдик башкарууга) берүүгө макулдук берилсин.
2. Имараттын терезелерин темир тосмо менен тосмолоо, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн администрациясына тапшырылсын.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешитин төрагасы: |
А.Умаров |