Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЛА-БУКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

2024-жыл 19-апрели №4/5

 

“Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна долбоор сунуш кылуу жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 19-апрелинде чыгарган корутундусун талкуулап чыгып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин I-чакырылышынын кезексиз IV-сессиясы токтом кылат:

1. “Ала-Бука Тазалык” муниципалдык ишканасы, өзүнүн ишмердүүлүгүн алдыга жылдыруу максатында техникалык тейлөө автоунаасын сатып алуу үчүн даярдалган долбоору, Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондунун кароосуна сунушталсын.

2. Сунушталган долбоор боюнча иш жүргүзүү, муниципалдык ишкананын директору А.Бөрубаевге жүктөлсүн.

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңешитин төрагасы:

 

А.Умаров