Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЛА-БУКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

2024-жыл 19-апрели №4/6

 

“Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна долбоор сунуш кылуу жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 12-апрелинде чыгарган корутундусун талкуулап чыгып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин I-чакырылышынын кезексиз IV-сессиясы токтом кылат:

1.Ала-Бука районунун жалпы дарыгердик практика борборуна боорду тарта турган Фиброскан аппаратынын долбоору Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондунун кароосуна сунушталсын.

2. Сунушталган долбоор боюнча иш жүргүзүү, айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңешитин төрагасы:

 

А.Умаров