Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 18-апрели № 2009-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 18-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2024-жылдын 18-апрелиндеги жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Ар кандай маселелер;
“Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“2023-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу долбоорун) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ;
“2023-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну четтетүү жана салык төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ;
“2023-жылдын 28-ноябрында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Ысык-Көл айланма автожолун жакшыртуу боюнча долбоор (Балбай Баатыр – Каракол участогу) жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (техникалык жардам) (Ысык-Көл айланма автожолун жакшыртуу боюнча долбоор (Балбай баатыр – Каракол участогу) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н.Т. Шакиев |