Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Тескемеси
2024-жылдын 23-апрели № 222
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 29-июнундагы № 311 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган тескеменин тиркемеси ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
| "Тиркеме |
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы транспорттук-логистикалык жана бажы инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары - Башкы штабдын башчысы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын начальнигинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо департаментинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары.".