ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
2023-жылдын 25-декабры № 27/2
Жошолу айыл өкмөтүнүн Аюу-Тапан айылынын “Айгыр-Булак” булагынан труба аркылуу суу тартып чакан ишкана куруу боюнча айыл тургундарынын элдик жыйынынын кароо жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн Аюу-Тапан айылынын “Айгыр-Булак” булагынан труба аркылуу суу тартып чакан ишкана куруу жөнүндө Жошолу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн Аюу-Тапан айылынын “Айгыр-Булак” булагынан труба аркылуу суу тартып чакан ишкана курууга уруксат берилсин.
2. Аюу-Тапан айылынын “Айгыр-Булак” булагынан труба аркылуу суу тартып келүү жумуштары мыйзамдын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
3. Аюу-Тапан айылынын “Айгыр-Булак” булагынан труба аркылуу суу тартып келүү жумуштары учурунда айыл тургундарынын жеке үлүш жерлерине, турак үйлөрүнө, короо сарайларына , ошондой эле бак дарактарына зыян келтирилбесин.
4. Ушул кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Жээнбековго милдеттендирилсин ,ал эми көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | А.Танаев. |