Редакцияот 25.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2024-жыл 25-марты №4

 

“Кетмен-Дөбө айылдык кенешинин Убактылуу Жобосун бекитүү

жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 4-мартындагы №01-25.77 буйругу менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн убактылуу жобосуна” ылайык бекитүү боюнча угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:

1.Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн Убактылуу Жобосу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 01-25.77буйругу менен бекитилген айыл өкмөттөрүнүн Убактылуу Жобосуна ылайык Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн Убактылуу Жобосу бекитилсин. (айылдык кенештин убактылуу жобосу тиркелет. )

2.Бекитилген айылдык кенештин Убактылуу Жобосунун негизинде иш жүргүзүү айылдык кенешке милдеттендирилсин. 

3.Бул токтом ketmen-dobo.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрайым:

 

А.К.Жумалиева