Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-апрели № 1994-VII
2023-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык 2023-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. 2023-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т. Зулушевдин отчету бекитилсин жана канааттандырарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
1) коррупцияга каршы аракеттенүүгө, социалдык, эмгек жана турак жай чөйрөсүндөгү коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин жоюуга багытталган мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышын боюнча көзөмөлдөө боюнча ишти улантсын;
2) келечекте жер мыйзамдарын бузууларды жоюу жана аларды алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузууларды табуу боюнча иштерди күчөтсүн;
3) бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз же максатсыз пайдаланууга жол бербөө максатында бюджеттик мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтсүн;
4) курулуп жаткан имараттардын жана курулмалардын, анын ичинде социалдык турак жайлардын сейсмикалык коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу менен, курулуш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча иштерди улантсын;
5) айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча иштерди улантсын;
6) инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттерине колдоо жана аларды укуктук жактан коргоону камсыз кылуу максатында "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы ПЖ № 1 Жарлыгынын аткарылышын контролдоого өзгөчө көңүл бурсун;
7) жарандардын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына, анын ичинде балдардын, аялдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жана улгайган адамдардын укуктарын коргоо жөнүндө иштер боюнча көзөмөлдү улантсын;
8) кылмыш ишин мыйзамсыз козгоо, мыйзамсыз кармоо, камакка алуу жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуу менен байланышкан ар бир факт боюнча иликтөө жана талдоо жүргүзүлүп, кызмат адамдарынын иш-аракетине тиешелүү юридикалык баа берилсин;
9) кылмыш иштерин адилеттүү, мыйзамдуу тергөө жүргүзүүнү, жарандарга жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууну камсыз кылууга прокурордук көзөмөлдү күчөтсүн;
10) укук коргоо органдарынын кылмыштуулук, анын ичинде коррупция, уюшкан кылмыштуулук, баңги заттарды сатуу, экстремизм жана терроризм менен күрөшүүгө багытталган көзөмөлдөөнү күчөтсүн;
11) кылмыш жасады деп шектелип жана айыпталып кармалган жарандарды камакта кармоонун тартибин жана шарттарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышын көзөмөлдөөгө өзгөчө көңүл бурсун;
12) соттун мүлктү конфискациялоо жана аларды мамлекетке өткөрүп берүү түрүндөгү жазаларды аткаруу бөлүгүндөгү чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча толук чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору ушул токтомдун аткарылышы жөнүндөгү маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2025-жылдын 1-февралына чейин берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.Шакиев |