Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-апрели № 202
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн контролдоо-көзөмөлдөө иши чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Изин суутпай издөө иши жөнүндө", "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 195 "Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдүн бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтар базасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- кварталга текшерүүлөрдүн планын түзүүдө квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен же бир жылга текшерүүлөрдүн планын түзүүдө отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине Маалыматтар базасы аркылуу ишкердик субъекттеринин ишине жүргүзүлгөн текшерүүлөр тууралуу маалымат берсин;";
2) 4-пункттун биринчи абзацында "Экономика" деген сөз "Экономика жана коммерция" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укуктуу ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилерине Маалыматтар базасына киргизилүүчү маалыматтардын толуктугу жана тууралыгы үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.";
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Текшерүү объекттеринин маалыматтар базасын уюштуруу жана жүргүзүү тартибинде:
- 2, 6, 10, 13 жана 16-пункттарда "Экономика" деген сөз "Экономика жана коммерция" деген сөздөргө алмаштырылсын;
-3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Маалыматтар базасы мамлекеттик контролдоочу органдар менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ортосундагы текшерүүлөрдү жүргүзүү жана макулдашуу, текшерүүлөр жөнүндө мыйзамдардын сакталышын контролдоо жана текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын талдоо процессин автоматташтыруу үчүн пайдаланылат.";
- 7-пунктта "Экономика", "мониторингдөөнү" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Экономика жана коммерция", "контролдоону" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ачык кирүү укугунда ушул Тартиптин 4-пунктунун 3-5-пунктчаларында көрсөтүлгөн маалыматтар жайгаштырылат.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 56 "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Жобо ыйгарым укуктуу органдар тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүү, текшерүүлөрдүн пландарын түзүү, макулдашуу тартибин жана жол-жоболорун, жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча отчетторду (пландарды аткаруу жөнүндө маалымат), текшерүүлөрдү жүргүзүүдө ишкерлердин укуктарын коргоону, ошондой эле текшерүүнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдардын натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүн аныктайт.";
- 2-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"текшерүү барагы - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана токтомдорунда каралган текшерилүүчү субъекттердин ишине талаптардын толук тизмегин камтыган документ, аларды сактабоо адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарына түздөн-түз коркунуч келтирет. Мында көрсөтүлгөн талаптарда ченемдик укуктук актылардын түзүмдүк элементтерине, анын ичинде кыйла кичинекей түзүмдүк элементине конкреттүү шилтемелер болушу керек;";
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ыйгарым укуктуу органдар - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору менен ишкердик субъекттерин текшерүүгө ыйгарым укук берилген, тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан иштелип чыгуучу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү аткаруу бийлигинин органдары.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пункт менен толукталсын:
"8-1. Пландуу текшерилүүгө тийиш болгон юридикалык жактар, алардын объекттери, филиалдары жана өкүлчүлүктөрү бир бирдиктүү текшерилүүчү субъектти түзөт жана эгерде ошол юридикалык жактын, анын объекттеринин, филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши тобокелдиктин бир тармагына кирсе жана тобокелдиктин бирдей даражасына ээ болсо, текшерүүлөрдүн планында ар кандай текшерилүүчү субъекттер катары көрсөтүлбөйт жана каралбайт.
Эгерде юридикалык жактын, анын экономикалык иш объекттеринин, филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши тобокелдиктин бир нече ар түрдүү даражалары менен байланышкан болсо, анда юридикалык жак, анын объекттери, филиалдары жана өкүлчүлүктөрү текшерүүлөрдүн пландарында өз алдынча каралат.";
- 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Текшерүүлөр түрүнө карабастан аралыктан же көчмө формада жүргүзүлөт. Аралыктан текшерүү ыйгарым укуктуу орган жайгашкан жер боюнча жүргүзүлөт. Көчмө текшерүү текшерилүүчү субъект жайгашкан жер боюнча жана (же) анын иш жүзүндө иштеген жери боюнча жүргүзүлөт.";
- 20-22-пункттардагы "документтик", "Документтик" деген сөздөр тиешелүү түрдө "аралыктан", "Аралыктан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 22-1-пункт менен толукталсын:
"22-1. Эгерде бир ыйгарым укуктуу органдын көзөмөлүнө текшерилүүчү субъекттин ишинин тобокелдигинин бир нече тармагы алынса, анда тобокелдиктин ар түрдүү тармактарына кирген, бирок бирдей тобокелдик даражасындагы ишти текшерүү бир эле убакта жүргүзүлөт.
Тобокелдиктин ар түрдүү тармактарына кирген жана ар түрдүү тобокелдик даражасындагы ишти текшерүү "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде белгиленген мезгилдүүлүктү эске алуу менен бир эле убакта жүргүзүлөт.
Эгерде бир ыйгарым укуктуу органдын көзөмөлүнө алынган текшерилүүчү субъекттин ишинин тобокелдигинин бир нече тармактарына ар түрдүү тобокелдик даражасы ыйгарылса, мындай текшерүүлөр "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде белгиленген мезгилдүүлүккө ылайык бир эле убакта жүргүзүлөт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 43-1-пункт менен толукталсын:
"43-1. Эгерде мурдагы пландык же пландан тышкаркы текшерүүдө аныкталган бузууларды четтетүүнү текшерүү максатында жүргүзүлүүчү контролдук текшерүүнүн жүрүшүндө бузуулар четтетилбеген фактылар аныкталса, анда ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы текшерилүүчү субъектке карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган таасир этүү чараларын колдонот. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган таасир этүү чаралары колдонулгандан кийин ыйгарым укуктуу орган эгерде бузуу адамдардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылууга таасирин тийгизсе - 3 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө жана калган учурларда 15 жумуш күнгө чейин жаңы контролдук текшерүүнү жүргүзүүгө милдеттүү.";
- 53-55-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"53. Ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органга жана анын аймактык бөлүмдөрүнө "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынуучу текшерүүлөрдүн бардык түрлөрү боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан текшерүүлөр жөнүндө мыйзамдардын сакталышын контролдоо функциялары жүктөлөт.
54. Контролдоо ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүдө "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузууларды аныктоо жана алдын алуу, жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжалуулугун талдоо, ыйгарым укуктуу органдар тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүнү жөнгө салуучу мыйзамдардын максималдуу сакталышын камсыз кылуу жана ыйгарым укуктуу органдар тарабынан контролдоо-көзөмөлдөө жүктөмүн минималдаштыруу максатында текшерүүлөр жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү үчүн жүргүзүлөт. Контролдоо "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынуучу текшерүүлөрдүн бардык түрлөрү боюнча ыйгарым укуктуу органдарга карата жүргүзүлөт.
55. Контроль жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу органдардын стратегиялык пландары, текшерүү пландары, жүргүзүлгөн текшерүүлөр жөнүндө отчеттор, "Текшерүү.кг" текшерилүүчү объекттердин автоматташтырылган бирдиктүү маалыматтык базасында камтылган башка маалыматтар, ыйгарым укуктуу органдардын натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн баалоонун жыйынтыктары, ошондой эле уюмдардан жана айрым ишкердик субъекттерден, жалпыга маалымдоо каражаттарынан, башка булактардан түшкөн маалыматтар колдонулат.
Контролдоонун жыйынтыктары ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилерине жиберилет жана зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берилет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 6, 7-главалар менен толукталсын:
"6. Ыйгарым укуктуу органдардын ишинин натыйжалуулук көрсөткүчтөрү
61. Натыйжалуулукту баалоо үчүн текшерилүүчү субъекттер тарабынан коопсуздук талаптарын сактоо деңгээлин чагылдырган натыйжалуулук көрсөткүчтөрү колдонулат.
62. Баалоо жыл сайын отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-майына чейин жүргүзүлөт.
63. Ыйгарым укуктуу органдардын ишинин натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн баалоо базалык жана атайын критерийлердин негизинде жүргүзүлөт.
64. Базалык критерий болуп конкреттүү тармакта коопсуздук деңгээлин жогорулатуу саналат.
Коопсуздук деңгээлин жогорулатуу критерийлери (өлүмгө учуроонун, бузуунун, чыгаруунун, булгануунун, уулануунун көрсөткүчтөрү, башка көрсөткүчтөр жана алардын динамикасы) ыйгарым укуктуу органдар тарабынан алардын компетенциясынын чегинде бекитилет жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органга жиберилет.
65. Атайын критерийлерге төмөнкүлөр кирет:
1) ресурстарды бөлүштүрүү: текшерүүлөрдү жүргүзүүгө багытталган ресурстардын жана аналитикалык иш жүргүзүүгө, ишкерлерге консультация берүүгө, окутууга багытталган ресурстардын катышы;
2) тобокелдик даражасын эске алуу менен текшерүүлөрдү пландоо: жогорку тобокелдик даражасындагы текшерилүүчү субъекттерди текшерүүлөрдүн санынын (пландык жана пландан тышкаркы) текшерүүлөрдүн жалпы санына катышы;
3) консультацияларды берүү: ишкерлерге жана калкка кандай болбосун түрдө берилген консультациялардын саны;
4) ыйгарым укуктуу органдардын расмий сайттарынын мазмундуулугу жана ыңгайлуулугу, социалдык тармактарды жана мессенджерлерди активдүү колдонуу:
- сайтта актуалдуу ченемдик-укуктук базаны жайгаштыруу;
- сайтка текшерүү пландарын жайгаштыруу;
- сайтта текшерүү барактарын жайгаштыруу;
- сайтта ишкерлер үчүн маалыматтык жана окутуучу материалдарды жайгаштыруу;
- сайтта эң көп кездешүүчү бузуулар боюнча түшүндүрмөлөрдү жана эң көп берилүүчү суроолорго жоопторду жайгаштыруу;
- онлайн-консультацияларды алуу мүмкүнчүлүгүнүн болушу.
66. Натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн баалоо ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Жобонун 64 жана 65-пункттарында аныкталган критерийлердин негизинде жүргүзүлөт.
67. Ишкердиктин субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын ишин баалоонун жыйынтыктары ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтүлөт.
7. Текшерилүүчү субъекттерди колдоо боюнча алдын алуу чаралары
68. Алдын алуу чаралары болуп адамдын өмүрүнүн жана ден соолугунун, айлана-чөйрөнүн коопсуздугу, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктары үчүн тобокелдиктерди болтурбоо жана азайтуу үчүн текшерилүүчү субъекттерге алардын ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдоруна ылайык келүү маселелери боюнча маалымдоо, консультация берүү жана сунуштарды берүү саналат.
69. Алдын алуу чараларын жүргүзүү текшерүүлөрдүн, аныкталган проблемаларды жалпылоо боюнча аналитикалык иштин, ошондой эле башка булактардан алынган маалыматтардын, анын ичинде илимий маалыматтардын жыйынтыгы боюнча ишке ашырылат.
70. Текшерилүүчү субъекттер тарабынан коопсуздук талаптарын максималдуу аткарылышы төмөнкүлөрдүн эсебинен жетишилет:
- коопсуздук талаптары жөнүндө маалыматты максималдуу кеңири жайылтуунун;
- текшерүү жол-жоболору жана текшерүү жүргүзүүдө текшерилүүчү субъекттердин укуктары жөнүндө маалыматты максималдуу кеңири жайылтуунун;
- текшерилүүчү субъекттердин коопсуздук талаптарын толук жана бир түрдүү түшүнүүсүн камсыз кылуунун.
71. Коопсуздук талаптары жана текшерүү жол-жоболору жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу органдардын расмий сайттарына, ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына, ыйгарым укуктуу органдардын борбордук жана региондук бөлүмдөрүнүн жайларындагы ачык жеткиликтүү жерлерге жайгаштырылууга тийиш.
Маалымат төмөнкүдөй жайгаштырылат:
- ченемдик укуктук актылардын актуалдуу абалдагы расмий тексттери түрүндө;
- ченемдик укуктук актыларда камтылган талаптардын, ошондой эле жол-жоболордун деталдуу түшүндүрмөлөрүн камтыган колдонмолор, нускамалар, методикалык колдонмолор, схемалар жана башка маалыматтык жана окутуучу материалдар түрүндө.
72. Ыйгарым укуктуу органдар ишкерлердин топтору үчүн тренингдерди жана жеке консультацияларды өткөрүү аркылуу ишкерлерге консультациялык колдоо көрсөтүүнү камсыз кылат.
Консультациялык колдоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- ишкерлердин жазуу жүзүндөгү жана оозеки суроолоруна онлайн (сайтта, социалдык тармактар аркылуу, ар кандай мессенджерлердин жардамы менен ж.б.), телефон боюнча, кагаз жүзүндө, окутуучу сабактарды өткөрүүдө, текшерүүлөрдү жүргүзүү процессинде жооптор;
- тобокелдик даражасын азайтууга, бузууларды болтурбоого жана четтетүүгө багытталган сунуштарды жана методикалык жардам берүү.
Эң көп кездешүүчү бузуулар боюнча түшүндүрмөлөр жана көп берилүүчү суроолорго жооптор ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
73. Алдын алуу чараларын жүргүзүү төмөнкүлөрдү эске алуу менен түзүлүүчү максаттуу топторго багытталат:
- иштин түрү (эң жогорку потенциалдуу коркунучтуу иштин түрлөрү);
- бизнестин көлөмү (чакан бизнес жана жаңы түзүлгөн бизнес);
- текшерилүүчү субъекттердин тобокелдик-профайлдары (бир нече жылдагы текшерүүлөрдүн жыйынтыктары).
74. Зарыл болгон учурда ыйгарым укуктуу органдардын региондук (райондук) бөлүмдөрү табигый, техногендик жана башка мүнөздөгү себептер боюнча кыйла аялуу абалда турган ишкерлерге жекече тартипте түшүндүрүү иштерин, окутуу боюнча иштерди жүргүзөт.
Зарыл болгон учурда, ошондой эле ишкердин суроо-талабы боюнча коопсуздуктун кыйла маанилүү талаптары боюнча маалыматтык жана окутуучу материалдар текшерилүүчү субъекттерге алардын иши жайгашкан жер боюнча жекече жеткирилет.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |