АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 3- сессиясы
2024-жылдын 18-апрели № 7/1
Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жыл 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде административдик аймактык реформа жөнүндөгү” жарлыгынын 1 тиркемесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 7-февраль 2024-жылдагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” Токтомунун 3 пунктунун 1 подпунктун негизинде Алга айыл өкмөтү, Кыргыз Кыштак айыл өкмөтү жана Совет айыл өкмөтү биригип, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтү болуп аталгандыктан, жогоруда аталган айыл өкмөттөрдүн калкынын санынын 20000 кишиден ашканы эсебинен айылдык кеңеш төрагасы штаты жана чыгашалар бөлүгүндө атайын бөлүм ачуу боюнча маселени угуп жана талкуулап Молдо Нияз айылдык кенешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгашалар бөлүгүндө айылдык кеңеш бөлүмү ачылсын.
- Айылдык кеңеш бөлүмүн ачуу, мыйзамда белгиленген тартипте чыгымдарды беренелер боюнча отургузуу ж.б. керектүү иш аракеттерди жүргүзүү Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досановга милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлддөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|