Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 3- сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 7/5

Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын  Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү  тарабынан   Кыргыз-Кыштак  айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына  шайкештик аудитин жүргүзүү  мезгилинде аныкталган кемчилдиктер боюнча  маселени  угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын  айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын  Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан    Кыргыз-Кыштак  айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына  шайкештик аудитин жүргүзүү  мезгилинде аныкталган  резервдику фонд эсебинен чыгымдалган 20,0 миң сом акча каражаты  керектүү  берене боюнча жылдырылсын.

 

  1. Жогоруда көрсөтүлгөн кемчилдиктерди жоюу боюнча керектүү иш аракеттерди  мыйзам чегинде жүргүзүү  Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Досановго милдеттендирилсин

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

К.Машрапов