Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 3- сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 7/6

 Ош-Раззаков автожолунун  Молдо Нияз айыл аймагындагы бөлүгүнүн кириш жана чыгыш жерлерине айыл аймактын аталышы жазылган пано орнотуу жөнүндө

 

Ош-Раззаков автожолунун   Молдо Нияз айыл аймагындагы бөлүгүнүн кириш жана чыгыш жерлерине айыл аймактын аталышы жазылган пано орнотуу боюнча  маселени  угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын  айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Ош-Раззаков автожолунун Молдо Нияз айыл аймагындагы бөлүгүнүн кириш жана чыгыш жерлерине айыл аймактын аталышы жазылган пано орнотууга уруксат берилсин.

 

  1. Айыл аймактын аталышы жазылган пано орнотуу боюнча керектүү иш аракеттерди  мыйзам чегинде жүргүзүү Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Досановго милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

К.Машрапов