ТоктомКүчүндө

Молдо Нияз айылдык кеңешинин 2024-жылдын 18-апрелиндеги №9 «Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кыргыз-Кыштак айылындагы мамлекеттик фонддун жерлерин түз келишим менен ижарага берүү жөнүндө» токтому

Редакция18.04.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 9

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кыргыз-Кыштак айылындагы мамлекеттик фонддун жерлерин түз келишим менен

ижарага берүү жөнүндө

 

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл айыл өкмөтүнүн жер адисинин сунушун карап, талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

                                          ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243  токтому менен жактырылган,  Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу жобого ылайык,  Молдо Нияз айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн аймагындагы Кыргыз-Кыштак, Кайтпас, Ак-Тилек, Бүргөндү ПМК жана Бүргөндү ОПХ айылындагы  Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин жеке жана юридикалык жактарга тоорук өткөрбөстөн, түз сүйлөшүүлөр жолу менен  берилсин.

 

  1. Ушул токтомдун  мыйзам чегинде аткарылышы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Досановго тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин  жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архиткетура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу камиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Тѳрага

К.Машрапов