Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 10/11

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабындагы “Калктуу конуштардын жерлери” (социалдык объект) категориясындагы жер тилкелеринин  генералдык планын бекитип берүү жөнүндө

 

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабындагы 2,50 га жер аянтынын генералдык планын бекитип  берүү маселелерин угуп жана талкуулап,  Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жер комиссиясынын протоколдук чечимине негиз,  Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык Кеңеши

                                                

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабындагы мамлекеттик менчиктеги жер аянтынан социалдык объектилерин куруу үчүн   “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” (социалдык объект) категориясына которулуп (трансформацияланып) жаткан жалпы 2,50 га  жер аянтынын генералдык планы бекитилсин.

 

  1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабындагы которулуп (транформацияланып) жаткан  2,50 га жер аянты муниципалдык менчикке алынып,  мамлекеттик акт даярдалсын.

 

  1. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы  Х. Досановго милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешининжерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архиткетура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссиясынын тапшырылсын.

 

 

Тѳрага

К.Машрапов