Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 10/13

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Бүргөндү ОПХ айылына 0,20 га жер аянтына социалдык объект  (аймактык милиция бөлүмүн) курууга өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө

 

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Бүргөндү ОПХ айылындагы 0,20 га жер аянты мамлекеттик менчиктеги жер аянтына социалдык объект (аймактык милиция бөлүмүн) куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” (социалдык объект) категориясына которулуп (трансформацияланып) жаткан  жер аянтынын өнүгүү программасын бекитүү жөнүндөгү Н. Мадаминовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык Кеңеши

                                                          

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Бүргөндү ОПХ айылындагы  0,20 га жер аянтынын  өнүгүү программасы бекитилсин.

 

  1. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы  Х. Досановго тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин  жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Тѳрага

К.Машрапов