Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 11

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169-токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу Жобонун бекитүү тууралуу токтомунун негизинде

“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык молдо Нияз айыл аймагында өндүрүштүк муктаждыктарды канаттандыруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлери” категориясына которуу максатында, ” Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 15-беренесине ылайык, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169-токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу Жобонун бекитүү тууралуу токтомунун негизинде Молдо Нияз айыл аймагындагы “Айыл чарба багытындагы жерлери”  категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлери” категориясына Алга айылынын түштүк жагынан Кыргыз-Кыштак айылынын чек арасына чейин  СASA-1000 долбоорунун алкагында курулуп жаткан линия бойлоп  Күн панелин курууга 800 га жер аянтын которууга макулдук берилсин.

 

2.     Токтомдун мыйзам чегинде  аткарылышын Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  башчысы  Х. Досановго милдеттендирилсин.

 

3.     Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин   жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Тѳрага

К.Машрапов