Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 6-майы № 82
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жер казынасы жөнүндө", "Биосфералык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1- берене
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 5, 282-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-беренеде:
а) 191-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"191) геологиялык маалыматтардын топтому - жер казынасынын конкреттүү участогу боюнча кагаз жана/же электрондук алып жүрүүчүдө жазылган, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлүүчү, колдо бар болгон геологиялык, тоо-кен-техникалык, технологиялык жана башка маалыматтардын жыйындысы, ошондой эле Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунда болгон маалымат;";
б) 32-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 22-берененин 9-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 24-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Аукциондун жеңүүчүсү болуп жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн эң жогорку бааны сунуштаган талапкер эсептелет.
Ири жана орто алтын, күмүш кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна аукциондун жеңүүчүсү болуп жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн эң жогорку бааны жана мамлекетке үлүштү сунуштаган талапкер эсептелет. Өткөрүп берилүүчү үлүштүн өлчөмүн аныктоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.".
2- берене
"Биосфералык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 447-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) бешинчи бөлүктө "геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана пайдалуу кендерди иштетүүгө," деген сөздөр алып салынсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи бөлүк менен толукталсын:
"Биосфералык аймактарда геологиялык издөө иштери, геологиялык чалгындоо иштери, пайдалуу кендерди иштетүү жана жер казынасын геологиялык изилдөө боюнча иштер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.".
3- берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 10-майындагы № 35 (3588) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2024-жылдын 17-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |