Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-апрели № 32
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ош, Кара-Суу, Аламүдүн, Жайыл, Тоң, Ак-Суу, Түп, Ат-Башы, Сузак жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин негизинде, депутаттар депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө:
- Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 29.03.2024-ж. № 2 - Ош шаарынын Ош шаардык кеңеши боюнча;
- Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 01.04.2024-ж. № 2 - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылдык кеңеши боюнча;
- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 27.03.2024-ж. № 12 - Чүй облусунун Жайыл районундагы Жайыл айылдык кеңеши боюнча;
- Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 29.03.2024-ж. № 2 - Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Көл айылдык кеңеши боюнча;
- Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 02.04.2024-ж. № 1 - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Эңилчек айылдык кеңеши боюнча;
- Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 05.04.2024-ж. № 4 - Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылдык кеңеши боюнча;
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 02.04.2024-ж. № 7 - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Алма айылдык кеңеши боюнча;
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 01.04.2024-ж. № 9 - Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кетмен-Дөбө айылдык кеңеши боюнча.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 11-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин негизинде, депутат каза болгондугуна байланыштуу жергиликтүү кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө:
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 05.04.2024-ж. № 3 - Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылдык кеңеши боюнча.
Жеке арыздардын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө:
- Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 01.04.2024-ж. № 2 - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылдык кеңеши боюнча;
- Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 05.04.2024-ж. № 4 - Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылдык кеңеши боюнча.
Бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 29.03.2024-ж. № 2 - Ош шаарынын Ош шаардык кеңеши боюнча;
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 05.04.2024-ж. № 3 - Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылдык кеңеши боюнча;
- Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 01.04.2024-ж. № 2 - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылдык кеңеши боюнча;
- Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 29.03.2024-ж. № 2 - Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Көл айылдык кеңеши боюнча;
- Түп аймактык шайлоо комиссиясынын 03.04.2024-ж. № 3 - Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Карасаев айылдык кеңеши боюнча;
- Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 05.04.2024-ж. № 4 - Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылдык кеңеши боюнча;
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 02.04.2024-ж. № 8 - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Алма айылдык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин негизинде кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош, Кара-Суу, Аламүдүн, Жайыл, Тоң, Ак-Суу, Ат-Башы, Сузак жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Аламүдүн жана Ат-Башы аймактык шайлоо комиссияларынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ош, Кара-Суу, Аламүдүн, Тоң, Түп, Ат-Башы жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Ош, Кара-Суу, Аламүдүн, Тоң, Түп, Ат-Башы жана Сузак аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 32 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Ош шаары | |||
1 | Ош шаардык | Жоошбаева Роза Каныбековна (6) "Улуттар Биримдиги" депутаттык фракциясы | Ош АШК, № 2, 29.03.2024-ж. (25.03.2024-ж. өз арызы) |
Ош облусу | |||
Кара-Суу району | |||
2 | Мады айылдык (№ 4 Каарман шайлоо округу) | Азизов Асилбек Бурканбекович | Кара-Суу АШК, № 3, 05.04.2024-ж. (Кара-Суу райондук ЖААК бөлүмү тарабынан 2024-жылдын 1-апрелинде берилген каза болгондугу тууралуу № KGZ07 0268149 күбөлүгү) |
Чүй облусу | |||
Аламүдүн району | |||
3 | Арашан айылдык (№ 2 шайлоо округу) | Болгонбаев Самат Таалайбекович | Аламүдүн АШК, № 2, 01.04.2024-ж. (18.03.2024-ж. өз арызы) |
Жайыл району | |||
4 | Жайыл айылдык (№ 3 Алексеевка шайлоо округу) | Кожокеева Диана Нурлановна | Жайыл АШК, № 12, 27.03.2024-ж. (19.03.2024-ж. өз арызы) |
Ысык-Көл облусу | |||
Тоң району | |||
5 | Төрт-Көл айылдык (№ 3 Темир-Канат шайлоо округу) | Намазов Кубанычбек Айтбекович | Тоң АШК, № 2, 29.03.2024-ж. (18.03.2024-ж. өз арызы) |
Ак-Суу району | |||
6 | Эңилчек айылдык (№ 1 Эңилчек шайлоо округу) | Орозгазы уулу Жайдарбек | Ак-Суу АШК, № 1, 02.04.2024-ж. (28.03.2024-ж. өз арызы) |
Нарын облусу | |||
Ат-Башы району | |||
7 | Ат-Башы айылдык (№ 5 Чеч-Дөбө, Көк-Жар шайлоо округу) | Мелис уулу Улукбек | Ат-Башы АШК, № 4, 05.04.2024-ж. (01.04.2024-ж. өз арызы) |
Жалал-Абад облусу | |||
Сузак району | |||
8 | Кара-Алма айылдык (№ 1 Кара-Алма шайлоо округу) | Джапаров Абдижалил Абдимиталипович | Сузак АШК, № 7, 02.04.2024-ж. (14.03.2024-ж. өз арызы) |
Токтогул району | |||
9 | Кетмен-Дөбө айылдык (№ 1 Терек-Суу шайлоо округу) | Алманбетов Рустам Жолчубаевич | Токтогул АШК, № 9, 01.04.2024-ж. (19.03.2024-ж. өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 32 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Чүй облусу | |||
Аламүдүн району | |||
1 | Арашан айылдык (№ 2 шайлоо округу) | Бектенов Азамат Бектенович | Аламүдүн АШК, № 2, 01.04.2024-ж. (27.03.2024-ж. өз арызы) |
Нарын облусу | |||
Ат-Башы району | |||
2 | Ат-Башы айылдык (№ 5 Чеч-Дөбө, Көк-Жар шайлоо округу) | Абдыкеримов Ислам Тилекович | Ат-Башы АШК, № 4, 05.04.2024-ж. (01.04.2024-ж. өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 32 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош шаары | ||||
1 | Ош шаардык | Карабаева Малохатхон Тахировна (12) "Улуттар Биримдиги" саясий партиясы | Жеке ишкер | Ош АШК, № 2, 29.03.2024-ж. |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
2 | Мады айылдык (№ 4 Каарман шайлоо округу) | Арап уулу Талантбек | Убактылуу иштебейт | Кара-Суу АШК, № 3, 05.04.2024-ж. |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
3 | Арашан айылдык (№ 2 шайлоо округу) | Кулалиев Азизбек Казыбекович | Убактылуу иштебейт | Аламүдүн АШК, № 2, 01.04.2024-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Тоң району | ||||
4 | Төрт-Көл айылдык (№ 3 Темир-Канат шайлоо округу) | Зарылбек уулу Нурсултан | Айылдык китепкана, китепканачы | Тоң АШК, № 2, 29.03.2024-ж. |
Түп району | ||||
5 | Карасаев айылдык (№ 2 Чоң-Тогузбай шайлоо округу) | Байсариев Рыскелди Кокжалович | Дыйкан чарбанын мүчөсү | Түп АШК, № 3, 03.04.2024-ж. |
Нарын облусу | ||||
Ат-Башы району | ||||
6 | Ат-Башы айылдык (№ 5 Чеч-Дөбө, Көк-Жар шайлоо округу) | Ыдырысов Турат Сейдибакасович | Убактылуу иштебейт | Ат-Башы АШК, № 4, 05.04.2024-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
7 | Кара-Алма айылдык (№ 1 Кара-Алма шайлоо округу) | Бостонов Нурбек Султанбекович | Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасы, врач-реаниматолог | Сузак АШК, № 8, 02.04.2024-ж. |