Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 15-майындагы № 346 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 203 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун комплекстүү баалоо системасынын МЕТОДИКАСЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы № 644 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Методика төмөнкүлөрдүн аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жүргүзүүнүн тартибин белгилейт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн;
2) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын:
а) 1-топ - алыскы, барууга кыйын болгон бийик тоолуу айылдары бар, өзгөчө чек ара статусуна ээ райондор, алардын саны болгон айылдардын жалпы санынын 50%ынан ашыгын түзөт;
б) 2-топ - 1-топко кирбеген райондор.
2. Ишти баалоо принциптери:
1) иштин натыйжаларын мүнөздөгөн көрсөткүчтөрдүн чектелген топтому;
2) иш процесстери эмес, бөлүп көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр боюнча иштин натыйжалары бааланат;
3) салыштырылуучу натыйжаларды салыштыруу мүмкүндүгүн камсыз кылуу;
4) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан расмий жарыяланган маалыматтарды пайдалануу.
3. Баалоо иштин төмөнкү төрт негизги аспектин талдоонун негизинде жүргүзүлөт:
1) 1-2-таблицаларда көрсөтүлгөн административдик-аймактык түзүлүштөрдүн экономикасынын өнүгүүсүн мүнөздөгөн негизги экономикалык көрсөткүчтөр;
2) 1-2-таблицаларда көрсөтүлгөн административдик-аймактык түзүлүштөрдүн социалдык чөйрөсүнүн өнүгүүсүн мүнөздөгөн негизги социалдык көрсөткүчтөр;
3) башкаруунун сапаты (аткаруучулук тартип);
4) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жүргүзгөн "Калктын ишеним индекси" (КИИ) маанисин алуу үчүн калкты сурамжылоонун жыйынтыктары.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун баалоонун көрсөткүчтөрү
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун баалоонун көрсөткүчтөрү 1-2-таблицаларда берилген.
| 1-таблица |
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппаратынын ишин баалоо үчүн көрсөткүчтөр жана маанилүүлүк, балл менен
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1. Экономикалык өсүш жана өнүгүү | 45 | |||
1.1 | Өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси | УСК | % |
|
1.2 | Негизги капиталга инвестициялардын өсүш темпи | УСК | % |
|
1.3 | Чекене соода жүгүртүүнүн, анын ичинде бардык сатуу каналдары боюнча тамак-аш ишканаларынын жүгүртүүсүнүн өсүш темпи | УСК | % |
|
1.4 | Жерлердин жаңы сугат аянттарын ишке киргизүү | САЧКӨМ, ЖӨБО | га |
|
1.5 | Жайыттардын жалпы аянтына карата деградацияланган жайыттардын үлүшү | САЧКӨМ | % |
|
1.6 | 23 квт ашык кубаттуулуктагы ишке киргизилген тез кубаттоочу электр станцияларынын саны | КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА | даана |
|
1.7 | Салыктарды жыйноо боюнча пландык көрсөткүчтөрдү аткаруу | МСК | % |
|
1.8 | СББМР МБ статистикалык эсепке коюлган жаңы чарба жүргүзүүчү субъекттердин (юридикалык жана жеке жактардын) саны | УСК | бирдик |
|
1.9 | Жаңы түзүлгөн жумуш орундарынын саны | УСК | бирдик |
|
1.10 | Региондорду өнүктүрүү фондунун акча каражаттарын өздөштүрүү боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү аткаруу: | ФМ, ЭКМ | % |
|
- өткөн жылга салыштырмалуу региондорду өнүктүрүү фондуна тартылган каражаттардын суммасы; | миң сом |
| ||
- өздөштүрүлгөн долбоорлордун саны | бирдик |
| ||
1.11 | Асфальт төшөлгөн жергиликтүү маанидеги жолдордун үлүшү | ТКМ | % |
|
2. Социалдык көрсөткүчтөр | 20 | |||
2.1 | Расмий катталган жумушсуздардын санын азайтуу | ЭСКММ | % |
|
2.2 | Номиналдык эмгек акынын өсүш темпи(3) | УСК | % |
|
2.3 | Күз-кыш мезгилине калкты жана бюджеттик мекемелерди көмүр менен камсыз кылуу | КРП облустардагы ЫУӨ | % |
|
2.4 | Бюджеттик мекемелердин күз-кыш мезгилине даярдыгы(1) | КРЭМ караштуу ЭКК, ЖРЭТКМ караштуу ЭТКК | % |
|
2.5 | Ичүүчү суу булактарына жеткиликтүү болгон калктын үлүшү | ЖӨБО | % |
|
2.6 | Асфальт төшөлгөн жергиликтүү маанидеги жолдордун үлүшү | КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА | % |
|
2.7 | Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн үлүшү | ЭСКММ | % |
|
2.8 | Укук бузуулардын алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын (рейддер, тегерек столдор, семинарлар, лекциялар, аңгемелешүүлөр ж.б.) саны | ИИМ, ЖӨБО | % |
|
3. Аткаруу тартиби | 15 | |||
3.1 | Жогорку башкаруу органдарынын аткарылган тапшырмаларынын жана чечимдеринин үлүшү | КРПА | % |
|
3.2 | Жарандардын кайрылууларын өз убагында жана толук кароо | КРПА | % |
|
3.3 | "Санарип аймак" АМС калктын саны боюнча маалыматтарды толтуруу жана актуалдаштыруу даражасы | МКЖБМА | % |
|
4. Калктын ишеним индекси | 20 | |||
4.1 | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишине калктын мамилеси | УСК СИУИ | % |
|
Максималдуу мүмкүн болгон баалоо | 100 | |||
| 2-таблица |
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппаратынын ишин баалоо үчүн көрсөткүчтөр жана маанилүүлүк, балл менен
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы № 644 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Көрсөткүчтүн аталышы | Булак | Өлчөө бирдиги | Балл |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1. Экономикалык өсүш жана өнүгүү | 45 | |||
1.1 | Региондук дүң продукт (РДП)(1) | УСК | млн. сом |
|
1.2 | Жан башына карата РДП (учурдагы бааларда)(1) | УСК | миң сом |
|
1.3 | РДПнын ИДПдагы үлүшү(1) | УСК | % |
|
1.4 | Өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн үлүшү | УСК | % |
|
1.5 | Негизги капиталга инвестициялардын өсүш темпи | УСК | % |
|
1.6 | Түз чет өлкөлүк инвестициялардын келүүсүнүн өсүш темпи(2) | УСК | % |
|
1.7 | Рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн өсүш темпи | УСК | % |
|
1.8 | Айыл чарбасынын, токой чарбасынын продукциясынын жана балык уулоонун физикалык көлөмүнүн индекси | УСК | өткөн жылга (мезгилге) карата % менен |
|
1.9 | Жерлердин жаңы сугат аянттарын киргизүү | САЧКӨМ, ЖӨБО | га |
|
1.10 | Жайыттардын жалпы аянтына карата деградацияланган жайыттардын үлүшү | САЧКӨМ | % |
|
1.11 | Салыктарды жыйноо боюнча пландык көрсөткүчтөрдү аткаруу | МСК | % |
|
1.12 | Региондук брендди илгерилетүү саясатынын алкагында товардык белгилерди, географиялык көрсөткүчтөрдү каттоонун өсүшү жана инновациялык өнүгүүнүн элементи катары региондордун ойлоп табуучулук активдүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу | Кыргызпатент | саны |
|
1.13 | 23 квт ашык кубаттуулуктагы ишке киргизилген тез кубаттоочу электр станцияларынын саны | КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА | саны |
|
1.14 | СББМР МБ статистикалык эсепке коюлган жаңы чарба жүргүзүүчү субъекттердин (юридикалык жана жеке жактардын) саны | УСК | бирдик |
|
1.15 | Жаңы түзүлгөн жумуш орундарынын саны | УСК | бирдик |
|
1.16 | Региондорду өнүктүрүү фондунун акча каражаттарын өздөштүрүү боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү аткаруу: | ФМ, ЭКМ | % |
|
- өткөн жылга салыштырмалуу региондорду өнүктүрүү фондуна тартылган каражаттардын суммасы; | миң сом |
| ||
- өздөштүрүлгөн долбоорлордун саны | бирдик |
| ||
1.17 | Асфальт төшөлгөн жергиликтүү маанидеги жолдордун үлүшү | ТКМ | % |
|
1.18 | Формалдуу эмес сектордо иштеген калктын саны (1) | УСК, МСК, КРП облустардагы ЫУӨ | миң адам
|
|
1.19 | Иш менен камсыз болгон калктын жалпы санында формалдуу эмес сектордо иштегендердин үлүшү (1) | УСК, МСК, КРП облустардагы ЫУӨ | % |
|
2. Социалдык көрсөткүчтөр | 20 | |||
2.1 | Расмий катталган жумушсуздардын санын азайтуу | ЭСКММ | % |
|
2.2 | Номиналдык эмгек акынын өсүш темпи(3) | УСК | % |
|
2.3 | Күз-кыш мезгилине калкты жана бюджеттик мекемелерди көмүр менен камсыз кылуу | ЭМ | % |
|
2.4 | Бюджеттик мекемелердин күз-кыш мезгилине даярдыгы(1) | КР ЭМ караштуу ЭКК, ЖРЭТКМ караштуу ЭТКК | % |
|
2.5 | Ичүүчү суунун коопсуз булактарына туруктуу жеткиликтүү болгон калктын үлүшү | УСК | % |
|
2.6 | Асфальт төшөлгөн жергиликтүү маанидеги жолдордун үлүшү | КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА | % |
|
2.7 | Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн үлүшү | ЭСКММ | % |
|
2.8 | Укук бузуулардын алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын саны (рейддер, тегерек столдор, семинарлар, лекциялар, аңгемелешүүлөр ж.б.) | ИИМ, ЖӨБО | % |
|
3. Аткаруу тартиби | 15 | |||
3.1 | Жогорку башкаруу органдарынын аткарылган тапшырмаларынын жана чечимдеринин үлүшү | КРПА | % |
|
3.2 | Жарандардын кайрылууларын өз убагында жана толук кароо | КРПА | % |
|
3.3 | "Санарип аймак" АМС калктын саны боюнча маалыматтарды толтуруу жана актуалдаштыруу даражасы | МКЖӨБМА | % |
|
4. Калктын ишеним индекси | 20 | |||
4.1 | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишине калктын мамилеси | УСК, СИУИ | % |
|
Максималдуу мүмкүн болгон баалоо | 100 | |||
(1) өткөн жылдын маалыматтары;
(2) отчеттук мезгилдин 9 айындагы маалыматтары;
(3) чакан ишканаларды эсепке албастан январ-декабрга карата маалыматтар.
3. Баалоо жүргүзүүнү уюштуруу
5. Баалоону жүргүзүү төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-октябрындагы № 354-б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн көрсөткүчтөрүнүн мониторинг системасына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын жылдын отчеттук мезгилине баалоо индикаторлорунун болжолдуу (пландык) маанилерин түзүү;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо индикаторлоруна жетишүүнүн иш жүзүндөгү маанилерин аныктоо;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун баалоонун натыйжалары тууралуу унифицирленген отчеттуулук формаларын даярдоо.
| 3-таблица |
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо көрсөткүчтөрүн эсептөө үчүн баштапкы маалыматтар
Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Индикаторлордун аталышы (ИА) | Индикаторлордун пландуу мааниси (ИПМ) | Индикаторлордун иш жүзүндөгү мааниси (ИИМ) | Индикаторго жетишүү деңгээли %, (ИЖД) | Натыйжалуулуктун көрсөткүчүн баалоо (НКБ) |
Экономикалык | ИА 1 | ИПМ 1 | ИИМ 1 | ИЖД 1 | НКБ 1 |
ИА 2 | ИПМ 2 | ИИМ 2 | ИЖД 2 | ||
*** |
| *** | *** | ||
*** | *** | ИИМ n | *** | ||
| |||||
Социалдык | *** | *** | *** | *** | НКБ 2 |
*** | *** | *** | *** | ||
*** | ИПМ n | *** | *** | ||
| |||||
Башкаруу сапаты | *** ИА n | 100 | *** | *** | НКБ 3 |
| |||||
КИИ | 100 | ИИМ n | ИЖД n | НКБ 4 | |
Индикаторлордун аталыштары жана маанилери 1-2-таблицаларда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдүн негизинде түзүлөт.
"Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишине калктын мамилеси" жана "Башкаруу сапаты" көрсөткүчтөрүнүн пландык маанилери 100%га барабар кабыл алынат.
Калктын ишеним индексинин (мындан ары - КИИ) иш жүзүндөгү мааниси Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык улуттук изилдөөлөр институту тарабынан калкты сурамжылоонун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 471 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишине "Калктын ишеним индекси" жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан жүргүзүлгөн "Калктын ишеним индексин" өлчөөнүн натыйжаларын алуу үчүн маалыматтарды иштеп чыгуунун жыйынтыгы боюнча аныкталат.
3-таблицаны толтурууда баалоонун ар бир индикаторуна жетишүү даражасы (мындан ары - ИЖД) индикаторго жетишүүнүн иш жүзүндөгү маанисин (мындан ары - ИИМ) анын индикатордун пландык маанисине (мындан ары - ИПМ) бөлүү жолу менен эсептелет:
ИЖД n = ИИМ n / ИПМ n
Эгерде айрым индикаторлор үчүн ИЖД мааниси бирден чоң болсо, андан аркы эсептөөлөрдө алардын ИЖДсы бирдик катары кабыл алынат.
Эгерде иш жүзүндөгү көрсөткүч белгини өзгөртсө (мисалы, "азаюу" пландалса, ал эми иш жүзүндө "көбөйүү" болуп калса, анда ИЖД терс маанини кабыл алат жана тиешелүү түрдө андан ары суммалоодо анын мааниси кемитүү белгиси менен эске алынат.
Натыйжалуулук көрсөткүчүн баалоонун (НКБ) мааниси формула боюнча ИЖДнын ага тиешелүү маанилерин кошуу жана алынган сумманы индикаторлордун санына бөлүү жолу менен эсептелет:
НКБ = (ИЖД 1 + ИЖД 2 + ... + ИЖД n) / N
мында:
N - индикаторлордун жалпы саны.
НКБ мааниси 0дөн 1ге чейинки чекте турат.
Ишти баалоонун маанисин эсептөө төмөнкүдөй ырааттуулукта жүргүзүлөт:
1) НКБ 1 алынган маанисин (3-таблицага ылайык) 45ке көбөйтүү (1-таблицага ылайык экономикалык көрсөткүчтөр үчүн баллдын максималдуу мааниси) жана алынган натыйжаны баалоонун жыйынтыктарынын 4-таблицасына киргизүү;
2) НКБ 2 алынган маанисин (3-таблицага ылайык) 20га көбөйтүү (1-таблицага ылайык социалдык көрсөткүчтөр үчүн баллдын максималдуу мааниси) жана алынган натыйжаны баалоонун жыйынтыктарынын 4-таблицасына киргизүү;
3) НКБ 3 алынган маанисин 15ке көбөйтүү (1-таблицага ылайык башкаруу көрсөткүчтөрү үчүн баллдын максималдуу мааниси) жана алынган натыйжаны баалоонун жыйынтыктарынын 4-таблицасына киргизүү;
4) НКБ 4 алынган эсептик маанисин 20га көбөйтүү (1-таблицага ылайык КИИ үчүн баллдын максималдуу мааниси) жана баалоонун жыйынтыктарынын 4-таблицасына киргизүү;
5) ушул пункттун 1-4-пунктчалары боюнча баллдын маанисин кошуу. Алынган сумма балл менен баалоо көрсөткүчүнүн сандык мааниси болот. Бул көрсөткүчтүн мааниси 4-таблицага "Баалоонун жыйынтык мааниси" графасына киргизилет.
4. Отчеттуулук формасын толтуруу
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктарынын отчеттуулук формаларын толтуруу үчүн 4-таблица колдонулат.
| 4-таблица |
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун баалоонуy жыйынтыктары
№ | Индикатордун аталышы | Сандык мааниси | Максималдуу балл | Баалоо баллы |
1 | Экономикалык | 3-таблицага ылайык эсептелген НКБ 1 мааниси | 45 |
|
2 | Социалдык | НКБ 2 | 20 |
|
3 | Башкаруу сапаты | НКБ 3 | 15 |
|
4 | КИИ | НКБ 4 | 20 |
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтык мааниси (индикатордун сандык маанисин эске алуу менен баллдын суммасы) |
| |||
5. Алынган баалардын квалификациясы
7. Алынган баллга ылайык алынган баалардын квалификациясы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын натыйжалуулугун баалоо көрсөткүчүнүн сандык мааниси 5-таблицага ылайык киргизилет.
| 5-таблица |
Баалоонун көрсөткүчүнүн сандык мааниси жана баалардын квалификациясы
Баалоонун көрсөткүчүнүн сандык мааниси | Баалардын квалификациясы |
85-100 балл | А (Эң жакшы) |
70-84 балл | В (Жакшы) |
55-69 балл | С (Канааттандырарлык) |
55-баллдан аз | D (Канааттандырарлык эмес) |
| 6-таблица |
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын рейтинги
| Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аталышы | Балл менен баалоо | Эскертүү |
|
|
|
|
| 7-таблица |
1-топко кирген жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын рейтинги (алыскы, жетүүгө кыйын бийик тоолуу айылдары жана өзгөчө чек ара статусуна ээ айылдары бар райондор)
| Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аталышы | Балл менен баалоо | Эскертүү |
|
|
|
|
| 8-таблица |
2-топко кирген жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын рейтинги (1-топко кирбеген райондор)
| Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аталышы | Балл менен баалоо | Эскертүү |
|
|
|
|
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктарын чыгаруу боюнча комиссия жыл сайын Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо рейтингиндеги орундарды аныктайт.
10. Рейтинг жалпыга маалымдоо каражаттарына, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин сайттарына жарыяланууга тийиш.
6. Пайдаланылган белгилөөлөр жана кыскартуулар
КРПА - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы;
САЧКӨМ - Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги;
ЭМ - Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги;
ЭСКММ - Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги;
ЖРЭТКМ - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги;
ТКМ - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
ИИМ - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
БП - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы;
Кыргызпатент - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги;
МКЖӨБМА - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик;
УСК - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети;
ЭМ караштуу ЭКК - Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат;
ЖРЭТКМ караштуу ЭТКК - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы;
МСК - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы;
СИУИ - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту;
КРП облустардагы ЫУӨ - Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
ЖМА - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;
ЖӨБО - өз алдынча башкаруу органдары.