Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-майындагы № 346 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 203 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктарын чыгаруу ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктарын чыгаруу процессин (мындан ары - Тартип) регламенттейт.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жыл сайын төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлөт:
1) административдик-аймактык түзүлүштөрдүн экономикасын өнүктүрүүнү мүнөздөгөн негизги экономикалык көрсөткүчтөр;
2) административдик-аймактык түзүлүштөрдүн социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүнү мүнөздөгөн негизги социалдык көрсөткүчтөр;
3) башкаруу сапаты (аткаруу тартиби);
4) "Калктын ишеним индекси" (КИИ) маанисин алуу үчүн калкты сурамжылоонун жыйынтыктары.
3. Иштин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктарын чыгаруу боюнча жалпы координациялоо Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктарын чыгаруу боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан ишке ашырылат.
2. Ишти баалоонун жыйынтыктарын чыгарууну уюштуруу
4. Комиссиянын жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул Тартиптин 2-пунктунда аталган көрсөткүчтөрдү чагылдырган мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттары берген маалыматтарга экспертиза жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан жана ведомстволордон зарыл маалыматтарды сурап алууга укуктуу жана тийиштүү иштерди жүргүзүү үчүн комиссияга жиберет.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Комиссияга Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишин баалоонун отчетторун камтыган жыйынды маалыматты (7-пунктту караңыз) жөнөтөт.
5. Комиссия өз ишин жыйналыштарды өткөрүү жолу менен жүргүзөт, отчеттук жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан берилген материалдарды карайт.
6. Комиссия Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктары боюнча рейтингди аныктайт.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктары боюнча рейтингдин лидерлерин аныктоодо төмөнкү топтор боюнча алыстыгы, жетүүгө кыйындыгы, региондордун бийик тоолуу өзгөчө шарттары, чек ара статусуна ээ болуусу сыяктуу факторлор эске алынат:
1) 1-топ - алыскы, жетүүгө кыйын бийик тоолуу айылдары бар райондор, алардын саны болгон айылдардын жалпы санынын 50%ынан ашыгын түзөт;
2) 2-топ - 1-топко кирбеген райондор.
7. Рейтингдеги орундарды аныктоо Комиссия тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги даярдаган жыйынды отчетуна;
2) аткаруу жана эмгек тартибинин абалы жөнүндө отчетторго.
8. Аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн рейтингдик таблицасындагы диспропорцияларды теңдөө максатында Комиссия Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин көрсөткүчтөрүн эске алуу менен 1,5 баллга барабар жогорулатуучу коэффициентти колдонуу менен коюлган баллдарды оңдоп-түзөөгө укуктуу.
9. Рейтингдин лидерлерин аныктоо комиссиянын жыйналышынын протоколу менен таризделет жана Комиссиянын төрагасы жана катчысы тарабынан кол коюлат.
10. Коюлган баллдардын негизинде натыйжаларды ранжирлөөнүн жыйынтыгы боюнча баалардын төмөнкүдөй квалификациясы киргизилет: "Эң жакшы", "Жакшы", "Канааттандырарлык", "Канааттандыраарлык эмес".
11. Рейтингдин лидерлерин аныктоо боюнча Комиссиянын чечими Комиссиянын жыйналышынын протоколу менен таризделет жана ага Комиссиянын төрагасы кол коет.
3. Рейтингдин лидерлерин аныктоонун жыйынтыгы боюнча дем берүүчү төлөмдөр
12. Рейтингдин лидерлерин сыйлоо жана каржылоо жөнүндө чечим Комиссиянын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет.
13. Рейтингдин лидерлеринин жалпы байге фонду 18,0 (он сегиз) млн. сомду түзөт.
14. Рейтингдин лидерлеринин байге фонду төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн:
1-орун үчүн - 3,0 млн. сом;
2-орун үчүн - 2,0 млн. сом;
3-орун үчүн - 1,0 млн. сом;
2) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар үчүн:
1-топ:
1-орун үчүн - 3,0 млн. сом;
2-орун үчүн - 2,0 млн. сом;
3-орун үчүн -1,0 млн. сом;
2-топ:
1-орун үчүн - 3,0 млн. сом;
2-орун үчүн - 2,0 млн. сом;
3-орун үчүн - 1,0 млн. сом.
15. Байге каражаттарын тескөөчү жана пайдаланууга жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары эсептелет.
16. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын чечимдери менен байге каражаттары төмөнкүлөргө багытталышы мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын кызматкерлерине, анын ичинде техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга дем берүүчү төлөмгө алынган байге фондунун 60 пайызы өлчөмүндө;
2) материалдык-техникалык базаны жакшыртууга (компьютердик жабдууларды, программалык камсыздоону, уюштуруу техникасын, байланыш каражаттарын, комплекттөөчү, эмеректерди, оңдоо, техникалык тейлөө ж.б.) алынган байге фондунун 40 пайызы өлчөмүндө.