Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 18-апрели № 33
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кочкор, Токтогул, Аксы, Ноокат, Өзгөн, Балыкчы жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттар депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө:
- Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 15.04.2024-ж. № 3 - Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 11.04.2024-ж. № 10; 16.04.2024-ж. № 11 - Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул шаардык кеңеши боюнча;
- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 12.04.2024-ж. № 6 - Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жаңы-Жол айылдык кеңеши боюнча;
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 12.04.2024-ж. № 3 - Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши боюнча;
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 15.04.2024-ж. № 9 - Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаардык кеңеши боюнча;
- Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын 09.04.2024-ж. № 4 - Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңеши боюнча;
- Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 16.04.2024-ж. № 5 - Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңеши боюнча.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 10-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктунун негизинде, депутат жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык келбегендигине байланыштуу жөнүндө:
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 15.04.2024-ж. № 9 - Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаардык кеңеши боюнча.
Жеке арыздардын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө:
- Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 15.04.2024-ж. № 4 - Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Суу айылдык кеңеши боюнча.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 11-бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 11.04.2024-ж. № 10; 16.04.2024-ж. № 11 - Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул шаардык кеңеши боюнча;
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 15.04.2024-ж. № 10 - Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаардык кеңеши боюнча;
- Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын 15.04.2024-ж. № 5 - Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңеши боюнча;
- Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 16.04.2024-ж. № 6 - Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңеши боюнча.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү бир мандаттуу шайлоо округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 12.04.2024-ж. № 3 - Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин негизинде кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет.".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор, Токтогул, Аксы, Ноокат, Өзгөн, Балыкчы жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Токтогул, Ноокат, Өзгөн, Балыкчы жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Токтогул, Ноокат, Өзгөн, Балыкчы жана Каракол аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 18-апрелиндеги № 33 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Нарын облусу | |||
Кочкор району | |||
1 | Кара-Суу айылдык (№ 2 Мантыш шайлоо округу) | Расахан уулу Азат | Кочкор АШК, № 3, 15.04.2024-ж. (01.04.2024-ж. өз арызы) |
Жалал-Абад облусу | |||
Токтогул району | |||
2 | Токтогул шаардык | Караева Динара Текишовна (2) "Ишеним" депутаттык фракциясы | Токтогул АШК, № 10, 11.04.2024-ж. (03.04.2024-ж. өз арызы) |
3 | Бакиева Дамира Токтосуновна (3) "Ишеним" депутаттык фракциясы | Токтогул АШК, № 10, 11.04.2024-ж. (03.04.2024-ж. өз арызы) | |
4 | Тотобаев Марс Анарбекович (4) "Ишеним" депутаттык фракциясы | Токтогул АШК, № 10, 11.04.2024-ж. (02.04.2024-ж. өз арызы) | |
5 | Иманбекова Динара Майлыбековна (3) "Тынчтык" депутаттык фракциясы | Токтогул АШК, № 11, 16.04.2024-ж. (15.04.2024-ж. өз арызы) | |
Аксы району | |||
6 | Жаңы-Жол айылдык (№ 3 Кой-Таш шайлоо округу) | Надырбеков Курбаналы Нуржунусович | Аксы АШК, № 6, 12.04.2024-ж. (05.04.2024-ж. өз арызы) |
Ош облусу | |||
Ноокат району | |||
7 | Жаңы-Ноокат айылдык (№ 4 Таш-Коргон шайлоо округу) | Сатторов Каримжон Хомитжонович | Ноокат АШК, № 3, 12.04.2024-ж. (10.04.2024-ж. өз арызы) |
Өзгөн району | |||
8 | Өзгөн шаардык | Сабиров Санжарбек Сабирович (1) "Аманат" депутаттык фракциясы | Өзгөн АШК, № 9, 15.04.2024-ж. (Өзгөн ш/к 12.03.2024-ж. № 29/5 токтому - Жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу (9 жолу) |
9 | Маткаримов Отабек Таджидинович (20) "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык фракциясы | Өзгөн АШК, № 9, 15.04.2024-ж. (11.04.2024-ж. өз арызы) | |
Ысык-Көл облусу | |||
Балыкчы шаары | |||
10 | Балыкчы шаардык | Касымакунов Бактияр Нарынбекович (2) "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык фракциясы | Балыкчы АШК, № 4, 09.04.2024-ж. (08.04.2024-ж. өз арызы) |
Каракол шаары | |||
11 | Каракол шаардык | Жакшылыков Эдил Рысбекович (16) "Эмгек" депутаттык фракциясы | Каракол АШК, № 5, 16.04.2024-ж. (15.04.2024-ж. өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 18-апрелиндеги № 33 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.A.А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Нарын облусу | |||
Кочкор району | |||
1 | Кара-Суу айылдык (№ 2 Мантыш шайлоо округу) | Садыбакасова Асия Кубановна | Кочкор АШК, № 4, 15.04.2024-ж. (01.04.2024-ж. өз арызы) |
2 | Камчыбеков Болот Камчыбекович | Кочкор АШК, № 4, 15.04.2024-ж. (01.04.2024-ж. өз арызы) | |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 18-апрелиндеги № 33 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.A.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
1 | Токтогул шаардык | Боркеева Айчурөк Муратовна (5) "Ишеним" саясий партиясы | Жеке ишкер | Токтогул АШК, № 10, 11.04.2024-ж. |
2 | Арыкбаева Саламат Күлчороевна (8) "Ишеним" саясий партиясы | Жалал-Абад электр тармактар ишканасы, инженер | Токтогул АШК, № 10, 11.04.2024-ж. | |
3 | Корумбай уулу Кубан (7) "Ишеним" саясий партиясы | "КАГЭС" ААК, улук мастер | Токтогул АШК, № 10, 11.04.2024-ж. | |
4 | Кадыркулова Гулзат Шурубековна (9) "Тынчтык" саясий партиясы | "Финка-Банк" ЖАК, адис | Токтогул АШК, № 11, 16.04.2024-ж. | |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
5 | Жаңы-Ноокат айылдык (№ 4 Таш-Коргон шайлоо округу) | Хамракулов Абдухалил Махаматкаримович | "Шохрух" дыйкан чарбасы, жетекчи | Ноокат АШК, № 3, 12.04.2024-ж. |
Өзгөн району | ||||
6 | Өзгөн шаардык | Баратахунов Шукурилло Шарипович (8) "Аманат" саясий партиясы | Жеке ишкер | Өзгөн АШК, № 10, 15.04.2024-ж. |
7 | Мадаримова Табассум Зияидиновна(15) "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы | Ленин атындагы орто мектеби, директордун орун басары | Өзгөн АШК, № 10, 15.04.2024-ж. | |
Ысык-Көл облусу | ||||
Балыкчы шаары | ||||
8 | Балыкчы шаардык | Кандилова Зажира (21) "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы | Пенсионер | Балыкчы АШК, № 5, 15.04.2024-ж. |
9 | Торобаев Эсентур Касымбекович (8) "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Балыкчы АШК, № 5, 15.04.2024-ж. | |
Каракол шаары | ||||
10 | Каракол шаардык | Исаев Эрлан Орозакунович (17) "Эмгек" саясий партиясы | Дыйкан чарбанын мүчөсү | Каракол АШК, № 6, 16.04.2024-ж. |