Редакцияот 5.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы

 

2024-жыл 5-апрель №17

 

“Күнчубак” мектепке чейинки билим берүү уюмуна маркум Абдраимова Роза Асановнанын ысмын ыйгаруу жөнүндө ”

 

Каргалык айылдык кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы Мамырова Каныш Мөкүшовнанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,

Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Күнчубак” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жалпы жамаатынын, Каргалык айыл аймагынын Аксакалдар кеңешинин жана Каргалык айыл аймагынын Аялдар кеңешинин атынан келип түшкөн кайрылуулар эске алынсын.
  2. Абдраимова Роза Асановнанын ысмы “Күнчубак” мектепке чейинки билим берүү уюмуна ыйгарылуусу «Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу жобого» ылайык келээри белгиленсин.
  3. “Күнчубак” мектепке чейинки билим берүү уюмуна маркум Абдраимова Роза Асановнанын ысмын ыйгарууда жалпы депутаттар бир добуштан колдоого алгандыгы белгиленсин.
  4. “Күнчубак” мектепке чейинки билим берүү уюму “Абдраимова Роза Асановна атындагы “Күнчубак” мектепке чейинки билим берүү уюму” деп аталсын.
  5. «Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.08.2014-жылдагы №488 токтомунун 6-пунктуна ылайык Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, Билим берүү жана илим министрлигине сунуштоо үчүн Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
  6. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
  7. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага жүктөлсүн.
  8. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага милдеттендирилсин.

 

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Т.И. Токтоболотов